МУЗЕЙЛЕР ТУРМУШУ 

КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙИНДЕГИ ЫЗЫ-ЧУУ ЖАРАТКАН КӨРГӨЗМӨ БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРИНЕ КАЙРЫЛУУ

Төмөндөгү кайрылууну мен адегенде үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Фейсбук барагына жарыялагам. Бул тема актуалдуу болгондуктан, сайттын туруктуу рубрикасына чыгарып коюуну туура көрдүм.
КР маданият министри Азамат Капарович Жаманкуловдун дарегине 2019-жылдын 11-майында жолдогон менин кайрылуумда ошол эле адамга жөнөтүлгөн катка шилтеме бар.
Белгиленген катты министрликке терилген түрүндө жөнөтүп, ошол эле учурда электрондук петиция да түзүлгөн (ушул убакка чейин петицияга 2000ден ашык адам кол койду). Ал кат сайтыбыздын ТЕАТРЛАР рубрикасында жарыяланган:

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК!
Министрликтин жооп иретинде жиберген каты да менин комментарийлерим менен ошол эле сайтка жайгаштырылган:

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН УШУНДАЙ ЖООБУНА КАНААТТАНУУГА БОЛОБУ?

Себастиано Ричи. Аллегория искусств. 1690 г

Эми кайрылуу жазууга эмне түрткү болгондугу жөнүндө кыскача: Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бир нече жыл мурда чет жакта иштеп жүрүп каза болгон кыздарга арналган «ФЕМИННАЛЕ» көргөзмөсү ачылган. Ал көргөзмө провокациялуу деген көз караштагы коомдун кээ катмарына жакпай, алар «элдин» атынан уюштуруучуларды урушуп, көргөзмөнү жаптыруу жана музейдин директорун иштен алуу керек деп чечишкен. Коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам музейдин директору арыз жазып, ал арызды канааттандырган. Министр мырза «элдин» алдына чыгып «көзөмөлдөй» албай калгандыгы үчүн кечирим сураган…

 

Маданият министри именин кайрылуума да ошондой көңүл бурушун каалайм:


 Кыргыз Республикасынын Маалымат жана туризм министри
ЖАМАНКУЛОВ Азамат Капаровичке 

                                                                                                                                              03.12.2019

Кече күнү сиз “Бишкекте жок болгондуктан, музейдеги көргөзмөнү көзөмөлдөй албай калганыңыз үчүн” кечирим сурадыңыз.

Ошого байланыштуу төмөнкү суроолорду узатууга мажбур болуудамын:

  • Сиз эмне себептен ТАРЫХ МУЗЕЙИ УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН АЧЫЛБАЙ ЖАТКАНДЫГЫ ҮЧҮН элден кечирим сурабайсыз? Музей жөнүндө элде эч кандай маалымат жок.
  • Сиз эмне себептен маданияттын ордосу болгон ЖАШТАР ТЕАТРЫ (ТЮЗ) жана КУУРЧАК ТЕАТРЫНЫН абалы бул театрдын 80 жылдык юбилейи болгондугуна карабай, ушундай адам чыдап көргүс абалда болгондугу үчүн эмнеге кечирим сурабайсыз?
  • Сиздин дарекке кагаз жүзүндө Петиция жолдонуп, ошону менен катар эле балдардын театрын оңдоп-түзөө жана МАМЛЕКЕТТИН АТЫНАН МАДАНИЯТ кызматкерлерин куттуктоо өтүнүчү —  онлайн петиция жазылган. Бул петицияга азыркы учурда 2000ден ашык кыргызстандык кол койгон! Ага берген сиздин шылтоо жообуңуз, менин жеке көз карашымда, жумшартып айтканда, УЯТ эле (менин сайтыма жарыяланган)!
    Эмне себептен бул үчүн кечирим сурабаш керек деп эсептейсиз?!

Дароо эле айта кетейин, мен эстетикалык көз караштан алып караганда, ызы-чуу жараткан көргөзмөнүн жактоочусу эмесмин. Бирок ошол эле учурда анын жабылышын талап кылып, уюштуруучуларды урушууга эч кандай укугум жок деп ойлойм, бул мен тараптан тарбиясыздыктын жана маданиятсыздыктын белгиси болуп калмак!

  • Сиз министр — бардык көркөм темалар боюнча серепчи боло алат жана ошол себептен көргөзмөнү көзөмөлдөй алат деп эсептейсизби? Сиз жооп иретинде уюштуруучуларды жазалап, өздөрүн “элбиз” деп көрсөтүп алгандардын алдында кечирим суроо керек деп ойлойт окшойсуз.

Менин суроолорума жооп берүүңүздү өтүнөм. МЕН ДАГЫ ЭЛДИН ӨКҮЛҮМҮН!


 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *