12-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕРДИН ЫСЫМДАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Өлкөбүздөгү мектептердин турмушуна, билим берүү тармагына, фондубуздун иштерине кызыккандар жана ошондой эле сайтыбыздын коноктору Кыргыз Республикасынын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагы жыл сайын өткөрүлүп келатканын жакшы билет, быйыл бул 12-жолу уюштурулуп жатат.

Эске сала кетсем, сынак эки турда өтөт. Биринчи турда мугалимдер жыл темасы боюнча дилбаян жазышат. Калыстар тобунун чечими боюнча эң жогорку упай алган алты дилбаяндын автору биздин вариант боюнча үч байге жана БИРИНЧИ МУГАЛИМ наамы үчүн экинчи турда оозеки түрдө ат салышат. Калган бардык катышуучулар экинчи турга күйөрман жана байкоочу катары катышат.

Экинчи тур 2024-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ЖЫЙЫН залында өтөт. Иш-чарага каттоо саат 9:30, башталышы саат10:00.

Дареги: Ахунбаев көчөсү, 92.

Бул басылманын аягында иш-чаранын  программасы бар.

 Сынактын биринчи туру аяктады, эми мен анын жыйынтыгын сиздерге кубануу менен жарыялаймын.


12-жолу белгиленген БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын темасы төмөндөгүдөй эле:

Эмгек миграциясы – бул жакшыбы же жаманбы? Айылдык мугалимдин көз карашында.

Сиздерди биринчи турдун финалисттери менен тааныштырып жатканыма кубанычтамын, алар биздин калыстардын баасы боюнча дилбаян жазууда эң көп упай топтогондор. Алар сынактын экинчи турунда калган катышуучулардын жана келген коноктордун алдында оозеки билим таймашына чыгат.

  • ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА, №31 Ы. Чанаков атындагы орто мектеп, Жалал-Абад обл., Сузак району, Кызыл-Сеңир айылы – 172 упай. Үчүнчү жолку финалист
  • ГАНЫЕВА АЙМЫСКАЛ ЫРЫСБАЕВНА, К. Тагаев атындагы орто мектеп, Баткен обл. Баткен району, Самаркандек айыл аймагы, Жаңы-Бак айылы – 171 упай. Биринчи жолу катышууда.
  • ДЖАПАРОВА АЙГУЛЬ КУСУЕВНА Алексеевка орто мектеби, Чүй обл., Жайыл району, Алексеевка айылы – 170 упай. Мурда да катышкан катышуучу.
  • ДҮЙШѲНБҮ КЫЗЫ БЕРМЕТ, Кулуке Тилеков атындагы орто мектеп, Ысык-Көл обл., Тоң району Темир-Канат айылы – 170 упай. Биринчи жолу катышууда.
  • СЕРКЕБАЕВА ГҮЛЗАНА МОЛДОБАЕВНА, Бирлик орто мектеби, Ысык-Көл обл., Түп району, Бирлик айылы – 170 упай. Мурда да катышкан катышуучу.
  • УМЕТАЛИЕВА ИНДИРА САКЫПБЕКОВНА, Абдыкайыр Казакбаев атындагы орто мектеп, Чүй обл. Кемин району, Чым-Коргон айылы – 169 упай. Биринчи жолу катышууда

5 финалисттин дилбаяны кыргыз тилинде, 1 финалисттин дилбаяны (Жапарова Айгүл Кусуевна) орус тилинде жазылган.

Быйыл сынакка 177 мугалим дилбаян жазып жөнөткөн. Сынактын ЖОБО талаптарынын сакталышы жана плагиаттын жоктугу текшерилген соң, сынакка 141 дилбаян кабыл алынды. Жалпысынан 130 дилбаян кыргыз тилинде, 11 дилбаян орус тилинде болду.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы өткөрүлүп келаткан мезгил аралыгында катышуучулардын саны төмөндөгүдөй өзгөрдү:

1-сынак (2011-ж.)  – 15 катышуучу; 2-сынак (2013-ж.) – 8 катышуучу; 3-сынак (2014-ж.) – 16 катышуучу; 4 сынак (2015-ж.) – 14 катышуучу; 5-сынак (2016-ж.) – 75 катышуучу; 6-сынак (2017-ж.) – 52 катышуучу; 7-сынак (2018-ж.) – 60 катышуучу; 8-сынак (2019-ж.) – 55 участников; 9-сынак (2020-жж) – 57 катышуучу; 10-сынак (2021-ж.) – 66 катышуучу; 11-сынак (2022/2023-окуу жылы) – 83 катышуучу; 12-сынак (2023/2024-окуу жылы.) – 141 катышуучу.

11-сынактан баштап календардык жыл менен эмес, окуу жылы менен эсепке ала баштадык.


Көрүнүп тургандай, быйыл катышуучулардын саны бир топ көбөйдү. Сынактын шартына ылайык, ага айылдык мектептин башталгыч класстарынын каалаган мугалими катыша алат. 2024-жылы дагы Ысык-Көлдүн мугалимдери эң активдүү болуп, рекорддук сандагы катышуучулар Түп (45) жана Ак-Суу (29) райондорунан болгон эле. Борбор шаарыбыздан эң алыс жайгашкан Баткенден катышуучулардын саны да бир топ көбөйдү. Былтыр Баткен облусунан бир гана катышуучу болсо, быйыл 13 мугалим катышты. Сол жактагы таблица региондор боюнча эки жылдагы катышуу статистикасын көрсөтөт.

Айрыкча быйылкы катышуучулардын арасында бир мектепте иштеген мугалимдер – кесиптештер бар экенин белгилегим келет. Кээ бир мектептен эки, үч же төрт мугалим катышканын көрүүгө болот.

Ал эми бул мектептерден бештен мугалим катышкан (!):

  • Жумаш Асаналиев атындагы орто мектеп, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Үч-Кайнар айылы. Завучу — Эралиева Асел Райымбековна;
  • А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназия, Ысык-Көл облусу, Тон району, Кажы-Сай айылы. Завучу — Абдылдаева Сайрагул Ибраевна
  • Бирлик орто мектеби, Ысык-Көл облусу, Түп району, Бирлик айылы. Завучу — Кадырова Бегайым Болотбековна, директору – Муканбетова Асель Абдылисовна.

Бул мектептерде жетекчилер тарабынан мугалимдерге жакшы колдоо болуп жатат деп болжолдойм.

Албетте, биздин өлкөдө аз гана башталгыч класстар болгон чакан мектептер да бар. Алар да четте калбай биздин сынакка катышууда. Мисалы, Эңилчек айылындагы башталгыч мектептин мугалими Чолпонбаева Айгүл Кадырбековна, ал мектептин алыстыгына, интернет байланышы туруксуз болгонуна карабай үч жолу катышкан, же 193 калкы бар чакан Сан-Таш айылындагы негизги мектептин (9-класска чейин гана билим берген мектеп) башталгыч класстын мугалими Туратова Чолпонкул Курманбековнаны белгилеп кетсем болот.


Адаттагыдай эле экинчи турда алты катышуучу алдын ала берилген суроолорго жооп беришет. Катышуучуга үч тапшырманын алты суроонун кайсы суроо туш келери чүчү кулактын негизинде билинет.

Сайттын окурмандарына кызык болгон суроолорду бул жерден окуй алышат:

12-жолку СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ ТУРУНУН ТАПШЫРМАЛАРЫН КӨРҮҢҮЗ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛЫҢЫЗ

Биз билим берүү тармагынын адистерин жана жөн гана кызыккан адамдарды сынактын экинчи турунда 27-апрелде көрүүгө кубанычта болобуз. 

БМ 2-ТУР Программа. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ

Бардык басылмалар фонддун телеграм каналында жарыяланат.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Дагы тема боюнча:

Сыйлык (мугалимдин саякаты) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Сыйлык (мугалимдин окуучулары менен саякат) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
 билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын биринчиден акыркысына чейинки хроникасы бул жерде:
билим берүү › биринчи мугалим сынагы

Калыстар тобу жөнүндө:
Калыстар — сынактын жүзү. 


Автору
Асель Даниярова

2024-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН “СЫЙМЫК МЕНЕН ЖЕТКИРЕМИН» ДОКУМЕНТТЕР ЖЫЙНАГЫ

 

 

Жаңы китептин жарыкка чыкканы тууралуу жаңылыктарды сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз:

Верныйдагы издөө пунктунун документтеринде 1916-жылдагы Жети-Суудагы окуяларды «Сыймык менен жеткиремин…». Документтер жыйнагы / Санжарбек Данияровдун Фонду /[түзгөн, кириш сөз жана соңку сөздүн автору В. И. Шварц] — Бишкек: Санжарбек Данияровдун Фонду, 2024. — 704 б., ил

Учурда китеп орус тилинде гана бар


Жыйнакта биринчи жолу Верный шаарындагы жана Жети -Суу областындагы издөө пунктунун жана анын өзүнчө корпусунун ротмистри В.Ф.Железняковдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу 323 документ чогулган. Материалдар төрт өлкөнүн — Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын сегиз архивинен табылган.

1916-жылдагы Жети-Суудагы көтөрүлүштү Орусия империясынын чет элдик калкын коргонуу курулуштарына тартуу жөнүндөгү Жогорку буйругунун чыгышы менен козголгон ал окуяларга документалдык булактарда жаңы түс берген. Кириш сөздө тарыхый маалымдама, ал эми кийинки сөздө жарыяланган документтерге аналитикалык сереп берилген.

Жыйнактын түзүүчүсү Владимир Шварц кириш сөздө китептин милдеттерин төмөнкүчө мүнөздөйт:

«Жүз жыл мурда тарыхнаамада түзүлгөн парадоксалдуу кырдаал ушул убакка чейин сакталып келген. Бир жагынан, профессионал тарыхчылар үчүн архивде эң маанилүү тарыхый окуя боюнча он миңдеген архивдик документтер түрүндөгү маалыматтар океан сыяктуу кенен чалкып жатканы  эч кимге жашыруун эмес, экинчи жагынан, ондогон жылдар бою изилдөөчүлөр бул оргуштаган маалыматтардын кичинеден агып жаткан маалымат тамчыларына гана канааттанып келген. Архивдик фонддорго кирүүгө чектөөлөр болгон кезде, бул көрүнүш аздыр-көптүр түшүнүктүү эле. Бул чектөөлөр алынып салынганына чейрек кылымдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, 1916-жылдагы окуялар жөнүндө макалалар жана китептер XX кылымдын 60-жылдарынан ары ашпаган документтерге негизделип келген.  Негизи Жети-Суу көтөрүлүшүнүн бүткүл тарыхы Түркстан генерал–губернатору А.Н.Куропаткиндин жана Жети-Суу губернаторунун милдетин убактылуу аткарган полковник А.И.Алексеевдин, жогоруда айтылган А.Ф.Керенскийдин баяндамасы боюнча анча-мынча түзөтүүлөр менен эки докладдын калькалары боюнча түзүлгөн.

Ар кандай ири окуялардын негизги мүнөздөмөлөрү – анын себептери, жүрүшү жана кесепеттери – аталган үч басылмага ылайык так баяндалат. Тарыхчылар башка ондогон документтерди генерал, полковник жана Мамлекеттик Думанын депутаты жазган сүрөттөгү майда штрихтер үчүн маалымат булагы катары гана колдонуп келишет. Ошол эле учурда миңдеген маанилүү жана ишенимдүү далилдер изилдөөчүлөрдүн көңүл чордонунан тышкары калып калууда. Болбосо мындай абалды табышмактуу жана атайын анализди талап кылган көрүнүш деп атоодон башка арга жок.

 Бул басылма менен биз Жети-Суудагы көтөрүлүштү изилдөөгө карата калыптанган стереотиптерди жоюуга, аны менен бирге бул табышмакты жок дегенде жарым-жартылай чечүүгө аракет кылып жатабыз”.

Жыйнак Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги Россия империясынын тарыхына, Түркстан аймагындагы, азыркы Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Түштүк бөлүгүндөгү драмалык окуяларга, ошондой эле XX  кылымдын башындагы Россия империясынын ички иштер министрлигинин полиция департаментинин бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерине кызыккан тарыхчыларга, педагогдорго жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багытталган.

КИТЕПТИ КАНТИП АЛСА БОЛОТ

Жакын арада китепти китеп дүкөндөрүнө берүүгө аракет кылабыз, бул тууралуу сөзсүз окурмандарыбызга билдиребиз. Ал ортодо китеп окууну каалагандар веб-баракчанын «жертөлөсүндө» көрсөтүлгөн фонддун номерине кайрылсаңыздар болот. + 996 707 783295 Асель Даниярова кат алышуу, билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн гана. Чалууга болбойт.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Асел Даниярова

НООРУЗ-2024. ЖАРАТЫЛЫШТЫН СОНУН ЖАҢЫЛАНУУ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕГЕНДЕРГЕ МЕНИН КААЛООЛОРУМ!

Менин тилегим ушул күнү өзгөрүүсүз калат!

Жакындарыңыз күч-кубатка толуп, жашоонун кереметине ырахаттанып жашаса, ар бир адам жеке өзүнө гана таандык турмуштагы өз жолун тапса, жаратылышыбыз кыйратуучу күчтөргө моюн сунбай, күн сайын жаңырып, жашарып турса, өлкөбүз гүлдөп-өссө, билим берүү ардакталса деген аруу тилектериңиздер ишке ашуусун каалаймын!

Бекем ден соолукта болуп, сабырдуулукту сактаңыздар. Жазындагы жаңылануу өзү менен бирге сиздерге көптөгөн жагымдуу жаңылыктарды жана жаңы чыгармачылык эргүүлөрдү тартуулап кубанта берсин, эч нерсеге, эч кимге карабай жашарган, тазарган табиятыбыз менен бирге биз да аруулукка бөлөнөлү! Көңүлүңүздө түнөгөн асыл ойлоруңуз көркөм жаз менен бирге көктөп, алардын баары толкуп-ташып ишке ашып турсун!

Балдарыңыздарга күн менен түндүн алмашып турганы жөнүндө, күн сайын терезенин сыртында, көчөдө, тоодо, токойдо, дарыянын жанында жарык болоорун айтууну УНУТПАҢЫЗ!

Жаңы жашоону жар салып, күн менен түн теңелген жаздын керемет күнүн өзүңүз аздектеген адамдар менен бирге, көңүлдүү өткөрүңүз!


Дагы, башка рубрикаларда (ШИЛТЕМЕЛЕР):

адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова › лиля турусбекованын тасмалары

билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү
билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын сүрөт галереясы

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

маданий турмуш › көркөм искусство › көркөм искусство биздин турмушта (улуттук музейдин коллекциясындагы обзорлор) 

адамдар › эл агартуу жана агартуучулар


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


 


Автору
Асел Даниярова

2024-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЖАЗ МАЙРАМЫНДА АЯЛДАРГА КААЛООРУМ

Баарыныздарды жаздын биринчи майрамы менен куттуктайм!

Мен үчүн жаңылыгын жоготпогон былтыркы куттуктоолорумдун сөздөрүн кошкум келет.

Алыс-жакын чөйрөмдө маданияты бийик, тарбиясы бар, өз алдынча ой жүгүрткөн, боорукер аялдар басымдуулук кылганы мени кубандырат.

Баардык аял-эркектерге ушундай адамдардын курчоосунда болушун каалайм!

Аялдарга татыктуу жумуш, мыкты билим, ошондой эле үйдө, үй-бүлөдө түшүнүү жана колдоо каалайм.

                                   Асел Даниярова


Мына бүгүн биздин терезеден көрүнүш.


Дагы, башка рубрикаларда (ШИЛТЕМЕЛЕР):

билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү
билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын сүрөт галереясы

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

маданий турмуш › көркөм искусство › көркөм искусство биздин турмушта (улуттук музейдин коллекциясындагы обзорлор) 

адамдар › эл агартуу жана агартуучулар


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Асел Даниярова

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? УЛАНДЫСЫ

Мына, бул – тарыхый инсандар тууралуу маалыматты издөөдө бизге жакшы кызмат кылган Интернеттин кубаттуу күчүнүн дагы бир далили! Сайттын конокторунун жоопторунун аркасында көп учурда маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды алууга болот. Бул жолу мен сиздерге төмөнкү суроого жооптун уландысы менен бөлүшкүм келет: ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? (мурунку басылмага шилтеме)


Мындан бир жыл мурун сайтыма жаңы усул мектебинин (Жадид медресесинин) мугалими, Алаш Ордонун мүчөсү Хафиз Сарсекеев тууралуу материал жарыяланган. Бул агартуучунун өмүр таржымалы менин изденүүмдүн темасына айланды, анткени ал 1911-жылы Уфа шаарында кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу жарык көргөн Эшенаалы Арабаевдин «Алип бээ жаки төтө окуу» (Тез окууну үйрөтүү Алиппеси) китебин жаратууда авторлош болгон. Тарыхый жактан мындай маанилүү окуя көз жаздыбызда калбоого тийиш болсо да, Хафиз Сарсекеев тууралуу дээрлик эч кандай маалымат белгилүү болгон эмес.

Жогоруда айтылган макалада билим берүүнүн бул көрүнүктүү ишмеринин өмүр баяны тууралуу фактылар келтирилген, ал маалыматтар, бактыга жараша, Казакстанда 20-кылымдын башындагы казак гезит-журналдарында жарык көргөн макалаларды санариптештирүүнүн жардамы менен окурмандарга жетип олтурат. Казакстан Республикасынын мамлекеттик институттарынын ишинин алкагында илимий кызматкерлер тексттерди арабчадан кириллицага транслитерациялаган соң, азыр алар окурмандарга жана изилдөөчүлөргө жеткиликтүү болуп калды.

Мен өткөндө Х.Сарсекеев тууралуу жарыялаган маалыматты “Сталиндик репрессиялардан кутула алдыбы, билсек кызык болмок…” деп аяктаган элем.

каттын автору Шолпан Несибекованын ата-энеси тууралуу жазылган күбөлүктүн үзүндүсү. Хафиз Сарсекеевдин кызы – Шолпандын апасы Жамал

Бизге эми анын кийинки тагдыры тууралуу белгилүү болду. Ал маалыматтарды бизге анын урпактары жазып жиберген. Жарыяланган макалага Хафиз Сарсекеевдин небереси Шолпан Несибековадан жооп кат келди. Анын жообу Хафиз Сарсекеев тууралуу айрым маалыматтарды ачыктоого, тактоого, ошондой эле анын сүрөттөрүн алууга жардам берди. Мен мында Шолпандан келген маалыматты жарыялайм:

________________________________________________________

 “Саламатсызбы, Асель!

Сизге кат жазган — Сарсекеев Хафиздин неберелери. 2022-жылдын 21-декабрында чоң атабыз Хафиз Сарсекеев тууралуу кыргыздын залкар агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арналып жарыяланган макалаңызды интернеттен көрдүк. Биз анын кызы Жамал Хафизовна Сарсекееванын балдарыбыз, Түндүк Казакстан областындагы Петропавловск шаарынын Петухово айылындагы керей уруусунан болобуз. Чоң атам да ошол жерде төрөлгөн деп ойлойбуз.

Ал 43 жашында Каркаралы жана Зайсанда казак мектептерди ачуу үчүн балдарды чогултуп жүрүп келтеден же ичкелтеден каза болгон деп апам айтып калчу, апам ал кезде 13 жашта болчу экен, демек, 1926-1927-жылдар деп болжолдосок болот. Ошондуктан ал сталиндик репрессияларга кабылган жок. Апамдын айтымында, чоң атамдын ата-энеси колунда бар адамдар болгондуктан, аны Уфага — ошол кездеги Россиядагы белгилүү окуу жай болгон “Галия” медресесине окууга жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон.

Хафиз Сарсекеевдин агартуучулук ишмердүүлүгү, ошондой эле “Алаш” партиясынын Чыгыш бөлүмүнө мүчө болгондугу тууралуу Сиздин макалаңыздан окуп билдик. Ал үчүн Сизге терең ыраазычылык билдиребиз.

                  Несипбековдор:  Совет, Сәуле,  Зауре,  Сайлау, Шолпан, Ерсаин”.

__________________________________________________

Демек, Х.Сарсекеев 1882-жылы же 1883-жылы туулган, б.а., Э.Арабаев (1882-1933) менен бир курактуу экени белгилүү болду. Күтүлгөндөй, экөө тең Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган, кыязы, 1909-1912-жылдары чогуу окуган, ошол мезгилде Алиппени түзүп, жарыкка чыгарышкан. Тилекке каршы, Хафиз өтө жаш кезинде, 43 жашында каза болгон.


 


Хафиз Сарсекеев мына ушундай адам болгон. Кайсы жылы түшкөнү белгисиз


 


Боз үйдүн ичиндеги сүрөттө: 1. Каракожина (Аубакировдун аялы) 2. Жиенгалиев Абзал 3. Хакимова Меңсулу (Семейден) 4 Сарсекеев Хафиз 5. Амирова Батиха 6. Бейсенбаев Билял 7. Бейсенбаева Афруз, Билялдын аялы уулу Жанат менен.

Боз үйдө олтургандар жөнүндө маалымат:

Жиенгалиев Афзал (1885-1937), Алма-Ата областынын мугалими. РСФСРдин Кылмыш Кодексинин 58-10, 58-11 беренеси боюнча айыпталып, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА соттолгон. 1989-жылы реабилитацияланган.

Бейсембаев Билял (1882-1937), мугалим,  Хафиз Сарсекеев жана Эшенаалы Арабаевдин курбалдашы.  Түндүк-Казакстан облусунун (Акмола) тургуну, ошол эле Казгородокто жашаган. РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-10-беренеси боюнча айыптуу деп табылып, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА соттолгон. 1960-жылы реабилитацияланган.

Биз көрүп тургандай, Хафиз Сарсекеевдин коомдук чөйрөсү аны менен тең курактагы мугалимдерден турган, алар “Галия” медресесинде же окшош окуу жайларда билим алган деп болжолдоого болот. Катаал террор мезгилинде алар сталиндик ырайымсыз репрессияга кабылып, 1937-жылы атылып кеткен.

Эске салсак, биринчилерден болуп агартуучу Э. Арабаев 1933-жылы курман болгон. Мен бир нече жолу айтып өткөндөй, мугалимдик – коркунучтуу кесип!


Тема боюнча макалалар:

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ, мында Эшенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин Алиппесинин толук варианты окурмандарга сунушталган. Сөздүк 1911-жылы жарык көргөн.

«Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси – бул китепте Эшенаалы Арабаевге бир топ орун берилген.

Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ— биздин үй-бүлөлүк архивден


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

“ЭЛДИН СҮЙГӨН ЫРЫ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1963-ж.

Бул тасма — Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына ысмы коюлган эң мыкты композитор жана ырчы Абдылас Малдыбаев жөнүндө.

Биздин көз алдыбызда тасманын каарманы — көрүнүктүү автордун жана аткаруучунун өмүр баянын тек гана сөзмө-сөз айтып берүү эмес. Экрандан биз анын туулуп-өскөн жерин жана анын жердештеринин жандуу жаратылыш менен айкалыштырылганын көрө алабыз. Аларды саякатчылардын туюмунда кабыл алып, алардын көзү менен көрүп гана тим болбостон, эл менен бирге эл ичинде жашап, элдик таланттар аткарган күүлөрдү угабыз. Ошондон улам бизде табият тартуулаган талант бийик тоолор менен гармонияда жашап, булактын таза суусунан оозанат деген түшүнүк пайда болот. Баарынан да көрөрман 10 мүнөттүк киноочеркте көрүүчү музыканттын чыгармалары менен таанышууга, анын эргүү тартуулаган булактарын көрүп, сезүү менен бирге эле мекенибиздин жаратылышынын кооздугуна жана тазалыгына суктанууга, ошондой эле чабандардын күнүмдүк иши менен таанышууга үлгүргөнү кызык.

Режиссёр Лиля Турусбекова мында дагы башка даректүү чыгармаларындай эле өз доорунун кызыктуу инсанынын бейнесин ачып бере алган. Тасмадан биз чыгармачылык күч-кубаты толуп ташып турган Абдылас Малдыбаевди көрөбүз. Бул кадрлар өлкөбүздүн музыка жана тарыхын сүйүүчүлөр үчүн баалуу экени талашсыз. Албетте, сценарист В Гороховдун эмгеги да кол чабууларга арзыйт.

Кызыгы, тасманын оператору – өз кесибинин мыкты чебери Марлес Туратбеков экөө тең бир курактуу болгондуктан, Лиля Турусбекова аны бала кезинен жакшы тааныган, Марлес андан эки ай кичүү эле. Экөө тең кыргыз кесипкөй кинематографисттеринин ичинен алгачкылардан болуп ВГИКти аяктаган. Лиля Турусбекова 1956-жылы даректүү кинорежиссер кесибине, Марлес 1958-жылы операторлук кесипке ээ болгон. Экөө тең өз адистиги боюнча «КЫРГЫЗФИЛЬМ» киностудиясында өмүр бою иштеп, мындан башка дагы бир нече тасмаларды бирге тартышкан.

Үй-бүлөлүк архивде (экөө тең 15 жашта) Чолпон-Ата шаарындагы биринчи балдар санаториясында 1948-жылы тартылган сүрөттөр сакталып турат.


 


Бул фильмдин кайра жандандырылышы — «Кыргызфильм» киностудиясынын маданий мурастарын санариптештирүү ишинин дагы бир натыйжасы!

Ютубда бул тасманын кыргызча жана орусча варианттары бар


Лиля Турусбекова жөнүндө жана анын атасы белгилүү акын Жусуп Турусбеков жөнүндө сайтыбызда:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН
ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

Лиля Турусбекова жөнүндө тасмалары:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА. 2023-Ж. РЕЖИССЕРУ-ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН
«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014

Еще фильмы, снятые Лилей Турусбековой

“АЛЫКУЛ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1990-ЖЫЛ
ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН “ЧЕБЕР” ТАСМАСЫ. 1989-жыл.

Кыска метраждуу 10 мүнөттүк Лиля Турусбекованын тасмасында кыргыздын салттуу ээрин жасоочу уникалдуу уста Жылкычы Шаршембиев жөнүндө баяндалат. Биздин эл көчмөн цивилизациясынын өкүлү болгондуктан, анын ажырагыс бөлүгү – бул ат минүү.

Ээрдин үстүндөгү турмуш – бул аралыктарды басып өтүү жана жаратылыш жана айлана-чөйрө менен дайыма байланышта болуу мүмкүнчүлүгү, бул эркиндик да сезими. Ат минген адам менен аттын гармонияда болушу абдан маанилүү. Мына ушундай сулуулук менен ынгайлуулуктун гармониясын чыныгы уста – ээр жасаган адам гана жарат алат!

Уста жөнүндө кыскача киноочеркте автордун эч кандай комментарийлери жок, ал эми тасманын артындагы үн тасманын каарманынын көз карашын баяндайт. Биз аны угуп жаткан кезде, жыгачтын кесилип жатканын, оймо-чиймелердин жаралышын, булгаарыга ныгыра басылып түшүрүлүп жаткан издерди көрүү менен бирге эле, көз алдыбызга акылдуу, ойчул, чыгармачыл адамдын, жаратмандын жана нагыз сүрөтчүнүн образы пайда болгонун көрө алабыз!

“Кыргызфильм” киностудиясы биздин даректүү тасма мурастарыбызды санариптештирүүнү улантып жатканы эң сонун!



Дагы тема боюнча:

“АЛЫКУЛ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1990-ЖЫЛ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА. 2023-Ж. РЕЖИССЕРУ-ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН

«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

ГАМАЛ БОКОНБАЕВ. 14-ЧЫГАРЫЛЫШЫ. ЖАМБУЛ ЖУМАБАЕВ. 2-БӨЛҮМ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯСЫНА ОБЗОР

А.Федоровдун сүрөтү пайдаланылган

Жамбул Жумабаевдин чыгармачылыгына искусство таануучу Гамал Бөкөнбаевдин жасаган обзорун жарыялоону улантабыз. Экинчи бөлүктө сүрөтчүнүн дагы 14 эмгеги сунушталат.

Жамбул Жумабаев (1946-2005) — живописчи жана чиймечи, китеп иллюстратору жана көркөм жана телефильмдердин сүрөтчү-постановщиги. Анын эмгектери Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде (КУКСИМ), Третьяков галереясы, Москвадагы Мамлекеттик Чыгыш музейи, Саратов, Новосибирск, Астрахань, ошондой эле Япония, Германия, АКШ, Греция, Италия ж.б. музейлерде коюлган.


Тоодогу мектеп. 1979. Кенеп май, 100×100

Эки өспүрүм бала мектептин жанындагы спорт аянтчада сейилдеп жүрөт. Ары жакта айылдын бир кабаттуу мектебинин имараты аппак болуп көрүнүп турат. Ал спорттук шаймандардын дизайнына атайын киргизилгени байкалат. Бул символикалуу көрүнүш! Стенд мектепти экиге бөлөт, эки көлөкө, эки маанай тартуулайт: жылуу жана муздак, көлөкө жана жарык, плюс жана минус дегендей. Чатырдын эңкейиши — дөңгөчтөн түшүү. Эки терезе жана эки фигура. Бул сабактардын баары аяктап, күздүн жылуу күүгүм кечтеринде өтүп кеткен жай жөнүндө өз алдынча кусалуу ой жүгүртүп олтурган абалды сүрөттөйт. Эртең кайра дагы сабактар, баалар, мугалимдер жана классташтар, ата-энелер жана күндөлүктөр. Жана дагы сымбаттуу фигуралар да символдорго кирет. Бири асманда калкып, булуттар менен баарлашып, устунда жалгыз олтурат. Экинчиси жерге батып кеткендей, арканга жөлөнүп, ойго чөмүлүп турат. Бири – философ, экинчиси — сатуучу, бирөө үчүн жеңил болот, экинчисине анчалык деле эмес. Бирок жигиттик достук өмүр бою уланат. Сүрөттүн кооздугу кайдан келип чыгат? Түшүнүктүү нерседен: курамы, түсү, стили, техникасы жана дагы башка сөз менен жеткире албаган нерседен. Ооба! Композиция! Эгерде фактура менен аткарылган иш болбосо, анда курамы …карапайып көрүнүп калмак. Фактура – ​​бул кыргыз модернизминин тили. Бул реализмдин логикасына баш ийбей, көркөм таланттын логикасына гана баш ийген нерсе. Фактура — бул курч жана бүдөмүк, маанилүү нерсени баса белгилейт жана чечүүчү чектерди жок кылат. Албетте, булут көлөкөлөрдү жана тон булутту түзөт, бирок аны жетер жерине жеткирген текстура болот! Ооба! Тоолор такыр көрүнбөйт. Бул символбу? Эмненики? Чын эле алардын баары тумандабы? Мектеп окуучулары жана мектеп тоодогу бийиктикте турат! Олимпте! Фудзиямада! Таманыңыздын астындагы жердин салмагы сезилип, төбөңүздө бийик асман турганда, биз ким экенибизди, ар ким өз алдынча ким экенин түшүнүүгө дагы убакыт бар. Советтик Кыргызстан 70-жылдардын аягы, 80-жылдардын башы. Адабият жаралды, кыргыз керемети пайда болду! Кинодо, театрда, архитектурада! Кийинкиси эмне? …. Азырынча өткөн кезге, болгон учурга жана али келе элек кездерге ностальгия бар! Келечек али бүдөмүк, ошондуктан кызыктуу! Кызыктуу! Укмуштай керемет символ!


Кышкы Сенеж. Кенеп, картон, май, 68×50, 1979

1945-жылы июнь айында СССР Көркөм фондунун президиумунун чечими менен Москва облусунун Солнечногорск районундагы Сенеж көлүнүн жээгинде ушул эле аталыштагы чыгармачылык жана эс алуу үйү негизделген. Ага союздун булуң-бурчтарынан сүрөтчүлөр келип, эс алып, чыгармачылык менен алектенишчү. Бир агым менен келгендердин мөөнөтү эки айга созулчу жана бир эле учурда 70 киши жайгаштырылчу, ошондо жылына беш жолудан киришкен. Комиссия Бүткүл союздук көргөзмөлөргө мыкты эмгектерди тандап алып турган. Ошол жерде 1964-жылы Евгений Розенблюмдун жана Карл Кантордун жетекчилиги астында түзүлгөн СССР Сүрөтчүлөр союзунун окуу-эксперименталдык студиясы — «Сенеж» дизайн студиясы атактуу болгон. Студия советтик дизайн теориясын жана практикасын өнүктүрүүдө эбегейсиз роль ойноп, станоктук живописте композициялык ыкманын пайда болушуна салым кошкон…

Биздин бет маңдайыбызда керемет композиция турат: автор сырткы көрүнүштүн логикасын ачып берет. Тегиз горизонталдуу кар баскан талаа, анын артында бир кабаттуу жыгач үйлөр көрүнүп турат. Алар жапыз жерде жайгашкандыктан, жарымы көрүнбөй, кирпичтен курулган имараттын пайдубалы кесилип калгандай көрүнөт. Андан ары эңкейиш кетет, бирок көрүнбөйт, көл да көрүнбөйт. Аркы өйүздө токойлуу адырларды көрүүгө болот. Көл жээгинин рельефи бул адаттан тыш композицияны түзгөнүнөн сүрөтчүнүн өзүм билемдиги эмес экени көрүнүп турат! Сүрөтчү ошол анча деле кызыктуу болбогон нерсенин артыкчылыктарын көрө алган. Бул автордун эң жогорку деңгээлдеги оригиналдуу адам экенинен кабар берет. Аны эффекттер, көлдөр жана ачык мейкиндиктер кызыктырбайт, аны акылы менен көргөн нерселер гана кызыктырат. Ал эми көрүнбөгөн нерсе фантазияны ойготот! Эр жүрөк композиция! Талаанын сызыгы чатырлардын сызыгын кайталайт. Күздүн биринчи кары күнгө агарып, алыскы токойлор да жарык болуп турат, бирок алар карайып калганы байкалат. Көрүнүшү айыл тарапта калган, аны картадан көрүүгө болот. Анын Загорье деген аты бар. Ошол айылда сүрөтчүнүн изи түшкөн айылдык дүкөн бар…


Түштүктөгү кеч. Кенеп, май, 94х100, 1978-1980

Кечки маал, тагыраагы, түштүктөгү күүгүм кеч. Керели кеч жерди аптабына ысыткан күн горизонттун ары жагына жаңы эле жашынды. Ысыктын илеби дагы эле тарай элек болгондуктан, айланадагылардын баарынан жылуулук чачырап тургандай. Ал эми көгүш тарткан асман салкындай баштаган. Кеч киргени менен айлана дагы эле жарык. Эки кыз талаа иштерин аяктап калды. Бири башына пахта салынган чоң түйүнчөктү кармап турат; экинчиси эңкейип, жүктү таңып жатат. Бул жерде Зинаида Серебряковадан көп нерсе бар («Беление холста», 1917-жылдагы этюддар жана эскиздер). Позалар жана маанай, жеңилдик жана кийим-кечелер. Серебрякова иш процессин чагылдырганы көрүнүп турат, ал эми бул жерде эмне экени түшүнүксүз го? Иш бүтүп жаткан кезди чагылдырганбы? Жан Милле* эсиңе түшөт. Дүйнөлүк живопистин жетишкендиктери советтик сүрөтчүгө жаш колхозчулардын эмгегин даңазалоого жардам берет. Демек, тема да, сюжет да жөн гана шылтоо. Советтик Кыргызстанда тема да, сюжет да башкача боло албайт эле. Алар негизги өзөгү эмес жана башка нерсе жөнүндө айтып берүү үчүн гана колдонулат. Фактурасы, түсү, композициясы кызыктай болушу мүмкүн экендиги жөнүндө! Жалгыз гана фактура (булут, жер, кийим) оюмдун жаралышы, күнүмдүк жашоонун жыты, салттын күчү жана жаңы нерсеге болгон каалоо жөнүндө айтып бере алат! Күрөң түстүү азапты кызгылт сары түстө баяндаган кумар жөнүндө… Бирок мунун баары азыр түшүнүктүү болобу? Башка өлкөдө? Бизге деги керекпи? Советтик жыргалчылыкты сайраган канаттуулардын тилинин татаалдыгынан адашып калбайбызбы?

* Жан-Франсуа Милле (1814-1875) — Француз сүрөтчүсү, «Барбизон» деп аталган мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири. 


Аптап. Кенеп, май, 60х65, 1977-1979

Кызыл көйнөкчөн аял тик дөңдүн четинен адамдар таптап жасаган жол менен баратат. Башындагы түйүнчөгү аны күндөн коргонууга жардам берет. Жол көрүнбөйт – жолдун бир бөлүгүн кесе өткөн сызыгы көрүнүп турат. Жолдун боюнда көк карагай өсүп турат. Болду. Адыр менен жол, аял жана дарак. Баса, дагы эч кимге боор толгобогон аптап бар. Анан дагы кызгылт сары түскө боелуп аалоолонгон жерден тарап жаткан аптаптын илебин козгогон асман да бар. Бирок асман салкын эмес — ал тек гана кызгылт көк тартып турат. Башындагы таажыдан түшкөн көлөкө жардам бербегендиктен, аял иштерин эртерээк аяктоого ашыгат. Башындагысы оңго кыйшайып, кызыл чок болуп күйүп баратат, кызыл көйнөк толкунданып, бийлеп, жаркырайт. Түсү – аптыгып шашып бараткан аялдын түпөйүл абалы жана кыймылсыз карагайдын азабы. Сүрөттөн аптаптын илеби уруп турат. Бирок бул импрессионизм эмес да? Жашоодон алынып тартылган эмес. Пленэрден мындайды көрө албайсың. Табиятта мындай айкалышуулар болбойт. Ал сүрөтчү ойлоп тапкан табылга! Алар кайдан жайдан келип кенептин үстүндө пайда болду. Ушундай кылыш керектигин ички сезими түрткү берип ойготту. Картина – бул реализм эмес. Адабият да эмес. Картина – бул материалдуулук, нукуралык, түстөрдүн далили. Жана да түштүктүн руху, заманбап оригиналдуулук. Капыстан жасалган иш чындыкка көбүрөөк окшошуп калат деген ишеним бар. Ишеним кайдан келет? Окуду, иштеди, ойлонду. Анан дагы жогору жактан, өзүбүз да түшүнбөгөн, жөн гана баары жакшы болот деген ишенимди жараткан учур пайда кылган илгерки үмүт. Андан кийинки кадамды жасоо кыйын болот. Советтик кийинки кадамды жасоо мүмкүн эмес…


Үпүп кармаган бала, кенеп, май боек, 87х59, 1975-1976

Бала дарактын түбүндө колуна узун кууш тумшуктуу, желпингич түрүндөгү төбөсү ачылган, күлгүн ачык түстөгү кушту кармап турат. Артындагы адырлар жарым тегерекчелер менен белгиленип коюптур. Ылдый ийилген дарак кайра өйдө карай желпинип жылып бараткандай сезилет. Бардыгы жалпыланган жана бирдиктүү боз-жашыл түскө боелгон. Үпүптөн башкасы! Үпүп – түстүн борбору, кылдаттык менен жана майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлүп тартылган. Парадокс мына ушунда: ушул түгөйдөгү жаш натуралист бала табият менен жуурулушуп, ал эми жапайы куш өзгөчөлөнүп турат. Бала куурчакка көбүрөөк түспөлдөшүп тургандай, ал эми  упүп жандуу, анан кандайдыр бир үрпөйүп турган сыяктуу. Бала — түзүлүшү, үпүп — мазмуну… Эмнегедир эсиме унутулуп бараткан «Парижге жол» телефильми (1968-жыл, режиссёр Алексей Студзинский) түштү. Анда өлгөн өрдөктүн тарпын тегерете сүйрөп бара жаткан тестиер бала бар. Албетте, бул таптакыр башка кино. Кийинчерээк «Бешкемпир» (1998-ж., режиссёру Актан Абдыкалыков) тасмасында үпүп кармаган бала символу колдонулат. Ал жерде башкы каарман кушка суктанып, андан шыктанат. Кийинчирээк ал ийгиликтүү айкалышы салондук иштин мыкты үлгүсү болуп калат.

Белгилей кетсек, үпүп дүйнөлүк мифологияда көп айтылат. Үпүп 2008-жылы Израилдин улуттук кушу катары тандалып алынган. Ал эми ошол кезде, 70-жылдардын ортосунда образ жаралган! Бул советтик унификацияга кандайдыр бир нерсени каршы коюуну каалагандыктан пайда болгон. Натыйжада алгылыктуу бүткүл союздук улуттук көркөм варианты жаралган. Андан тышкары, ыйык нерсе пайда болду! Сүрөттө тартылган нерсе жашоону өзгөртүп, руханий жан дүйнөбүздүн бир бөлүгү болуп калды, башкача айтканда, биз искусство деп атаган нерсеге айланды.


Жаз. Кенеп, май боек, 90х100, 1975

Чебердин ушул жана башка ушул сыяктуу сүрөттөрү тууралуу белгилүү искусство таануучу Ольга Попова төмөндөгүлөрдү жазат: «Бул эмгектерде ал (Жамбул Жумабаев) ачык силуэттен жана түстүн локалдуулугунан баш тартып, тигил же бул себептерден улам чыныгы жарыктан жана табияттын жалпы абалынан эркин живопись лирикалык образдарды оңой эле моделдөөчү фантазия түстөрдү жараткан». Так ошондой оңой. Так ошондой! Автор эч кандай убаракерчилиги жок эле өтө жеңил ыкма менен жаштыктын, жаздын, махабаттын башталышынын романтикалык образын өтө жөнөкөй түзө алган! Кандай гана талант! Ал пейзаждын эскиздерин кандай чеберчилик менен тарткан. Жаздын таңы салкын болуп турган кездеги жаратылыштын абалын ачык тунук түстөр менен кандай гана чеберчилик менен жеткире алган. Суу бакан көтөргөн кыз, футболкачан жигит (балким шаардык жигиттир?) жылкыны сууга жетелеп келишти. Экөө тең түстөрдүн жана сезимдердин бул тунук жомоктогудай көрүнүшүнө айкалышып эрип кетишти! Ошол үчүн алар оңго жылдырылганбы? Атчан жигит алдыга озуп баратабы? Ал эми сол жагында анын басымы дарак менен теңдештирилген! Булар биздин Аксинья менен Григорий, «Тынч Дондун* темалары боюнча вариация. Эмне экен? Кыргызстанда мындай болушу мүмкүн эмеспи? Болушу толук мүмкүн. Дарыя да болушу мүмкүн. Тоодо эмес, өрөөндө. Албетте, Дон эмес, бирок ошондой болушу мүмкүн эле. Композиция боюнча жакшы чыгыптыр, бирок мен мындан эч кандай маанини көрө алган жокмун! Ольга Попова өзүнүн көз карашын бул иш “тиги же бул себеп менен жасалган” деп жумшартып билдирген. Сүрөтчү өзүнүн каалоосун ээрчиген окшойт деген сезим жаралат. Станоктук картинанын үстүндө мындай иштебейт. Мындай ыкма менен … иллюстрацияда иштейт. Адабий негиз бар, сюжет, маанай, идея, форма бар. Жазуучу адабиятка жыш толгон. Ал кинону өтө жакшы көрөт. Ал советтик мектептин бир бөлүгү жана жалпы жетишкендиктерди жана… жалпы шаблондорду оңой колдонот. Жана ал мындан эч кандай жаман нерсе көрбөйт.

*Аксинья менен Григорий — М.Шолоховдун «Тынч Дон» роман-эпопеясынын каармандары, төрт томдук роман-эпопеясы. Михаил Шолохов (1905-1984) бул романы үчүн 1965-жылы Нобель сыйлыгын алган.


Аялынын портрети. Кенеп, май боек, 69,5х49,5, 1975

Жантайыңкы сызык фонду жарык жана караңгы бөлүктөргө бөлүп турат. Сүрөтчү плафон перспективасы деп аталган үчүнчү жоголуп кетүү чекитинин жардамы менен бөлмөнүн бурчун кыйшайтып тарткан. Кубисттер мына ушундай мейкиндикти өйдө көздөй жылдыруу ыкмасын көп колдонушкан. Фондун караңгы бөлүгүндө, столдун четинде аялы олтурат. Тааныш профиль, кызгылт тасма, ичке кыл калем жатат, анын бири лимонго тийип турат. Анын жанында дагы эки алма бар. Абдан татаал кооздуу түстөр: жашыл, көк, сары, ачык кызгылт көк, кочкул боз кошумча түстөр. Сүрөтчүнүн аялынын дагы бир портрети биринчи тартылган сүрөттөн үч жылдан кийин тартылган. Советтик сезаннизм* стилинде жазылган — ырайымсыз** чөйрө жана жылмаланган жүз. Мындай кооз чечмелөөдө «зайтун» жүзү кооз беткапка окшошот. Мына ошентип советтик экзистенцияга караганда бөтөнчөлүктүн жана байланыштын жоктугунан татаалыраак болуп чыкты. Бул жерде билинип-билинбеген катмарлар катылып турат: патриархалдык, советтик, либералдык. Бул жерде жана египеттик бурулуштар, күмүш доорунун профили ****; жана кубист***** мейкиндиги, жана постмодерндик коллаж. Аны түшүнүү кыйын — цитаталар өтө татаал. Андан көрө беткап кийип алган жакшы. Же балким сүрөтчү аягына чейин баргысы келбегендир! Мен жактырган адамымды талдагым келген жок. Бул кооптуу нерсе, минтип олтуруп формализмге жетип калышы мүмкүн. Азыркыга чейин, түзүлүшү гана маанилүү болуп турганы эсеп. Ошондо: профили да, кызгылт лентасы да, лимону жана да  ичке манжалары — ушунун баары акыры бир манерага айланат.

*Поль Сезанн (1839-1906) — француз сүрөтчүсү, постимпрессионизм өкүлү
** бруталдуу – орой, каардуу же мерез; оройлукту же каардуулукту билдирет 
***экзистенция – бар болуу, жашоо 
****Күмүш доор ‑  XIX аягын, XX кылымдын башталышын камтыган орус поэзиясынын орунттуу мезгили, негизгилеринин бири. 
*****Кубизм – ХХ кылымдын башталышында Францияда пайда болгон живопистеги агым


Портрет. Кенеп, май боек, 70х59, 1974

Сүрөтчүнүн жубайынын портрети жөн гана “Портрет” деп аталат. Авторду конкреттүү бир адам кызыктырбайт — ал типтүү нерсени түшүнгүсү келет. Мындай аялдардын тиби СССРдин искусствосунда кара килеңден (оттепель) кийин дароо пайда болгон. Анан дароо эле ар кимиси татаал, эки ачакей, күмөндүү жана өздөрүнүн эркин күмөн саноолорундагы кубулуштар жөнүндө айта башташты! Бул Леля — Татьяна Лаврова (“Бир жылдын тогуз күнү”. 1962, режиссёр Михаил Ромм); Таня – Маргарита Терехова (Саламатсыңбы, бул менмин! 1965, Фрунзе Довлатян); стюардесса Наташа Александрова — Татьяна Доронина (“Дагы бир жолу сүйүү жөнүндө”. 1968, Георгий Натансон). Тилекке каршы, биздин республикабыздын киносу мындай ачык-айкындыкка, эки ача пикирге жете элек. Чектен тышкаркы, жасалма олуттуулук, пафостуу актуалдуулук көп эле кездешет, а бирок заманбап, шаардык, эмансипацияланган, чоектогон эрке жана татынакай аял образы жок болчу. Боло да элек. Бирок эми мындай образ кыргыз живописинде пайда болду. Образ анчалык ачык, так эмес. Ийкемдүү, көп кырдуу. Ал эми композициясы жагынан каарман өзүн «жарым жарык жана жарым караңгылык» чөйрөсүндө, жарым-жартылай маанилер чөйрөсүндө таба тургандай кылып жасалган. Артынан жарык жашыл-көк, ал жаркыраган жана кызыктуу жана баары түшүнүктүү. Ал жерде компания бар, эч ким эч нерседен шектенбейт. Ал эми аял өзүнчө обочолонуп алган. Ал буттарын кайчылаштырып отурат, колдору да кайчылашып турат. Жөнөкөй жана стилдүү кийинген. Анын бет алдында сирень түстүү-кызгылт көк келечек көрүнгөнсүйт, а бирок, кыязы, эч нерсе жоктой. Алдындагы белгисиздикке телмире карап олтурган абалында манжалары менен эриндерин сылагылайт. Аябай ойго чөккөндүктөн, кооптуу козголоң чыгарууга алы да жок. Кийимдеринин бүктөлүшү аркылуу аялдын денеси чыңалып турганы сезилип турат. Ал эми колунун манжалары анатомия эмес, чийме да эмес, кандайдыр бир бүдөмүк белгилердин сыныктары. Күмөндүү ойлордон качып кутула албайсың жана ал гармонияны талкалап жок кылат. Андан ары Микеланджело Антонионинин* Моника Виттисине окшогон советтик экзистенция сыяктуу бир нерсе пайда болушу керек эле. Бирок ал пайда болгон жок, СССР киносуна да чыга алмак эмес. Ал эми живопистечи? Биздин живописибизде? Тилекке каршы, анда да жок… Негизинен, 70-жылдардагы советтик сүрөтчү сүрөтчүнүн аялынын портретин аягына чейин түшүнө алган эмес. 

*Микеланджело Антониони – италиялык белгилүү кинорежиссер 
** Моника Витти – италиялык белгилүү киноактриса


Көл боюндагы кыздар. Кенеп, май боек, 59х59,5, 1973

Советтик искусство таануучулар айткандай, — бул автор үчүн программалык чыгарма. Бирок анын манифести эмне? Аны менен сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын экинчи этабы башталат. Сүрөтчү кантип тартуу керектигин түшүндү, эң негизгиси, ал эмне жөнүндө тартарын түшүндү. Реалисттик традициялар, советтик лирика дагы эле бар экени байкалат. Адырлар материалдуу, асманда таза аба, суу… тунук эмес. Жаштардын темасы, албетте, комсомол! Андан башкасы жок болчу. Ырас, көл өтө табышмактуу сезилет, сезимдер да сырдуу, туюк. Кыздар көлгө күүгүм киргенде чакалары жана суу илгичтери менен суу алыш үчүн келишкен. Айланада бир да дарак жок. Таң калычтуу. Бул жаңы суу сактагыч болушу мүмкүнбү? Комсомол суу сактагычыбы? Кыздардын бири ак көйнөкчөн, экинчиси кызгылт көйнөкчөн. Алар сууга түшүп чыгышканы көрүнүп турат. Бири чачын өрүп жатат, экинчиси бутун сууга чайкап жатат. Алар кимдир бирөө көрүп коебу деп чоочулабайт. Сууну ошол эле жерден алышты бекен? Же булактанбы? Бул азыр эч кандай мааниге ээ эмес. Жаш кыздарга баарына уруксат! Ал эми сүрөтчүгө сатори сезилет! Адатта алыстагы көрүнүш үн-сөзсүз убакытты токтотуп койгондой көрүнөт. Жашоо башка бир өлчөмү менен бир жакка агып баратат, эмне болуп жатканын түшүнбөйсүң, бирок баарына алдын-ала макул болосуң. Анткени бардыгы жогору жактан келет жана эч кандай карама-каршылык, бири-бирине дал келбеген айырмачылыгы, карама-каршылыктардын күрөшү жок. Диалектика менен метафизика жок. Жөн эле жашоо бар. Жана ал өзгөчө мемиреген бейкуттукту камтыйт. Ар кандай кыймыл-аракет, капилет чыккан добуш, жана тирүүлүктүн агарган жарыгы аяктайт… Сүрөттө сакталып калат! Ошондуктан биз аны сүйөбүз! Көз ирмем токтоп калды, ошонун өзү сонун! Айтиев — экстремалдуу, Асранкулов — бруталдуу, Жумабаев — экзистенциалдуу!

*Сатори (жапончо – “агартуу”) – Дзендин медитативдик практикасында – “бир ойдун абалына” жетүү аркылуу чыныгы табиятты түшүнүү тажрыйбасынын ички жеке тажрыйбасы.


Аялынын портрети. Кенеп, май боек, 32х24, 1972

Профили — ылайыктуу ракурс, кичинекей, чакан жана сырдуу. Нефертитиге шилтеме. Жүзү ачык, бирок бетинин түзүлүштөрү – символдорго жыш. Сүрөтчүнүн аялынын портрети  — бул да символ болуп саналат. Жана дагы ал шыктандырууга тийиш! Сүрөтчү моделди, анын ар бир өзгөчөлүгүн жакшы билет. Татаал нерселер жөнөкөй айтылганда, көп нерсе айкын болуп калат. Ал бир сызык аркылуу жөнөкөй боек менен берилип, эч кандай ракурсу, шилтемелери жок эле образ өз алдынча жашай берет. Жашыл түс тереңдикти жаратат, бул жайлуулукка жана кечки эс алууга шыктандырат. Кара — бул стилдин чегиндеги кумарлануу. Охра – ыргактуу, жайлуу. Узун мойну – кадыр-баркы. Олтурушу – тынч, бейкапар. Көтөрүңкү каштары — сылыктыгы. Чач жасалгасы – уникалдуу, өзгөчө жана ага гана жарашат, ал моданын артынан түшпөйт. Баары чогуу — өзүнчө бир нерсе! Атүгүл, эң жакын адамы да сүрөтчү үчүн “өзүнчө нерсе”, ар кандай чечмелөө мүмкүнчүлүгү үчүн кызыктуу үлгү. Кайталангыс чөйрөдөн чыккан каарман — 70-жылдардагы Советтик Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн интеллигенциясы. Ушунчалык таанымал жана… чектелген, тарых дүйнөсүнөн бөлүнгөн. Ыктыярдуу сүргүнгө айдалган, даңазаланган көшөгө. Чек арадан чыгуунун кажети жок, ансыз да көп нерсеге жол берилиптир. Бардык нерсе адептүүлүктүн жана тартиптин үлгүсү болушу керек. Эркиндикпи? Кадырыңыз жан болсун, а бирок өтүнүч, бирок адепсиздикке жол бербегиле. Рахмат, эч кандай радикализмге да жол жок… Сүрөтчү символго конкреттүү бир нерсе киргизе алган. Портрет кудум эле ичинен баарыбызга өткөн чактагы, тынч, бейпил, ички жарыкты чачып жаткандай сезилет.


Келин. Кенеп, май боек, 58х54, 1972

Бул кыязы, келиндин үйүндө болсо керек. Жаш келинди көрүү үчүн күйөө баланын үй-бүлөсү калың төлөөгө тийиш. Же балким аны күйөө баланын үйүнө алып келишкендир. Адатта келинди бөлмөнүн төр жагындагы бөлүгүнө көшөгө тартып олтургузуп коюшат. Азыр көшөгө ачык. Бирок ак жоолук көрүнбөйт. Салтка ылайык, келиндин башына кайнене ак жоолук салышы керек. Сүрөтчү аны көрүп, куттуктап, ак батасын берип, бала-чака, ден соолук, көп жылдык үй-бүлөлүк бакыт каалаган соң… анын баарын сүрөткө түшүргөн. Көргөндөн кийинки эсине калгандары боюнча. Аны ырым-жырымдардын аки-чүкүсү кызыктырбайт – сүрөтчүнү жеңил тик бурчтук, ачык көшөгө жана, албетте, колукту кызыктырат. Аны көрүү үчүн жакшылап кылдат карап чыгуу керек.

Эми анын жашоосу күңүрт бөлмөдөгү септин жанында: сандык, жууркан, килемдер. Эч кандай кубанычтуу сезимдер, толкундоо, суктануу жок. Светтик эркин ойчул, модернист жана постмодернист патриархалдык келиндин образын мына ушундай маанайда көрсөткөн. Сакталып калган салттарга таң калып, эсиңиз ооп калдыбы? Бул кинодогу көрүнүш болушу мүмкүнбү? 1972-жылы Жамбул Жумабаев сүрөтчү катары Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча «Солдатенок» телефильмин тартууга катышкан. 1974-жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Кызыл алма” көркөм тасмасы тартылган. Бул тасмаларда келин жөнүндө мындай сценалар жок…

Бул өткөн патриархалдык доорду сындообу? Аялзатынын түйшүгү күчтүү болгонбу? Жаштык, тазалык, эркиндик менен коштошконбу? Бул оозеки гана айтылган, бирок сүрөттө мындай эч нерсе жок. Бир калыпта, эч кандай сезимдери байкалбаган, салкын, кайдыгер. Сезимдерди ооздуктоо жөндөмдүүлүгүбү? Сезимдер катылган, кыймыл-аракети ырым-жырымдын белгилеринен кабар берет, окуялар толкундатпайт. Композициялык табылгалар бир аз өзүнө тартып турат. Туруксуз, орто, жашыруун нерсе… Же балким, бул формалдуу ыкмалардын артында дагы бир нерсе — катаал жана коркунучтуу нерсе жаткандай? Бул жерде негизги нерсе келин эмес. Негизгиси — андан ары өтпөгөн күн нуру жана артында кызыктуу эч нерсеси жок ачылып турган көшөгө.


Байге. Кенеп, май боек, 139,5х220, 1970

Түсү күңүрт кара. Бул кыргыз ири модернизминин чыгармаларынын формалдуу өзгөчөлүгү. Актабай туруп эле фон боюнча тыгыз иштөө ыкмасы. Сынчылар аны москвалык кесиптештерин туурап жатат деп айыпташкан. Бирок биздин живописчилер бүткүл союздук кыймылдын өздөрүнүн вариациясын таба алышты, ал тургай, алдыга озуп чыгышты! Бир аз убакытка… Мунун баары оюнчук сыяктуу деген сезим коштойт. Ат чабыш оюнчук сыяктуудай. “Ойгонуунун” жана “Үй-бүлөлүк маектин” татаалдыгы жана тереңдиги жетишпейт. Бирок дагы бир кыйынчылык пайда болот! Бул жерде гипертекст сыяктуу окуш керек болгон көптөгөн постмодерндик сырлар бар. Кээ бир табышмактар ​​окулбайт жана расмий көнүгүү бойдон калууда. Көнүгүүлөрдүн мааниси бар, анткени алардын артында сыр катылган! Мына ушундай постмодерндик тавтология*! Азыр мода болуп айтылып калгандай – Петров-Водкинге шилтеме – урмат көрсөтүү оңой эле байкалат. Алдыда, албетте, кызыл ат! Жана да «Самаркандиянын» түрлөрү! Татаалыраак шилтеме бар: борбордо, арткы бетте, дөңдө, көк чөптүн үстүндө жубайлар эс алып жатат. Ал Кузьма Петров-Водкиндин (1935) «Жаз» чыгармасындагы сүйүшкөндөрдү абдан эске салат. Бир гана жигитибиз башын колуна алып жазданып жатканы болбосо. Петров-Водкиндин мындай фигурасы бар, бирок ал аял жана ал жылаңач! Мындагы мейкиндик да атайылагандай теп-тегиз болуп турат. Эмне үчүн кыргыз живописинде мейкиндик атайылап тегизделген? Анткени тоолор үчүн! Дайыма жалпак тоолорду алыстан көрөсүң, кудум эле узун фокустук объективден көргөндөй… … Алдыга жашы озуп чыкты! Бизде жаштарга ар дайым ак жол каалашат! Кайрадан революциячыл кызыл ат партиялык номенклатуранын (ортосунда калпакчан номенклатура) алдында баратат. Сүрөтчү советтик колхоз идиллияны каалабайт жана тарта албайт. Анан бир аз шакаба чегет. Аттардын баары бирдей, каруселдегидей. Бул кайдан чыкты? Алар түсү боюнча гана айырмаланат, кээ бири кочкул жашылдан айырмаланып турат, башкалары – житип жок болуп кетет. Аттар кудум Көркөм фондунун трафареттеринен жасалгандай! Аа, алар кайдан келгени эми байкалды! Бул Көркөм фондунун халтураларына болгон жагалдануу! Алар халтураны жасай салышты эле,  постмодерндик сүрөт үчүн трафареттер ишке жарап кетти. Ал эми атчандардын баары ар башкача. Трафареттер жок болчу. Кара ат бар… Алыстагы жалгыз көрүүчүнүн сөлөкөтү да кимдир бирөөгө окшош. Ким эле? Эстей албайм. Мунун баары бир жерден келгени көрүнүп турат. Бирок аны аныктоо мүмкүн эмес. Постмодернизм… 1970-жылы – бул жаңы, тайманбас, таланттуу башталыш эле! Ырас, табышмакты эч ким чечкен жок.

*Тавтология — риторикада бул бир эле нерсенин ар кандай сөздөр менен ашыкча кайталанышы, мисалы, «майдын майы», «оору менен ооруп калуу», «нөшөрлөгөн нөшөр»


Ойгонуу. Кенеп, май боек, 99х120, 1969

Дөбөдө үч киши турат. Экөө улуу, бирөө жаш. Жигит капталда, обочороок турат, анын көздөрү туш тарапка чабыттап ойноктойт. Ал сүрөттүн аталышына ылайык, «ойгоно” баштагандай. Эмнеден ойгонуу? Түшүнүксүз… Бийигирээк жерде турган аксакал, алыска көз чаптырат. Узун чепкен жана жашыл тебетейчен (топу) ал үй чарбасын карайт. Анын да жаш кезинде «ойгонуулары» болгон, бирок ал аларды маанилүү эмес нерсе катары унутуп койгон. Кара чапан кийген, кара сакал, кара мурутчан орто жаштагы киши жигитке көз салып турат. Топтогу адам карикатурага окшоп көрүнөт, көздөрүндө айыптоо жана жигиттин тез эле чоңоюп, башкаларга окшоп — улууларга жакын болушун тилеген каалоо бар… Охра түсү үстөмдүк кылат, кара түс өзгөчөлөнүп көрүнөт, көк түскө басым жасалган. Жигит тагынып турган көк кур эмнени билдирет? Ал эмненин символу? Эгер кызыл болсо, анда баары түшүнүктүү болмок! Анда эле жаш жигитте революциячыл аң-сезим ойгонду деп айтууга болмок! Карапайым элдин оор турмушу жөнүндө ойлор ээлеп алган! Так ошолор аны Октябрь революциясына жетелейт! Бирок бул ачык эле созулуп жатат. Мурда мындай ой жүгүртүү создуктуруу деп эсептелбесе да — социалисттик реализм деп эсептелген. Азыр болсо, айкын көрүнүп турат: жигит жакшы кийинген, ак сөөк, сымбаттуу жана күчтүү, чоң чарбанын мураскери. Анан ага дагы эмне керек? Анын ичинде кандай кеңкелестик сезимдер ойгонууда? Сүйүп калганбы? Аксакалдардын тандоосуна макул эмеспи? Бул эми, чечиле турган маселе эмеспи. Күмөн санаган ойлор ээлеп жатабы? Анан алардын ойгонушуна ким түрткү берди экен?

Албетте, сулуулук да! Башка эч нерсе болушу мүмкүн эмес! Дал ушундай экендигин ар бир сүрөтчү айтып берет. Жигитте сүрөтчүлүк дарамет ойгонду! Анын жан дүйнөсү айланадагы бизди курчап турган дүйнөнүн кооздугун көрүп, тынчтык бербей ээликтирүүдө. Жигит мурдагыдай жашай албай калды, жана эмне кыларын билбейт… Сүрөтчү өзүнүн алгачкы чыгармаларында эле советтик идеологиялык шаблондор талап кылынгандан да олуттуураак иштөөгө ниеттенгендигин ачык көрсөткөн.


Кечки тамак. Үй-бүлөлүк сүйлөшүү. Кенеп, май боек, 99,5х121,5, 1968

Чай үстүндө баарлашып, үй-бүлөлүк маселелерди чечип олтурушат. Жеке эле үй-бүлөлүк эмес. Чындыгында, бүт көчө, бүт айыл, бүт аймак — бир үй бүлө! Өнүккөн социализмди, кудайга шүгүр, куруп алышты, сүрөтчү карапайым элдин кандай отурукташып, кандай жашап жатканын бизге көргөзүүдө. Жакшы эле жайгашып алышты. Дубалда килемдер, жерге кызыл таар, дасторкондо ысык чай, даамдуу палоо. Сүрөтчү кара чарчы менен стилдүү интерьерди тарткан. Олуттуу симметрия жана жеңил асимметрия. Дубалда, так ортосунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү илинген, капталдарында бирдей тик бурчтуктар бар: жыйылган жууркан-төшөктөр жана оймо-чиймелүү сандык. Бөлмөнүн ортосунда жапыз тегерек сүйрү стол, ак дасторкон жана тамак-аш салынган идиш коюлган. Столду тегеректеп беш киши отурат: чакан асимметрия мына ушунда! Сызыктардын асимметриясы — бул мүнөздөр, түстөрү — символдор. Жана мизансценасы кинодогудай эле көрүнүп турат. Конкреттүү. Азыркы “абстракциялык сүрөтчүлөр” сыяктуу эмес, жаштардын эле эмес…. Көк костюмчан – башчысы окшойт, анын харизмасы байкалат, анын сөзү чечүүчү сөз. Кара чапан аксакалдын мурдагыдай шааниси болбой, баарына макул болуп башын ийкегилеп олтурса да, ага ызаат менен мамиле кылууда. Жашыл калпакчанды да сыйлаш керек, аны палоо жегенге чакырышкан. Ал палоо жеп, шашпай угуп олтурат, анткени, маанилүү ролду аткарат – элге туура маалымат жеткирет. Күйөөсү менен аялы босого жакта тизелеп олтурат. Салпак кийинген күйөөсү жер тиктейт, аялы чай куюп олтурат, ал куйган чайдын өңү саргыч-кара, ачуу демделген, аял бирок эркектин ишине кийлигишпейт. Алар жай сүйлөшөт. Тагдырлар акырын чечилет, таңууланган пикирлер, маанайлар үстөмдүк кылат! Үй-бүлөдөгү татаал сүйлөшүү…


<= 13-ЧЫГАРЫЛЫШ                                                                             АНДАН АРЫ (УЛАНДЫСЫ БАР…)


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Гамал Бөкөнбаев

2023. АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ ОЙ-ТЕРСКЕН МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН БИШКЕК ШААРЫНА САЯКАТЫ

Жыл сайын биздин өлкөбүздүн ар кайсы булуң-бурчунан башталгыч класстын үч мугалими эс алуу күндөрү классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына келет. Бул – жыл сайын өткөрүлүп келаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүлөрүнө биздин фонддун сыйлыгы. Окуучулар, мугалими, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү Бишкектин эң кооз, эң кызыктуу жерлерин көрүп, театр, музейлерге кирип, парктарды кыдырышат. Мен ушул рубрикада ар бир саякат жөнүндө репортаж жарыялап турамын.  

Үстүбүздөгү жылдын 25-27-августунда адегенде Ош жана Ысык-Көл облустарынан эки класс келди, бул жөнүндө “ысык” кезинде “Кара-Кулжа жана Кара-Талаадагы… окуучулардын … Бишкекке саякаты” деген репортажымды жарыялаган элем.

Ал эми биринчи орунду ээлеген мугалим Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповнанын окуучулары – 22-24-сентябрда өзүнчө келишти. Төмөндө ошол саякат тууралуу баяныма назар салыңыздар.


БИЗДИН САЯКАТЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

Биздин Гүлүмкан Абыталыповна ушуну менен экинчи жолу сыйлыкка жетишип олтурганын белгилей кетели, былтыркы (10-сынакта) сынакта ал экинчи орунду ээлеген, ал эми быйыл (11-сынакта) биринчи орунга озуп чыкты. Андыктан анын окуучулары – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектебинин балдары Бишкекке бир жолу келип кетишкен соң, кийинкисин чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Мен алар үчүн жаңы, былтыркыга окшобогон программа даярдоону туура көрдүм. (Ушул жерде былтыркы жылдагы саякат жөнүндө баяндама: 2022… Кош келиңздер Ат-Башы, Сузак, Ак-Суу жана Бакай-Ата!)

Мен чын ыкласым менен Ой-Терскен мектебинин мугалими жана анын окуучуларынын жаңы саякаты жөнүндө бөлүшөмүн!


ЖУМА КҮНҮ КЕЧИНДЕ БИШКЕКТЕ

Биздин жаш саякатчылар ата-энелер комитетинин эки өкүлү менен бирге Бишкектеги хореографиялык училищенин жатаканасында жайгаштырылды. Бул окуу жайы Бишкектин так борборунда орун алган, андыктан биздин программа үчүн эң оңтойлуу болду.  Окуучулар жума күнү кечинде келген соң, кечки тамакты ичип бүтүп, уктап эс алышты, анткени эртеси жаңы күндү жаңы дем-күч менен жогорку маанайда тосуу керек эмеспи. Экскурсиянын жүрүшүндө балдарды тосуп алуу, коштоп жүрүү, алар менен баарлашууда мага биздин эски досубуз жана балдар менен мыкты тил таба билген, жөн гана жакшы адам – Бахтияр Токтосунов жардам берди.

Бардык сүрөттөрдү көрүү үчүн мобилдик телефонуңуздагы сүрөттүн бетин “басып” койсоңуз болот, эгерде компьютерден көрүп жатсаңыз, чычканын “чырк” эттирип койсоңуз, оң тарапты көздөй көрсөткөн сызыкча пайда болот. Сүрөттөрдү көрүү үчүн сары тегерекчелерди баскандан көрө, ушинтип барактап көргөн ыңгайлуу.


ИШЕМБИ

Уламыштардын негизиндеги мультфильмдер жана аларды талкуулоо

Биринчи күн кыргыз элинин уламыштарынын негизинде “Айгине” маданий изилдөө борборунун тапшырыгы боюнча тартылган эки жаңы мультфильмди көрүү жана аны талкуулоо менен башталды. Ал биздин балдарга расмий премьерасы болор алдында көрсөтүлдү.  Бул иш-чарадагы биздин ыктыярлуу жардамчыларыбыз Чолпонай Усубалиева-Грищук жана Шаакан Токтогул бул мультфильмдерди жаратууга жана уламыштарды чогултууга катышкан. Алардын катышуусунда талкуу өтө жандуу жана кызык өттү. Балдар да суроолорго жигердүү жооп берип, өздөрүнүн ойлорун тартынбай айтып беришти, алардын так жообу үчүн Чолпонай менен Шаакан аларга элдик уламыштарга байланышкан китептерди белекке тартуулады. Иш-чара “Сейтек” балдар борборунда өттү, мында чоң ЛЕД экраны орноштурулган мыкты зал бар экен. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн директор Ира Камантуловна Балтабаевага ыраазычылык билдиребиз

Эски аянтты аралап М.В.Фрунзенин музейине карай

Балдар “Сейтектен” чыккан соң, Эски аянт аркылуу Фрунзе музейине жөнөштү. Мында балдарды тажрыйбалуу экскурсчу Дамира Икрамовна Стамкулова күтүп жаткан эле. Ал кылымдын башында музейдин ичине орнотулган үйдүн имаратын (бул өтө уникалдуу жана кызыктуу деп эсептейм), тачанканы жана башка 20-кылымдын башындагы өтө кызыктуу окуяларды баяндаган буюмдар менен тааныштырды.  

Мында балдарды тажрыйбалуу экскурсчу Дамира Икрамовна Стамкулова күтүп жаткан эле. Ал кылымдын башында музейдин ичине орнотулган үйдүн имаратын (бул өтө уникалдуу жана кызыктуу деп эсептейм), тачанканы жана башка 20-кылымдын башындагы өтө кызыктуу окуяларды баяндаган буюмдар менен тааныштырды.  

БОН жапон фестивалы

Ал жерден чыгып, биз Жаштар Аллеясына жөнөдүк, ал күнү ал жерде Бон жапон фестивалы өтүп жаткан эле. БУБЛИК кофейнясы бизге Бишкектеги эң популярдуу бублик түрүндөгү ичине ар түрдүү даамдуу нерселер кошулуп даярдалган сэндвичтерин алып келип, бизди сыйлады.

Фестиваль ачык асман алдында жапон добулбастарынын “Ооэдо дайко” шоусу менен башталды. Ооэдо дайко шоусу – жайдары жана дух көтөргөн кубанычтуу оюн-зооктордун бири. Биздин жаш саякатчыларыбызга ал аябай жакты.

Фестиваль жапондордун салттуу бийи менен уланды, көрүүчүлөр сахнадагы бий аткаруучуларынын кыймылдарына кылдат көз жүгүртүп эле тим болбостон, башка каалоочулар менен бийлей да алат.

Жаштар аллеясы жана “Манас” скульптуралык комплекси

Биз филармонияга чейин жөө сейилдеп, Манастын эстелик комплексине келип, ал жердеги белгилүү манасчылардын айкелдерин көрдүк. Балдар кыргыз фольклорун жакшы билишерин көрсөттү! Мен мурда да бул тууралуу бир нече жолу белгилеп жаздым эле, сынакты уюштуруп келаткан жылдар аралыгында алыскы аймактардан келген балдар аябай активдүү, тиригарак болушарын, ар түрдүү оюн-зоокторго, бийлерге тез аралашып, кошо ырдап, бирдиктүү, ынтымактуу болушарын байкап жүрөм. 

Аңгыча түшкү тамак маалы болуп калгандыктан, биз баарыбыз пиццерияга түштөнүүгө жөнөдүк. Балдардын баары пиццаны жакшы көрөрү белгилүү эмеспи. 

Бакен Кыдыкеева атындагы театрдагы “Найман-эне” спектакли

Түшкү тамактан кийин кичине эс алууну чечтик, анткени таасирлер аябай арбын болду. Балдар БХУнун жатаканасында бир аз тыныгып, күч жыйнап алгандан кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында көрсөтүлүп жаткан “Найман эне” спектаклинин премьерасына жөнөштү. Спектакль Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы уламыштын негизинде коюлган.  Ал азыркы заманга жараша шарттуу белгилер менен коюлган экен, ошондой болсо да балдар ынтаа коюп көрүп, сюжетти, артисттердин оюнун түшүнүүгө аракеттенгени байкалды. Баарынан эң кызыгы, спектаклдеги башкы каарманды аткарган актер Ой-Терскен мектебинин бүтүрүүчүсү болуп чыкты!

ЖЕКШЕМБИ

Бишкектин темир жол вокзалына экскурсия

Кийинки күнү, жекшембиде балдар эртең мененки тамактарын ичкен соң, темир жол вокзалына экскурсияга жөнөштү. Ал жерден Ласло Месароштун сүрөттөрү түшүрүлгөн интерьерди көрүшүп, темир жол вокзалынын кызматкери Клара Дүйшөналиеванын биздин өлкөдө темир жол кыймылы кандай иштери жөнүндө кызыктуу баянын угушту. Менин байкашымча, бул тема балдарга өтө кызыктуу болду окшойт.

Эркиндик сейилбагы жана эркин оюндар

Андан чыгып биз Эркиндик гүлбагына келип, былтыркы саякатыбызды кайталадык. Бул аябай көңүлдүү болду. Балдар “Ак-Терек – Көк-Терек” оюнун ушунчалык кызыгуу жана зор энтузиазм менен ойноп жатканын көрүп, биз, улуулар – мугалими, бизди коштоп жүргөн МАИ кызматкери жана ыктыярчы Бахтияр Токтосунов карап тура албай, кошо ойнодук. Гүлбакта сээлдеп жүргөн шаардык балдар жана алардын ата-энелери биздин кызыктуу оюнубузду “көздөрү күйүп” карап турушту…

Ала-Тоо кинотеатры, Нөлдүк километр

Балдар Ала-Тоо кинотеатрынын жанында МАИ кызматкери Адилеттин коштоосунда туристтик поездге түштү.

«Буфет» кафесинде түштөнгөн соң, балдар үйлөрүнө, Ача-Кайыңды айылына жөнөп кетишти. Ак жол!

Ыраазычылык

Ымандай сырымды айтсам, биздин өлкөдө балдар үчүн саякат уюштуруу оңой иш эмес. Андыктан бул өтө маанилүү жана керек нерсе деп ойлойм.

Мен чын пейлимден Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчилигине балдарды жатаканага жайгаштырууга баалуу жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Директору Эрик Вильданович Латыповго  жана анын орун басары – Залкар Кыдыковго чоң рахмат! Алардын колдоосу болбосо, мен балдарды жайгаштыра алмак эмесмин жана бул саякат ишке ашары да күмөн эле. Мен алардан мындай жардамды биринчи жолу эле алган жокмун, 2022-жылы биздин кичинекей саякатчыларыбыз БХУнун жатаканасында түнөп кетишкен.

Биздин саякатыбыздын бардык этабында бизди жер-жерлерде коштоп жүргөн МАИ кызматкерлерине жана алардын жетекчилигине алардын эң жогорку деңгээлде – эффекттүү жана уюшкандыкта, эң негизгиси, чын ыкластан аткарган кызматы үчүн рахмат айтамын!  Манасбек Арленович Сыдыгалиев (КР Борбордук МАИси), Дурус Жалилов (КР Борбордук МАИси), Болот Эламанов (Нарын), Тимур (Ысык-Көл), Миралим Юлдашбаевич (Ысык-Көл), Бахтияр Кусеинов (Чүй), Руслан (Чүй), Бек Ташматов (Бишкек), Адилет (Бишкек) – жана башка мен бул жерде ысымдарын атабай кеткен бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиремин, тилекке каршы, баарынын аты-жөнүн билбейм, андыктан бул жерде да баардыгынын аты-жөнү аталбай калышы мүмкүн.

Эң мыкты гид Бахтияр Токтосуновго рахмат, ал балдар менен чарчабай-чаалыкпай иштей алат жана жардамга келгенге ар дайым даяр!

Чолпонай Усубалиева-Грищук жана Шаакан Токтогулга ыраазычылык билдиремин, алар биздин иш-чарага чыгармачылык жана зор кызыгуу менен фантазияларын кошуп кызыктуу өткөрүп беришти.

Бишкек темир жол вокзалы II начальниги Нурланбек Барпыбекович Тамаевге балдарга вокзалды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазыбыз.

Адинай Мамбетакуновага балдарды тосууда чоң көмөк көрсөткөндүгү үчүн рахмат айтамын.

Менин бир тууган эгиз сиңдим Гюзель Айтматова-Данияровага чоң рахмат, ал мени экскурсия башталгандан аягына чейин коштоп, колдоп жүрүү менен бирге, баалуу кеп-кеңештерин айтып, маанайыбызды көтөргөнгө көмөктөштү!

Мугалимдерге ыйгарылган сыйлык иретинде саякат уюштурууда кездешкен кыйынчылыктарды да айта кетпесем болбос. Албетте, экскурсияны уюштурганга жардам бергендер тууралуу кененирээк баяндагым келет. Бул баяным өтө узак болуп кетпеши үчүн, ал тууралуу өзүнчө репортажда айтып беремин.


Мугалимдердин саякаттоосу жөнүндө көбүрөөк маалымат:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Окуучулардын мугалимдер менен болгон саякаттары жөнүндө:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 12-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асель Даниярова

СҮРӨТТӨРДӨГҮ ТАРЫХ. КИРИНПРОС — КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖАНА БИРИНЧИ УНИВЕРСИТЕТИНИН БАШАТЫ. БИРИНЧИ БӨЛҮК

Төмөндө Кыргыз агартуу институтунун — Киринпростун тарыхынан берилген сүрөттөрдөн кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн — студенттердин жана мугалимдердин тагдырын, тагдыр чечүүчү чечимдерди кимдер кабыл алганын, жана 20-кылымдын башындагы окуялардын чоо-жайын шилтемедеги китепте: “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси”  көрүүгө жана билүүгө болот

Бул үч бөлүктөн турган фотоальбомдун биринчи бөлүгү


1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлгөндө кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу түпкүлүктүү калктан жана ал үчүн билим берүү түзүмүнө квалификациялуу кадрларды даярдоо мамлекеттик деңгээлге милдети коюлган. Жаңы билим берүү мекемеси — Кыргыз агартуу институту (Киринпрос) бир жыл өткөндөн кийин — 1925-жылы 20-октябрда ачылган. 1929-жылы анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү колдоруна диплом алышкан. Бул мезгилге чейин агартуу институту Борбордук Кыргыз педтехникуму (БКПТ – орусчасы ЦКПТ) (1929) болуп өзгөргөн.

Кыргыз Борбордук педагогикалык техникумун негизинде 1932-жылы Педагогикалык институт түзүлүп, ага М.В. Фрунзенин ысымын ыйгарышкан, ал эми техникумдун бүтүрүүчүлөрү жаңы жогорку окуу жайынын 1-курсунун студенттери болуп калышкан

Жогорку окуу жайларынын тарыхындагы кийинки кадам 1951-жылдын 24-майында биринчи Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) түзүлүшү болду – азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети.

________________________________________________________________

Киринпростун биринчи жетекчилери (БКПТ) — 1929-жылы каза болгонго чейин биринчи директор Петр Кузьмич Юдахин, жана окуу бөлүмүнүн биринчи башчысы Базаркул Данияров, 1929-жылдан бери — директор.

Базаркул Данияров 1930-жылдары партиялык тазалоого дуушар болуп, 1937-жылы камакка алынып, 1940-жылы ГУЛАГга которулуп, 1942-жылы жыгач кесүүчү лагерде каза болуп, өлгөндөн кийин реабилитацияланган.

______________________________________________________________

Киринпрос билим берүү түзүмү үчүн кадрларды даярдоо милдетин гана аткарбастан, улуттук маданияттын каймагы болгон бүтүндөй плеяданы тарбиялаган мекеменин жаркын мисалы болуп калды. Бул билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү белгилүү жазуучулар жана акындар, көрүнүктүү филологдор, котормочулар, этнографтар, композиторлор, музыканттар, ырчылар, сүрөтчүлөр, сынчылар, журналисттер, мамлекеттик ишмерлер жана, албетте, мугалимдер.


 


№1 (китепте — № 84 сүрөт) 10-ноябрь, 1925-жыл

Дене тарбия ийрими. Жерде галстукчан үч катарда отургандар: 1-катарда (төртөө жатат] 2-катарда: 1. А. Баялиев 5. Б. Абдуллин 7. Н. Данияров 3-катарда 1. Т. Байжиев 2. М. Абдукаримов 3. Ж. Таласбаев 4. У. Абдукаимов. Отургучта отургандар: 4-катарда: 3. Т. Саманчин. 6. Петр Кузьмич Юдахин 6. Базаркул Данияров 7. М. Токсобаев? 5-и катарда: 2. А. Малдыбаев 6. Каримов 7. Надырбеков? 11 Р. Ахметалиев 6-катарда: 3. Ө. Жакишев. 5. Ш. Өмүрзаков 6. Б. Мунасипов 8. С. Касымбаевв 


 


№2 (№ 85-сүрөт китепте).1926-жылдар

Дене тарбия ийрими. Катышуучулар – Киринпростун жана сырткы окуу жайдын студенттери. 1-катарда турган кыздардын алтынчысы — Айша Түмөнбаева. Анын сол жагындагы — Керим Сооронбаев. Акыркы катарда солдон төртүнчү, Абдылас Малдыбаев.


 


№ 3 (китепте — № 86-сүрөт) 1928-29-жж

Саясий ийрим. Солдон оңго карай. 1-катарда: 1. М. Абдукаримов. З. Бектенов. 3. С. Шамурзин 4. Т. Саманчин 5. Б. Тыныстанов. 6. А. Медетов. 7. А. Байымбетов. 2-катарда: 2. А. Ырыскельдин 3. Петр Кузьмич Юдахин 4. Суррат 5. Базаркул Данияров 6. С. Аденов. 7. И. Жөнтүрев. 8. Ж. Таласбаев 3-катарда: 1. А. Асанов З. А. Надырбеков 4. Б Бөдөшев. 5. К. Чукин. 6. К. Карпыков 7. Н. Алыбаев 9. О. Мамырканов 4-катарда: 1. К. Кенебаев 3. Ы. Жаркымбаев. 4. Т. Данияров 5. С. Самсалиев. 6. С. Юсупов.


 


№4 (Китепте — 89-сүрөт) 20-январь, 1929-жыл

Педтехникумдун жогорку жана төмөнкү курстарынын жана мектептин студенттери. Солдон оңго карай. 1-катарда: 4. У. Ботбаева 5. Н. Данияров 11. Г. Айтиев (биринчи жана экинчи катардын ортосунда); 2-катарда: 1. А. Асанов 2. Т. Саманчин. 3. Б. Бөдөшев. 4. С. Аденов. 5. Петр Юдахин 6. Базаркул Данияров 7. Р. Ахметалиев 8. С. Каримов. 9. А. Баялиев (туруп турган); 3-катарда: 3. К. Кыдырбаева; 4-катарда: 1. О. Байсултанов 5. М. Танина 6. А. Түмөнбаева (Карасаева)


 


№5 (Китепте — 93-сүрөт) 1928-ж

93-сүрөт. 3-курс. Алгачкы бүтүрүүчүлөр (1929-жылдын бүтүрүүчүлөрү). Солдон оңго карай. 1-катарда: 1. Ж. Таласбаев 2. С. Шамурзин 3. Б. Тыныстанов 4. У. Абдукаимов. 5. А. Малдыбаев 6. Н. Данияров (мектептин окуучусу); 2-катарда: 1. С. Аденов. 2. А. Ырыскелдинов 3. Базаркул Данияров 4. Петр Юдахин 5. Белгисиз окутуучу 6. М. Мамырканов 7. А. Самсалинов; 3-катарда: 1. С. Касымбаев 3.Т. Данияров 6. К. Чукин 7. А. Баялиев. 8. Н. Алыбаев 9. Т. Саманчин; 4-катарда: 1. А. Коноев 2. М. Токсобаев 3. С. Кулов 4. К. Карпыков 5. Ы. Жаркымбаев. 6. Б. Бөдөшев 7. А. Надырбеков


 


№ 6. (Китепте — № 94-сүрөт) 1930 г

3-курс. Экинчи бүтүрүп чыккандар (1930-ж). Солдон оңго карай. 1-катарда: 1. С. Юсупов 2. А. Медетов А. Байымбетов 4. А. Райымкулов 5. А. Асанов 6. А. Жангорозов; 2-катарда: 1. У. Манаев 2. А. Калмамбетов 3. Н.Д. Григорьев 4. Базаркул Данияров 5. И. Жөнтүрев 6. Ш. Жээнбаев 7. О. Байсултанов; 3-катарда: 1. Т. Турдубаев Ж. Чолпонкулов. 3. Ж. Рыскулов 4. З. Бектенов 5. С. Сасыкбаев 6. Б. Абдуллин 7. Ш. Жолин 8. И. Мырзабаев. 4-катарда: 1. К. Кенебаев 2. М. Абдукаримов 3. И. Кемпиров 4. Ж. Жамгырчиев 5 К. Эшмамбетов б. М. Табалдинов И. Малахунов 8. Ш. Омурзаков. Фрунзе. 1930-ж


 


№ 7 (Китепте — № 99-сүрөт). 24-ноябрь, 1929-ж

3-курс, мөөнөтүнөн мурда аяктаган 3-бүтүрүп чыккандар (1930-жылдагы бүтүрүүчүлөр). Солдон оңго. 1-катарда: 2. Т. Майтукин. 3. Т. Байджиев 4. Х. Сафаров 5. М. Таржибаев 6. Г. Мунасипов; 2-катарда: К. Соронбаев 2. К. Көчөрбаев . 3. У. Есенкулов 4. М. Маматов 6. А. Абдиев; 3-катарда: 1. Р. Ахметалиев 2. К. Жантөшев 3. С. Каримов 4. А. Сасыкбаев. 5. В. Абдусалямов. 6. М. Элебаев 7. Давлетов 8. С. Бектурсунов. 9. Э. Молдакинов. 


Техникумдун программасы орто кесиптик билим берүү мекемесинин деңгээлине төп келген, ошондуктан, кийин аны аяктаган көптөгөн бүтүрүүчүлөр республиканын жогорку окуу жайларында жана ошол мезгилде ачылган башка жерлерде окуусун улантышкан. Бирок дал ушул билим берүү мекемесинин босогосунан чыккандар чыгармачыл ишаракетке, өз оюн билдирүүгө, эл үчүн маанилүү бир нерсе жасоого жана талантын ачууга умтулушкан жана андай жигерди так ушул окуу жайдан алышкан

(Уландысы бар…)


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


“БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨ. ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫЗЫКТУУ ПИКИРЛЕР

2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ.


Автору
Асел Даниярова

КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 12-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Достор!

Биздин кезектеги – 12-жолку айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы башталды! Ал катышуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болоруна ишенемин. Мугалимдер 2023-24-окуу жылдын темасын маанилүү деп кабыл алып, ал тууралуу ой жүгүртүүнү каалайт деген ойдомун.


СЫНАКТЫН СЫЙЛЫКТАРЫ
(мурункудай)

ҮЧ ЛАУРЕАТТЫН (1-2-3-орундар) сыйлыктары – мугалимдин классындагы окуучулары менен бирге дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякаты. Таанышып алыңыздар: ОКУУЧУЛАРДЫН САЯКАТЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ Премиясы (1-орун) – мугалимдин дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын бири, атап айтканда, Москва шаарына 10 күндүк маалымат арттыруучу саякаты. Таанышып алыңыздар: МУГАЛИМДЕРДИН САЯКАТЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ


ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Мурунку жылдарда катышуучуларга сунушталган темаларды эске сала өтөйүн:

  • №1 – Менин окуучуларым мага эмнени үйрөтөт?
  • №2 – Мугалим – балдарды тарбиялоодо ата-энелерге шериктеш
  • №3 – Мугалимге 1-класстын окуучусу – балабы, тарбиялануучубу, окуучубу?
  • №4 – Үйлөрүндө китеп жок балдарды көркөм адабий китептерди окууга кантип көндүрсө болот
  • №5 — Китеп – сенин мыкты досуң: ата-энелерге кайрылуу жана балдарга кайрылуу
  • №6 – Ч.Айтматовдун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” повести менен менин алгачкы таанышуум” жана ушул жылдар аралыгында Дүйшөнгө менин мамилемдин өзгөрүлүшү
  • №7 – Мугалим – бул кесиппи же талантпы?
  • №8 – Кызыктуу саякат (сиздин айылдагы мектепке шаардык окуучулар меймандап келди)
  • №9 – Менин чөлкө таануу музейим
  • №10 – Айыл жергесиндеги заманбап Маданият үйү
  • №11 – Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу
  • №12 – Адаттагыдай эле ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ 12-жолу өткөрүлүүчү сынактын Жобосунда көрсөтүлгөн.

____________________________________________________

12-жолу өткөрүлүүчү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын Жобосунда сынак кандай өтөт, эмгектер кандай бааланат, чыгармаларды ким баалайт, аны өткөрүү датасы, ошондой эле 2023/2024-окуу жылынын темасы толук баяндалат.

____________________________________________________

№12 СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА СОБОЛДОМОСУ

Шилтемелер:

ЖОБОНУ ЖҮКТӨП АЛУУ ЖЕ ОКУУ

СОБОЛДОМОНУ ИНТЕРАКТИВДҮҮ PDF ФОРМАТЫНДА ЖҮКТӨП АЛУУ  

СОБОЛДОМОНУ WORD ФОРМАТЫНДА ЖҮКТӨП АЛУУ


Сынак жөнүндө кошумча маалымат:

билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү — Сынтактын күндөлүгү (мурунку сынактар жөнүндө репортаждары)

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякатыЖеңүүчү мугалимдердин саякаттары тууралуу

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты — балдардын саякаты  Мугалимдер менен студенттердин ортосунда саякаттоо


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

2023. КАРА-КУЛЖА ЖАНА КАРА-ТАЛААДАГЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ДЕМ АЛЫШ КҮНДӨРҮ БИШКЕККЕ МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТЫ

Жыл сайын өткөрүлүүчү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын катышуучуларына маалым болгондой, үч жеңүүчү мугалим окуучулары менен дем алыш күндөрү Бишкекке келишет. Бул экскурсия 1-2-3-орундарды ээлеген мугалимдердин алган байгеси болуп саналат.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2023 сынагынын лауреаттары — эки башталгыч класстын мугалиминин окуучулары менен 25-27-августтагы экскурсиянын жүрүшүнөн репортаж: 

  • Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылындагы Бөжөк Бегиев атындагы гимназиялык класстары бар орто мектептин мугалими Мийзамова Сүйүмкан Исраиловнанын 3-классынын 21 окуучусу
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылындагы №14 Болот Алаков атындагы орто мектептин мугалими Шейшеканова Динара Орозакуновнанын 4-классынын 29 окуучусу.

Дагы бир экскурсия Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповнанын 5-классынын 32 окуучусунун кезектеги экскурсиясы (1-орун) кечирээк, сентябрдын аягында болот.


Мугалимдердин, ата-энелердин жана балдардын өздөрүнүн пикирлеринен байкалгандай, экскурсия балдарга чоң кубаныч тартуулады! Саякатыбыз кызыктуу жана пайдалуу болду.

БАЛДАР БИШКЕКТЕ ЭМНЕ КӨРГӨНҮ ЖӨНҮНДӨ

Шаарда сейилдөө. Балдар менен Жаштар аллеясынан баштап, Улуу Манастын жана атактуу манасчынын эстелигин, мэриянын жана Улуттук университеттин имараттарын, Спорт ордосунун алдындагы Кожомкул баатырдын эстелигин, Жеңиш аянтын, Түбөлүк өчпөс отту, Эмен паркын, Ачык асман алдындагы скульптура музейин, Курманжан Датканын эстелигин, Нөл км, Эркиндик бульварын бүт кыдырып чыктык. Бульварда балдар өздөрүнүн сүйүктүү оюндарын ойношту, мисалы, «Ак терек — Көк терек» ж.б., ошондон улам баарынын маанайлары шаңдуу экени көрүнүп турду! Ал эми Эмен сейил багында саякаттоо учурунда салтыбыз боюнча кичинекей саякатчылар көк шиберге жайланышып, балмуздак жешти.

Динара Орозакуновнанын окуучуларынын баары көк түстөгү футболка, ак кепкачан келишти, бул эч ким адашып калбашы үчүн, топтун артынан калбашы үчүн абдан ыңгайлуу болду. Ал эми Сүйүмкан Исраиловнанын классынын кыздары эртең менен бирдей кооз өрүлгөн чачтарын өрүшкөн.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Көрүнүктүү жайлар. Кичинекей саякатчылар темир жол вокзалдын имаратында болушту, анда станциянын начальниги Тамаев Нурланбек Барпыевичтин уруксаты менен тажрыйбалуу кызматкер Шаршембиева Насипа балдарга Бишкек шаарындагы темир жолдун тарыхын, анын кантип иштээрин айтып берди, темир жолдун имаратынын шыбына Ласло Месарош тарткан сонун сүрөттөрдү көрсөтүштү. Бул тема балдарга зор кызыгууну жаратканын Насипа эжеге берген суроолорунан байкалып турду.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Куурчак театры. Балдар Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын “Кумурска – токой сакчысы” спектаклине барышты. Спектаклдин автору А.Темирова, койгон режиссёру – И.Касымбеков. Спектакль башталар алдында балдарды театрдын кооз кийимчен артисттери тосуп алып, оюндарга кошо тартышканы балдар үчүн абдан кызыктуу жана жагымдуу болду!

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Опера жана балет театры. Жаш конокторубуз Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына экскурсия жасашып, классикалык стилдеги имаратты көрүп чыгышты, оркестрдин чуңкуру кандай экенин, дирижердун пульту кайда, аспаптар кандай жайгашканын көрүп, көшөгө көтөрүлгөн сахнага барышты. Андан соң, көрүүчүлөр олтурган орундардын аталыштары менен таанышып чыктык – партер, амфитеатр, ложа, президенттин ложасын, шыптагы сүрөттөрдү, люстраларды көрдүк. Өзгөчө малахит залы чоң таасир калтырды. Экскурсияны театрдын кызматкери – Айгүл Шерказиева алып барды. Бул учун биз Айгүл айымге терен алкышыбызды билдиребиз. Уюштуруу маселелерин чечүүгө театрдын опералык труппасынын инспектору Замирбек Нургазиев жардам берди.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Тарых музейи. Тажрыйбалуу гиддер Өмүрбек Самудинов жана Алина Нурадилова менен Тарых музейине экскурсия кызыктуу маалыматтарга жыш толду.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Ала-Тоо аянтындагы флагштоктун кароолунун алмашуу шаан-шөкөтүнө күбө болдук. Бул салтанаттуу көрүнүш ар дайым күчтүү таасир калтырат, балдар күзөтчүлөрдүн кадамын кайталоого аракет кылышат, кубанышат.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан Билимкана мектебинде болуп, чоң спорт залын, коридорго караган терезелери бар класстарды, мектептин аянтындагы көркөм чыгармаларды көрдүк. Экскурсияны гид катары жогорку класстын окуучулары алып барышты.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


БИШКЕККЕ ЖАНА ҮЙГӨ КАЙТКАН ЖОЛ

Адаттагыдай эле биз конокторду Бишкекке жана кайра үйгө Мерседес Спринтер кичи автобустары менен жеткирдик. Эки чакан автобус Кара-Кулжадан, экөө Кара-Талаадан балдарды алып келишти. Шаарда балдар 52 орундуу чоң автобуста жана бир спринтерде жүрүштү.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз

Аларды МАИнин унаалары коштоп келгенин көргөн балдардын сүйүнүчү чексиз болду! МАИнин унаалары Бишкекке келатканда жана кайра үйгө кайткан жолдо, ошондой эле Бишкектин ичиндеги экскурсияларда коопсуздукту камсыз кылуудан тышкары, бизди коштоп жүрдү. МАИ кызматкерлеринин коштоп жүрүү эстафетасына көптөгөн бөлүмдөр тартылганына карабай, алдын-ала мени менен кабарлашып, жоопкерчиликтүү, уюшкандыкта иштеген иштерин мурда да бир нече жолу белгилеп кеткен элем. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыдыгалиев Манасбек Арленович Жол кайгуул кызматынын жетекчилигине жазган кайрылуума жооп катары бул маселени көзөмөлдөө кызматкери Дурус Жалиловго жүктөлдү. Жол кайгуул кызматына мен чын жүрөгүм менен алкыш айтам.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


БАЛДАРДЫН ЖАНА МУГАЛИМДЕРДИН ЖАТАКАНАСЫ, ТАМАКТАНУУСУ

Балдар кечки тамакка 2023-жылдын 25-августунда келип, 27-август, жекшемби күнү түштө кетишти. Турусбеков көчөсүндө жайгашкан Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭЖММ) жатаканасына 50 окуучу (эки класс) эки мугалим жана ата-энелер комитетинин беш өкүлү менен жайгашты. Жайгашкан жери эң сонун – шаардын так ортосунда жана Жаштар аллеясындагы аянттын жанында. Бул жатаканага окуу жайдын ректору Сталбек Медерович Ахунбаев менин колдоо, жардам берүү өтүнүчүмдүн негизинде, балдарды бекер жайгаштырып берди. Биздин өлкөдө билим берүү мекемесинин жетекчисинен ушундай колдоо алууга мүмкүн болгону кандай сонун!

Окуу жайдын ректору жана студенттик жатакананы тейлеген өнөктөштөрү – Сунил Ядав менен Амит Викрам Пиллага, ошондой эле жатакананын коменданты Гүлнара Мукамбетовага жеке терең ыраазычылык билдиремин.

Балдар жума күнү кечки тамакка келишти жана ЭЖММ жатаканасы менен кошуна имаратта жайгашкан Capito кофейнясынан пицца жешти, эртеси алар №2 мектептин жанында, филармониянын бет маңдайындагы кафеде эртең мененки тамакты жешти. Адатта ал кафе иш күндөрү гана иштесе да, биз үчүн дем алыш күнү иштеди. Бул үчүн ашкананын ээси Кадырга ыраазычылык билдиребиз.

Билимкана мектебинде экскурсиядан кийин балдар мектептин чоң ашканасында түшкү тамактанышты, тамактануу аларга абдан жакты. Ашпозчу — Асель Асыпбековнага алкыш айтабыз.

Салт боюнча балдар түшкү жана кечки тамактарды «Буфет» тармагынын ашканаларында жешти, эки мекеме тең Чүй проспектисинде жайгашкан. Бул жерде бизди эң ​​сонун тейлешкенин баса белгилеп кетким келет, баары тез жана таза, алар бизди тосуп алып, дасторконду алдын ала даярдап, колду жууганга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү уюштурууга жардам беришти. Бул үчүн менеджер Кумаржан Конушбаевага ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз


КОРУТУНДУ

Биздин волонтер-гиддерге: Бахтияр Токтосуновго жана Адинай Мамбетакуновага өзгөчө ыраазычылык билдирем! Экөө тең балдар менен эң сонун тил табышып, баарлашып жатышты, ошол эле учурда эки-экиден тизилген балдар адашып калбасы үчүн бардыгына кылдат көңүл бурушту. Албетте, мугалимдер жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрү балдарга көз салып турууга жардам берип жатышты, бирок алар да биздин балдар сыяктуу эле көптөгөн кооз жерлерди биринчи жолу көрүп, Бишкек шаары менен жакшы тааныш эмес! Биздин волонтерлор пландаштырылгандай, балдарга театр, музей, көркөм сүрөт деген эмне экенин талыкпастан айтып беришти, кооз жерлерди талкуулашты жана бардык балдарды жалпы талкууга тартты.

Сүрөттөрдү жылдыруу үчүн сары чөйрөлөрдү басыңыз

Келечекте балдар мекенибизге жана жер жүзүнө дагы көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу экскурсияларды жасашат деп ишенем! Балдар да, ата-энелер да алардын мугалими БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагына катышып, лауреат болгонуна кубанып жатканына ишенем!


БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүлөрүнүн саякаттары тууралуу кененирээк:

2023. АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУГАЛИМИ ГҮЛҮМКАН ТУРГАНБАЕВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

2022. ФОНДУБУЗ АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАЛЫК МУГАЛИМ — ЛАУРЕАТТАРГА ЖАНА АЛАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫСЫК САЛАМ ЖОЛДОЙТ! БИШКЕККЕ КОШ КЕЛДИҢИЗДЕР!


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова