«БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЭМГЕКТЕРИН КИМДЕР БААЛАШАТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биздин билим берүү системасында өз кесибинин мыкты кесипкөйлөрү, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил, мыкты адамдар бар. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагынын калыстар тобуна мына ошондой адистер кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турда дилбаяндарга өз бааларын беришти. Ал иш так, өз убагында, ынтымактуу, ашыкча шаан-шөкөтсүз аткарылды. Ар бири долбоорго өзүнүн бош убактыларын арнашып, акысыз иштешкенине карабай, белгиленген мөөнөттө, өз убагында аякташты. […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017”: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2017-жылдын 9-сентябрында 6-жолу Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка бара турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ аныкталды: Ал — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Каримова Турумкан Абдырахмановна. 2-орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Акунова Нур Садатбековна озуп чыкса, үчүнчү орунду Баткен облусунун Баткен […]

Толугу менен...

МЕКТЕПТИК ӨЗҮН ӨЗҮ БАШКАРУУ ЖАНА УЮШТУРУУ

«Мектеп» журналы Н.К.Крупскаянын 10 томдук педагогикалык тандалма эмгектеринин 3 томго камтылган макалаларынан үзүндү жарыялады. Макалага 1923-жылдын датасы коюлган. Крупская Надежда Константиновна (1869-1939) — 1929-жылдан 1939-жылга чейин РСФСР Агартуусунун элдик комиссарынын орун басары болуп иштеген, таалим-тарбия жана педагогика жөнүндө көптөгөн эмгектердин автору. Крупская пионерлер, советтик балдар менен активдүү түрдө кат жазышып турган. 1930-жылдары Крупская административдик-командалык системанын […]

Толугу менен...

ЭРКИН АДАМ МАНИФЕСТИ

Симон Львович Соловейчик (1930-1996) — советтик жана россиялык публицист жана журналист, педагогиканын теоретиги. Педагогикалык журналистикада 1960-жылдын башталышынан баштап, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген. Ал өзүнүн макалаларында, жазган китептеринде, жарыялаган жамааттык манифесттеринде «педагогикалык өнөктөштүктүн» урунттуу идеяларын жалпылоо менен сунуштап келген. 1984-1988-жылдары «Мугалимдер газетасынын» идеялык жетекчиси (башкы редактор В.Ф.Матвеев менен биргеликте) болгон, ал эми 1992-жылы «Биринчи сентябрь» газетасын […]

Толугу менен...

2017. БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? АНДАЙ ЭМЕС ЭКЕН! АЛАРГА МУЗЕЙ, ТЕАТРЛАР, ИСКУССТВО ЖАНА ЖАНДУУ БААРЛАШУУ КЫЗЫКТУУ! 2-БӨЛҮК

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бүлөлү, Бакай-Ата жана Кичи-Кеминдин мектеп окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти! Бул саякат балдарга эс-көөнүнөн кеткис кубаныч тартуулады. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын Кыргызстандын борборуна болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты тууралуу кеңири баян  менен «Биринчи мугалим» рубрикасындагы «ТООЛУУ АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫНЫН БИШКЕКТЕН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ» макаладан окуй аласыздар. Бул жерде […]

Толугу менен...

2017. БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? АНДАЙ ЭМЕС ЭКЕН! АЛАРГА МУЗЕЙ, ТЕАТРЛАР, ИСКУССТВО ЖАНА ЖАНДУУ БААРЛАШУУ КЫЗЫКТУУ! 1-БӨЛҮК

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бүлөлү, Бакай-Ата жана Кичи-Кеминдин мектеп окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти! Бул саякат балдарга эс-көөнүнөн кеткис кубаныч тартуулады. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын Кыргызстандын борборуна болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты тууралуу кеңири баян  менен «Биринчи мугалим» рубрикасындагы «ТООЛУУ АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫНЫН БИШКЕКТЕН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ» макаладан окуй аласыздар. Бул жерде […]

Толугу менен...

2017. ЫР ДЕСТЕ БИШКЕККЕ МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН СЕЗИМИ

ВИДЕО. Кемин районунун Кичи-Кемин айылынан келишкен окуучулар өздөрүнүн мугалими Жаңыл Дүйшекеевна Акматалиева жана аларды коштоп келишкен ата-энелер комитетинин мүчөлөрү, башкача айтканда, экскурсия катышуучулары менен биргелешип жазышкан ыр саптарын окушууда. Дагы тема боюнча: ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ 2017. БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? АНДАЙ ЭМЕС ЭКЕН! АЛАРГА МУЗЕЙ, ТЕАТРЛАР, ИСКУССТВО ЖАНА […]

Толугу менен...

2017. ОШ ОБЛУСУНУН АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ТООЛУУ БҮЛӨЛҮ АЙЫЛЫНАН, ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА РАЙОНУНАН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЕМИН РАЙОНУНАН БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Биздин эң эле чакан, бирок эң эле кооз өлкөбүздүн балдары дээрлик саякатташпайт. Борбор шаарыбызга анда-мында гана келишет. Келгендери деле негизинен базарларга мектеп формасын сатып алганы келишип, эң кызыктуу жайларды көрбөй кетишет. Алардын ата-энелери деле бишкектик туугандарыныкына аш-тойлорго келишкенде, театр-музейлерге, парктарга, эс алуучу жайларга сейрек барышат. Балдар үчүн Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияларды уюштуруунун мааниси өтө чоң […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БЫЙЫЛ БУЛ СЫНАК 6-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ.

Санжарбек Данияровдун Фонду айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүп келаткан сынак быйыл, 2017-жылы 6-жолу боло тургандыгын маалымдайт. Сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ-СДКФ 21-02-2017 кат) колдоосу менен өткөрүлүп келет. Мурдагы жылдардагыдай эле “Биринчи мугалим 2017” сынагынын жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияровдун Фонду Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат тартуулайт. Сынакты […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. ЭКИНЧИ САБАК. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ БИЗДИН МУГАЛИМДЕР

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан алган сабактар менен бөлүшүүмдү улантмакчымын. Алар тез арада чечүүгө муктаж, өтө курч, приоритеттүү маселелер. 21-кылымдын мугалими – интернети жок, компьютери жок, керектүү окуу китептери, көркөм адабияттар жетишсиз, газета-журналдарга жазылмак түгүл, жада калса радиосу да жок, театр-музейлерге барбайт… Биздин замандын мугалимдеринин бүгүнкү абалы мына ушундай. Мектепте иштеген мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алышат […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. БИРИНЧИ САБАК. БИЗДИН БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

 Биз балдарыбызды жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүшүнө, өз күчүнө ишеним артышына, аларды курчап турган чөйрөнү таанып билүү процессин сүймөнчүк менен кабыл алышына мүмкүнчүлүк берип жатабызбы? Алардын басымдуу көпчүлүгүн интеллектуалдык жетилүүнүн жана билимдин “тескей жагында” калтырып жаткан жокпузбу? Мына ушундай суроолор айылдык мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын бешинчисинин соңунда пайда болду. Бир жагынан алып караганда, […]

Толугу менен...

2016. ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙДҮН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ВИДЕО САЛАМЫ – ЭКСКУРСИЯДАН БИР ЖЫЛДАН КИЙИН

ВИДЕО. Сокулук районундагы №1 Төмөнкү-Чүй орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары 2015-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарына экскурсияга келишкен эле. Бул маданий-маалымат арттыруучу экскурсия, “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2015” сынагында 1-орунду ээлеген башталгыч классынын мугалими Наталья Александровна Уланованын жеңишинин натыйжасында ишке ашты. Андан бери бир жыл артта калды, азыр ал балдар 4-класста окуп жатышат, бирок ошол борбор шаарга келген саякат алардын […]

Толугу менен...