СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БЫЙЫЛ БУЛ СЫНАК 6-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ.

Санжарбек Данияровдун Фонду айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл

Базаркул Данияров - ПЕДАГОГ 1920-ж
Базаркул Данияров — ПЕДАГОГ 1920-ж

сайын өткөрүп келаткан сынак быйыл, 2017-жылы 6-жолу боло тургандыгын маалымдайт. Сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ-СДКФ 21-02-2017 кат) колдоосу менен өткөрүлүп келет.

Мурдагы жылдардагыдай эле “Биринчи мугалим 2017” сынагынын жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияровдун Фонду Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат тартуулайт. Сынакты жана анын сыйлыгын уюштуруп келаткан ушул мезгил аралагында мугалимге сыйлык көрсөтүүнүн ушундай түрү конкурсанттар үчүн чындыгында эле өтө жагымдуу  болоруна (ЛАУРЕАТТАРДЫН ПИКИРИН окуңуз), ал эми жеңүүчүлөр саякат учурунда эстен кеткис маданий эргүүлөрдү алышарына ынандык (Саякат учурундагы сүрөт альбомдор СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫНДА).

Айрыкча, 5-жолу (2016-жылы) өткөрүлгөн сынактын алкагында Санжарбек Данияровдун Фондунун Атайын сыйлыгы – 1, 2, 3-орундарды ээлеген педагогдордун классындагы бардык окуучуларды Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсия алып келүү идеясы өзгөчө ийгиликтүү болду. Айылдык балдар көп деле эки жакка чыга алышпайт, жаңы маданий таасирлерди алуу шансы андан да азыраак. Өзүбүздүн Кыргызстандын борборуна экскурсияга чыгуу – окуучулар үчүн чыныгы майрам, бул майрамды алар үчүн уюштуруп бере алган өзүнүн мугалимине чексиз ыраазы экендиктери алардын баео сезимдеринен айкын көрүнүп турат (Экскурсиянын альбому СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫНДА).

Биз сынактын шарттарына кээ бир өзгөрүүлөрдү киргизүүнү чечтик. Бул жолку сынакта мурдагыдай үч катышуучу эмес, 6 мугалим катышат. Жаңы өзгөрүүлөр айрыкча, сынактын экинчи туруна кызыгууларды арттырат деп ойлойбуз. Ошондуктан сынактын тапшырмаларын да өзгөртөбүз. Көп убакытты алгандыгына байланыштуу 2-турдун бардык катышуучулары өздөрүнүн дилбаяндарын окуп бере алышпайт. Катышуучулар дилбаяндарынын негизги идеяларын айтып беришет да, андан кийин суроолорго жооп беришет.

Андан тышкары, биз быйыл биринчи жолу дилбаяндардын формасына чектөө киргизип жатабыз. Быйылкы жылдан тарта Уюштуруу комитети дилбаяндарды мурдагыдай кол жазма түрүндө эмес, терилген түрүндө кабыл алат. Бул Уюштуруу комитетинин дил баяндарга код коюу иштерин жана калыстар тобунун милдеттерин жеңилдетет. Урматтуу катышуучуларга жакшылап аракеттенип компьютер таап, текстти терүүгө туура келет, көпчүлүк башталгыч класстардын мугалимдери компьютерде иштөө тажрыйбасы жок эмеспи. Сынак болгондон кийин, анын шарты ушундай.

Сынактын календары төмөнкүдөй:

  1. Биринчи тур: дилбаяндарды сынакка кабыл алуу – 30.06.2017-жылга чейин.
  2. Дилбаяндарды текшерүү жана баллдарды эсептөө – 25.08.2017-жылга чейин.
  3. Экинчи тур жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты – 09.09.2017 же09.2017 (сентябрдын биринчи экинчи ишембиси)

Айылдык мектептердин башталгыч мугалимдерин сынакка катышууга чакырабыз!

СЫНАК ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Сынакка катышуунун шарттары жана ошондой эле арыздын формасы УШУЛ САЙТТА жана Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жайгашкан. Биз ошондой эле бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, илимий-методикалык билим берүү борборлорунун жетекчилерине Сынактын Жобосун жана бардык зарыл болгон Формаларды жөнөтөбүз. Сынак жөнүндө жарыялар “Кутбилим” гезитине жарыяланат.

Сайттын меймандарына өтүнүч менен кайрылабыз: эгерде сиздин айыл жактарда туугандарыңыз болсо жана аларга баратсаңыз, бизге билдирип коюңуз, биз мектеп үчүн сынактын баракка чыгарылган же диск түрүндөгү материалдарын берип жиберебиз.

Сынактын Уюштуруу комитети менен төмөнкү электрондук почта аркылуу байланышсаңыз болот:

Sdkf.meldesh@gmail.com

a.daniyarova@daniyarov.com

же

0550 077905, 0772 804608 номурларына чалып,

Кашыбаева Айнагүл Супатаевна деп кайрылыңыздар.

Кимге кызык болсо, биздин жарыяларыбызга көз салып, сынактын жүрүшү тууралуу маалымат алып турууга, 2-турдун жана жеңүүчүнү сыйлоо салтанатынын катышуучусу катары мейман болуп кетүүгө чакырабыз.

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *