БИЗДИН КИТЕП ТЕКЧЕ

КИТЕП ОКУРМАНДАРДЫН КОЛУНА КАНТИП ТИЕТ. ФОНД БАСЫП ЧЫГАРГАН КИТЕПТЕРДИ ОКУРМАНДАР КАНТИП АЛЫШАТ

Китеп кандай жол менен болсо да окурмандардын колуна тийиши керек.

Фонд жарыкка чыгарган китептерди окурмандар өз баасында ала алышат, ал эми китепканалар жана мектеп мугалимдерине акысыз таркатылат. Ал үчүн бизге төмөнкү электрондук дарекке жазыңыздар: a.daniyarova@daniyarov.kg. Бишкек шаарынан сырткары жашагандар өздөрү келип алып кетишсе болот же акы төлөп жеткирип берүү кызматын пайдалана алышат.

Каалоочулар биздин сайттан электрондук вариантын бекер жүктөп алышса да болот.


АЛЕКСЕЙ ДОРОХОВ. СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ

Илимий-көркөм адабият/ Алексей Алексеевич Дорохов; Орус тилинен которгондор: С.Б.Данияров, А.А.Ашырбаев; Сүрөтчүлөр: Н.Мищенко жана В.Освер. — Б.: Санжарбек Данияровдун фонду, 2018. — 52 бет

Кенже балдар үчүн

Бул китепти окуган окурман адамдын түзүлүшү кандай экенин, биздин организмибиз кандай иштерин биле алат. Китеп аябай керектүү жана кызыктуу. Бул адамдын организминин кыскача энциклопедиясы кенже класстын окуучуларына арналган, бирок жогорку класстын балдарына жана ошондой эле ата-энелерге да аябай пайдалуу экени талашсыз. Андан тышкары, кыргыз тили боюнча билимин өркүндөткүсү келгендерге адамдын дене бөлүктөрүнүн аталыштарын жана организмдин касиеттерин кыргыз тилинде жакшылап билип алууга көмөктөшөт. Кыргыз тилинде жарык көргөн Алексей Дороховдун “СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ” китебин балдарыңызга, досторуңуздун балдарына белекке тартууласаңыздар болот.

УШУЛ ЖЕРДЕН электрондук вариантын жүктөй аласыз жана китеп жөнүндө көбүрөөк биле аласыз.

 


ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. ТАНДАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР. 2016

ЖУСУП. Избранные произведения. Издание 2016

«Ажал ордуна» — 7 сүрөттүү драма, тандалган ырлар, поэмалар/ Кыргыз тилинде/ Кириш сөзүн жазып, жаңы түшүндүрмөлөрүн толуктаган жана жыйнакты түзгөн А. Даниярова. — Б.: Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду. 2016. — 127б.

Бул жыйнакка залкар акындын тандалган чыгармалары топтолду. Мисалы, быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан Улуу Үркүндөгү Жусуп өзү да баштан кечирген трагедиялуу окуялардын негизинде жазылган «Ажал ордуна» драмасы. Бул пьеса алгач ирет 1934-жылы сахнага коюлган. Композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере музыкасын жазып, буга ылайык чыгарма дагы кыйла иштелген. Узак жылдар бою Кыргыз опера жана балет театрынын секисинен түшпөй, өздүк көркөм чыгармачылык топторунун да көп аткарган чыгармасына айланган. Акындын көзү тирүүсүндө (1938-жылы) чыгарылган соңку басылышына карап, пьесанын ушул жыйнактагы тексти даярдалды.

Китепке акындын эң таанымал ырлары тандалды. Мунун ичинен айтылуу Атай Огонбаев обонун жараткан «Эсимде» менен Абдылас Малдыбаев музыкасын жазган «Кызыл жоолукчанды» азыркыга чейин ырчылар ырдап, эл жактырып угуп келет.

Жусуптун кан майданда фашисттер менен кармашып жүрүп жазган   «Каракчынын трагедиясы» поэмасы 1942-жылы жарык көргөн. Бул китепке адабият боюнча мектеп программасына камтылган «Энем» поэмасы да киргизилди.

УШУЛ ЖЕРДЕН электрондук вариантын жүктөй аласыз жана китеп жөнүндө көбүрөөк биле аласыз.


 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *