МЕД БИЛИМ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ

АКАДЕМИК САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН НОРМАЛДУУ ФИЗИОЛОГИЯ БОЮНЧА ЖОЖДОР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы (КММА) 2018-жылдын 20-февралында студенттер үчүн академик Санжарбек Данияровдун жаркын элесине арналган нормалдуу физиология боюнча жождор алык олимпиада өткөрдү.

Олимпиада ойдогудай болду десек болот! Жыйындар залында көрүүчүлөрдүн катарында Данияровдун үй-бүлөсү отурду. Студенттердин акыл таймашына байкоо салып отурган эң эле кызыктуу экенин белгилеп кеткибиз келет. Олимпиаданын уюштуруучулары командалар өздөрүн жана өздөрүнүн болочок кесибине байланыштуу маселелерди кандай чагылдырууга болорун таймаш иретинде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришиптир.


КММА жетекчилиги катышуучулардын командаларын кызуу кол чабуу менен тосуп алды.

Олимпиада катышуучуларын, калыстар тобунун мүчөлөрүн жана жалпы эле күйөрмандарды С.Б.Данияровдун 90 жылдыгы менен куттуктаган КММА ректору профессор Индира Орозобаевна Кудайбергенова өз сөзүндө академикти жылуу сөздөрү менен эскерип өтүп, таймашка чыгышкан студенттерге ийгилик каалады.

Сүрөттө — КММА жетекчилиги


Таймашта 3 команда төмөндөгү үч кафедранын атынан чыкты:
а) КММАнын Санжарбек Бакирович Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасы (“В ритме сердца” командасы)
б) КММАнын патологиялык физиология кафедрасы (“Кровушка” командасы)
в) КРСУнун медицина факультети (“Водитель ритма” командасы)

Сүрөттө: чүчүкулак тартышып жаткан команда капитандары.
Студенттер терең билимдерин, физиология боюнча мыкты даярдыктарын жана эң сонун энтузиазм, чукугандай сөз тапкыч жана артисттик жөндөмдөрүн көрсөтө алышты!


Окутуучулар тапшырмаларга, олимпиаданын жүрүшүнө, калыстарга өтө олуттуу мамиле жасагандыгы байкалды. Калыстар тобунун мүчөлөрү башка ЖОЖдордун кафедраларынан, анын ичинде, КРСУдан чакырылган. Олимпиаданын алып баруучусу, КММАнын окутуучусу өзүнүн мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Баардыгы жогорку деңгээлде уюштурулуптур.

Келечекте дарыгерлердин жана окумуштуулардын мыкты жаңы мууну келатканына ынандык!


Олимпиадада командаларга мына мындай тапшырмалар берилиптир:

Амандашуу, Кырдаалга жараша берилген тапшырмалар, Анализди баалоо, Үй тапшырмасы.

Сүрөттө — КММАнын академик Санжарбек Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын атынан чыккан команданын амандашуусу.

 


Үй тапшырмага ылайык, команда спектакль түрүндө физиологиялык механизмдерди көрсөтүшү керек эле. Командалардын даярдыктары биз күткөндөн алда канча ашып түштү. Чукугандай сөз тапкыч тапандыгы бирок аларга физиология жөнүндө унутууга тоскоол болгон жок.

Сүрөттө: миокардды кыскартуу темасына скетч, Актин жана Миозин белоктору Ромео Монтекки жана Джульетта Капулеттинин образында. Шекспирдин образдары эң мыкты колдонулуптур.


Санжарбек Бакировичтин шакирттери — профессорлор-физиологдор. Кафедра башчысы Ирина Евгеньевна Кононец жана КРСУнун медицина факультетинин деканы Анэс Гургенович Зарифьян


Аудитория олимпиада катышуучуларын салтанаттуу кабыл алды.

 

 

 

 

 

 


Санжарбек Бакирович Данияров жөнүндө көбүрөөк маалыматты баракчанын ага арналган рубрикасынан таба аласыздар:

КЫРГЫЗСТАН ИНСАНДАРЫ. САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *