ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ​

ЖАШ ОКУМУШТУУ-ДАРЫГЕР. 2012-ЖЫЛДАН БЕРИ ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛӨТ

Данияров со студентами в лаборатории
С.Б. Данияров студенттер менен лабораторияда

Биздин медицинанын гүлү – бул азыркы студенттер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар. Биз активдүү, өз кесибине берилген, илимий ачылыштарды жасоого умтулган болочок дарыгерлерди жана окумуштууларды колдогубуз келет.

Илимий ишмердүүлүккө, чыгармачылык идеяларды жана илимий таанымдарды арттырууга умтулган студенттердин жана аспиранттардын кызыгууларын колдоо максатында Санжарбек Данияровдун фонду жаш окумуштуу-дарыгерге Россиянын борбору Москва шаарына 10 күндүк МАДАНИЙ-МААЛЫМАТТЫ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА БАРУУ сыйлыгын ыйгарууну чечти.

Жеңүүчү жаш окумуштууга жаңы, жагымдуу таасирлерге бай, маданий өнүгүүсүнө, кругозорунун кеңейишине руханий азык берген майрамдагыдай саякат уюштурулат. Москванын борборундагы заманбап жасалгаланган батирде жашаган сыйлык ээсин он күн бою коштоп, колдоп жүрүшөт. Студенттердин канчасы өз өлкөсүнөн сырткары чыга алышат? Алардын канчасы театрларда болушуп, опера-балет, музыкалык концерт, цирк көрүшөт? Канчасынын белгилүү сүрөт галереясындагы мыкты делген көркөм искусство чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөрү бар? Байыркы көчөлөрдү, чоң-чоң парктарды, кылым карыткан архитектуралык курулуштарды канчасы кыдырып көрдү? Жок дегенде Москва шаарындагы джаз-клубдарга, ресторандарга барышкандары барбы?

Саякаттап барган адам менен мигранттардын айырмасы асман менен жердей эле болсо керек. Алар тилекке каршы, борбор шаарда жүрүшсө да базарларда жана башка ушул сыяктуу анча жагымдуу эмес жайларда болушуп, коомдук маданий турмуштан кыйла алыс шартта жашашат. Ошого жараша өз мекенине кайтканда мактанарлык деле руханий байлык топтой алышпайт. Ал эми биздин окумуштуу өз мекенине маданий-эстетикалык, меймандостук мамилелерге бай таасирлер, жаңы дем-күч менен келери шексиз.

Жаш окумуштуу-дарыгер кантип Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгынын лауреаты боло алат?

Ал үчүн “Илим күнү” программасынын бир бөлүгү катары КММА өткөргөн жаш окумуштуулардын сынагында 1-орунду жеңип алуу керек. Мыктылардын мыктысын тандоо укугун биз кесипкөй адистерге ыйгарабыз. Сынак жөнүндөгү Жобого ылайык, Уюштуруу комитети жана КММА жетекчилиги пландагандай, Фонддун катышуусуз эле Сынактын калыстар тобу жеңүүчүнү өзү аныктайт.

“КММАнын илим күндөрү” конференциясы татыктуу талапкерди объективдүү тандоочу оптималдуу “аянтча” катары эң ылайыктуу болуп эсептелет.

Сынак кандай уюштурулат?

КММАнын “Илим күндөрү” конференциясынын алкагында сынакка катышуу шарттары жөнүндөгү маалымат менен КММАнын сайтынан таанышса болот.

Долбоордун таржымалы 

Фонддун алгачкы сыйлыгы жаш окумуштуу-дарыгерге 2012-жылы ыйгарылган.

  • 2012-жылдын жеңүүчүсү: Аллан Абдиев, КММАнын хирургия кафедрасынын аспиранты
  • 2013-жылдын жеңүүчүсү: Радик Талант, клиникалык ординатор микрохирург
  • 2014-жылдын жеңүүчүсү: Юрий Даниленко. 2-орун жана Фонддун атайын сыйлыгынын ээси – Елена Черномазова
  • 2015-жылдын жеңүүчүсү: Болоткан уулу Насыр, травматология жана ортопедия кафедрасынын аспиранты
  • 2016-жылдын жеңүүчүсү: Жаркын Откеева, КММАнын студенти
  • 2017-жылдын жеңүүчүүсү: Таайлайбек уулу Байымбет, клиникалык ординатор, нейрохирург
  • 2018-жылдын жеңүүчүүсү: Арстанбекова Мира, терапия кафедрасынын ассистенти

Сыйлык ээлерине мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз! Окуя уланууда! Жаңылыктарга көз салыңыздар.


КММАнын ИЛИМДЕР КҮНҮНҮН алкагындагы сынактар, жеңүүчүлөр, саякаттар жөнүндө баяндарды төмөнкү рубрикалардан окуй аласыздар:

БИЛИМ БЕРҮҮ > ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР > ДАРЫГЕРЛЕР ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ

ИНСАНДАР > ЛАУРЕАТТАР > ЛАУРЕАТТАРДЫН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ

СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯ > ФОНДДУН СҮРӨТ АЛЬБОМДОРУ

«ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР» ДОЛБООРУНА», САЯКАТЫНА ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАРДЫН БОЛЖОЛДУУ ДАЯР СМЕТАСЫ


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *