БИЗДИН КИТЕП ТЕКЧЕ

ГУЛЬНАРА НУРКУЛОВАНЫН “ТАГДЫР ТАРТУУЛАГАН БАКЫТ” ЖАҢЫ КИТЕП

Нуркулова Гульнара. Тагдыр тартуулаган бакыт. Бишкек, Санжарбек Данияровдун КФ, 2026. – 256 б., ил. Кыргыз тилинде
Нуркулова Гульнара. Счастье подаренное судьбой. Бишкек, Санжарбек Данияровдун КФ, 2026. – 216 б., ил. Орус тилинде
Иллюстрациялар Гюзель Айтматованыкы 
Кыргызчага которгон Айнагүл Кашыбаева
Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат. Китепти РАРИТЕТ дүкөндөр тармагынан сатып алсаңыз болот.


Китептин автору Гульнара Нуркулова механика-математика факультетин аяктаган жана банк тармагында эмгектенет. Бирок адамдардын сейрек кездешүүчү тагдырларына, тарыхка болгон кызыгуусу жана адабий чыгармачылыкка болгон ынтызарлыгы аны калем кармоого түрткөн. Бул автордун экинчи китеби. «Турсун» аттуу биринчи повестин окурмандар абдан жакшы кабыл алышкан. Атүгүл китептин нускасын кошумча басып чыгарууну суранышкан. Бул чыгарма тууралуу кененирээк бул жерде:

ГУЛЬНАРА НУРКУЛОВА. «ТУРСУН» ПОВЕСТИ. КЫЗЫКТУУ!


Чыгарма окурманды Ысык-Көлдүн жээгине жетелейт. Улуу жана кичүү муундагы эки үй-бүлөнүн тагдыры ХХ кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларга бай доордо бири-бирине чырмалышкан. Окурман ошол кездеги мезгилдин илебин сезип, мурда араздашып жүргөндөр кантип дос болгонуна, ал эми туш тарапка чачырап кеткендер жакындарын кантип тапканына күбө болот. Күчтүү сүйүү, бакыт издөө, боорукердик жана адилеттүүлүккө умтулуу сыяктуу туюмдар каармандарды кээде күтүүсүз чечимдерге түртүп, үй-бүлөлүк турмушун татаалдаштырганы менен, турмуштагы өз жолун табууга көмөктөшкөн. Бул китептин сюжетине дал ушундай реалдуу адамдардын тагдыры өзөк болгон.

 


Китепти өзүңүздөр окуп чыгасыздар деген үмүт менен анын сюжетин майдалап айтып отурбайын. Гульнара Нуркулованын мурунку “ТУРСУН” китебинен айырмаланып, бул чыгарманы таза түрүндө повесть деп атоого болбойт. Мында бир эмес, дароо эки үй-бүлөнүн ар кайсы муундагы бир нече башкы каармандары бар; ал эми окуя дээрлик жарым кылымдык убакытты кучагына алып, чыгарманы романга жакындатат. Бул үй-бүлөлүк баяндын өзөгүн Кыргызстандын мындан бир кылым мурунку чыныгы тарыхы өбөлгө түзөт. Эгер сиз өлкө тарыхын жетишерлик жакшы билбесеңиз, анда көркөм образдар жана каармандардын тагдыры аркылуу ошол доордун атмосферасына сүңгүүгө сонун мүмкүнчүлүк бар.

Китеп дүкөндөрүндө орус классикасы жана дүйнөлүк адабияттын котормолору көп экени талашсыз. Бирок бизге өзүбүздүн жерге, тарыхка, тилге жана адабиятка байланыштуу чыгармалар аз экендигин баса белгилей кетүү зарыл. Акыркы мезгилде эмоционалдык интеллектти өстүрүү, чечендик өнөр, бизнесте ийгилик жаратуу, байып кетүү жолдору тууралуу китептер, ошондой эле ар түрдүү инсандардын өмүр баяндары жана диний адабияттар абдан популярдуу болуп жатканын көрөбүз. А бирок өзүбүздүн заманбап көркөм адабиятын акыркы жолу качан окуп көрүңүз эле?

Жыйынтыктап айтканда, чыгарма кызыктуу сюжети, каармандардын күтүлбөгөн чечимдери жана адам тагдыры аркылуу көрсөтүлгөн тарыхый мезгил менен өзгөчөлөнөт.


“ТУРСУН” повести сыяктуу эле, бул китептин да ар бир бөлүгү Гюзель Айтматованын көркөм сүрөттөрү менен кооздолгон. Туш жана калем менен тартылган бул чеберчиликтүү, стилдүү сүрөттөр мезгилдин демин сездирип, каармандардын келбетин жандуу чагылдырат.

 

 

 

 

 

 

 


Дагы тема боюнча:

ГУЛЬНАРА НУРКУЛОВА. «ТУРСУН» ПОВЕСТИ. КЫЗЫКТУУ!

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз



Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *