БИЗДИН КИТЕП ТЕКЧЕ

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК!

Китеп сүйүүчүлөргө жакшы жаңылык. Интернетте алгачкы жолу кыргызча китептерди он-лайн саткан “Kitepkana.kg” аттуу интернет дүкөн ачылды. Эми кыргыз тилиндеги китептер элге жеткиликтүү болот. Калың элдин көркөм адабиятка болгон кызыгуусун эске алып жана жаш окурмандарга китеп окуу маданиятын калыптандыруу үчүн  бул дүкөндө акын-жазуучулардын басмадан жаңы чыккан жана мурда чыгып, элге жетпей калган китептери сатылууда. Дүкөндүн өзгөчүлүгү, окурмандар эми эч жакка чыкпай эле, үйүндө отуруп, интернет аркылуу жаңы чыккан китептерди буюртма кылып, сатып алса болот.  “Kitepkana.kg” сайтынан окурмандар көптөгөн кызыктуу кыргызча китептерди: тарых, санжыра, Манас эпосу, көркөм кара сөз, поэзия, кеңеш, бизнес жөнүндө китептерди жана балдарга арналган кереметүү жомок китептерди таба алышат.  Китептерди кардарлардын үйүнө чейин жеткизүү жолго коюлган. Бишкек шаары боюнча бекер, өлкөнүн аймактарына кошумча акыга жеткизүү жүргүзүлөт. Сайтка жеке компьютерден жана уюлдук телефон аркылуу да кирсе болот.  “Kitepkana.kg”  кыргызча китептердин интернет дүкөнү менен бирге болуп, жан дүйнөңүзгө азык алыңыз!!! Интернет дүкөндүн дареги:  www.kitepkana.kg ; e-mail: kyrgyzkitepkana@gmail.com ;  телефону жана whatsapp кызматы  0706-123-004.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *