“МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНА КАТЫШКАН БАЛДАР ӨЗДӨРҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН САНЖЫРАСЫН ТҮЗҮШКӨН

СҮРӨТАЛЬБОМ. Балдар өздөрү жазган дил баяндарды үй-бүлөлүк санжырасынын сүрөттөрү менен кооздошкон. Баарынан кызыгы, урук-туугандарынын же болбосо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү дарактын мөмөсүнүн ичинде жайгаштырылган. Же дагы бир мисал, улуу муундар дарактын тамырында орун алса, андан тараган кийинки муундар – сабактарында жана дарактын учтарында жайгашкан. Балдардын эч кимиси ал даракта өзүн көргөзбөгөнүн да белгилеп койсок болот, тааныштыгы […]

Толугу менен...

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылдын 9-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан мектептердин окуучуларын, алардын ата-энелерин, мугалимдерди чогулткан аябай кызыктуу окуя болду!  Ага Бишкек шаарынан калыстар тобунун мүчөлөрү барышты, калыстар тобунун мүчөлөрү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын калыс баалагандар экенин эсиңиздерге сала кетели. Сыйлоо салтанаты Шабдан айылындагы БИЛИМКАНА мектебинде өттү. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Улуттук паркы, тоо койнуна куп жарашкан жаңы мектептин имараты, андагы кубанычтуу […]

Толугу менен...

ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕРЛЕР ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН СЫНАКТЫН 2013-ЖЫЛДАГЫ ЛАУРЕАТЫ – МИКРОХИРУРГ РАДИК ТАЛАНТТЫН МОСКВАГА САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2013-жылы колуна жаңы эле КММАнын дипломун алган жаш микрохирург Радик Талант И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) “ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН” алкагында жыл сайын жаш окумуштуу дарыгерлер үчүн уюштуруп келген сынактын ошол жылдагы жеңүүчүсү болгон, демек ал Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгынын да лауреаты болуп эсептелет. Салт болуп калгандай, Фонд өзүнүн лауреаттарын Москва шаарына он күндүк […]

Толугу менен...

ХИРУРГ АЛЛАН АБДИЕВДИН МОСКВАДАГЫ ЖАЙКЫ АЖАЙЫП 10 КҮНҮ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Аллан Абдиев — жаш хирург, ал 2012-жылдын жаш окумуштуу сынагынын жеңүүчүсү болгон. Сынак И.А.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КММА) ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында жыл сайын өткөрүлүп келет. Аллан Санжарбек Данияровдун 2012-жылы өткөрүлгөн сынагында жеңүүчү катары сыйлыкка ээ болгон, фонд ошол жылы жаш окмуштуу дарыгерлер үчүн биринчи жолу сыйлык уюштурган. Фонддун сыйлыгы – Москва шаарына […]

Толугу менен...

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – бул мектептин башталгыч классынын мугалими. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн – мугалимдердин эң мыктысы! Урматтуу БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР!             Мектептен кетпеңиздер! Биринчи мугалим деген наамга дайыма татыктуу болуңуздар. Сиздер баарыбызга: балдарга да, чоңдорго да абдан керексиздер. Ар бирибиздин жашообузда БИРИНЧИ МУГАЛИМ – чыныгы БИРИНЧИ МУГАЛИМ болуш керек! Сиздердин алтынга бергис акыл сөзүңүздөр биздин турмуш […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2011” СЫНАГЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БАКТЫГҮЛ КАЛМАМБЕТОВАНЫН МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бактыгүл Кемин районунун Шабдан айылындагы мектептин мугалими болуп иштеп жүргөн кезинде Фонд мугалимдер үчүн алгачкы уюштурган сынактын жеңүүчүсү болгон. Саякат 21.08. – 31.08.2011-жылы болду. Бактыгүл андан кийин Шабдан айылындагы “Билимкана” мектебин жетектеп калды. Бактыгүлдүн бул саякат тууралуу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынан мен эмне таптым?” деген баяны. КУТБИЛИМ САЙТЫНДА

Толугу менен...

ДОСТОР КИТЕПКАНАСЫ. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Бул кат биз тууралуу жакшы билгендер жана сайттагы баракчабызга баш баккан коноктор, Сиздер үчүн! Кымбаттуу достор!               Биздин силерге кайрылуубуздун себеби – бул биздин мекенибиз Кыргызстандагы Кемин районундагы бир мектебинин  китепканасына белек. Сиздер окуучуларга ылайыкуу китеп белек кылсаңыздар – биз сиздерге абдан ыраазы болор элек. Биз милдет катары,  ал китептердин чаңдап жатпай,  окулуусуна чоң […]

Толугу менен...

МОСКВА ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН КИЧИНЕКЕЙ ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИН РАЙОНУНУН КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНА ТАРТУУЛАГАН БЕЛЕГИНЕ ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ

Китеп тартуулаган адамдар биздин өтүнүчүбүз боюнча түрдүү каалоо-тилектерин жазышат. Москвалык окуучу Иван мына мындай татынакай каалоолорун жазган.   ИВАН ЛОГАЧЕВДУН ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ СҮРӨТАЛЬБОМ: КИТЕПКАНА. КЕМИН

Толугу менен...

ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИНДЕГИ КИТЕПКАНАНЫН ОКУРМАНДАРЫНА КААЛООСУ

Досторубузга жана жалпы эле тааныштарыбызга китептериңер болсо, китепканага белекке тартууласаңар болот деген биздин кайрылуубузга КЕНЖЕ КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВ деген кичинекей досубуз жооп иретинде өзү жакшы көргөн китептерин берип жиберген экен.  Сиздерге маалым болгондой, Фонд китептерин тартуулаган досторубуздан ал китептерди жөн гана берип койбой, ал белекке жакшы ниетин билдирген каалоо-тилектерин жазып коюусун өтүнгөн эле. Бизди […]

Толугу менен...

КИТЕПКАНА ҮЧҮН КИТЕП АЛЫП БАРДЫК. КЕМИН. КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Жаздын жагымдуу күндөрүнүн биринде Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы мектептин китепканасына алыскы досторубуз, негизинен, москвалык досторубуз тартуулаган алгачкы 100 даана китепти жеткирип бардык. Бул 2011-жылдын 22-апрели болчу. Биз балдар китеп окугус келерин байкадык. Ата-энелер, мугалимдер, деги эле баарыбыз балдардын китеп окууга ышкыбоздугун арттыруу үчүн жалпылап аракеттенишибиз керек деп ойлойбуз. Китептериңиз менен бөлүшүңүз! Ал үчүн бизге […]

Толугу менен...

БИЗДИН ЭМБЛЕМА

Боз үй – меймандос, ачыктык, ийкемдүүлүк,  жеңилдик Боз үйдүн эшиги –Санжарбек Данияровдун чоң атасынын мөөрүнүндөгү жазуу: Данияр Байбото уулу (XIX кылым)    

Толугу менен...

ФОНД КАНТИП ЖАРАЛГАН

Уюштуруучунун преамбуласы. Менде фонд жаратуунун эки тарыхы бар, экөө тең чындык… Биринчи тарых: Татынакай интернационалдык үй-бүлөсү бар таанышым, аялы  француз, өзү немец Питер мени менен ой бөлүштү. Анын кызы, медициналык университетинин студенти, ыктыярчы болуп (ал өлкөнүн атын ачпай эле коёйун) Н өлкөсүнө деп атайлы, кичине балдар менен иштегени кетет. Ал абдан эле кедей, айрыкча көптөгөн […]

Толугу менен...