КЫЗЫКТУУ

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ОЙМО-КЫШ 2020 ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ

Пресс-релиз фестивалды уюштуруучулар тарабынан даярдалды


 

ОЙМО-ЗИМА 2020              ОЙМО-КЫШ 2020               OIMO-WINTER 2020

ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ
8 — 12-январь 2020-ж. Кыргызстан, Ысыккөл облусу, Каракол шаары

Каракол шаарында эң алгачкы “Оймо-Кыш 2020” фестивалы өтүп жатат.

Фестивалдын максаттары:

  • КРдин Ысыккөл облусунда маданият туризмди өнүктүрүү;
  • Туристтик бизнестин бир тармагы болгон кол өнөрчүлүк, анын ичинде айыл чарба негизинде жасалган элеттик буюмдарын, базарга алып чыгаруу;
  • Каракол шаарында эл аралык турисстик ишчараларды ПОСТОЯННО өткөргөнгө шарт түзүп берүү;
  • Өкмөттүк, эл аралык жана жеке менчик мекмклкрдин кол өнөрчүлүк жана туризм өнүгүү суроолорун талкуулоосуна көңүлдөрүн буруу
  • Кыргызстанда өкмөт — жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана маданий туризмди өнүктөө.

«Оймо-Кыш 2020» фестивалынын катышуучулары жана коноктору:

  • Элеттик кол өнөрчү аялдар, Борбордук Азия жана КРдын чеберлери жана дизайнерлери,
  • Кол өнөрчүлүктү жана маданият туризмди өнүктүрүү жаатындагы адистер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү,
  • Этникалык диаспоралар, Коомдук жана эл аралык уюмдар,
  • Студенттер, жаштар, туристтер, Каракол шаарынын тургундары жана коноктору.

Фестивалдын программасында:

  1. Кереге кеңеш: “Салттуу кол өнөрчүлүктү Кыргызстан туристтик индустриянын бөлүгү катары базарга чыгаруу” Облустук администрациясынын мамлекеттик имараты, Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 103. Кереге кеңеште Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлүктүн калктын жашоосун жакшыртууга, миграцияны азайтууга, кирешени жогорулатууга көрсөткөн таасири жана аны экономикалык сектор катары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат. Кереге кеңешке мамлекеттик ишкерлер, коомдук жана эл аралык уюмдардын адистери катышат.
  2. Кыргызстандын ар тарабынан келген чеберлердин, анын ичинде элеттик аялдардын кол өнөрчүлүк ыкмаларына таанытуу сабактар: К.Жантөшев атындагы облусттук музыка-драма театры, Каракол ш., Тыныстанов көчөсү 24. Беш күн аралыгында Кыргызстандын Баткен, Ош, Чүй, Нарын жана Ысыккөл облустарынан келген чеберлер, анын ичинде элеттик айымдар, токуу, сайма, түймө жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн ыкмаларын таанытып көрсөтүшөт.
  3. Кыргызстан жана Борбордук Азиянын элдеринин кол өнөрчүлүк жарманкеси К.Жантөшев атындагы облусттук музыка-драма театры, Каракол ш., Тыныстанов көчөсү 24. Байыркы соода-сатык салтты жаңыртып жана уланткан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркменистан жана Ооганстандан келген кол өнөрчүлөр жана дизайнерлер өзүнүн колунан чыккан буюмдарын Улуу Жибек Жолунда жайгашкан Каракол шаарындагы жарманкесине XXI кылымда дагы сатыкка коюшат.
  4. Кыргызстан элдеринин улуттук музыкасы фестивалдын катышуучулары жана конокторуна ачылыш маарекеси учурунда сунушталат.

ОЙМО-КЫШ 2020 ПРОГРАММАСЫ

 ОЙМО-КЫШ 2020 фестивалы Каракол шаарынын тургундары жана конокторуна Кыргызстан жана Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн буюмдарын туристтик базарына ылайык жаңы продукция катары тааныштырып сунуш кылат.

Байланыш телефондору:

Оксана Кононова: 0555-290 920 (вотсап), e-mail: ok.kononova@gmail.com

Динара Чочунбаева: 0555 933375 (вотсап), сайт: www. oimo. global


Фестивалдын программасы:

ОЙМО-КЫШ 2020 ПРОГРАММАСЫ


Автору
Динара Чочунбаева

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *