ТЕАТРЛАР ЖӨНҮНДӨ

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН УШУНДАЙ ЖООБУНА КАНААТТАНУУГА БОЛОБУ?

Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын учурдагы эң оор абалына байланыштуу биз Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүлөрдү жөнөткөнбүз:
а) КАТ жана б) ЭЛЕКТРОНДУК ПЕТИЦИЯ.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК!

ПЕТИЦИЯ

Биздин катыбызга Министрликтен төмөнкүдөй жооп алдык. Бул биз күткөндөй болгон жок десек — эч нерсе айтпаган болор элек… Төмөндө Министрликтин катын жана ага комментарийди жарыялайбыз.


МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН УШУНДАЙ ЖООБУНА КАНААТТАНУУГА БОЛОБУ?

1-СУРОО:

Сиз өзүңүз жана Сиздин жамаат, министрликтин приоритеттүү багыты — биздин өлкөдөгү балдарды маданий жана эстетикалык тарбиялоо деп эсептейби?

Эгерде Сиз “ООБА” десеңиз, анда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги үчүн ошол приоритеттүүлүгү эмнеден көрүнөт?

1-СУРООГО ЖООП:  Бул суроого жооп жок.

Комментарийим: Бере турган жообу жок, анткени, балдарды маданий жана эстетикалык жактан тарбиялоо үчүн азырынча эч кандай иштер аткарылбайт, ал планда да жок.

2-СУРОО:

Имаратты ремонттоо жана заманбап жарыктандыруу иштери качан, кайсы мөөнөттө жүргүзүлөт?

2-СУРООГО ЖООП:

Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги 2003-жылы 1750,0 миң сом имараттын чатырын оңдоого, 2005-жылы 2100,0 миң сом ички бөлмөлөрүн (отделка внутренних помещений) оңдоого бөлүп, оңдоп куруу иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми, театрдын оңдоп-куруу иштерин 2020-жылдын каржылоо планына киргизүү үчүн, төмөнкүдөй иш-кагаздарды топтоп министрликтин дарегине жөнөтүү керек. Аныктоо тобу (комиссия) түзгөн кемтиктөө (дефектный) актысы, топтун курамына курулуш адиси катышуусу зарыл. (мисалы: шаарархитектуранын же ККБнын адистери), тастыктамасы бар адис (сертифицированный сметчик) түзгөн иш-болжому (смета работ), имараттын өлчөмдөрү көрсөтүлгөн схема-чиймеси тиркелсе жакшы болот.

Комментарийим: Министрликтин бул жообу мени аябай таң калтырды:

  • Демек, мен театрдын азыркы, 2019-жылдагы тири укмуштай абалына жаным кейигендин ордуна, 2003-жылы жана 2005-жылы чатырын оңдоого кандайдыр бир каражат бөлүштүргөндүгүнө суктанышым, ыраазы болушум керек экен да? 

 

  • Мындан 16 жыл мурда театрдын чатырын оңдоого чоң эрдик менен бөлүнгөн акчага чексиз ыраазы болгон мен, демек, театрга барып, анын аянтын өлчөп, анан үйгө келген соң, имараттын схема-чиймесин чийе салып, улуу урматтуу комиссияны башкы архитектурадагы курулуш боюнча адиси менен кошо чакырып алып, комиссияга кемтиктөө актысын түзүү тапшырмасын тапшырган соң, тастыктамасы бар адисти (сметчикти) чакырып (же андай адистикке жана сертификатка ээ болуу үчүн бир окуу жайга тапшырып), анан иш болжомун (смета) түзүшүм керек экен да. Эң соңунда Маданият министрлигине №2 суроону узатуу укугуна ээ болот экенмин.

3-СУРОО:

Эмне үчүн театрдын 80 жылдык юбилейи тууралуу эмдигиче эч ким үн катпайт? Быйыл коомчулукка театрдын юбилейин салтанаттуу өткөрүү программасы жарыяланабы жана искусство чеберлерине сыйлыктар тапшырылабы?

3-СУРООГО ЖООП:

Бюджетте акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, Театрдын 80 жылдык маарекесин өткөрүү 2020-жылга пландалууда.

Комментарийим: Демек, театрдын 80 жылдык юбилейи капилет жааган кардай, күтүүсүз пайда болуп, аны алдын-ала билүүгө тап-такыр мүмкүн болбогондуктан, былтыркы жылы каражат караштырылган эмес экен.

Айтмакчы, искусство кызматкерлерин юбилей учурунда эмес, башка мезгилде деле куттуктаса боло берет турбайбы. Анда бул “ыкманы” мындан ары да колдонуп, Жаңы жылды башка учурга жылдырсак, 8-мартты жана Орозо айтты тап-такыр эле каалагандай которсок, деги эле мамлекет белгилеген майрамдардын баарын бюджетте каражат болгон учурга тууралап жылдыра берели.

4-СУРОО

Сиз бул кызматка жакында эле дайындалганыңызды жана театрды жаңылоо багытында тиешелүү иштерди жүргүзүүгө жетише электигиңизди түшүнгөндүктөн, суроону мындай өңүттө койгум келет: Азыр Сизге ишенип берилген министрликтин алдына театрды жаңылоо жана юбилей белгилөө маселесин койдуңузбу? ҮСТҮБҮЗДӨГҮ 2019-жылдагы Сиздин иш пландарыңызда театрдын 80 жылдыгына байланыштуу театрды ремонттоо, жарыктандыруу, эмгек жамаатка материалдык колдоо көрсөтүү сыяктуу иш-чаралар белгиленгенби?

4-СУРООГО ЖООП: Катта бул суроого түз жооп жок.

Комментарийим: Демек, мындан мурдагы суроолорго алынган жооптордон улам, мунун да жообу – ЖОК. Менин түшүнгөнүм боюнча, театрды жаңылоо жана жарыктоо иштери бул жылы аткарылбайт жана мындай маселе коюлган да эмес.

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

________________________________________________________________________

Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин жообу:

30.05.2019 №07-4/2798

Санжарбек Данияровдун фондунун негиздөөчүсү
 жана директору А. Даниярова

Санжарбек Данияровдун фондунун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованын М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекетгик куурчак театрынын имаратынын (мындан ары — Театр) абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.К. Жаманкуловдун наамына жазган кайрылуусун карап төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги 2003- жылы 1750,0 миң сом имараттын чатырын оңдоого, 2005-жылы 2100,0 миң сом ички бөлмөлөрүн (отделка внутренних помещений) оңдоого бөлүп, оңдоп куруу иштери жүргүзүлгөн. Ал эми, театрдын оңдоп-куруу иштерин 2020-жылдын каржылоо планына киргизүү үчүн, төмөнкүдөй иш-кагаздарды топтоп министрликтин дарегине жөнөтүү керек. Аныктоо тобу (комиссия) түзгөн кемтиктөө (дефектный) актысы, топтун курамына курулуш адиси катышуусу зарыл (мисалы: шаарархитектуранын же ККБнын адистери), тастыктамасы бар адис (сертифицированный сметчик) түзгөн иш-болжому (смета работ), имараттын өлчөмдөрү көрсөтүлгөн схема-чиймеси тиркелсе жакшы болот.

Бюджетте акча каражатынын тартыштыгына байланышгуу, Театрдын 80 жылдык маарекесин өткөрүү 2020-жылга пландалууда.

Статс-катчы                                                                            Б.Секимов

Сартбаев И.Ж. 622733


Петиция жана Маданият министрлигине катым:

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК!


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *