Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КСӨМдеги “ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНАН РЕПОРТАЖ

Документалдык кинонун режиссеру Лиля Турусбекованын туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө биздин Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде ачылды. Анын ачылуу салтанаты 25-майда саат 15:00до болду.

Көргөзмө 11-ИЮНГА ЧЕЙИН АЧЫК БОЛОТ


Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында эл көп болду, баардыгы болуп 150гө жакын меймандар келди: кинематографисттер, киносынчылар, ар түрдүү чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү, Госкино департаментинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги жана албетте жакын туугандары келишти.

Иш-чарада кыскача баяндамалар, кызыл тасма кесүү, экспозицияларды кыдыруу, жеңил фуршет уюштурулду жана Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналып режиссер Гани Кудайберген тарткан “КЫРГЫЗФИЛЬМ” киностудиясынын жаңы документалдык тасмасы көрсөтүлдү.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР

Иш-чараны жаш киносынчы кинокритик Жазгуль Ибраимова алып барды.

Келген меймандардын алдында сүйлөгөндөр:

Марат Тагаев,
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
Акжолтой Бекболотов,
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кинематография департаментинин директору
Манасбек Мусаев,
Коюучу кинооператор, КР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, КР эл артисти, Кыргыз-Түрк кинематография академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору
Ракия Шершенова,
Документалдык тасманын кино режиссеру, монтажер, педагог, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Гульбара Төлөмүшова,
кино таануучу, кино тарыхчы, киносынчы, телережиссер жана теле алып баруучу
.
Роза Төрөкуловна Айтматова,
Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов жөнүндө бир катар документалдык китептердин автору

Лиля Турусбекованын кыздары —
Асель Даниярова, Гюзель Айтматова,
уулу
Бектур Данияров

Карел Абдыкулов,
кинорежиссёр, кинооператор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Тыргоот Чортонбаев,
К.И.Скрябин атындагы КУАУнын илимий иштер боюнча проректору, айыл чарба илимдеринин доктору,
Назира Акматова,
Тарых музейинин кызматкери, 
Жусуп Турусбековдун туугандары

________________________________________

  • Чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү так, кыска, ошол эле учурда мазмундуу, ар түрдүү, кызыктуу болду. Алар Лиля Турусбекованын чыгармачылык стилинин өзгөчөлүгүн, анын инсандык жана маданий деңгээлинин бийиктигин белгилешти. Ракия Шершенова өзүнүн сөзүндө киностудиядагы кесиптештери ал босогону аттагандан тарта ага карата кандай бийик деңгээлдеги сый-урмат мамиле жасагандарын айтып өттү. Гульбара Төлөмүшева “Кошой-Таш” толук метраждуу тасманы тартып жаткан учурда режиссер жана Гульбаранын монтажер апасы күндөлүк иш планын талкуулоо үчүн күндө эртең менен саат 8де телефон чалып сүйлөшкөндөрүн эскерди.

_________________________________________

ТАСМА КЕСҮҮ

Кире бериште Гюзель Айтматованын сүрөттөрү жайгашкан баннер орнотулган. Баннерде кеңири планда Лиля Турусбекованын Мовиола – кинотасмалардагы кадрларды монтаждоо жана редакциялоо үчүн жабдуу алдындагы образы чагылдырылган. Андан ары, алысыраак жакта – Лиля Турусбекова атасы – ал сегиз жашында согушка аттанып кайтпай калган белгилүү акын Жусуп Турусбеков менен турган бала чактагы образы байкалат.

Келген меймандар чын ыкластары менен баннердин жанында сүрөткө түшүп жатышты.

 

 

Кызыл тасманы белгилүү оператор Манасбек Мусаев, Арсен Эгизов, Тыргоот Чортонбаев кести.


ЭКСПОЗИЦИЯЛАРДЫ КЫДЫРУУ

Экспозициянын дизайн жана макетин Лиля Турусбекованын кызы Асель Даниярова (мен, бул макаланын автору) даярдады. Апабыздын өмүр жолун биз – балдарынан артык ким билет дейсиз…

Экспозиция үч бөлүктөн түзүлгөн: залдын периметри боюнча – хронологиялык тартипте Лиля Турусбекованын жана анын жакындарынын сүрөттөрү кыргыз жана орус тилдеринде баяндалат. Мольберттерде – Лиля Турусбекованын иш үстүндөгү, тасма тартуу процессиндеги жана кадрлар менен иштөөдөгү кийинки иш-аракеттери, тасма тартуу тобу, монтажерлор менен түшкөн сүрөттөрү чагылдырылган. Тасмалардагы кадрлар фильм катары стилдештирилген он полотнодо берилген. Бул ыкма мурда Төлөмүш Океев менен Геннадий Базаровго арналган көргөзмөлөрдө колдонулган.  

Кадрларды Лиля Турусбекованын кызы Гюзель Айтматова, Аселдин өмүрлүк жолдошу жана Лиля Турусбекованын күйөө баласы Владимир Шварц менен бирге тандаган. Бул эң татаал иш процесси десе болот, анткени тасмалар, кызыктуу кадрлар өтө көп, алардын арасынан тандап алуу үчүн тасмаларды бир нече саат бою көрүүгө туура келди. Тилекке жараша, Кыргызфильм киностудиясы тасмалардын басымдуу бөлүгүн санариптештиргендиктен, тандап алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болду. Архив бөлүмү Жолдош Ахматалиев менен биргеликте бул ишти юбилейге карата жасап үлгүрдү. Тандалгандан кийинки стоп-кадрларды Кыргызфильм киностудиясынын кызматкери Оркен Рысбай даярдады.



Сүрөттөрдүн арасынан эң эле эски сүрөт таятабыздын (Байтик баатырдын небереси Молдахмат) жана Лиля Турусбекованын таянесинин (Ажар) 1914-жылдагы сүрөтү болду, ошол жылы анын апасы – Үмү-Күлсүн Молдахматова төрөлгөн. Сүрөт көргөзмөдө акын жана драматург Жусуп Турусбековдун калемдештери менен түшкөн сүрөттөрү да коюлган. Кыргызстандын тарыхында, анын ичинде кино тарыхында сакталып калган адамдардын, мисалы Мар Байжиев, Марлес Туратбеков, Салима Бекмуратова жана башкалардын сүрөттөрү Лилянын бала чактагы сүрөттөрүндө да бар. Лиля Турусбекова кичинекей бала кезинен баштап эле сүрөттөрдүн алдына түшкөн датасын, окуяларды жана адамдардын аттарын жазып жүргөн. Аны жардамы менен биз №28 мектепте бирген окуган классташтарынын жана мугалимдеринин ысымдарын билип калдык. Сүрөттөрдүн артындагы ал жазуулар экспозицияда көрсөтүлгөн.

Биздин алган таасирибиз боюнча, көрүүчүлөр сүрөт көргөзмөнү абдан жылуу кабыл алышты. Биз кайдигер эмес адамдардын көптөгөн комментарийлерин уктук. Айрыкча иш-чаранын катышуучулары тарабынан берилген кызыктуу суроолор бизге абдан жагымдуу болду. Бул көрсөтмө 11-июнга чейин уланарын эсиңиздерге сала кетким келет.

РЕЖИССЕР ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ТАСМА

Иш-чаранын соңунда Гани Кудайбергендин Лиля Турусбекова жөнүндөгү жаңы тасмасы тартууланды. Режиссерду Кинематография департаментинин жетекчиси Акжолтой Бекболотов тааныштырды. Жакынкы мезгилде ал тасма интернет айдыңына чыгарылат.

Бардык каалоочуларды музейдеги көргөзмөгө келүүгө чакырабыз. Музей саат 11:00дөн 18:00гө чейин ачык.

Төмөнкү жакта:

Ачылыш учурлары. конокторду чогултуу жана чыгып сүйлөгөн учурунда

Экспозицияны көрүү учурлары

001 002
001 002
« 1 of 10 »
экспозиция (9)
экспозиция (9)
« 1 of 12 »

Дагы көргөзмө жөнүндө

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙДЕГИ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

Лиля Турусбекова жөнүндө сайтыбызда: 
башкы › адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова

Дагы музей жөнүндө:
башкы › башкы бет ирети › маданий турмуш › көркөм искусство

Дагы Гүзелдин сүрөттөрү жөнүндө:
ГЮЗЕЛЬ АЙТМАТОВАНЫН (ДАНИЯРОВАНЫН) ГРАФИКАСЫ. ФОНДГО КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН БЕРИЛДИ.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз

 


Автору
Асель Даниярова

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙДЕГИ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

“ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” деген аталыштагы фотосүрөт көргөзмө Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде 25-майда саат 15:00до ачылат жана 2023-жылдын 11-июнуна чейин уланат.


Көргөзмө 25-майда, саат 15:00до ачылат. Кирүү акысыз


Сүрөт көргөзмө Кыргызстандын тунгуч кесипкөй кинематографисттеринин бири – Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат. Режиссердун үй-бүлөсү тарабынан даярдалган музейдеги экспозиция Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин иш-чараларынын алкагында уюштурулууда.  

Лиля Турусбекова документалдык кино тармагында өтөгөн өзүнүн 36 жылдык эмгек жолунда өз өлкөсүнүн жылбаянын түзгөн десек жарашат. Анын фильмографиясында 100гө жакын тасмалар бар: 32 документалдык тасма, анын ичинде – 4 толук метраждуу тасманы жана “Советтик Кыргызстан” киножурналынын 65ке жакын чыгарылышын кошууга болот. Лиля Жусуповна өзүнүн кесиптештеринин тасмаларынын редактору жана ошондой эле киностудиянын көркөм кеңешинин мүчөсү болгон.

Режиссердун чыгармачылык ишмердүүлүгү жигердүү өнүгүп турган мезгилде кинотеатрларда көркөм тасмалардын ар бир сеансы башталар алдында өлкөбүздөгү маанилүү окуялардын хроникасы көргөзүлүп турар эле. Ал учурларда кинотеатрларга келген адамдардын саны да өтө көп болгон. Андыктан режиссер Лиля Турусбекова тарткан хроникалык-документалдык тасмаларды көптөгөн көрүүчүлөр көргөндүгүн ишенимдүү айтса болот. Убакыт өткөн сайын өлкөбүздүн кечээки тарых баяны заманбап көрүүчүнүн көңүл куштарлыгын жаратып, кызыгуулары артууда. Лиля Турусбекованын тасмаларында мына ошондой кызыгууну жараткан Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Мыскал Өмүрканова, этнограф Клавдия Антипина сыяктуу искусство чеберлеринин жаркын өмүр баяны чагылдырылган. Көрүүчү режиссердун тасмаларынан Саякбай Каралаевди, Чыңгыз Айтматовду, Бүбүсара Бейшеналиеваны, Айсулуу Токомбаеваны жана ошондой эле башка дагы көптөгөн биз үчүн өтө баалуу адамдарды көрө алышат. Биз кино аркылуу ошондой эле карапайым адамдар — мугалимдер, завод-фабрикалардын жумушчулары, 60-80-жылкы студенттери, айыл-кыштак тургундары менен таанышабыз.

КЫРГЫЗ ФИЛЬМ киностудиясы Лиля Турусбекованын тасмаларынын теңинен көбүн санариптештирди, алар менен YouTube каналы аркылуу таанышууга болот.

Режиссер ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН киностудияда Лиля Турусбекова жөнүндө документалдуу тасма тартты, анын бет ачары АСЕЛЬ ЖУРАЕВА башында турган Азиянын чыгармачыл айымдарынын фонду жыл сайын уюштуруп келген Кыргызстандын режиссер-айымдарынын V Кинофорумунун ачылышында көрсөтүлдү. Кинофорумда Лиля Турусбекованын кыска метраждуу эки тасмасы көрсөтүлүп, форумдун катышуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.

Музейдеги сүрөт көргөзмөдө үй-бүлөлүк архивден, Кыргызстандын кинофотофонодокументтер архивинен жана режиссердун тасмаларынан алынган кино кадрлар көрсөтүлөт.

Сиздерди сүрөт көргөзмөдө күтөбүз!


Лиля Турусбекова жөнүндө сайтыбызда:

башкы › адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

РЕЖИССЕР ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНГЕН КҮНҮ АЛ ОКУГАН №28 МЕКТЕПТЕ 1992-ЖЫЛЫ ТАРТЫЛГАН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛӨТ

Лиля Турусбекова биринчи класстан баштап, мектепти аяктаганга чейин Фрунзе шаарындагы №28 мектептен билим алган. Бул мектеп 1939-жылы курулуп, ишке киргизилген, азыр ал Бишкек шаарындагы “28 мектеп-лицей деп аталат. Лиля Турусбекова биринчи класска 1940-жылы кирип, 1951-жылы аяктаган, ал учурда 11 жылдык билим эле жана да кыздарды жана балдарды өз-өзүнчө бөлүп окутушкан.

Лиля Турусбекова мектепти аяктаган соң дароо эле ВГИКке – Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна окууга кирип, Кыргызстандагы алгачкы кесипкөй режиссерлордун бири болуп калды.

“Воскресшие из праха” документалдык тасмасы режиссер 60 жашка барып калган учурда тарткан акыркы тасмаларынын бири болгон. Бул тасмада авторго мүнөздүү чыгармачылык почерки дароо эле байкалат – тасмада жасалма, жалган сенсация жок, ал биринчи кезекте адамдар жөнүндө, адамдардын бири-бирине болгон жылуу мамилеси жөнүндө жандуу берилген.

1949-ж Лиля экинчи катарда солдон биринчи

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, №28 мектеп-лицейдин директору Назгуль Мусаевна Кожогулованын сунушу боюнча көрөрмандарга көрсөтүүгө так ушул тасма тандалып алынды. Анткени №28 мектеп-лицейдин чоң класстарынын окуучулары жакында эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишкен экен, эми бул тасманын көрсөтүлүшү биздин өлкөбүздүн абдан маанилүү, кай бирде эң кайгылуу барактары баракталган, алардын экскурсиясынын логикалык уландысы болуп калмакчы.

Иш-чарага даректүү тасманын каармандарынын бири, репрессия курмандыктарын издөөгө жана табууга, ошондой эле репрессияга кабылгандардын элесин сактоого зор салым кошкон инсан — Болот Абдрахманов катышат.

Фильмди көрсөтүү «Кыргызфильм» киностудиясы өлкөбүздүн жылнаамасын сактап келаткан Лиля Турусбекованын тасмаларын санарипке өткөрүп, калыбына келтиргендигинин аркасында мүмкүн болду. Биз киностудияга жана киностудиянын архив бөлүмүнүн кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.


ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» («ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА») ТАСМАСЫ. 1992-ЖЫЛ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Еще:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР И ЛИЧНОСТЬ 


Автору
Асел Даниярова

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫМ-КИНОРЕЖИССЕРЛОРУНУН V КИНОФОРУМУ. ОШ ШААРЫ, 11-13-МАЙ. БЫЙЫЛ ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

2023-жылы байыркы Ош шаарында өтө турган кинофорумдун программасын сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Фестивалды Асел Жураеванын жетекчилиги менен «Азиянын чыгармачыл аялдары» коомдук фонду уюштурууда.

Кинофорумга 14 жаш режиссер аялдар катышат.

Быйыл кинофорум Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналып, форумдун алкагында ал тууралуу даректүү тасма, ошондой эле анын Бакен Кыдыкеева жана Мыскал Өмүрканова тууралуу эки кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлө турганы бизди кубандырат.

Мындан тышкары уюштуруучулар Казакстан жана Корея Республикасынан келген конокторду чакыруу менен мастер-класстарды өткөрүшөт.


ПРОГРАММА

“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду
Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофоруму

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Дагы:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

2023-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ

Биздин фонд 2022-жылы кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иштеп, башталгыч класстын окуучуларын 3 жолудан кем эмес окутуп, мектептеги кийинки баскычка даярдаган Кыргыз Республикасынын мектептериндеги башталгыч класстар мугалимдери үчүн сыйлык уюштурду.

Ал сыйлыктын Жобосу САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМИНЕ ЫЙГАРУУ ЖӨНҮНДӨ” макалада жарыяланган.


Бул сыйлыкты кесиптин татыктуу өкүлдөрү алышты деп ишенебиз, анткени сыйлык жөнүндө жобого ылайык, документтерди алгачкы текшерүүдөн өткөргөндөн кийин аны мугалимге ыйгаруу чечими 7 адамдан кем эмес эксперттик топ тарабынан кабыл алынат. Сыйлык бардык жети эксперттин бир добуштан чечими менен гана берилет.

№1 “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫН ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ 

2022-жылы өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагында Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаевге «СЫЙЛЫК БЕЛГИСИ» Грамотасы тапшырылган

2022-жылдагы биринчи сыйлык Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы No21 К.Карачев атындагы мектептин мугалими Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевичке ыйгарылган. Мурдагы жылдагы БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жүрүшүндө иш-чаранын алып баруучусу катары катышкан Таалайбек Мырзабаевичке №1 сыйлыктын күбөлүгү тапшырылган. Ал учурда төш белгилерибиз жасала элек болчу.

Ага төш белгини 2022-жылдын 3-5-июнунда Сары-Дөбө айылынын мектеп окуучулары байгелүү экскурсияга келген учурда тапшырууга жетиштик. Төш белги Ала-Тоо аянтында мектеп окуучуларынын жана кесиптеш мугалимдеринин катышуусунда тапшырылды. Бул окуя сыйлык алуучу үчүн эстен кеткис болуп калды деп ишенебиз!

Татыктуу мугалимге сыйлык тапшыруу, фонддун атынан куттуктоолор бизге чоң кубаныч тартуулады!

2023-жылы “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫН ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ

Фондго 2022/2023-окуу жылында тиешелүү иш тажрыйбасы бар башталгыч класстын мугалимдеринен документтердин топтому келип түшкөн. Аларды тактап, текшерип чыккандан кийин документтер эксперттерге өткөрүлүп берилди.

Эксперттер
Сыйлык жөнүндө айтып жатам

Чечим кабыл алууга катышкан эскперттердин курамын жарыялоо биз үчүн абдан жагымдуу:

АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы, Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин мугалими

БЕКТАШОВА ЖАНАРА БЕКТАШОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Мойдунов атындагы орто мектептин мугалими

ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл Сенир айылы, Ы. Чанаков атындагы №31 орто мектептин мугалими

МЫРЗАБАЕВ ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВИЧ, УРМАТ БЕЛГИСИнин ээси
Ысык-Көл облусу, Түп району, Сары-Дөбө айылы, К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө орто мектебинин мугалими

МЫРЗАБЕКОВА НАГЫЗГҮЛ АДЫЛБЕКОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Чүй облусу, Панфилов району, Эркин-Сай айылы, Жуматаев атындагы орто мектептин
мугалими

ОСМОНБАЕВА НАЗИРА СЕЙИТКАЗИЕВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын ыктыярдуу жардамчысы
Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, М.Мамакеев атындагы орто мектептин директору

РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Талас облусу, Кара-Буура району, Чоң-Кара-Буура айылы, Акымбеков Мамат атындагы орто мектептин мугалими

СУРАНЧИЕВА ФАРИДА КЕНЖЕАЛИЕВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Талас облусу, Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы, Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими

ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА, БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты
Нарын облусу, Ат-Башы району, Ача-Кайынды айылы, Ой-Терскен орто мектебинин мугалими

Биз бардык эксперттерди БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2023 сынагынын 2-туруна жана сыйлык тапшыруу аземине аларды жеңүүчүлөрдүн өздөрү жана сынактын катышуучулары менен тааныштыруу, ошондой эле алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирүү үчүн чакырдык!

2022/23-ОКУУ ЖЫЛЫНДА “УРМАТ БЕЛГИСИ” МЕНЕН СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ

Иш-чаранын катышуучуларын эксперттер менен жолуктургандан кийин, биз сыйлык алууга татыктуу болгон мугалимдерге «УРМАТ БЕЛГИСИ» төш ​​белгисин салтанаттуу түрдө тапшыруу үчүн трибунага чакырдык:

Сыйлык алгандардын арасында мыкты эксперттердин курамына кошулган Исакова Нуржан Шамуратовна да бар экенин байкасаңыздар керек. Албетте, ал өзүнүн талапкерлиги боюнча чечимге катышкан жок. Андан тышкары, Кыдыкова Гүлнара Жумакадыровна эксперт Осмонбаева Назира Сейитказиевна директор болуп иштеген мектепте иштейт. Бул учурда да ал мугалимдин документтерин башка адистер карап чыкты.

Мына ушундай учурларды болтурбоо үчүн биз үчүн 7 адис эмес, 9 адистен турган топ түзүү маанилүү болчу.

Урматтуу мугалимдерибизди алган сыйлыктары менен куттуктайбыз!

КЕЛЕЧЕКТЕГИ СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ

Сыйлык жөнүндөгү жобого ылайык, Фонд жыл сайын «УРМАТ БЕЛГИСИ» сыйлыгын тапшырууну улантат. Мындан ары да «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде, бир окуу жылында бир жолу төш белгини тапшырууну улантууну пландап жатабыз.

Сынактын 2-турунун фоторепортажы жана жеңүүчүлөрдү жана «УРМАТ БЕЛГИСИ» ээлерин сыйлоо аземи толугу менен бул жерде

2022/2023-окуу жылынын сынагы жана жеңүүчүлөрү сыйлоо аземи жөнүндө 


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


 


Автору
Асел Даниярова

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА: ВЛАДИМИР МИХАЙЛОВ МЕНЕН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ ЖӨНҮНДӨ МАЕК

Владимир Михайловдун Лиля Турусбекова менен 1989-жылдагы интервьюсу.  Маек В.И.Михайловдун “Эстутум кино тасмасы. Кыргыз киносунун адамдары жана тагдырлары” китебинде жарык көргөн.  – Б. “Салам” басма үйү, 2007 -524-б.


ДРАМАЛУУ ТАГДЫР

“Кыргызфильм” киностудиясында элдик ырчы Мыскал Өмүркановага арналган “Мыскал” документалдык тасмасы өз ишин аяктады. Биз ал тасманын режиссеру Лиля Турусбекова менен маектешип олтурабыз.

-Лиля Жусуповна, сизди бул тема эмнеге кызыктырды, эмне үчүн сиз ага кайрылууну мүмкүн жана зарыл деп эсептедиңиз?

Билесизби, Мыскал Өмүрканова мен үчүн ар дайым өзүнүн орду бар инсан болуп келген. Ал тирүү кезинде чоң атак-даңкка ээ болгон — эл аны абдан жакшы көрчү. Эгер масштабы боюнча ага окшош ырчыларды эстесек, ага Русланова гана теңдеше алат. Анын кайталангыс үнү бар эле, мен анын талантынын күйөрманы катары ал жөнүндө суктануу сөздөрүн гана айта алам. Ал кыргыз искусствосунда өзгөчө орунду ээлеп турат, керек болсо, мен анын орду өзгөчө деп айтар элем. Ушул себептерден улам ал мени абдан кызыктырып келген.

Көптөн бери ал тууралуу тасма тарткым келип, бирок эмнегедир колум жетпей жүргөн. Ал эми жакында эле атактуу музыка таануучу Балбай Алагушев Мыскал тууралуу сценарий алып келгенде, аябай кубандым. Мен ага дароо кириштим. Мен, албетте, көп кыйынчылыктар болорун билгенмин, бирок… эгер мен колго алып баштап алсам…

Мыскал Өмүрканова жөнүндө документалдуу материалдар өтө эле аз экенин билемин. Сиз мындай оор кырдаалдан кантип чыктыңыз?

Бактыга жараша, Москвада өткөн кыргыз искусство Декадасынан сакталып калган кадрлар бар экен. Ал концертти ДФБСнын операторлору тартышкан.

Сиз 1958-жылы өткөн экинчи декаданы айтып жатасызбы?

Мыскал Өмүрканова

Ооба, 1958-жылдагы. Ал эми 1959-жылы декада жөнүндө фильм жарык көргөн. Бирок Мыскал ал жерде жок. Көрсө, анын номери техникалык жактан жараксыз болуп калыптыр. Бирок кесипкөй кинематографисттер аны жараксыз кылып таштап салбай, синхронун оңдоп-түзөп, архивге сактап коюшкан экен. Мен ал материал бар экенин тап-такыр билген эмесмин. Анын аткаруусундагы “Алымкан” жана “Кыз-Жибекти” укканда, бүткөн боюм дүрүлдөп кетти. Бул өзүнчө сыйкырдуу кереметтей туюлду. Мен тасмага эки номерди тең толугу менен коштум. Көрөрмандар аны мурда эч качан көргөн эмес. Мыскалдын ырларын нукуралай, кыргыз тилинде угуу керек. Алар абдан уникалдуу жана анын аткаруу ыкмасы да укмуштай өзгөчө. Ал жерде бир нотаны эки мүнөткө чейин созгон эпизоду бар.

Кадр артында эмнелер калды, тактап айтканда, Мыскалдын тагдырынын трагедиялуу аякташы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Билесизби, мен Мыскалдын тагдырын ошончолук эле трагедиялуу деп айтпас элем, ал көзүнүн тирүүсүндө атак-даңкка жетишип, анын даамын татты. Ал тургай өздүк көркөм чыгармачылыктан өсүп чыккан ырчыны музыкалык театрга киргизип, опералык ырчылыкка алууга аракеттери да болгон. Бизде негедир музыкалык жөндөмү бар адам сөзсүз опералык театрга барып ырдаш керек деген ушундай бир көз караш калыптанып калган. Бактыга жараша, ал өзүнүн жолун өзү таап кете алды.

Айтмакчы, анын кайталангыс талантына биринчи көңүл бурган адам Кожомкул баатыр болгон. Ал өзүнүн балбандыгынан тышкары, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген белгилүү коомдук ишмер да болгон. Мыскалды чыгармачылык жолго салган так ошол Кожомкул баатыр экени маалым. Ал алгач өзүнүн туулуп-өскөн айылында, андан соң облуста, андан соң борбордо өзүн көрсөтүп, бара-бара атактуулукка жетише баштаган. Бул 30-жылдардын ортосунда болгон. Андыктан, анын тагдырында Кожомкул чоң роль ойногону анык чындык. Ал эми анын жашоосу тууралуу дагы эки сөз айта кетейин, анткени ал дагы көшөгө артында калды. Мыскалдын жолдошу комузчу эле, кийин фронтто курман болгон.

Ал адегенде комуз черткенди билчү эмес, тек гана ырдачу, комуз черткенди ага жолдошу үйрөткөн. Экөө бактылуу жубайлардан эле, бирок алардын бактысы көпкө созулган жок. Жалпысынан алганда анын өмүр таржымалы эң сонун башталган. Бирок кийинчерээк анын турмушунда кандайдыр бир драмалык учурлар пайда болгонун билебиз. Балким анын репертуары чектелгенден улам ошондой болгондур. Бул албетте, менин жеке оюм.

Анын үстүнө атак-даңктын сыноосуна туруштук берүү кээде өтө эле кыйын нерсе. Турмуштун сыноосуна эмнегедир көнүп калабыз, аны жеңүүгө аракет кылабыз, бирок атак-даңкты көтөрүү… Бирок ошентсе да аны менен баарлашкандардын баары ал абдан жакшы адам болгонун айтышат.

Анын тагдыры, менимче, ошол доорго мүнөздүү болсо керек деп ойлойм…

Ар бир өнөр адамынын тагдырына мүнөздүү болсо керек. Анткени, азыр деле карагылачы, жаңы чыгып келаткан таланттар да эреже катары, жалгыздап чыгып жатышат. Бизде өнөр адамдарын социалдык жактан коргоо механизмдери жок. Ага, албетте, режиссёрлор, жакшы уюштуруучулар керек болчу. Анткени, ал өзүндө болгон нерсени гана – таза үнүн, кайталангыс талантын элге тартуулады. Тилекке каршы, биз адамдын өзгөчөлүгүн кеч байкайбыз.

Эмне үчүн Мыскалдын өмүр таржымалын толук баяндабай, лирикалык очерк сыяктуу даярдап койдуңуздар? Азыр көпчүлүк, айрыкча жаштар бул кайталангыс таланттуу аткаруучуну билишпейт.

Эң эле жөнөкөй түшүндүрмөсү, орундун жетишсиздигинен улам болсо керек. Анткени, кыска метраждуу фильмде чексиздикти батыруу мүмкүн эмес. Албетте, Мыскалдын өмүр таржымалын кененирээк чагылдыруу максатында тасманы кеңейткибиз келди, бирок… буга көптөгөн себептер тоскоол болду.

Сиз бул теманы улантууну пландап жатасызбы?

Акыркы эки жылдан бери кызыктуу чыгармачыл инсандар менен иштешип жатам. Жакында эле мен Клавдия Антипина жөнүндө тасма тарттым, бул кайталангыс инсан, абдан кызыктуу тагдыры бар этнограф. Эми элдик ээр уста жөнүндө тасма даярдай баштадым… Бул тасмалардын баарынын темалары өздөрүнүн маани-маңызы боюнча бири-бирине жакын — алар элдик таланттар тууралуу. Мени ушундай адамдар көбүрөөк кызыктырат. Мен буга чейин Муратбек Рыскулов жөнүндө тасма тарттым эле. Эми бул материалдан эч ким кыйгач өтүп кете албайт.

Биз, режиссерлор, ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек деп ойлойм, антпесе эртең кеч болуп калат…


Дагы:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Владимир Михайлов

СҮРӨТ АЛБОМ. 2-БӨЛҮК. 11- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ: 2-ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО АЗЕМИ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 11-жолу белгиленип жаткан Биринчи мугалим сынагы 2023-жылдын 15-апрелинде И.К Ахунбаев атындагы КММАнын Жыйын залында өттү. Бул иш-чарадан сүрөталбомдун уландысы (2-бөлук).

<= 1-БӨЛҮК

Катышуучулар жана иш-чаранын жүрүшү тууралуу кененирээк ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРДИН РОЛУ, 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ деген макаладан тааныша аласыздар


  1. Театралдык жана музыкалык сюрприз. Ромеонун монологун КР Эл артисти Турусбек Жумалиев окуп жатат. Ырчы, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Дмитрий Жумалиев ырдайт

6. Ардактуу мейман, кыргыз таануучу, БАКДӨӨЛӨТ фондунун президенти Мелис Мураталиев

  1. Сынактын катышуучуларын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Мектептин билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдылдаева Гүлшан Кушбековна куттуктайт.
  1. Калыстар тобунун мүчөлөрү сынакка катышкан мугалимдерге катышуучулардын Күбөлүктөрүн салтанаттуу түрдө тапшырышат.
Күбөлүктөр тапшыруу (1) Күбөлүктөр тапшыруу (1) Күбөлүктөр тапшыруу (2) Күбөлүктөр тапшыруу (2) Күбөлүктөр тапшыруу (3) Күбөлүктөр тапшыруу (3) Күбөлүктөр тапшыруу (4) Күбөлүктөр тапшыруу (4) Күбөлүктөр тапшыруу (5) Күбөлүктөр тапшыруу (5) Күбөлүктөр тапшыруу (6) Күбөлүктөр тапшыруу (6) Күбөлүктөр тапшыруу (7) Күбөлүктөр тапшыруу (7) Күбөлүктөр тапшыруу (8) Күбөлүктөр тапшыруу (8) Күбөлүктөр тапшыруу (9) Күбөлүктөр тапшыруу (9) Күбөлүктөр тапшыруу (10) Күбөлүктөр тапшыруу (10) Күбөлүктөр тапшыруу (11) Күбөлүктөр тапшыруу (11) Күбөлүктөр тапшыруу (12) Күбөлүктөр тапшыруу (12) Күбөлүктөр тапшыруу (13) Күбөлүктөр тапшыруу (13) Күбөлүктөр тапшыруу (14) Күбөлүктөр тапшыруу (14) Күбөлүктөр тапшыруу (15) Күбөлүктөр тапшыруу (15) Күбөлүктөр тапшыруу (16) Күбөлүктөр тапшыруу (16) Күбөлүктөр тапшыруу (17) Күбөлүктөр тапшыруу (17) Күбөлүктөр тапшыруу (18) Күбөлүктөр тапшыруу (18) Күбөлүктөр тапшыруу (19) Күбөлүктөр тапшыруу (19) Күбөлүктөр тапшыруу (20) Күбөлүктөр тапшыруу (20) Күбөлүктөр тапшыруу (21) Күбөлүктөр тапшыруу (21) Күбөлүктөр тапшыруу (22) Күбөлүктөр тапшыруу (22) Күбөлүктөр тапшыруу (23) Күбөлүктөр тапшыруу (23) Күбөлүктөр тапшыруу (24) Күбөлүктөр тапшыруу (24) Күбөлүктөр тапшыруу (25) Күбөлүктөр тапшыруу (25) Күбөлүктөр тапшыруу (26) Күбөлүктөр тапшыруу (26) Күбөлүктөр тапшыруу (27) Күбөлүктөр тапшыруу (27) Күбөлүктөр тапшыруу (28) Күбөлүктөр тапшыруу (28) Күбөлүктөр тапшыруу (29) Күбөлүктөр тапшыруу (29) Күбөлүктөр тапшыруу (30) Күбөлүктөр тапшыруу (30) Күбөлүктөр тапшыруу (31) Күбөлүктөр тапшыруу (31) Күбөлүктөр тапшыруу (32) Күбөлүктөр тапшыруу (32) Күбөлүктөр тапшыруу (33) Күбөлүктөр тапшыруу (33) Күбөлүктөр тапшыруу (34) Күбөлүктөр тапшыруу (34) Күбөлүктөр тапшыруу (35) Күбөлүктөр тапшыруу (35) Күбөлүктөр тапшыруу (36) Күбөлүктөр тапшыруу (36) Күбөлүктөр тапшыруу (37) Күбөлүктөр тапшыруу (37) Күбөлүктөр тапшыруу (38) Күбөлүктөр тапшыруу (38) Күбөлүктөр тапшыруу (39) Күбөлүктөр тапшыруу (39) Күбөлүктөр тапшыруу (40) Күбөлүктөр тапшыруу (40) Күбөлүктөр тапшыруу (41) Күбөлүктөр тапшыруу (41) Күбөлүктөр тапшыруу (42) Күбөлүктөр тапшыруу (42)

9. Сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялоо. Калыстар тобу

  1. Эркин талкуу, сүрөткө түшүү

Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

 


Автору
Асель Даниярова

СҮРӨТ АЛБОМ. 1 БӨЛҮК. 11- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ: 2-ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО АЗЕМИ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 11-жолу белгиленип жаткан Биринчи мугалим сынагы 2023-жылдын 15-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Жыйын залында өттү.

Катышуучулар жана иш-чаранын жүрүшү тууралуу кененирээк 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ деген макаладан тааныша аласыздар.

______________________________________

  • Иш-чаранын жүрүшү, катышуучулары жана меймандардын БАРДЫК СҮРӨТТӨРҮН ТОЛУГУ МЕНЕН каалоочулар ШИЛТЕМЕ БОЮНЧА жүктөп алышса болот (700дөн ашык сүрөт): 2023-ИШЧАРАСЫНДАГЫ СҮРӨТТӨР.
    ЭСКЕРТҮҮ! Бул шилтеме боюнча сүрөттөрдү 2023-жылдын 30-майына чейин жүктөп алса болот. 
    2023-жылдын 30-майынан кийин төмөндөгү сүрөт альбом көрүү үчүн сакталып калат

______________________________________

Бул 2 бөлүктөн турган сүрөталбомдо сынактын экинчи турунун жүрүшүн чагылдырган 240 сүрөт (биринчи бөлүгүндө 113, экинчисинде 127) камтылган.

  1. Иш-чара башталганга чейин

2.Сынактын 2-турунун ачылышы. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы No21 К.Карачев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Санжарбек Данияров атындагы фонддун «Сыйлоо белгисинин» ээси Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев иш-чараны алып барат

КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректорунун саламы. И.К.Ахунбаев ф.и.д. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, илимий жана медициналык иштер боюнча проректору м.и.к. Ниязбек Нурланбекович Маматов

  1. Даниярова Асель Санжарбековна Кыргыз Республикасынын башталгыч класстардын мугалимдери үчүн Фонд тарабынан түзүлгөн “Сыйлоо белгиси” сыйлыгы тууралуу айтып берет. Сыйлык ыйгаруу боюнча Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев тааныштырат. Мугалимдерге УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгын жана сертификаттарды тапшыруу.
БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы тапшыруу (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы тапшыруу (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (2) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (2) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (3) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (3) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (4) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (4) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (5) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (5) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (6) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 1. Эксперттер (6) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (1) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (2) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (2) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (3) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (3) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (4) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (4) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (5) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (5) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (6) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (6) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (7) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (7) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (8) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (8) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (9) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (9) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (10) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (10) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (11) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (11) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (12) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (12) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (13) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (13) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (14) БМ 2023 Иш-чара УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгы. 2. тапшыруу (14)
  1. Сынакта биринчи, экинчи, үчүнчү орундар үчүн биринчи турдун 6 финалистинин таймашы. Аларга үч тапшырма берилет, калыстар тобу упайларды берип коет.
1-турдун финалисттеринин таймашы (1) 1-турдун финалисттеринин таймашы (1) 1-турдун финалисттеринин таймашы (2) 1-турдун финалисттеринин таймашы (2) 1-турдун финалисттеринин таймашы (3) 1-турдун финалисттеринин таймашы (3) 1-турдун финалисттеринин таймашы (4) 1-турдун финалисттеринин таймашы (4) 1-турдун финалисттеринин таймашы (5) 1-турдун финалисттеринин таймашы (5) 1-турдун финалисттеринин таймашы (6) 1-турдун финалисттеринин таймашы (6) 1-турдун финалисттеринин таймашы (7) 1-турдун финалисттеринин таймашы (7) 1-турдун финалисттеринин таймашы (8) 1-турдун финалисттеринин таймашы (8) 1-турдун финалисттеринин таймашы (9) 1-турдун финалисттеринин таймашы (9) 1-турдун финалисттеринин таймашы (10) 1-турдун финалисттеринин таймашы (10) 1-турдун финалисттеринин таймашы (11) 1-турдун финалисттеринин таймашы (11) 1-турдун финалисттеринин таймашы (12) 1-турдун финалисттеринин таймашы (12) 1-турдун финалисттеринин таймашы (13) 1-турдун финалисттеринин таймашы (13) 1-турдун финалисттеринин таймашы (14) 1-турдун финалисттеринин таймашы (14) 1-турдун финалисттеринин таймашы (15) 1-турдун финалисттеринин таймашы (15) 1-турдун финалисттеринин таймашы (16) 1-турдун финалисттеринин таймашы (16) 1-турдун финалисттеринин таймашы (17) 1-турдун финалисттеринин таймашы (17) 1-турдун финалисттеринин таймашы (18) 1-турдун финалисттеринин таймашы (18) 1-турдун финалисттеринин таймашы (19) 1-турдун финалисттеринин таймашы (19) 1-турдун финалисттеринин таймашы (20) 1-турдун финалисттеринин таймашы (20) 1-турдун финалисттеринин таймашы (21) 1-турдун финалисттеринин таймашы (21) 1-турдун финалисттеринин таймашы (22) 1-турдун финалисттеринин таймашы (22) 1-турдун финалисттеринин таймашы (23) 1-турдун финалисттеринин таймашы (23) 1-турдун финалисттеринин таймашы (24) 1-турдун финалисттеринин таймашы (24) 1-турдун финалисттеринин таймашы (25) 1-турдун финалисттеринин таймашы (25) 1-турдун финалисттеринин таймашы (26) 1-турдун финалисттеринин таймашы (26) 1-турдун финалисттеринин таймашы (27) 1-турдун финалисттеринин таймашы (27) 1-турдун финалисттеринин таймашы (28) 1-турдун финалисттеринин таймашы (28) 1-турдун финалисттеринин таймашы (29) 1-турдун финалисттеринин таймашы (29) 1-турдун финалисттеринин таймашы (30) 1-турдун финалисттеринин таймашы (30) 1-турдун финалисттеринин таймашы (32) 1-турдун финалисттеринин таймашы (32) 1-турдун финалисттеринин таймашы (33) 1-турдун финалисттеринин таймашы (33) 1-турдун финалисттеринин таймашы (34) 1-турдун финалисттеринин таймашы (34) 1-турдун финалисттеринин таймашы (35) 1-турдун финалисттеринин таймашы (35) 1-турдун финалисттеринин таймашы (36) 1-турдун финалисттеринин таймашы (36) 1-турдун финалисттеринин таймашы (37) 1-турдун финалисттеринин таймашы (37) 1-турдун финалисттеринин таймашы (38) 1-турдун финалисттеринин таймашы (38) 1-турдун финалисттеринин таймашы (39) 1-турдун финалисттеринин таймашы (39) 1-турдун финалисттеринин таймашы (40) 1-турдун финалисттеринин таймашы (40) 1-турдун финалисттеринин таймашы (41) 1-турдун финалисттеринин таймашы (41) 1-турдун финалисттеринин таймашы (42) 1-турдун финалисттеринин таймашы (42) 1-турдун финалисттеринин таймашы (43) 1-турдун финалисттеринин таймашы (43) 1-турдун финалисттеринин таймашы (44) 1-турдун финалисттеринин таймашы (44) 1-турдун финалисттеринин таймашы (45) 1-турдун финалисттеринин таймашы (45) 1-турдун финалисттеринин таймашы (46) 1-турдун финалисттеринин таймашы (46) 1-турдун финалисттеринин таймашы (47) 1-турдун финалисттеринин таймашы (47) 1-турдун финалисттеринин таймашы (48) 1-турдун финалисттеринин таймашы (48)

2-БӨЛҮК =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР


Автору
Асел Даниярова

ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРДИН РОЛУ, 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ

Адаттагыдай эле, жыл сайын өтүүчү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын кезектегиси аяктагандан кийин, сынактын жүрүшү, катышуучулары, жеңүүчүлөрү, сыйлактар жана сюрприздер жөнүндө даярдаган репортажды сиздердин назарыңыздарга тартуулаймын. Салт болуп калыптанып калгандай, сүрөттөр өзүнчө жарыяланат, каалоочулар ал сүрөттөрдү төмөнкү шилтеме боюнча көрсө болот: СЫНАКТЫН СҮРӨТ АЛБОМУ

Иш-чара 2023-жылдын 15-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйын залында 10:00дон башталып, 17:00го чейин өттү.


ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨГҮ КОММЕНТАРИЙ

КММАнын Жыйын залы

Быйыл, 2023-жылы сынак 11-жолу болду, анын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты биринчи жолу жаңы жерде – И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда өттү. Мурда катышуучулар 7 жыл бою И.Арабаев атындагы КМУга келишчү. Ал албетте ошондой болууга тийиш деп айтаарыңыз бышык, анткени ал окуу жайы адамдардын эс-тутумунда жогорку билим берүү системасынын педагогикалык багыты, ал эми көпчүлүк катышуучулар үчүн alma mater болгондугуна байланыштуу.

Сынак өтүүчү жаңы орду биз үчүн аябай ыңгайлуу жана кызыктуу болду. КММАнын башкы корпусунун Жыйын залы жакында эле жаңыртылып, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, укмуштуудай жаркырап калыптыр. Залдагы бийик шыптар, заманга шайкеш жасалгасы катышуучулар жана күйөрмандар үчүн абдан ыңгайлуулукту жаратты. Баарынан да так ушул Жыйын залында Санжарбек Данияровдун фонду уюштуруп жаткан сынактын катышуучулары академиянын азыркы ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова башында турган КММАнын кызматкерлери ушунчалык мээрим менен жасаган Санжарбек Бакировичтин музей бөлмөсүн көргөнү эң маанилүү болду. КМААнын жыйын залында биздин өлкөбүздүн медицинасынын жана медициналык педагогикасынын белгилүү төрт ишмери: С.Б.Данияровдун, И.К.Ахунбаевдин, М.М.Миррахимовдун жана К.Р.Рыскулованын музей бөлмөлөрү бириктирилип жасалган.

КММАда андан тышкары, жогорку окуу жайдын тарыхына арналган өзүнчө музей бар, аны Кыргызстандын медицинасынын тарыхы деп атаса да жарашат. Ал мындан бир нече жыл мурда курулган 500 орундук жаңы заманбап конференц-холлдо жайгашкан. Анын айнек дубалдары аркылуу ошол жерге өзгөчө көрк берип турган медицина тармагынын агартуучуларынын скульптураларын көрүүгө болот. Алардын баарын биринчи жолу көрүшкөн биздин катышуучулар үчүн абдан кызыктуу болду деп ойлойм.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизге өтө маанилүү болгон колдоо көрсөткөндүгү үчүн анын ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова башында турган КММАнын жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирип койгум келет. Ушундай жооптуу миссияны ийгиликтүү аткарып келаткан ректор онколог-хирург катары бейтаптарга консультация берүү ишин улантып жатканына таң калбай кое албадык. Анын бейтаптарды кабыл алуу убактысы биздин иш-чара менен дал келип, биздин иш-чарага катыша албай калганынан улам биз бул тууралуу билип калдык.

Г.И. Жунушалиева жана Н.Н. Маматов И.К Ахунбаев атындагы КММАнын проректорлору

КММАнын жетекчилигинин атынан биздин иш-чарага жогорку окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору ф.и.к. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна катышып, ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирүү менен бирге, мындан ары келечекте ал залдын эшиги мугалимдердин сынагын өткөрүп турууга  ар дайым ачык экендигин айтты. Илимий жана медициналык иштер боюнча проректор, м.и.к. Ниязбек Нурланбекович Маматов куттуктоо сөзүн менен мугалимдерге кайрылды.

Айтмакчы, КММАнын таң каларлыктай ынтымактуу жана илбериңки кызматкерлеринин баары бизге жардам берүүгө дилгирлигин көрсөтсө, Арун жана Дайыр экөө иш күнү аяктаганча уюштуруу маселелерин илгиртпей чечип берип жатышты.


БИЗДИН ИШ-ЧАРАНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ ЖАНА КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ

Ушуну менен төртүнчү жолу биздин иш-чараны Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылында жайгашкан К.Карачев атындагы №21 мектептин башталгыч классынын мугалими, Санжарбек Данияровдун фондунун “Урмат белгисинин” ээси Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев алып барды.

Таалайбек Мырзабаевичтин билимдүүлүгү, айылдык мектептердеги башталгыч класстардын мугалиминин ишин билгендиги, артисттик чеберчилиги жана өз ишине чын ыкласы менен берилгендиги аны ийкемдүү жана алмашкыс алып баруучу экендигин далилдейт.

Калыстар тобунун мүчөлөрү жөнүндө ушул жерден окуй аласыздар: (жүктөө процессинде)


САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН “УРМАТ БЕЛГИСИ” МЕНЕН МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ

Биз иш-чараны сыйлыкка талапкер болгон мугалимдердин ар бири боюнча чечим кабыл алууда чоң иш аткарган эксперттер тобу менен тааныштыруу жана мугалимдерди салтанаттуу сыйлоодон баштадык. Бул  маанилүү тема жөнүндө өзүнчө кененирээк баяндап беребиз: 2023-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ


2-ТУР ЖАНА СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ

2-турга катышуучуларды жана меймандарды чакыруу алдында, биринчи турда ким алдыга озгонун, башкача айтканда, финалга кимдер чыкканын жарыялаган элек. Бул жөнүндө ушул жерден окусаңыздар болот. Биринчи турдун бардык 6 жеңүүчүсүнө биринчи турдун жеңүүчүсүнүн Диплому ыйгарылды:

Адаттагыдай эле 6 финалист 1-орун (жеңүүчү), 2- жана 3-орун (лауреаттар) үчүн таймашты. Таймашта үч тапшырма берилди:

  1. Окуучунун мугалимге суроосу. Жообуна – 2 мүнөт берилет жана жооптон кийин – калыстар тобу катышуучуга эки суроо берет.
  2. Ата-энелердин мугалимге кайрылуусу. Жообуна – 3 мүнөт, жооптон кийин – калыстар 2 суроо берет.
  3. Мугалимден аракетти талап кылган кырдаал, жообуна – 3 мүнөт жана калыстар тобунан 3 суроо берилет.

Каалоочулар суроолор менен төмөнкү макаладан тааныша алат: “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2023 СЫНАГЫНЫН ЭКИНЧИ ТУРУНУН ТАПШЫРМАЛАРЫ

Бардык суроолор финалисттерге жана залда олтурган катышуучу-күйөрмандарга алдын-ала белгилүү болгон, бирок финалда катышуучуга 6 варианттын кайсынысы туш келери чүчүкулак кармоодо аныкталмак..

Адаттагыдай эле, жооптор 5 баллдык система боюнча бааланды. 2-турдун калыстар тобунда 11 адам болду. Бул жолу ар бир критерий боюнча өз-өзүнчө баалап олтурбастан, ар бир жоопко бир гана жолудан баа берилди. Натыйжада бул этапта биз күн тартибинен алдыга озуп кеттик. Ал ортодогу убакыт аралыгында калыстар тобунун мүчөлөрү дисскуссия түрүндө кээ бир байкоолорун ортого салышып, келечек үчүн баалуу кеңештери менен бөлүштү. Менимче, бул иш-чарабызга кошумча жандуулук тартуулады окшойт. Анын үстүнө бул чакан дискуссияда олуттуу да, анча-мынча тамаша да сөздөр коштолуп жатты. Жалпысынан алганда калыстар тобунун мүчөлөрүнө суроолор реалдуу турмуштук кырдаалдан алынганы жакканын белгилөө мен үчүн да жагымдуу болду.   

Эмесе, жеңүүчүлөр менен таанышып коюңуздар:

__________________________________________________________

1-ОРУН: ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА 
2016; 2017; 2018; 2019; 2020-жылдагы сынактардын катышуучусу, финалист жана 2021-жылдагы сынактын лауреаты.
Нарын облусу, Ат-Башы району, Ача-Кайынды айылы, Ой-Терскен орто мектеби

Ыйгарылган сыйлык: Дүйнөлүк маданият борборлорунун бирине 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу жана эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

2-ОРУН: МИЙЗАМОВА СҮЙҮМКАН ИСРАИЛОВНА
Ош облусу, Кара-Кулжа району, Биймырза айылындагы Бөжөк Бегиев атындагы гимназия класстары бар орто мектеп

Эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

3-ОРУН: ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА
Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы №14 орто мектеби

Эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

____________________________________________________________

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана балдарга билим-тарбия берүүдө чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Дилбаяндары сынактын биринчи туруна кабыл алынган мугалимдердин баары сынактын катышуучулары болгондуктан, калыстар тобунун мүчөлөрү аларга КАТЫШУУЧУНУН КҮБӨЛҮГҮН тапшырды. Биз бардык мугалимдерге алардын маанилүү иштеринде мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.


МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ ЖАНА АРДАКТУУ МЕЙМАНДАР ЖӨНҮНДӨ

Турусбек Жумалиев, КР Эл артисти

Биздин сынактын калыптанып калган өзүнүн салттары бар. Биз аларды эстен чыгарбайбыз.

Музыкалык сюрприз. Адатта, фольклордук жанрга тиешелүү болбогон музыканттардын чыгармалары болот. Албетте, биз фольклорду аябай жакшы көрөбүз, бирок биздин сынакта элет жеринде оңой менен жаңырбаган жандуу музыка жаңырууга тийиш. Андан тышкары, мугалимдер менен өзүнүн искусство таанымы менен бөлүшүүгө даяр музыкант өз ыктыяры менен акысыз келет.

Бул жолу биздин мугалимдердин алдына ата-бала Жумалиевдер чыгышты.  

Турусбек Жумалиев Ромеонун монологун аткарып берди. Бул аябай таасирдүү жана өзгөчө болгону талашсыз, анткени биздин элеттик мугалимдер шаардык театрга Шекспирдин драмасын эл артистинин аткаруусунда көрүү үчүн атайын чыгынып келе албаса керек.

Ырчы Дмитрий Жумалиев

Дмитрий Жумалиев адегенде эки ырды: «Can’t Help Falling In Love» Элвис Преслинин (“Сени сүйбөй коюу мүмкүн эмес”) жана Муслим Магомаевдин “О море, море” (“Деңиз, деңиз”) деген ырын аткарып берди, андан соң суроолор боюнча Френк Синатрынын “My way” (“Өз жолу менен”) ырын ырдады.

Дүркүрөгөн кол чабуулар аткаруучунун мыктылыгын далилдеди!

Турусбек жана Дмитрий Жумалиевдер театралдык-музыкалык сюрпризибизди мына ушундай жогорку деңгээлде чын ыкласынан аткарып беришкендиги үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет.

Ардактуу мейман Мелис Мураталиев

Ардактуу меймандын сөзү. Биз дилбаяндардын темасы менен меймандар көтөргөн теманы бири-бирине айкалыштырууга аракеттенебиз. Быйылкы жылдын темасы: “Айыл интеллигенциясынын өкүлү катары мугалимдин ролу деп аталган эле. Ардактуу мейман катары белгилүү кыргыз таануучу, “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиевди чакырган элек. Анын темасы: “Жашоонун куту билимде” деп аталды.

Залдагы көрөрмандардын кызыгуусу арбын экени алардын суроолорунан байкалды, бирок тилекке каршы, убакыттын тартыштыгына байланыштуу кыскартууга мажбур болдук. Калыстар тобунун кээ бири анын мазмундуу жана бай тилин белгилешти, ал сөзүн аяктагандан кийин иш-чараларда, анын ичинде, университеттердин бирине жолугушууга келип, сүйлөп берүүсүн өтүнгөн чакыруулар болду, менимче, анын айткандары иш-чарабыздын темасына айкалышты. Мен Мелис мырзанын лектор катары кээ бир ораторлордой популизмдигинин артынан түшпөй, сөздүн маани-маңызын так жана жеткиликтүү жеткирүү менен бирге, барк-баасын ашырса ашырып, арийне, төмөндөтпөй ачып бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Абдылдаева Гульшан Кушбековна (микрофон менен), Кашыбаева Айнагүл Супатаевна, Калмамбетова Бактыгүл Маликовна

Бул жолу биздин иш-чарабызга КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Абдылдаева Гульшан Кушбековна катышты. Бул 12 жылдан бери (2011-жылдан бери) болуп келаткан сынактын тарыхында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү келип катышкан алгачкы окуя болгондуктан, бизге аябай жагымдуу болду. Гульшан Кушбековна залдагы катышуучулар менен амандашкан соң, жеңүүчүлөрдү жана сыйлангандарды куттуктап өттү жана ошондой эле республикалык “Мыкты мугалим” сынагынын алкагында башка номинацияларга кошулуп “Башталгыч класстын мугалими” номинациясы киргизиле тургандыгын билдирди.


ЫКТЫЯРЧЫ ЖАРДАМЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

КММАнын студенттери каттоодо

11-жолку “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын 1-туруна дилбаяндарды жана ага тиешелүү документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 26-августуна чейин болору жарыяланган эле, ал эми кабыл алуу план боюнча 2023-жылдын 28-февралына чейин болмок, бирок 2023-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

Узак мөөнөткө карабастан, дилбаяндардын басымдуу көпчүлүгү февраль айы башталгандан тартып, 2023-жылдын 10-мартына чейин келип жатты. Ушунчалык көп сандаган каттарды жана катышууну каалаган билдирмелерди кабыл алуу иштери мага оңойго турбагандыгын болочок катышуучуларга алдын-ала айта кетким келет. Анткени, код коюлган дилбаяндарды калыстар тобунун мүчөлөрүнө баалоого жөнөтөр алдында, алардын баары сынактын шарттарына дал келеби же жокпу, плагиатка текшерүү сыяктуу иштер жүргүзүлөт. Иштин бул этабында мен жардамчыларды тартамын, анткени, каттар өтө көп жана ирээтсиз тартипте келет, мисалы, бир катышуучу үч керектүү документти чогуу жөнөтпөстөн, үч башка жөнөтөт, кай бирде ар кайсы даректерден салып жиберет…

Бектур Данияров жана Асел Жумакова

Биздин калыстар тобунун мүчөлөрү жана алып баруучубуз да чын ыкласы менен жардам берип жаткан ыктыярчылар.

Бул жолу бизге катышуучуларды каттоо, техникалык колдоо көрсөтүү, уюштуруу маселелерин чечүү сыяктуу иштерде КММАнын кызматкерлери өтө чоң көмөк көрсөтүштү, мен ал тууралуу жогоруда белгилеп өттүм.

Упайларды каттоону жүргүзүү жооптуу ишин дайыма биздин ардактуу үй-бүлө мүчөлөрү — түгөйлөр Данияров Бектур Санжарбекович жана Жумакова Асель Адыбековна аткарат. Мен иш-чаранын жүрүшүндөгү уюштуруу маселелерин так жана өз убагында билгизбей аткаргандыгы үчүн Аселге өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Уюштурууга жардам берген эгиз сиңдим Гүзел Айтматовага, ошондой эле иш-чараны сүрөткө тартканы үчүн жолдошум Владимир Шварцка ыраазычылык билдирбей коё албайм.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР


Автору
Асел Даниярова

11-«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

 

Калыстар тобунун баасы боюнча 2022/23 окуу жылындагы сынактын 1-турунда эң жогорку балл алган 6 дилбаянды жарыялайбыз. Бардык дилбаяндарды котормосуз эле түпнуска тилинде гана жарыялайбыз. Бардык 6 дил баян кыргыз тилинде жазылган

 

 


2023/24-окуу жылындагы дилбаяндын темасы: 
АЙЫЛДЫК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ МУГАЛИМДИН РОЛУ 
Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

  • Теманын толук ачып берилиши
  • Негизги ойду ачык жана так баяндап берүү
  • Баяндоо стили (көркөмдүүлүгү)
  • Жазуунун сабаттуулугу
  • Тажрыйба бөлүшүү, иш жүзүндө андан ары колдонууга пайдалуулугу
  • Дилбаяндын темасына стандарттан тышкары ыкма жасоо

Ар бир критерий боюнча 5 баллдык шкала боюнча баа берилди


ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА
 Нарынская область, Ат-Башинский район, с. Ача-Кайынды, учитель средней школы Ой-Терскен
Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

План:
Алгы сөз
Өзөк сөз
Жыйынтык 

Интеллигент деген сөздү укканда дароо эле сүйлөгөн сөзү орундуу, жасаган иши сапаттуу, алган билимин башкаларга да бөлүшүүгө жан үрөп, коомдун бир кичине бурчу болсо да чоюп, жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, коомдон өз ордун тапкан адам көзгө тартылат. Көп учурда интеллигенциянын өкүлдөрү деп, билим алган адамдарды гана айтып келебиз. Бирок, менин жеке пикиримде, мындай эмес. Билим алып, аны туура, пайдалуу колдоно билсе, адам өз алдынча изденип, креативдүү ой жүгүртсө, ички жана тышкы маданиятын өнүктүрүп, адамдарга адилеттүү мамиле кылса, эң ириде өзүн сыйлап, анан, албетте, башкаларды да сыйласа, чыныгы өнүккөн адам болору анык. Күн сайын ачылыштар болуп жаткан биздин күндөрдө заман талабына ылайык, бир катар жаңы тенденциялар, жаңы жараяндар орун алып, жашообуз өзгөрүп жатат. Жашообуз менен биз, адамдар да өзгөнрүп, замандан артка калбайлы деп, алдыга умтулуп жаткандыгыбыз-жакшы саамалык. Мурда сабаттуу деп тек гана тамга таанып, окуганды билген жана жаза алган инсанды айтсак, азыр эми сабаттуулуктун да бир катар түрү чыкты. Алсак, финансылык жактан сабаттуулук, ишкерлик кылуудагы сабаттуулук, мамилелердеги сабаттуулук жана башка. Минтип, ар бир нерсе системалаштырылып, кылдат каралып жаткандыгы жакшы. Бул иштерди туура жана кеңири таркатууну колго алып алсак, коомубуздагы интеллигенттердин саны артары шексиз. Интеллектин бийик болушуна таасирин тийгизген бир катар факторлор бар. Анын бири (башаты деп айтсак дагы болот) мектеп, мектептин мугалимдери. Себеби алмустактан бери эле коомдун күзгүсү делип, дал ушул билимдүү агартуучулар айтылып келет эмеспи.

Айылдагы жашагандардын ичинен типтүү интеллигент – бул мугалим деп эсептейм. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат”- деген таамай айтылган накыл сөз бар эмеспи. Мугалимдер-чыгармачыл, сабырдуу, чыдамдуу, уюштургуч, таланттуу, көп кырдуу интеллигенттер. Ар бир инсан жашоосундагы дүйнө таанымын дал ушул мугалимдин жылуу көзүнөн, таамай сөзүнөн, жумшак колунан, жугумдуу тарбиясынан тааныган десек туура болор. Бүтүндөй өлкөнү башкаруу үчүн такка отурушкан президенттер, аалам сырларын ачкан окумуштуулар, илимий кызматкерлер, академик, доцент, космосту багындырган космонавттар, мыкты дарыгерлер, бизнесмендер, массалык маалымат каражатынын кызматкерлери ошол ийгилигинин башатын дал ушул айылдык жөнөкөй мектептерден, мугалимдерден алганы төгүн эмес. Анан айылдык мугалимди интеллигент, интеллигенциянын өкүлү деп айтпаганда кимди айтабыз? Албетте, жогоруда аталган адамдардын баары интеллигенциянын өкүлдөрү экендиги талашсыз.

Кыргыз журтчулугунда Айтматовдун Дүйшөнүнүн мугалим болуп келиши менен интеллигенциянын эң алгачкы пайдубалы түптөлгөн десек жаңылыш эмес. Байлардан калган атканада отуруп кат тааныган Алтынай Дүйшөн агайдын аракети менен атагы чыккан окумуштуу Алтынай Сулайманова болуп чыга келди. Анан Дүйшөндү интеллигент дебегенде кимди айтабыз. Туура, сөз айылдык интеллигенция жөнүндө болуп жатканда жалаң мугалимге басым жасоо туура болбос. Биздин айылда болгону үч мекеме бар. Алар: айыл өкмөтүнүн кеңсеси, айылдык медпункт жана Ой-Терскен орто мектеби. Менин атам мугалим эле, ыраматылык. Атамдын айтканы эсимде, Мырзалиев Абдалы деген киши бухгалтер болуп иштечү. Эртең мененки саат сегизде жумуш ордунда, саат бирде түшкү тамактанууда үйүндө, саат экиде кайрадан жумуш ордунда, беште жумуштан чыгат, бир мүнөт да ары-бери болбойт. Сааты жоктор Абдалынын ары-бери өткөнүн көрүп убакыт ченешчү. Чыкыя кийинип, кыска, так сүйлөгөн, мыкты кызматкер, чыныгы интеллигент деп айтчу. Демек, биздин айылда типтүү интеллигенттер, интеллигенциянын өкүлдөрү да бир топ десем, жаңылышпайм. Ал эми азыркы абал, жашоо-шарт такыр башка нукка бурулду. Айылдагы колу иш билген, билимге кызыккан жаштарыбыз борборго, чет жактарга кетип жатышат. Жашоонун мыйзамы, турмуштун ыргагы ошону талап кылууда. Анан кантип интеллигенциянын тобу өсүп келе жатат деп айтабыз? Жакын арада чечилет деп айтуунун өзү күмөн жаратат.

Кайрадан эле сөз мугалимге келип такалат. Отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй, “жок дегенде мугалим болуп аларсың” деген сыяктуу сөздөргө терикпей, айылда мугалимдер жашап, иштеп, кандай жумуш болбосун жүктүн оорун көтөрүп келишүүдө. Айылдын эли да кино-театрга барып, парктарда эс алып тургусу келет. Бирок кантип, ким көңүл бурат? Албетте, айылда интеллигенциянын жоон тобу өсүп чыгып турса, эң сонун болмок. Ал үчүн кана алар иштөөчү жай, алар алчу маяна?

Мен өзүмдү мугалим, интеллигенциянын өкүлү катары пессимизмге батып, кол куушуруп отуруп калбай, колунда бар классташтарым, өзүм бүтүргөн тың окуучуларым, мекенчил айыл тургундары, айыл башчысы менен бирдикте кеңешип, айылдын чок ортосуна заманбап маданият үйүн салалы деп долбоорлогонбуз. Кудай буюруп, бул максатыбыз ишке ашса, заманбап жашоонун бир бөлүгү, жаңы интеллигенциянын өкүлдөрү түзүлөт деп ишенем.

Окуучу деген бала, жаш муун, элдин эртеңкиси. Андыктан баланын туюму, дүйнөгө болгон көз карашы, адамдарга болгон мамилеси, ыпластыктан алыс болушу, баланын чыныгы адам болуп калыптанышына мектеп менен мугалимдин ролу өтө чоң жана так ошол биз сөз кылып жаткан интеллектуалдуу адамдардын жасаган ишинен түз көз каранды экендигин унутпашыбыз керек. Мына ушул жагдайда дагы мугалимдин ролу жөнүндө айтууга мажбурбуз. Интеллигенциянын сап башында сабаттуу, чыгармачыл, көз карашы курч, кенен болгон мугалимдер турат деп ишенимдүү айтса болот. Себеби, жети жашка толгон бала мектепке сөзсүз келе тургандыгы мыйзамдуу көрүнүш. Эгерде үй-бүлөсүнөн интеллигенттер болуп, туура жол көрсөтүп турса, биринчи мугалими өз принциби бар, потенциалы бийик, сабаттуу адам болуп, терең билим берсе, айылында акылы терең, таамай сөзү бар таасирдүү, адеби бар, маданияты ар бир кадамынан байкалып турган интеллектуалдуу адамдар бар болсо, келечекте менин айылым дагы заманбап, жаңычыл айылдардын бири болот деп ишенем.

Өзүмдүн кызым (окуучум дагы) мектепти “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” менен аяктап, артыкчылык менен бүткөн соң, жогорку окуу жайга өтүп, борборубузга сапар алды. Кызым биринчи экзамендерин тапшырып, кышкы каникулга үйгө келип, биринчи эле айткан сөзү — “Апа, мен көп нерседен артта калыпмын.”- болду. Буга аябай таң калып, эмне үчүн мындай дегенинин себебин сурасам, айрым заманбап билимдер, түшүнүктөр жөнүндө саймедиреп, аларды айыл жергесинде дагы жеткиликтүү кылуу керектигин айтып бергени эсимде. Ошол жылы кызым алгачкы ирет эки социалдык долбоорун ишке ашырды. Мына, жөнөкөй эле мисал, айылда “социалдык” деген сөздү бир гана өкмөт үйүнө, анда иштеген адамдарга тиешелүү деп кабыл алып, эзели ал үчүн баш катырбайсың да. Жок, тескерисинче, жапа тырмак киришип, жаш жеткинчектерге жол көрсөтүп, адегенде ошо кичинекей айылды, анан, бара-бара бүтүндөй мекендин өнүгүүсүнө өбөлгө болуунун эң жөнөкөй жолу колубузда экендигин түшүндүм. Андан сырткары, азыркы тапта лидерлик сапаттарды арттыруу боюнча миңдеген тренингдер, сабактар, китептер жазылып, түрдүү долбоорлор уланып келе жатат. Лидер десе эле, башкарып, буйрук берген адамды элестетебиз. Чыныгы лидер — коммуникабелдүү, уюштургуч, сөзү таасирдүү, иши үлгү, топту алдыга сүрөп, ийгиликке бирге жетүүнү максат кылган адам. Ошондой эле, адам ар түрдүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун билип, окуяга туура баа бергенди үйрөнсө, майда-чоң конфликттердин алдын алган болот. Эң негизгиси, адам өзүн, өзүнө таандык тандоолорду, чектерди, баалуулуктарды, кызыкчылыктарды билсе, аларды коргосо, көз карашын, ой жүгүртүүсүн кадыресе олуттуу кылып, калыптандырса, ички туюм менен сырттан алган билимди шайкеш кылууну үйрөнсө — ийгиликке өзү жетип, өзгөнү да жетелээри айгине. Тарбиячылар мындай жөндөмдөрдү арттыруу менен, келечек муунга өнүккөн коомдун татыктуу инсаны болуу өрнөгүн бере алышат. Мисалы, азыр мен кадимки ишембиликке да атайын тема тандап, окуучуларымды шыктандырып, алардагы жаратмандык сапатты өнүктүрүүгө далалат кылам. Негизи эле, кандай иш болбосун, сүйүү менен жасасак, сөзсүз түрдө мээнет дөөлөт менен кайтары шексиз. Куру сөзгө караганда, албетте, иш жүзүндө көрсөткөн маанилүү. Ушул себептен, ар бир сабагымды жандуу өтүп, кызыктуу кыймыл, акылды өстүрүүчү оюндар менен пампарасаттуу адамдардын санынын көбөйүшүнө салым кошсом деген дымагым күч. Ириде, билимин, илимин жайылтып, маданиятты, адеп-ахлакты биринчи орунга коюп, башкаларды үйрөтөм деген кайсы өкүлдүн, кайсы кесиптин ээси болсо да, ошол коюлуп жаткан талаптарга жооп бериши керектиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, мен да ден соолукту, ага жанаша эле жан соолукту өркүндөтүп, деңгээлин көтөрүү, дүйнө таанымды кеңейтүү, билим куржунумду толтуруу милдеттеримди аткарып, үзгүлтүксүз изденүүнүн түйшүктүү жолуна түшкөм. Ойлоп көрсөм, адам өмүрү жалаң эле ирмемдерден турат өңдүү. Ал себептүү, жакшы элестерде, жакшы иштер менен эскерилип, баскан изинен гүлдөр ачкан, элдин алкышына татыган жаран болууну максат кылам. Мендеги мындай сапаттар мугалимдердин чыныгы интеллигенция өкүлдөрү экендигин тастыктагандай болот.

Арийне, жасай турчу иштер арбын. Аларды сапаттуу жасоо — баарынан маанилүү. Ар кесиптин, ар тармактын өкүлү тиешелүү жумуштарын өзгөчөлүк менен, сүйүү менен аткарса, чыгармачылык кошуп, жаратмандыкка сугарса, коомдун алдыңкы, бейпил, бири-бирине кол сунган, иреттүү коом болуп, жалпы таасири жумурай журтка, калың калкка тез эле толкун болуп тарап, жакшы тарапка өзгөрүү болору анык.

Коомчулукту ээрчитип жол көрсөткөн, алдыга жетелеген, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан, жогорку адеп-ахлактуу, акылы тунук, билимге бай элдин коомдук катмары интеллигенциянын өкүлдөрү катары көп түрдүү жана тармактуу багыттарда өзүбүздүн элибиздин алдында инсандык милдеттерибизди толук аткарып, бири-бирибизге түртө салбай, жабыла бүтүргөн иш жакшы деп, жапа тырмак киришели. Интеллигенттери көп, идеяга бай, эркин ойлонуп, туура кадам жасаган, каталардан сабак алып, аларды ийгиликке буруп жиберүүнү билген, адамгерчиликти туу тутуп, адептүүлүктү биринчи орунга койгон, башкысы, коомдун, анын бөлүгү болгон элдин да кызыкчылыгын эске алып, өнүктүрүүгө талпынган адам катары, өзүн бардык жактан өнүктүрүүгө бел байлаган таасирдүү адамдарга бай, мартабасы бийик мекендин макамдуу жарандары болсок экен деген изги тилегим менен, сөзүмдү жыйынтыктайм.


НАЗАРАЛИЕВА НУРАЙЫМ АСКАРБЕКОВНА
Таласская область Таласский район с. Кеңеш, средняя школа им. Гүлай Орозалиевой

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

Өзүмдүн сүйүктүү айылымда,  үй-бүлөм менен 35 жылдан бери жашап,  мектепте 35 жылдан бери,  башталгыч класстын мугалими болуп үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатам.

Айылдагы типтуу интеллегенция өкүлү дегенде көз алдыма сүйүктүү устатым Орозалиева Гүлай эже тартылат.  Бул эже биздин айылдын Дүйшөн агайы эле.

Ушул айылда 1950-жылы башталгыч мектеп ачылып,  Гүлай эже түптөп иштеген экен.  Ошондо окуган балдар азыр 80ден ашып калган аксакалдар.  Арты 50дөн ашкан айылдын белдүү адамдары. 

Ошол Гүлай эжекебиздин таасири айылда ошол эле бойдон сакталып калган.  Ар бир чогулушта,  балдар менен жолугушууда,  ошол байкелер,  чон аталар: “Гүлай эже бизге туура жол көрсөткөн,  адам болушума чоң таасири болгон,  мектептен чыгып кеткенимде кайтарып келген,  шарты жогубузга дептер,  ручка,  ачкабызга үйүнөн тамак,  кийим алып келип,  окуткан эле.  “Эң негизгиси адам бол,  балам “- деп.  “Адам деген сөздү абдан бийик,  чоң тамгалар менен баалайт эле”- деп эскерип айтышат.

Азыр мектеп чоң мектеп болуп,  Гүлай Орозалиева эженин аты берилген.  Кыргыз эл акыны А. Токомбаев “Өмүр бизден өтуп кетсе,  эл эмгектен эскерсин” деп айтканы дал ушул Гүлай эже жөнүндө айтылгандай.  Мен да өзүмө ушул Гүлай эжени идеал тутуп иштеп келем.  Мектептин кире беришинде эженин чоң сүрөтү илинип турат.  Эртең менен кирип келе жатып: “Саламатсызбы,  эже!”- деп учурашам.  Кетип бара жатып,  “Эже,  бугүн сабагымды бешке өттүм”, -деп озүмө ыраазы болуп эжеге күлө карайм.  Кээде кандайдыр бир себептер менен,  окуучуларым түшүнбөй,  жеткиликтүү өтө албай калсам,  “Эже,  кечириңиз,  бүгүн сабагымды “3”кө өттум,  эртең ушул теманы кошумча өтөм “ деп эжеден уялып,  башымды жерге салып,  кечирим сурап өтөм.

Гулай эженин музейин ачайын деп,  үйүндөгү буюмдарын мектепке чогулттум.  Арасында окуучулардын дептерлери да бар эле.  Дептерлерди барактап отуруп,  бир дептердин ичинен кат таап алып,  абдан тан калдым.  Кол жазмасы мончоктой экен.  Бирок аты жөнү,  ай күнү жок,  бала неме убактысын койгонду ойлобосо деле керек. Кат эскирген. Эки- үч жерине суу тамгандай көрүндү. Демек бул эжемдин көз жашы. Жүрөк менен ыйлап жазган катты,  жүрөк менен ыйлап окубадымбы.  Ушул катты ошол бойдон көчүрүп келип,  ушул дил баянга киргизгим келди. 

“Менин сүйүктүү Гүлай эжем! Мен Сизди абдан сагындым. Сиз менен жолугушкан биринчи күндү сагынып,  озүңүзгө кайта келе жатам.

Бала кезимди эстегим деле келбейт.  Жылуу сөз укпай мээрим көрбөй чоңойдум. Чоң энемдин айтуусу боюнча мен апамдын ээрчип келген кызы экенмин.  Апам,  атамдар Казактарда иштеп жүрүшөт.  Чоң апанын кичүү баласы,  анын бала чакасы,  мен болуп жашайбыз.  Жарты курсак,  эски кийим,  көп жумуш,  заар тил.  Үйдөгү ызы-чууну,  чоң эненин бөлөксүнткөн заар тили,  мектептеги кыздардын шылдыңы,  кошпогон чөйрөсү,  апама болгон кусалык,  аларга болгон таарынычым менен жерге батпай,  өлүмдү эңсеп,  анын жолун издеп жүргөндө,  сиздин класска ордума калтырылдым. 

Эң арткы партада чүнчүгөн,  жүдөгөн,  сөөгүнө эти жабышкан,  эски,  тарыраак кийимчен мени доскага чакырып,  үй тапшырманы сурай баштадыңыз.  Эптеп чала –була бир нерсе сүйлөгөндөй болдум.  Класста кыраан каткырык.  Шылдың.  Бир гана сиз күлбөдүңүз. Боор ооруу менен мени карап турганыңыз али көз алдымда.  –Балдар эмнеге күлдүңөр? Эмнени туура эмес айтты? Менимче ой жүгүртүүң эң сонун.  Бир сүйлөм менен түшүндүрдүң”, — деп ашыра мактадыңыз.  Ошол күндөн менин жашоомо жашоонун ачык түс боегу башталды.  Эжекем мага күндөлүк берди.  Башында эки баракта бир күндүк өз убактысын жазган экен.  Кыраакы эжем мени бүгүн,  арманын төгүп,  ичин жеңилдетсин дегени го.  Мага берип жатып: “Сен ушуну улант.  Күнүгө жазып,  мага алып келип тур,  мага жардам бер.  Баштап алып бүтүрө албай жатам, убактым аз” — деди.  Менден эч ким жардам сураган эмес.  Буйрук гана беришчи.  Аябай сүйүнүп,  күнүгө кечинде үйдөгүлөр уктагандан кийин,  ыйлап күндөлук жазам. Эжейим алып ыйлап окуйт.  Мактайт.  Китеп берет, аны окуп кайра берем.  Ошентип мени адабиятты сүйдүрүп койду. Эми мен оор күндөрүмдү сезбей калдым.  Китептерим ааламга алып учат. Адабий китептерди көтөрүп жүрүп окуйм. Ошол каармандар менен жашайм.  Эжемдин эмгеги менен башка тарбияга түштүм.  Мал кайтарсам да,  талаада иштесем да,  бир колумда күрөк болсо,  бирөөндө китеп болуп калды.

Эми гана жан дүйнөм жылыганда,  кайрадан бурулуш болуп кетти.  Жаңыдан өзүмдү таап,  ал мектеп жылуу уям болуп келе жатканда кайра кетиш керек болбодубу.  Ата –энем ажырашып,  мен кийинки айылга тайнеме кеттим Ал жакта деле мурдагыдай эле ызы чуу.  Тайкенин арагы,  жетпеген жашоо.  Апам экөөбүз эки башка адамбызбы же алыстык жүрөктөрдү муздатканбы? Ал айылга көнбөй калганбы же намыстандыбы кайра эле Казакстанга кетип калды. Жаңылып жаралган өзүмдү түрткүнчүк эле сезип,  кайрадан татаал турмушта,  өз арабама түштүм.  Апама кал деп,  же мени ала кет деп жармашпадым. Мени ким укмак эле.  Апамдын жашоосунда ордум деле жоктой.  Мага деле баары бир болду.  Жарым жылдан бери кошуна мектепте окуп жатам. Көнө алган жокмун.  Жалгыздыктан кыйналып кеттим.  Таң эрте ойлонуп,  кайрадан өзгөргүм келди.  Өзүмчө алым жетпөөчүдөй.  Мага алтын эжемдин сүйүүсү,  мээрими,  кеңеши керек.  Келечекте сиздей мугалим болуп,  сиздей назик сүйлөп, ар бир окуучунун тамырын тартып,  ата-энеси бар, бирок өзун жетим сезгендерге,  мен сыяктуу мүнөзү оор,  эч кимге аралаша албаган,  туңгуюктагыларга энелик мээрим берсем деп кыялданып жүрбөдү белем.

Алтын эжем! Жаным эжем! Мен Сизге бара жатам! Кучагыңды ачып,  тосуп алчы, жаным эжекем ! Сиз менин акыркы үмүтүмсүз!”

Окуп алып,  көзүмдөн жашым мөндүрдөй жаады. Бул Гүлай эженин кайсы окуучусу,  азыр каякта,  кийинки тагдырын аябай кызыгып,  изилдегим келди.  Кайра – кайра үйүнө барып,  эженин буюмдарынан издеттирип жүрүп,  кыздын келечегин биле албадым.  Албетте,  ал атактуу мугалим же эл жазуучусу болду деп ишенем.  Мугалим болгонума сыймыктанып,  Гүлай эжени мурдагыдан да эмгегин баалап калдым.  Эжемди айылыбыздагы интеллегенция өкүлдөрүнүн көч башы,  билимге умтулган карапайым канчалаган балдардын булактын көзүн ачкан сыяктуу билим башатынын көзүн ачкан мугалим катары билем.

Мектепке жаңы келген жаш мугалимдерге,  сөзсүз түрдө Гүлай эженин өмүрү менен тааныштырып,  бул кыздын катын окууга берем.  Жана да Абу Али Ибн Синанын (Авиценна) айткан учкул сөзун айтам: “Өмурумдө көп жүктү көтөрдүм.  Бирок моюнга тагылган милдеттен оор жүктү көрбөдүм”.  Демек айыл ичинде мугалим деген кесипти тандап алган болсон,  анын күңгөй тескейине,  ысык суугуна кошо даяр болбосоң бул кесипти алып кете албайсың.  Айыл жергесинде жашаган элдердин түшүнүгү боюнча мугалим айылдын күзгүсү,  маданияттын эталону.  Мугалим туура эмес сүйлөөгө,  күлүүгө,  туура эмес кийинүүгө,  көчөдө өзүн бейадеп алып жүрүүгө акысы жок.  Себеби ал мугалим да.  Ал гана эмес мугалимдин балдары да бейбаштык кылганга,  сөгүнүүгө,  ачык жүрүүгө,  тамеки чегип,  ичүүгө акысы жок,  себеби ал мугалимдин баласы да.  Көп эле жерден угуп жүрөбүз “карагылачы өзү мугалим болуп туруп,  же эне — атасы мугалим болуп алып баласы минтип.  Демек,  мугалимдер кааласа,  каалабаса да интеллегент болууга милдеттүүбү жана өзүн,  үй – бүлөсүн ошого тете алып жүрүүсү керекпи?

Албетте азыркы социалдык тармактар өнүгүп турган маалда,  бирөөлөрдү тангалдыруу өтө кыйын.  Бардыгы акылдуу,  бардыгын билишет.  Бирок сүйлөшө келсең. жан дүйнөсү жарды адамдар өтө көп.  Ошол адамдар жаш балдарды туура эмес жолго баштап,  туура эмес тарбия берип жатышпайбы.  Ошол себептен да азыркы күндө бардык байлыктардан материалдык байлыкты алдыга коюп,  байлыкка умтулуп жаткан жокпузбу? 30-жылдардагы интеллегенция өкүлдөрү абдан күчтүү болгон экен деп койдум.  Касым Тыныстанов,  Төрөкул Айтматов,  А. Орозбаков,  Базаркул Данияров өздөрү билим алып,  өзүн өзгөртүп,  жана дээрлик кыргыз элинин бардыгынын аң-сезимин өзгөртө алышкан экен.  Алган билимин колдоно алышкан.  Ал эми азыркы кездеги интеллегенция коомго таасир бере албай жатат көрүнөт.  Азыркы адамзат үчүн баалуулуктар такыр башкабы? Коом мугалимдер жөнүндө эмне сөздөрдү айтпасын биз жаркын,  балким,  биз көрбөй кала турган,  өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн жандалбас уруп иштейли.  Өлкөсүн,  эли,  жерин,  тилин сүйө турган,  заманга шайкеш көп кырдуу атуулдарды тарбиялайлы.  Аткарып жаткан ишибиздин келечек үчүн потенциялын билели.  Аны жон терибиз менен сезели.  Ар бир баланын көөдөнүндө катылып жаткан талантты ачып чыгалы.  Аны кемчилиги менен жакшы көрөлү.  Аларды туура түшүнүүгө тырышалы.  Ар бир мугалим классынан бирден И. Раззаковдой атуулду тарбиялап чыгарсын. 

Гүлай эжекебиздин мектебине келген жаш мугалимдер менен ушул туурасында абдан көп ой толгоолорду жүргүзөбүз.  Интеллегенция өкүлү катары коомго салым кошолу,  айылдагы элди аркабыздан ээрчители,  жаш муунга баалуулуктарды түшүндүрөлү деп,  жалаң эле мектепте жигердүү эмгектенбестен,  айылдын элин өз артынан ээрчите ала тургандай деңгээлге жетели деп максат койгонбуз.  3жаш мугалимдерибиз,  агайларыбыз айылдык депутаттыкка коюшуп,  элден колдоо таап,  депутат болушуп,  айылдагы элдердин көйгөйүн чечүүдө жакшы саамалыктарды көрсөтүшүүдө.  Бир мугалим агайыбыздын долбоору менен спорт зал,  күрөш залы менен салынып,  пайдаланууга берилди.  Натыйжада көчөдө жүргөн балдар агайы менен бирдикте күрөшкө машыгышып,  айылдын эли бош учурунда ичкиликке,  эжелер ушак сөздөргө алаксыбай,  волейбол,  футбол командалары түзулүп,  ата апалары,  балдары куйөрман болушуп,  үй-бүлөнүн,  айылдын арасында ынтымак орноп баштаганы билинип жатат.  Мектепте иш чаралар, оюн зооктор өтүлө турган орду жок болгондуктан,  долбоор менен дагы бир мугалимибиз чакан топ түзүп,  иштеп,  мектепке улап,  актовый зал салышты.  Азыр ар түрдүү оюн зооктор өткөрүлүп,  окуучулар мугалимдер кызыктуу жолугушууларды уюштуруп,  ата — энелер убактысын мектепке көбүрөөк бөлүшүп жатышат.  Айыл ичинде көйгөйлөр болсо,  биздин мугалимдерге келип,  акыл салып,  депутат катары,  мугалим катары жардам берип жатышат.  Айылдын ар бир чогулушу жаш мугалимдердин жетектөөсү менен өтүп,  ар бир чогулушта айылдаштардын аң-сезимин,  материалдык байлыктан азыр руханий байлыктын жогору экендигин аз-аздан жеткиришүүдө. 

Алтыным Гүлай эжем,  урматтуу устатым эжем! Сиз сыяктуу айылымдын жүрөгүнөн орун алгым келет.  Сиз салган чыйыр менен бир жаңы агым келе жатат,  жаш мугалимдерден түзүлгөн жаңы көч келе жатат.  Сизди көргөн,  сизден таалим алган мугалим катары ушул көчтү жолунан адаштырбай,  тоскоолдуктарга мүдүрүлтпөй,  эл үчүн кызмат кыла ала турган мыкты күчтүү инсандардын билимдүү катмары башкача айтканда интеллегенция өкүлү кылып тарбиялап чыгам деп өз абийиримдин алдында Сизге убада берем!


РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА
Таласская область район Кара-Буура с. Чоң-Кара-Буура средняя школа им Мамата Акымбекова

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

Кыргыз элинде: «Атым калсын десеӊ бала окутуп, бак тик» деген сөз бар эмеспи. Андыктан улуу кыргыз элибиз бала окутууга, тарбиялоого өтө зор маани беришкен. Жогорку педагогикалык билими, диплому жок эле өзүнүн алысты көрө билген даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, кеменгерлиги, адамдарды туура сөзү, ак иши менен ынандыра билгендиги, калыстыгы, ыймандуулугу менен лидерлик сапатка ээ болгон адамдар эл ичинде мугалимдик милдетти аткарышкан. Андай адамдарды карапайым эл үлгү тутушуп, кастарлап, накыл кептерин көӊүлгө түйүп, артынан ээрчишип, урмат-сый көрсөтүшкөн. Алар балдардын мыкты адамдык сапаттарга ээ болушуна, мекенчил, адилет, кыраакы болуп эр жетишине зор салым кошуп, мекенибиздин бүгүнкү күнгө чейинки урпактарына сакталып калышына чоӊ роль ойношкон. Мындай адамдар кыргыз тарыхында жүздөп саналат. Мисалга алсак, Ысык-Көлдөн чыккан жети аке элдин эл болуп калыптанышына күйүп бышкан, келечектин камын көргөн адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, акыйкаттан тайбаган кыраакы өзгөчө феномендүү элдин куту болушкан.

Калыгул олуя менен Арстанбек баштап кеткен интеллектуалдык кыймыл—ушул күнгө чейин созулуп, алар сепкен үрөндөн, интеллектуалдык кыймылдан экинчи зор маанилүү доор—Агартуучулар доору келип чыккан.

Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров менен Касым Тыныстанов баштаган жоон топ окумуштуулар, Белек Солтоноев менен Осмоналы Сыдык уулу сыяктуу алгачкы тарыхчылар, Нурмолдо менен Молдо Нияз, Тоголок Молдо сыяктуу биринчи жазгыч акындар —журтубуздун төл башы агартуучулары, же болбосо улуттук тарыхыбыздын Агартуучулук доорунун залкарлары. Ала-Тоо койнунда жашаган калкыбыздын көзүн умачтай ачкан залкарлар, Чынгыз Айтматов жазып кеткен Дүйшөндөр, биринчи мугалимдер болуп саналышат. Дал ушулар биздин элдин интеллигенциясынын өкүлдөрү болушкан. Дал ушулар жогорку маданияттын, акылмандыктын, тарбиялуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Алар өзгөчө кесипкөйлөр катары айырмаланып, кыргыз элинин баалуулуктарын, өнөрлөрүн кийинки муунга өткөрүп беришкен.

Демек, интеллигенция өкүлдөрү байыртадан бүгүнкү күнгө чейин элибизди жарыкка үндөп, туура жолго жетелеп келет. Азыркы күндө да интеллигенттерден уучубуз кур эмес. Ар бир аймактын өз агартуучулары, интеллигенттери эл арасында өздөрүнүн милдетин аткарып келишет. Айылдагы интеллигенциянын өкүлдөрү деп мен мугалимдерди, медицина, укуктук органдардын, маданият, дин кызматкерлерин эсептейм. Дегеле коомдо акыл эмгеги менен иштеген мугалимдер, доктурлар, жазуучу, акындарды интеллигенттер деп эсептешкен эмеспи. Булардын ар бири кандайдыр бир деӊгээлде айылдагы жаш муундардын өсүп-өнүгүшүнө, адам катары калыптанышына таасирин тийгизип, салым кошуп келишет. Алардын катарында мугалимдик ыйык кесипти аркалаган агартуучулардын орду өзгөчө деп айта алам. Анткени мугалим балдарды тарбиялоого, жаш муундардын аӊ-сезиминин өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган ардактуу кесип. Келечек муунга акыйкат жолду көрсөткөн, ата-энеден кийинки эле ыйык адам. Ооба, мугалим дегенде биз ар дайым акыл айтып, ак сүйлөгөн, караӊгыны жарык кылган билимдүү адамды элестетип келгенбиз. А бирок азыркы ааламдашуу доорунда заманбап айыл үчүн мугалимдин ролу кандай, окуучулар үчүн мааниси барбы? – деген суроо туулат. Коомчулукта мугалимдердин кемчиликтери сындалып, массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынып жаткан учур. Мугалимге болгон сый-урмат эмес, сын-пикир көбөйүп турган мезгил болуп жатат. Ар бир окуучу, ар бир ата-эне окутуучуларды сындап, терс пикирин ачык эле билдирип, жадакалса социалдык тармактарга жарыялап жатат. Мунун эмнесин жашырабыз. Мугалим катары мугалимдин терс иш-аракети, окуучулардын мугалимди басынткан же сыйлабастык көрсөткөн учурлары тартылган видеолорду көргөндө зээним кейип, бирде намыстанып, бирде окуучуга нааразы болуп, бирде мугалимге нааразы болгонум чын.  Буга эмне себеп? Эмне үчүн коомго, балдарга таасир берүүчү мугалимдин аброю кескин төмөндөп, талкууда калды?

Менин жеке пикиримде азыркы күндө мугалим күн сайын жаӊы билим алып, жаӊыланып, өзүнүн үстүндө иштеп туруусу зарыл. Учурда окуучуну таӊ калтырып, анын урмат-сыйына ээ болуу оӊой-олтоӊ иш эмес. Демек, интеллигент болуу оӊой эмес. Азыркы z (зет) муун деп аталган жаӊы муун мугалимди изденүүгө, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, жаӊы билим алууга мажбурлайт. Мугалимдик тажрыйбамда бүгүнкү күндө зээндүү, өзгөчөлөнгөн окуучулар мугалимдерди заманбап мугалим жана эски мугалим деп экиге бөлүшөрүн байкадым. Муну менен мен мугалим эски, салттуу тарбияны таштап, таптакыр жаӊылануусу керек деп айтуудан алысмын. Албетте, окуучулардын азыр канатын кенен жайып өсүп келе жаткан технология менен кошо заманбап, жаӊы катмар болуп келе жаткан блогерлерден, коуч, тренерлерден, ошондой эле жеке ишкерлерден өзгөчө таасир алып жатканын байкоого болот. Эгер окуучу көп маалыматты билип, талдап, электен өткөрүп, заманга жараша өнүгүп жатса, анын эмнеси жаман? Бул жөнүндө кыргыз элим илгери эле «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп таамай айтып койгон эмеспи. Болгону ошол эле учурда мугалим андан дагы эселеп жаӊы билим алып, аны өз тажрыйбасына жуурулуштуруп, акылмандык менен окуучуга күчтүү таасир берип турса дегим келет. Азыркы заманбап окуучу билимдүү бирок тажрыйбасыз болсо, мугалим билимдүү дагы, тажрыйбалуу дагы эмеспи. Болгондо да z (зет) муундун психологиясын, эмнеге умтулганын, жан дүйнөсүн түшүнгөн, тарыхты мыкты билген, балдардын мекенчилдик сезимин ойгото алган, учурдагы заманбап илимдерди салттуу педагогиканын системасына салып, жуурулуштуруп жиберген кесипкөй мугалим накта интеллигенциянын өкүлү боло алат. Дал ушундай мугалим заманбап айылга керек. Анткени билим берүү мамлекеттин маанилүү тармагы. Элибиздин руханий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынат. Билимдүү, демилгелүү, өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүү мугалимдин милдети. Мугалимдер күчтүү болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө, бакубат, бай болуусуна түздөн-түз таасир этет. Азыркы окуучулар «өзүнө болгон бааны көтөрүү, өзүн сүйүү, мен эӊ жакшыга татыктуумун, мен мыктымын» деген сыяктуу коучтардын психологиялык сабактарына таасирленип жатканын байкоого болот. Ал эми мугалим ушул билимдерди туура колдонуусуна багыт берүүсү керек деп ойлойм. Бардык алынган билимдер мугалим аркылуу жетип, ишке ашат. Анткени мугалим – бул билими тереӊ көз карашы менен айырмаланган, айылдын гана деӊгээлинде эмес, дүйнөлүк деӊгээлде ой жүгүрткөн, жөн эле ой жүгүртпөй чыгармачылык менен иштеген интеллектиси бийик адам. Азыркы интеллигенттер жаӊы маалымат технологиясын өздөштүрүп, айыл жеринде болобу, коомдо болобу, интернет дүйнөсүндө болобу агартуучулук ролун аткаруусу зарыл. Анткени азыркы күндө балдардын чөйрөсү кеӊейди. Мурда окуучуларга үй бүлө менен мектептеги достору таасир этсе, азыр дагы бир күчтүү чөйрө пайда болду. Ал — соцтармактагы чөйрөсү. Ал эми чыныгы агартуучу, чыныгы интеллигенция соцтармакта да өз пикирин билдирип, туура жолго багыттап туруусу абзел. Оюмду Конфуцийдин: «Ким эскини алпештеп, жаӊыны аӊдап -билсе, андай адам мугалим боло алат» — деген сөзү менен бышыктагым келет.      

Интеллект бул- дүйнөнү түшүнүү, өзүн-өзү өркүндөтүү, кеӊири ой жүгүртүү, маселелерди чече билүү, чыгармачылык менен иштөө, коомчулукка оӊ таасир этүү эмеспи. Азыр педагогдук адистиги бар, кийин ишкер болуп кеткен, кийин жеке ишканаларды куруп, ар кыл тармакка жардам берген киши бизнес өкүлүбү, же интеллигентпи? Балким технология, массалык маданият өнүккөн коомдо такыр башка болушу мүмкүн. Мүмкүн ар бир инсан интеллигенциянын өкүлү болуш керектир. Айрым мамлекеттерде дегеле интеллигенция катмары деп бөлүнбөйт. Фермер болуп туруп дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар бар. Эки диплом алып, бирок эч нерсе билбегендер бар. Технология өнүккөндөн кийин, ар бир адам өз алдынча ойлонуп, өз алдынча өнүгүп келе жатат. Ал тургай элеттин кайсы бир жеринде отуруп алып онлайн форматында каалаган тилди өздөштүрүп, өнүгүп жаткандар бар.  Ошол технология дүйнөсүнө аралашкандан кийин өзүңдүн улуттук маданиятыңды, баалуулуктарыӊды сактап калуу үчүн күрөшүүң керек болот. Болбосо кадимки машина болуп калуубуз мүмкүн. Кыргыздын баалуулуктарына, биримдигине салым кошуп жаткан кимдер? Билим берүү тармагыбы? Аскер адамдарыбы? Же дин тармагыбы? Үч тармак теӊ коомду жарыкка чыгарат экен. Албетте, билим берүү тармагы негизги орунда деп ойлойм. Интеллигенттер коомдогу көйгөйдү байкап, коомчулукка алып чыгып, улуттук баалуулуктарды, маданиятты сактап калууга салым кошкон инсандар. Мен дагы айылдын интеллигенциясы катары жаш муундардын аӊ-сезиминин, кулк-мүнөзүнүн, көз карашынын өзгөрүүсүн баамдап, өз ичимден талдап, баа берип, жооп издеп келем. Азыркы муун психологиясын изилдеп көрүүгө жана аларга туура жол көрсөтүүнүн ыкмаларын өздөштүрүүнүн үстүндө иштеп жүрөм. «Азыркы жаштар ыйманы жок, тайманбайт, өзүмчүл ж. б. » деген нааразычылыктарды да угуп жүрөм. Бирок нааразы болуунун ордуна аларга туура багыт берип, колдоо көрсөтүү жакшы натыйжа берерин түшүндүм. Азыркы окуучуга көндүм болуп калган шаблон сөздөрдүн кереги жок. Тарыхта «Элди агартам» деп күйүп бышкан адамдар чыкканын билебиз. Алардын бири Ахмед Ясавий деген адам болгон. Ал окуучуларын ээрчитип кетип бара жатып: “Эгерде сен алың жетпей кайсы бир жерден токтосоң, ошол жерди өнүгүп өстүр” деген экен. Ушуну накта интеллигенция деп ойлоп калдым. Биз болсо мындайларды көбүнчө айылдардан көрүп жүрөбүз. Айылда жашаган элет адамдарынын ар бири деңгээлинин жеткенине жараша тиричилик кечирип келишет. Кай бири дыйканчылыктын майын чыгара иштешип, мол тʏшʏм алышып, ʏй-бʏлɵсʏн камсыздап жатышса, кай бири мал чарбачылыгын ɵнʏктʏрʏп, эт, сʏт азыктары менен ɵзʏн эле эмес, башкаларды дагы канааттандырып жатышат. Соода тармагына ɵтʏп кеткендери да, билим алуунун жогорку деңгээлине жеткендери дагы жок эмес. Муну менен мен эмнени айткым келди? Билим алуунун жолунда кайсы жерге жетип токтоп калсаң, ошол жерден артка кетенчиктебей ошол жерди гʏлдɵтʏʏ , ошол жерди изилдɵɵ акыбетин берет деп ойлойм.

Дилбаянымдын жыйынтыгында айтарым-заманбап мугалим кʏн сайын жаңыланып, кырдаалга жараша ɵнʏккɵн, бардык балдарга келечектин жарык экенин тʏшʏндʏрɵ билген таасирдʏʏ инсан болушу абзел. Окуучуларды мекенин сʏйгɵн, улутумдун тʏркʏгʏ болом деп кʏйʏп-жанган патриот кылып тарбиялоо ар бир мугалимдин милдети болсо деп ойлойм. Интеллигенциянын ɵкʏлʏ катары кесиптештериме кайрылуу менен аяктагым келди: Ылдамдык менен ɵзгɵрʏп жаткан, бʏгʏнкʏ ааламдашуу доорунда ар кандай кыйынчылыктарга моюн сунбай, коом менен бирге ɵнʏгʏп, келечек муундарга талыкпай билим-тарбия берип, чыгармачылык, изденʏʏчʏлʏк менен ак эмгек кылалы!


ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА 
Иссык-Кульская область Тонский район с. Кара-Талаа средняя школа им Болота Алакова №14
Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

І Киришүү

Кыргызстандын бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинен орун алган Кара-Талаа айылы — мен үчүн куттуу жер. Себеби, үй-бүлө күтүп, турмуш жолуна аттанып, бала-чакалуу болуп, сүйүктүү мугалимдик кесиптеги эмгек жолумду мындан 38жыл мурун ушул айылдан баштагам. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей узак жыл бою, жаш бөбөктөргө билим-тарбия берип келем. Кесибимди сүйүп берилгендиктен көптөгөн ийгиликтерге, жетишкендиктерге жеткениме сыймыктанам.

Жол жээгинде кырка тизилген теректер айылга көрк берип, кооздоп турат. Чон жол боюндагы ак мектеп-менин экинчи үйүм.

Күндөгүдөй эле мектебиме ашыгып, энесин күткөн баладай, эшик алдында тосуп жаткан окуучуларым көзүмө элестей, жолго чыктым.

Кеч күз болгондуктан, аба суук тартып турат. Айылымдын таза абасын кере жыттап, дайыма баскан изим менен мектепке жакындап келе жаттым. Көл тараптан соккон сыдырым жел –теректин жалбырактарын туш келди түшүрүп жатты. «Менин мөөнөтүм бүттү» дегендей, каалгый түшкөн сары жалбырактар коштошкондой түр менен жерге ыргалып түшүүдө. Ушул көрүнүштү көрүп, мен: — «Эх мына дагы бир күз бүттү, демек бул жыл да аяктап баратат» -деген оюм менен алга карай кадамдадым.

Аңгыча жолдун аркы өйүзүнөн тамашакөй келинимдин: — Оо интеллигент жеңе жакшысызбы?» -деп шаңк эткен үнү оюмду бузду. Саламына алик алып, ыраазы боло жолумду уладым. Ɵзүмчө жылмайып алдым. Учурашуунун көп түрү бар эмеспи. Кээде өзүңдөн улуу адамдардын «Эжей» деп кайрылып калган учурлары бар. Ушундай учурашуусу-мугалимге болгон ызааты деп билем. Бир эсе сыймыктанасың, ыраазы болосуң.

Мына ушул сыймыктанып келген мугалимдик кесипти тандап алышыма багыт берип, мен үчүн үлгү болгон-бул менин апам — Мамбетова Айша эле.

Ар дайым таза, тыкан кийинип, чачын сыйда тарап, сумкасын алып үйдөн чыгып бара жатканы дайыма көз алдымдан кетпейт. Жан дүйнөсү бала деп согуп, өз кесибин мыкты билген, окуучу, мектеп дегенде «ичкен ашын жерге койгон» апам бар эле…Сабагын эң кызыктуу өтүп, түйшүктүү күндөрдө да кабагым-кашым дебей, тамашакөй мүнөзү менен тил таба билген күчтүү дарамети, адамгерчилик бийик сапаты, эң негизгиси — окуучуларыны сүйүктүү эжейи эле. Айыл эли, кесиптештери сыйлап, урматтап турушаар эле. Ошол «союз» кезиндеги «интеллигент» деген сөзгө татыктуу эжей деп-менин да ал кездеги балалык баа берүүм эле. Мен үчүн мугалимден кадыр-баркы бийик адам жок эле. Билим тарбия берүү менен гана чектелбестен, мектептен чакан аянтча бөлдүрүп, жашылчанын түрүн айдап, сугарып, сабагында практикалык иш катары колдонуп, эбегейсиз түшүм алышчу эле. Көрсө окуучуларды эмгекти сүйүүгө да тарбиялоочу экен. Көптөгөн сыйлыктарга жетишти. Мына андан бери көп жыл өтсө дагы жогоруда айтып кеткен эскерүүлөр –мага сабак, үлгү болуп келет.

ІІ Негизги бөлүк.

«Интеллигент жеңе» -деп жогорудагы шайыр келинимдин мага кайрылган саламы, ушул сөздүн мааниси эмнеде экени жөнүндө ойго салды.

Интеллигенция-латын тилинен алынып, «акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон» деген кыргызча маанини берет. Бул элдин арасынан да-акыл, эмгек менен кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан коомдук катмар. Ал эми билимдүүлүк бул сапаттардын баардыгын байытат.

Интеллигенция-коомдун түрдүү катмарларынан жана таптарынан алынат. Анын жогорку катмарлары: башкаруу, илимий, аскердик элита болсо, төмөнкү катмарлдарына: мугалимдер, медицина кызматкерлери, контролдук кызматкерлери кирет.

Демек биздин чакан айылыбызда «эмгекчи» табынын чон отряды жашап жана эмгектенип жатканына күбөбүз. Айылыбыздын өнүгүшүнө, адамдардын ден- соолугуна биздин келечегибиз болгон-жаш муундардын билимдүү болушуна, эмгегин жумшап, салымын кошуп иштеп жаткан эмгекчилер тобу бар деп айта алам.

Типтүү интеллигент деп эсептеген адам катары-мен өзүм сыйлаган устатым, ардагер агайым-Кусеин Керимкожоев деп сыймыктануу менен белгилегим келет.

Алгач студент кезинен эле өзүн уюштуруучулук жөндөмү, терен билиминин негизинде комсомолдук иштерди жетектеген учурдан баштап, катардагы мугалимден, завуч, директор баскычтарынан өтүп, райондук билим берүү жетекчилигине чейин татыктуу иштеп келген. Акыркы жылдары 60 жаштан өткөн убакка чейин өз мектебинде окуучуларга билим-тарбия берүү менен мектеп жамаатына, өзгөчө жаш мугалимдерге акыл кенешин айтып, методикалык жардамын берип келди. Бир нече мугалимдерди «Жыл мугалими» конкурстарына даярдап, район, область, республикалык деңгээлине чейин сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келишти.

Мектеп эле эмес, айылдын Ак сакалдар Кеңешин жетектеп, өзүнүн калыстыгы менен далай көйгөйлөрдү чечип, элди ынтымакка үндөп келди. Чон масштабда «Кудайменде -300» тоюн уюштуруп, элдин алкоосуна татыды. Улутубуздун көөнөрбөс мурастарын аздектеген адам эле. Жылда «Нооруз» майрамдарын уюштуруп, кыргыздын түрдүү каада салттарын алып чыгуу менен майрамдын маанисин ачып берээр эле. Улуттук кийим менен элибиз улуттук тамак-аштардын түрүн алып чыгып, ыр, бий менен коштолуп турчу. Элибизди тек таануу боюнча «Санжыра» деген китебин жазып, таанып билүүлөрүн арттырды. Ɵз калеминен бир нече ыр жыйнактарын да жазып жетишти.

Мына-мугалим бир гана билим берүү менен чектелбестен, ар тараптуу, уюштуруучулук жөндөм шайкеш келсе, эл үчүн көп эмгек кылаарына көзүбүз жетип, кийинкилер үчүн үлгү болор деп ойлойм.

Тескерисинче кээде кара сумканы карууга илгени менен, эптеп эле сабагын берип ал сабагы максатына жетпесе, кирип чыгып 45 мүнөтүн өткөрүп, кийген кийими мугалимдин жүзүн ача бербеген, сүйлөө маданияты тайкы, (арасында «жаргон» сөздөр) окуучуга мамиле кыла албаган мугалимдер да кезикпей койбойт. Ошол «мугалим» атын жамынып, баланын келечегин «балталап» жаткандар мугалим атты кара көө менен булгап жатышат. Демек, ал-мугалим болушу мүмкүн эмес.

Жогоруда мен сөз кылып кеткен агайымдын эмгектери үлгү болсо экен деп ойлойм.

Мугалимдин дүйнө таанымы, интеллектуалдык потенциалы, оптимисттик көз карашы мамлекеттин келечегин аныктайт. Ошондуктан кайсы заманда жашабасын-ошол доорго жараша мугалимдин образы түзүлүшү шарт.

Мугалим кийген кийими, сүйлөгөн сөзү педагогикалык этиканы сактай билген, кесибине болгон мамилеси, жаны муундагы технологияны илгертпей үйрөнгөндүгү, адилеттүүлүгү, окуучуну уга билүүсү, сабырдуулугу болуу кажет.

Ɵзгөчө сабырсыз, өзүнө кармана албаган мугалим-окутууда өзү каалаган натыйжа ала албай, окуучулардын жек көрүүсүнө айланат. Ошондуктан мугалим-мамиле куруунун да устаты болуш керек.

Мугалимдик кесип менен интеллигенциянын байланышы бар экенин жогоруда айтып өттүк. Башталгыч класстын мугалими болуп иштегендиктен-бул жаны көзү ачыла элек, баео сезими, жүрөгү таза жаш бөбөктөрдүн билим пайдубалын түзүүчү экенибизди жакшы түшүнөбүз. Баланын адам болуусуна багыт берүүчү-шам чырак боло турган-экинчи энебиз. Сенин сүйлөгөнүң, баскан-турганың, керек болсо аны мактап, башынан сылаган колуң-ал үчүн жылуу жана назик болушу керек.

Билим берүүдө ар бир сабагын да жеткиликтүү, түшүндүрүп, булактын көзүн ачкандай, улам жаңы түшүнүктөр менен таанып билүүсүн өнүктүрүп отуруп, төмөндөн жогору тепкичтерге кадам шилтетип отурабыз. Эгер сабагынан кыйналса же түшүнбөсө-ошол «точканы» таап, аягына чейин аракет кылып, ал бала жакшы окуучуга теңелип, жетишип, жүзү нурга толгон сүйүнүчүн көрүү-мына бул-мугалимдин жетишкендиги. Албетте, бул чоң эмгек. Түйшүктөнөсүң, чарчайсың… «Жакшы мугалимдин жан дүйнөсү чарчабайт» деген сөз бар. Чарчаса да эртеси эле мектепке барып, балдарын көргөндө бир сыйкырдуу күч-кубатка ээ болуп, жанданып, чарчаганы жазыла түшөт. Балдарынан дем-күч алып, жан дүйнөсү жашарат. Бул-өзүнчө бакыт. Мугалим болуу өтө кыйын. Аны мугалим болуп кесибин сүйгөн адам гана билет.

Башталгыч класстын мугалими-бул биринчи мугалим, бул-Чынгыз Айтматовдун повестинин баш каарманы. Баланын көзүн ачып, көңүлүн таап, экинчи апанын ролун аткарып, жашоонун түйүнүн чечүүсүнө багыт берген бийик адам.

Мектептин босогосун жаны аттап, биринчи коңгуроонун дабышы менен, биринчи «А» тамгасын таанып, мектеп турмушун аттаган ар бир бала күндөн күнгө жаны билимге сугарылып келет.

«Мугалим-күн нурундай чачылса, Окуучусу-гүлдөй болуп ачылат» -бул накыл сөздө айтылгандай, канчалык балага мээримди төгө билсең, жыйынтыгы ийгиликтер менен коштолот.

А. А. Сухомлинский: «Баланын жан дүйнөсү-ак барактай таза» -деген. Ошол таза дүйнөгө болгон билимди, адепти, ыйманды, баалуулуктарды таза сиңирип, талыкпай эмгектенүүбүз керек.

Эң мыкты тажрыйбалуу мугалим-өзү иштеген жамаатынын таянаар тоосу, жаштардын устаты. Ар кандай кырдаалда акыл-кеңешин айтып, жардамын берип турат. Кээде билим берүүдөгү өзүнүн башынан өткөн окуялардан мисал келтирип, же болбосо чыгармачылык менен түрдүү методдорду колдонуп өткөн сабактарына катышып, жардам алган жаш мугалимдерди көрүп, аракетине ыраазы боло, келечегине үмүт артам. Эмнеден аксап жатканын билип, сунуш айтсаң, кемчилигин оңдоп, жыйынтык чыгарып, жаны нерселерге багыт алганын көрүп сүйүнөм.

Жакында болуп өткөн Элдик Курултай биздин мектептен да тарых мугалими Исмаилова Атыркүл эженин делегат болуп катышып, билим берүү тармагы боюнча омоктуу ойлорун ыйык трибунада сүйлөгөнү-баарыбызды кесиптештерди, айыл элин сыймыкка бөлөдү.

«Узакка акчу суунун уруунаар ташы көп». Бул түйшүктүү кесипте не деген кыйынчылыктар кездешет.

СОVID 19 пандемиясы жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү билим берүү системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарбадыбы. Аралыктан сабак өтүүдө мугалимге гана эмес, ата-энеге бир топ машакатты алып келди. Мугалимдин баркы, баасы мына ушул кезде билинди. Ата-энелерди стресске алып келди, мугалимди колдоо керектигин түшүнүштү.

Тез арада маалымат коммуникациялык технологияларды өздөштүрүү талабы коюлуп, жаны окутуу форматына өтүүгө туура келгенин түшүндүк. Бирок ошол эле учурда аны жеңе билип, көп аракетти жумшап, онлайн сабактарын видео аркылуу чагылдырып өтүп жаттык. Ɵзгөчө биздин жаны эмгек жолун баштаган жаш мугалимдер Алымкул к. Назгүл, Жумалиева Гүлмиранын биринчилерден болуп өздөштүрүшүп, кызыктуу сабактарды өткөндөрү жалпы жамаатты ыраазы кылды, аракеттерине баа бердик.

Муну менен чакан мектебимде кесибин сүйгөн, чыгармачыл мугалимдер бар экенине бул бир гана үзүмү экенин сыймык менен айткым келди.

Айыл турмушунда интеллигенциянын ролу зор деп эсептейм. Себеби мугалим-коомдун ишенимдүү адамы. Окуучунун жүрөгүнөн түнөк таап, алган билими менен оозантып, дүйнө таанымын өстүрүп, талыкпаган эмгегин арнап, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялай алса, элине, коллективине кадыр-барктуу болуп, эң негизгиси-окуучусунун сүйүктүү мугалими болсо, мына ушул жетишкендиктер бийик нерсе деп эсептейм.

Интеллигенция өкүлдөрү буга чейин эле көп кыйынчылыктарга туш болгон. Буга Чынгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими”-Дүйшөндү эле алалы. Билимге жол салган чыныгы мугалимди ал кезде эч ким баалабаса, азыркы заманда мугалимдер “идеал туткан, жол баштоочу, мыкты инсан” экенин баалап келебиз. Ч. Айтматовдун генийлиги: чыгармасы аркылуу мугалимдин абалын ачык берген.

Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылда Кыргызстанда мугалимдердин социалдык абалында жарытаарлык өзгөрүү же алга жылуу деле болгон эмес. Аз айлык мугалимдердин күнүмдүк жашоосуна гана оордук алып келбестен, коомдо да көйгөйлөрдүн жаралышына себепкер болду. Ал мектепте окуучулардын билим сапатынын кескин төмөндөп кетиши айрым мугалимдердин башка кесипке өтүп кетиши болду.

Андыктан азыркы бийликтин айлыкты көтөрүү аракети, өз убагында көтөрүлгөн –мыкты чечим болду. Эзели материалдык жактан жарыбаган мугалим-азыр капчыгы толуп, көөнү да ток болуп, иштеген ишине, окуучуларга карата ишеничи ого бетер артып, кубанып турган чагы. Айлык маянанын жогорулашы менен педагогдун кесибинин баасы, баркы жогорулайт. Мындай арымдуу аракет-мугалим болом деген кыялдарын ишке ашыруусуна жол ачты.

Президентибиз Садыр Жапаров: “Чыгармачыл мугалимдер гана күчтүү муунду тарбиялайт. Мен азыркы жаштарга мектеп мугалими болуп иштениздер!-деп айткым келет”-деди. Ɵнүгүү-замандын талабы. Көтөрүлгөн айлыгыңыздардын жарымын- өнүгүүгө, чыгармачылыкка жумшаңыздар!”-деген сөзү-бизге, мугалимдерге ишеним артып жатканын билдирет.

Мурунку билим берүү министри Каныбек Исаков:”Мугалимдер менен биздин жашообуз мазмундуу, коомубуз туруктуу, келечегибиз жарык”-деп айтып кеткен сөзү жүрөгүбүзгө дем берет.

Кыргыз педагогикасынын тирүү легендасы-Кыргыз Республикасынын эл мугалими-Бектур Исаков-кыргыз журтчулугунун сыймыгы, чыгаан педагог-мугалимдерге үлгү болуп келет. Педагогикалык табылгалары, ачылыштары, окутуу технологиясынын жанылыгы, гуманизми, окутуудагы реформасы-элибиз үчүн зор иш болду. Анын мугалимдик тажрыйбасы, педагогикалык илимине сиңирген эмгеги өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө бир жаны доорду ачты десек болот. Окутуунун инновациялык технологияларын эң эрте баштап, анын натыйжалуулугуна жеткен залкар мугалим болду. Агайдын эмгектери-мугалим, студент, окуучулардын колдон түшпөгөн окуу китебине айланды. ”Манас” сабагы китеби-окутуудагы табылгыс эмгек болду. Бул эмгектер-чыгаан, татыктуу мугалим болууга чоң стимул болот.

Чыныгы интеллигенциянын өкүлдөрү-окуучулар үчүн мааниси өтө чоң нерсе. Жогорудагыдай инсандар бир жаралат да, кийинкилерге:-“Ушундай болууга умтулгула!”-деген өрнөк таштап кетишет. Миллиондогон соңку урпактар идеал тутушуп, ал кишиче ондолуп, ал кишиче түздөлө берет.

Ɵркөнү өскөн элдер мындай туу тутаар адамдарынын өмүрүнөн эбегейсиз чоң таалим-тарбия берээр күчтү таап чыгат. Жер астындагы кендер түгөнөт, бирок өмүр үзүмү үлгү болор кишилерден алган таалим түгөнбөйт. Улам жакшы нерселерди калпып алып отурган сайын, дагы жаңылыктарынын терең жактары чыга берет.

Мыкты мугалимдердин иш тажрыйбаларына шыктанып, өзгөчө жаш мугалимдерге күндүн нурундай жарык берет.

Ошол эле учурда мугалимдерди жамандап, беделин түшүргөн учурлар да кездешпей койбойт. Социалдык тармактардан айрым окуучуларды угуп, көрүп жүрөгүн ооруйт. Окуучуну урушуп койгону үчүн, жумуштан алып соттошууга чейин барганына кейийсиң. Ошол тентекти анда башынан сылаш керекпи? Баланын келечекте текеберликке жетелеген бул кылыгы-ата-энесине кийин жүк болоорун-кыйкырып чыккан ата-эне кийин кеч түшүнөөр. ”Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат эмеспи”.

Ата-эне менен биргеликте иштөө (бала, мугалим, ата-эне үчилтиги) айкалышканда гана коомго пайдалуу инсанды тарбиялай алабыз. Бирдиктүү кызматташууда гана көп ийгиликтер жаралат.

Ч. Айтматов: ”Мугалим-жакшылыктын энеси”-деп айткан. Баланы ата-эне менен бирге жакшы нерселерге жетелеп, тарбиялоонун багыты ийгиликтерге алып келген келечекти калыпка салган кеменгер бололу.

ІІІ Корутунду 

Л. Толстой: “Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал-мыкты мугалим”-деп айткан. Ар дайым балага жылуу мээримин, шооласын чачып, билим менен сугарып, улутубуздун келечеги үчүн талыкпаган эмгегин арнаган мугалимден келечекте мыкты инсандар көп чыгышын тилейбиз.

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары-мугалимдин ролу-өтө зор. Окуучу эле эмес, айрым түрдүү катмардагы адамдарга сапаттары, жүрүш-турушу, сүйлөө маданияты, тазалыгы, тактыгы жана албетте билими менен өзгөчөлөнүп, кадыр-баркка жетишүүсү-бул кесибибиздин жемиши.

Ары түйшүктүү, ары жемиштүү, ошол эле убакта ардактуу кесипти, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдеринин-мектептеги пайдубалын түзүүчү катары, ошол эле баланын-биринчи мугалимине жараша болору айдан ачык.

Мен да көп жылдык мугалимдик кесипти аркалап, далай түйшүктүү күндөр, талыкпаган эмгектин натыйжасында ар кандай сыйлыктар, ондогон грамоталарга ээ болуп, “Билим берүү отличниги” төш белгисин тагындым. Алдыңкы окуучуларым Кыргызстандын ар кайсы бурчунда жогорку билими менен  эмгектенип жатышат, алар өтө эле көп. Бир мисал-Жоомартмырза Марат уулу деген окуучум, Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгында 222 балл алып, Кытай мамлекетинин Гонконг шаарында “Компьютер илими адистигинде окуп, азыр Австралия мамлекетинин Сидней шаарында окуусун улантууда. Бардык окуткан окуучуларымдын аманчылыгын тилеп, бакыт каалап келем.

Интеллигент адам төгөрөгү төп келип турса, балага булактын көзүн ачып бергендей мамилесин арнаса, билими менен окуучусунун жүрөгүнөн түнөк табат. Мындай улуу адамдардын өмүрүнүн ар бир мүнөтү, кеп сөзүнүн ар бир ыргагы, баскан турганынын ар бир кадамы кийинки муундар үчүн үлгү, өрнөк.

Мугалим  өз жан дүйнөсүн таанып билген, өзүнүн оң жана терс сапаттарын иликтеп, тактап, аларды өзүнүн инсандык өнүгүү жолуна багыттаган, жетелеген адам болушу зарыл.

Чыныгы мугалим-элге жагымдуу сөзү менен кайрылып, акыл сезимин ойготкон, акыл менен жашоонун көркөмдүгүн көрсөткөн, жаркын жашоого балдары аркылуу зор кызыгуусун ачкан чыныгы интеллигенттер болсо гана-азыркы жашообуз, келечек багытыбыз жакшы жагына өзгөрөт.

Мугалимдик кесипти сүйүп, иштеп жаткан жаш мугалимдер-силер коомдун күзгүсү болооруңарды унутпагыла! Чыныгы мугалимдерди жараткан кыргыз топурагына таазим кылып, кыргыз элиме ыраазымын. 


МИЙЗАМОВА СҮЙҮМКАН ИСРАИЛОВНА
Ошская область район Кара-Кулжа с. Биймырза средняя школа с гимназическими классами им Бөжөка Бегиева 

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу 

Жашоо керемет!!! Жашоо кызык. Жашоо айлан-көчөк. Ар дайым угуп жүргөн кулагыбызга көнүк сөздөр, бирок маанилүү. Анда сөз башынан болсун дегендей.

Кечээ “Биринчи мугалим 2023” сынагына катышуу үчүн сунуш түштү, алгач темасына көңүл бурдум, окудум да дароо ууртума жылмаюу келди. “Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу”аттуу тема аруу балалыгымды эске салды. “Интеллигенция”, “Мугалим”, ”Интеллигент” бул сөздөр менин жашоомдо экинчи жолу бири-бири менен байланышып кездешүудө. Жашоо айлан-көчөк! Туура!

Анда мен 4-5-класстын окуучусу болчумун. Кыргыз тили сабагынан Өмүр баян жазуу тапшырма берилди. Адаттагыдай үй тапшырмасын апама көрсөттүм, анткени ал мектепте кыргыз тили мугалими болуп эмгектенчү. Унчукпай көңүл коюп окуп чыкты да, “инттеллигенттин үй-бүлөсүндө туулгам” деген сөздү “жумушчунун үй-бүлөсүндө” деп алмаштырып кой деп айтты.

— Хм, эмнеге? дедим көзүмдү алайта, -менин атам инттелгент эмеспи? 
-Жок, кызым сенин атаң айдоочу да, ошондуктан жумушчу деп жазышыбыз керек.
-А сизчи, мугалимдер интеллигентпи? 
-Ооба.
-Анда эмнеге мен интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөм деп жазбашым керек?
-Анткени үй-булөнүн башчысы ата болот.
-Аа. . .

 Хм, анда эмне үчүн мугалимдер интеллигент, айдоочу интеллигент эмес. . .

Мына ошол кундөн баштап “интеллигент” деген ким?, ал эмне үчүн интеллигент деп аталат, башкалардан айырмачылыгы эмнеде? деген сыяктуу суроолор менин тынчымды ала баштады. Эмне үчүн деген менин суроолорума апам китептерден изде деген жоопту айтты. Ошентип үйдөгү жана китепканадагы китептерди окуй баштадым, китеп окуу хоббиме айланды. Интеллигент деген ким деген суроомо жооп таптым.

Интеллигенция-латын тилинен алынган, бизче акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, акыл эмгеги менен маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин коомдук катмары. Коомдун бул катмарына башкаруучулук, аскердик, укуктук-сот органдары, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана маданият массалык маалымат каражатынын кызматкерлери кирет. (Интернет булактарынан:Wikipedia)

Совет учурунда тарбия берүүчүлөр инттелигенттер болуп келген. Анткени алар коомдук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошушкан, себеби жумушчулар китеп окуганга өздөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Демек, интеллигент коомдун өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жогорку маданияттуулугу менен, жогорку акыл эмгеги менен таасир тийгизе алган адам. Мындай идеалдуу адамдар биздин тарыхыбызда да болуп келген. Мисал катары Алиппенин эң алгачкы автору Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдорду баса белгилей кетсек болот. Алар коомдун гана эмес мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон новатор мугалимдер, тарбиялоочулар, кыргыз элитасынын көрөңгөсү деп айтсак жаңылышпайбыз. Тарых барагына кайрылсак мындай инсандардын бир нече экенин байкай алабыз.        

Ал эми азыркы заман талабына ылайык айылдык интеллигенциянын өкүлүнө мисал катары менин идеялым, алдыга карай жол көрсөткөн багыттоочум катары баалаган инсан Гапыр Мадаминовду баса белгилөөгө болот. Анткени ал бүгүнкү күндүн Дүйшөнү. Ал өзүнүн кең пейилдиги, талыкпаган эмгеги, акылмандуулугу жана да бала деп соккон жүрөгү менен эл агартууга чоң салым кошуп жатат. Бир гана балдардын билимин көтөрүү менен гана алектенбестен жалпы энелердин билимин көтөрүп, кыргыз эли үчүн чоң мааниге ээ болгон үй-булөлүк тарбияны да колго алууда. Эң алыскы, Бишкектен 1200 чакырым алыстыкта, эч кандай шарты жок , чек ара менен чектешкен жерде өзүнүн № 3-гимназиясын ачып гана тим болбостон “Энелер мектебин” кошо колго алган. Анын өз кесибин сүйгөндүгү ушунчалык гимназиянын окуучуларынын тамагы үчүн өзү дыйканчылык кылып, бош убактысында талаага чыгып эмгектенген. Балдардын ден соолугуна кам көргөн. Муну менен гана чектелбестен мектептин курамындагы адистерге да көңүл буруп, алардын эс алуусу, өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө да кам көрүп турган. Анын мындай аракетин карап көрүп жөнөкөй гана мугалим эмес өз элин сүйгөн мыкты патриот деп баалоого болот. Тынымсыз аракет, талыкпаган эмгек менен ал бүгүнкү күндөгү ийгиликтерди багынттууга жетишти. Жалпы республика боюнча “Ата-энелер мектеби” программасы колго алынып, иш жүзүнө ашырылууда. “Энелер мектеби” Гапыр агайдын кызы Гүлсара Мадаминова, Салтанат Бейшеналиева жана башка педагогдор тарабынан онлайн формада да уюштурулуп, жайылтылууда. Мен да азыркы заман талабына ылайык бул иш-чаралар боюнча социалдык тармактардан жакынкы арада мигрант эненин баянына кабылдым. Ал эне тааныштары аркылуу онлайн энелер мектебине катталып окуй баштайт. Ал уккан лекциялардан таасирленип күндө кечки саат 1900 дө жумушунан 15 мүнөткө уруксат сурап, телефон аркылуу балдарына жомок окуп бере баштайт. Бул аракети күн сайын кайталанат. Акырындык менен тынымсыз акча сурап турган балдары, апам бүгүн кайсы жомокту окуп берет экен деп күтө башташат, балдарынын жүрүм-туруму жакшы тарапка өзгөрө баштайт.

Дагы бир окуяны мисал катары белгилей кетсем. “Энелер мектебин” алгач уюштурган жылдары Гапыр Мадаминовдон жумушка бара жаткан мезгилинде айылындагы чакан дүкөндүн жанынан айылдагы аракеч аталган киши энелерди токтотпой окута берүүнү суранган. Анын себебин сураганда аялынын үйдөгү өзгөргөн мамилеси, моралдык-психологиялык климаттын өзгөрүшүн баса белгилеген. Ошону менен бирге эле ал аракеч өзүнүн дагы жүрүм-турумун оңдоп, мындан ары туура жолдо жашоого убада берген.

 Ал эми азыркы учурда №3- гимназиянын гана эмес жалпы Лейлек элинин окуучулары жана ата-энелери тарбия жана билим алуу боюнча республиканын алдыңкыларынан деп айтсак болот. №3- гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик бардыгы жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарды ээлешүүдө. Ал тургай дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайлардан билим алышууда. Албетте, бул жетишкендиктердин артында айылдык интеллигенциянын өкүлү катары айылдык жөнөкөй мугалим Гапыр Мадаминовдун эмгеги чоң. Анын интеллигент катары коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы деп “Ата-энелер сиздер үчүн”, “Өзүн-өзү тарбиялоо”, “ Акыл эмгегинин маданияты”аттуу жана башка чыгармаларын атасак болот. Бул чыгармалар жазылып гана тим болбостон эл арасында жалпы пропогандаланып, англис, орус, түрк тилдерине которулуп жатат. Жогоруда байкалгандай ал коомдун өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жогорку маданияттуулугу менен, жогорку акыл эмгеги менен таасир тийгизе алган адам. Мындай инсандар элибиздин арасында дагы да көбөйүшүнө тилектешпиз. Анткени Исхак Раззаков белгилеп кеткендей: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”. Таза, руханий жактан өнүккөн коомдо эч качан кылмыштуулукка, коррупцияга жол берилбейт. Бул болсо коомдо интеллигенциянын өкүлдөрүнүн көбөйүшүнө чоң салым кошот деген ойдомун.

Мына ошондуктан Гапыр Мадаминов сыяктуу айылдык улуу новатор педагогдун замандашы болгонума сыймыктанам. Анткени мен да өзүмдүн иш тажрыйбамда “Энелер мектебин” колго алуудамын. Билим берген окуучуларымды коомдук жайларда, транспортто, үй-бүлөдө өзүн алып жүрүү эрежелери менен байма- бай тааныштыруудамын. Ошону менен бирге эле азыркы курактан жашоодо туура багыт алуу үчүн туура максат кое билүүгө да жол көрсөтүп бара жатам. Аны менен эле чектелбестен өз окуучуларымды жаратылыш койнуна, тарыхый жана маданий мааниге ээ болгон Өзгөн мунарасына, Сулайман-Тоого алып барып, табият менен таттуу мамиледе болууга, өз мекенин сүйүүгө жана баалап туура мамиле жасай билүүгө үндөп жатам.

Андан сырткары келечекте мен сыяктуу мугалимдердин жолун жолдогон мугалимдер, белгилүү математиктер жана да жаш пифагорлор көп болсун деген максатта ар жыл сайын НДИТА “ Алтын түйүн” тарабынан уюштурулган “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” аттуу республикалык олимпиадага окуучуларды активдүү катыштырып, байгелүү орундарды багынтуудабыз. Бул иш-чаралар аркылуу окуучулардын жогорку интелектуалдык потенциалын өнүгүшүнө жол көрсөтүп жатам го деген ойдомун

Муну менен келечекте интеллигенттүү топтун түзүлүшүнө салым кошуудамын деген ойдомун.

Ааламга кеткен жол айылдан башталат . Мына ошол балалык кезимдеги айыл, мугалим, интеллигент деген түйшөлүүлөрүм мен үчүн бүгүнкү күндүн да актуалдуу маселелеринин бирине айланды. Анткени 30 жыл эмгектенген апамдын жолун улай мен дагы мугалимдик кесипти аркаладым. Ооба, мен мугалиммин!!! Болгондо да жөнөкөй, айылдык , башталгыч класстын мугалимимин. Мен өзүмдүн кесибим менен сыймыктанам. Чыңгыз Айтматовдун каарманы Дүйшөндөй болуп, эң алгачкы мектебимди курбасам да, окуучуларым келечекте Алтынай Сулаймановадай академик болооруна ишенич артам. Айылдык интеллигенциянын өкүлү экениме сыймыктанам. “Интеллигент” деген атка татыктуу болууга тырышам. Өз эмгектерим менен аз да болсо элимдин маданиятынын жайылышына, калкымдын сабаттуулугунун артышына салым кошуп жатканыма сыймыктанам!!!

Акыр аягында өз дилбиянымды Кубанычбек Бакиевдин калемине таандык “Из калтыр бул дүйнөгө” аттуу ырдан үзүндү келтирүү менен аяктоону чечтим:

Из калтыр бул дүйнөгө,
Ирмемдей өмүр кыска.
Ысмыңды айтып урпак,
Иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө,
Ак эмгек кызмат менен.
Унутпай элиң жүрсүн,
Кетсең да бул дүйнөдөн.


 ЭРНАЗАРОВА ЖЫЛДЫЗ ТАЛАНТОВНА 
Чуйская область Сокулукский район с. Шалта средняя школа им Д. Доронбекова

Айылдык интеллигенциянын ѳкүлү катары мугалимдин ролу

  Мугалим жѳн гана маалымат берүүчү эмес,
ал-сѳзү менен дагы, иши менен дагы жол
кѳрсѳтүүчү жана адептүүлүктү, чынчылдыкты,
адамкерчиликти үйрѳтүүчү адам

Интеллегенттүү адам — тынымсыз каражанды карч уруп иштеген, жогорку адеп-ахлактуулук, гумандуулук, тереӊ сезимдер, граждандык жетилүү, социалдык тажрыйба, эмгектин, турмуш-тиричиликтин, жүрүм-турумдун маданиятына, психологиялык касиеттер сыяктуу сапаттарга ээ болгон адам. Сынчыл ой жүгүрткѳн коомдук адам, бирок жан дүйнѳсү ушунчалык жѳнѳкѳй, ѳзүн-ѳзү тарбиялоону талап кылган адам.

Ушундай жыйынтык сѳздѳргѳ токтодук. Анан бул формулага мен мугалимди теӊедим. Чыгармачыл, эмгекчил, билимди, маданиятты ѳнүктүргѳн, гумандуу, сезимтал, жүрүм-турум, тарбия маданиятын катуу талап кылган, бирок жан дүйнѳсү ушунчалык жѳнѳкѳй адам бул, талашсыз –Мугалим. Тактап айтканда –айылдык мугалим.

Айылда интеллегенттердин үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлүп, айылда жашап ѳскѳн, турмушка дагы айылга чыктым. «Айылым-алтын бешигим» дегендей, ошондон улам мен айылдык мектепте иштей баштадым. Институтту бүткѳндѳн кийин мен адис, мугалим болгондугумду бүт элдин баарына айткым келди, мектепке барып эле окуучуларга сабак бере баштайм деп күн санадым… Эми эстесем уялам.

Жашоомду мектеп, педагогика менен байланыштырууну чечкенде, мен өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликти толук түшүнгөн эмес экенмин. Бул түшүнүк мага кийин, мектепте иштей баштаганда, балдар менен тил табыша албай, тынч олтургуза албай, ата-эне менен сүйлѳшкѳндѳ ыйлаганда, пайда болду.

Айылда жашоо кыйын. Ошого карабастан достук, жоопкерчилик, өз ара жардамдашуу сыяктуу түшүнүктөр айыл тургундарына жат эмес. Мына ушундан улам мектеп — айылдыктар үчүн абдан кымбат – алардын, балдарынын, неберелеринин билим алган жери эле эмес, мугалимден жөнөкөй чындыктарды үйрөнгөн, тарбия алган, турмушту үйрөнгөн ыйык жер.

Мугалимдик кесипти тандоо мен үчүн бир күндүн чечими эмес. Анткени менин үй-бүлѳмдѳ мугалимдик династия чоӊ апабыздан бери келе жатат. Адия Шеримкулова –менин чоӊ апам, 16 жашында Фрунзедеги мугалимдик институтун аяктап, 1943-жылы Белек айылына кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими болуп, ѳзүнѳн 2-3 жаш улуу балдар-кыздарга сабак берип, мугалимдик эмгек жолун баштаган. Ошондон биз (мен эгиздин түгѳйүмүн) тѳрѳлѳгѳдѳ 1983-жылы чоӊ апам мектеп менен коштошуп, бизди апама багышкан. 40 жыл бир мектепте эмгектенип, айылдын сүйүктүү эжейи, кадыр-барктуу карыя, акылман кеӊешчи, абройу бийик адам, мугалимдик кесибинен тышкары даанышман, айылдагы эл арасында калыс, үлгүлүү адам болгон. Президентти дагы мугалим окуткан дегендей, чоӊ апамдын окуткан окуучулары: белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов, актерлор Орозбек Кутманалиев жана Болот Шалтаев, техника илимдеринин доктору, профессор Карыпбек Алымкулов сыяктуу мамлекеттин интеллигенциясынын ѳсүшүнѳ билимин дагы, убакытын дагы аяган эмес. Бир кызы, бир уулу, тѳрт келини айылдык мугалим болуп кесипти аркалап келишти. Чоӊ апамдын 4 келининин арасында эӊ кичүү келини менин апам Айдай Аскарова-орус тили жана адабияты сабагынын мугалими. Кайра апамдын үч кызы дагы мугалим кесибин тандап, жогорку окуу жайда жана айылдын мектептеринде эмгектенип жатабыз. Анын бирѳѳсү-мен. Жана дагы уулум Канат информатика сабагынын мугалими болом деп Россиядагы Йошкар-Ола Волгатех университетинде 1-курстун студенти, кызым Жанат мугалимдик кесипти тандайт деген үмүтүм бар.

Бүгүнкү күндѳ мектепте 14 жыл иштеп, мен эмнени билдим? Заманбап мугалим болуш үчүн ар тараптуу көп иштеш керек, өзүңдү өркүндөтүү керек, өз каталарын моюнга алып жоюга аракеттениш керек. Мен үчүн мугалим болуу – бул окуучулар менен дайыма чыныгы адамдык байланышка умтулган, ички дүйнөсү бай, түгөнгүс жандуулугу бар чыгармачыл, интеллектин бийик ѳстүргѳн индивидуалдуу инсан болуу. Мен ошого умтулам.

Уч жыл мурун балдар менен карылар күнүнѳ карата айылдагы муктаж болгон үй-бүлѳлѳргѳ барып, жүгѳрү, картошка жыйнап, бир жума сабактан кийин жардам бергенге барып жүрдүк, кѳп жумуштарын бүтүрдүк «Биз тимуровчылар» деген уран менен. Ал эми бул жөн эле жумуш эмес, бул мен үчүн, айылдык мугалим үчүн, баа жеткис байланыш дагы болду. Айылдык адамдар менен таанышып, баарлашып, айылда, айылдык мектепте иштөө кандай ырахат экенин ошондо түшүндүм. Бул жерде күчтүү, чынчыл, ачык-айрым, таза, чыныгы адамдар жашайт деп билемин. Ошондо аксакал аталар, апалар, байке-эжелер сѳз баштаганда эле мектеп, мугалимдер жѳнүндѳ айтышты. Бир аксакал апасын айтып, арип тааныбаган, кол тамгасын коё албаган, караӊгы карапайым киши менин апам, мектепке кирээрде, босогосунан аттап ѳтѳ электе үч жолу жүгүнүп, анан кирчү эле деп эстеп айтып берди. Мугалим эжей келатканда ойногон балдар жолдун жээгине качып же жашынып калаар элек деп далай мисалдарды айтып беришти. Мугалим бул айылдын эӊ биринчи интеллигенти деп саначу экен. Сүйлѳгѳнү сыпаа, басканы турганы тыӊ, түз, кийген кийми тыкан, таза, колунда, сѳзсүз, кѳтѳргѳнү портфель жана китеп. Интеллигент-бул окумуштуу, элге үлгү кѳрсѳткѳн, элди ѳзүнүн жүрүм –туруму менен тарбиялаган инсан деп билчүбүз дешет айылдыктар. Дагы бир байке -Мугалимдин сүзүн эки кылба, үйрѳткѳн нерсени кабыл ал, эсиӊе сактап, ага окшош болом деп умтулсан ошондо интеллигент болосун деп атам айткан. Атамдын сѳзүн угуп, мугалимдерден билим, тарбия алып мен дагы жогорку окуу жайды бүтүрүп, ѳзүбүздүн айыл ѳкмѳтүндѳ иштеп келдим. Эми ѳз балдарым, неберелериме дагы атам айткан сѳздү айтып келем. Ата Мекениӊ ѳсүп-ѳнүксүн десеӊ, эли-журтуӊ билимдүү, ыймандуу, тарбиялуу, ынтымактуу жана таза болсун десеӊ ѳзүӊ биринчи ошондой бол, канча бийиктесеӊ турмушуӊданбы, кызматыӊданбы ан сайын кичипейил бол. Мына сабак эле бербестен, мугалимдерибиз минтип айылыбыздын кѳчѳлѳрүнѳ кооздоп бак тигип, карыларга жардам берип, проект менен иштешип мектепке, бала бакчага жаӊы эмеректерди, компьютерлерди, китептерди жаӊыртып алып келип жатышат. Ушул сѳздѳрдү угуп, мен мугалимдик кесип эӊ ардактуу экенин сездим.

Ооба, мугалимдик кесип элет жеринде кадыр-барктуу, бирок эӊ жооптуу кесип. Бул жерде мугалим бүт айылдын көз алдында, өмүр бою айылдаштарынын кѳз алдында жашагандай жашайт. Жеке ѳзү гана эмес- аны менен бүт үй-бүлөсү –айылдыктага үлгү болуш керек. Мектептен окуучу бир кѳйгѳйдү чечиш үчүн менден кеӊеш сурайт, кээде жүрѳгүндѳгу сырын айтат, ишенет. Ишенип айткан нерсени кээде уктабай ойлонуп чыгам, билгизбей, жүрѳгүн оорутпай кандай жардам берсем дейм. Кѳйгѳйүү чечилип калса мен бактылуумун, жүгүм жеӊил болуп калат. Мени менен окуучулар эле эмес, алардын ата-энелери да кеңешет. Бул сыймык…бирок чоӊ жоопкерчилик.

Мугалимдик кесип мени биринчи кезекте өзүнүн адамкерчилиги, асылдыгы менен өзүнө тартат… Албетте, тажрыйба, чеберчилик ѳзү эле дароо келбейт экен. Ишке киришип, улуу педагогдор В. А. Сухомлинский, Ш. А. Амонашвили, А. Макаренконун чыгармаларын окуп, сап араларын ачып издеп, жүрөгүм менен окуйм. «Кут билим», «Кут билим-сабак» «Мугалим» газета, журналдарына жазылып, зор кызыгуу менен окуп, новатор мугалимдердин иш тажрыйбалары менен тааныштып турам. Бирок, кесипке алгачкы кадамдарды таштап иштегениме менин Шалта айылымдын Д. Доронбеков атындагы орто мектебимдин сүйүктүү кесиптештерим жардам беришти. Эжейлерим бир эмес, бир нече муун татыктуу инсандарды тарбиялап келишти. Тарбиялаган окуучулар ѳлкѳбүздүн булуӊ бурчунда иштеп, эмгектенип интеллигенциянын биринчи катарларында Кыргызстандын туусун бийик кѳтѳрүп келишет. Мен кадырлуу насаатчыларыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазымын. Алардын аркасында мен мугалим болуу жоопкерчиликтуу экенин түшүндүм!

Ооба, айылда мугалим деген барктуу кесип. Айылдыктар бул кишиге өздөрү ишенгендей ишенишет Айтылгандарды жыйынтыктап жатып, айылда мугалимдин ролу адаттан тышкары чоң экенин белгилей кетким келет. Аларга ишенишет, угушат, ээрчишет.

Антон Павлович Чехов айткандай «… айылга жакшы, акылдуу, билимдүү мугалим канчалык керек экенин билсең! Бул жерде «… аны кандайдыр бир өзгөчө шарттарга жайгаштыруу керек, эгерде элге кеңири билим берилбесе, мамлекет начар бышкан кирпичтен курулган үйдөй болуп, ыдырай турганы анык!». Улуу жазуучунун бул сөздөрү 19-кылымдын аягында жазылганы менен али тирүү.

Айылдагы мектеп… Бул өзгөчө дүйнө, өзгөчө мамилелер. Бул ынтымактуу үй-бүлө: балдар, ата-энелер, мугалимдер. Айылда баары бири-бирин көрүп-билип, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат, салттуу майрамдарды чогуу өткөрүшөт; чогуу кайгырып, көңүл ачышат, келечекке пландарды түзүшөт. Баары бири-бирин жакшы билген айылда баланын тагдырына үй-бүлөдөн мурда мугалим жооп берет. Анын колунан жана жүрөгүнөн бир нече муун балдар өтөт жана ар биринин индивидуалдуулугун көрүү, жашоону тандоого жардам берүү, айылдын жакшы табиятын, сезимдердин көрүнүшүндө табигыйлыкты, салттарга болгон сүйүүсүн сактоо абдан маанилүү. Айыл үчүн, жаратылыш үчүн, адамдар үчүн. Ал эми бардык кыйынчылыктарга карабай, кесибим айылдык мугалим экенине сыймыктанам.

Менин окуткан балдарым кайдай болушун каалайм? Чынчыл, эмгекчил, абийирдуу, адептуу, боорукер, намыстуу. Ал үчүн мугалим ѳзүнѳн баштайт!

Мен окуучулардын кайдыгер болбошун кааласам, анда мен өзүм активдүү жашоо позициясына ээ болушум керек, жалындуу адам болушум керек!

Окуучуларымдын кѳз караштарын өзгөрткүм келсе, өзүмдөн баштайм!

     Мен алардын максаттуу болушун каалап, мен алдыма максат койдум – бул менин жашоомду маңыздуу кылган, менин умтулууларыма багыт берүүчү, менин кадыр-баркымды, өзүмдүн сый-урматымды жарык кылгандыгым маанилүү.

Окуучулар мени сыйласын десем, аларга да, ата-энелерине да урмат көрсөтүүгө аракет кылам. Менден баланын тагдырына чын ыкластан катышуу талап кылынат. Айылдын социалдык-маданий чөйрөсү консервативдүү, стабилдүү жана салттуураак экенин унутпайм, муну мен мугалим катары эске алам.

Окуткан балдарым билими жагынан интеллектуалдуу жана турмушунда интеллегенттүү адам болушун кааласам, анда менден ката кетпеш керек. Ката кетиргенге акым жок!


Дагы:

АЙЫЛ МУГАЛИМДИН РОЛУ ТУУРАЛУУ, 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ (сайтка жүктөө процессинде)


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

11-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТКАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНА ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА ЧАКЫРАБЫЗ. 1-ТУРДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ (ФИНАЛИСТТЕР)

Кыргызстандын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери жана ошондой эле билим берүү темасына кайдигер эмес адамдар!

Санжарбек Данияровдун фонду Сиздерди

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУНА ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА чакырат!

Келип, биздин келечегибизди түптөгөн мугалимдер кандай экендигине күбө болуңуздар.

Иш-чара Бишкек шаарында 2023-жылдын 15-апрелинде, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Жыйын залында өтөт. Дареги: И.Ахунбаев көчөсү, 92, Бишкек.. Катышуучуларды жана меймандарды каттоо – саат 09:30 жүргүзүлөт

Санжарбек Данияровдун фонду Сиздерди

БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУНА ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА
чакырат!

Келип, биздин келечегибизди түптөгөн мугалимдер кандай экендигине күбө болуңуздар.

Иш-чара Бишкек шаарында 2023-жылдын 15-апрелинде, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Жыйын залында өтөт. Дареги: И.Ахунбаев көчөсү, 92, Бишкек..
Катышуучуларды жана меймандарды каттоо – саат 09:30 жүргүзүлөт

ШИЛТЕМЕ: ИШЧАРАНЫН ПРОГРАММАСЫ ЖҮКТӨӨ

Адаттагыдай эле мугалимдер Москва же башка дүйнөдөгү борбор шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу укугун камсыздаган 1-орун жана “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” наамы үчүн жана ошондой эле классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына 2 күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү үчүн акыл таймашында күч сынашат. Андан сырткары, 2-3-орундарды ээлеген мугалимдер да классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына 2 күндүк экскурсияга келишет.

Каалоочуларга эшик ачык.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”- 2023 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУНДА КИМ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ?

11-сынактын (2022-2023-окуу жылы) биринчи турундагы дилбаяндын темасы:

АЙЫЛДЫК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ МУГАЛИМДИН РОЛУ

дилбаяндын камтылууга сунушталган суроолор:

Сиздин айылыңызда интеллигенция өкүлдөрү барбы? Типтүү интеллигент деп эсептеген адам барбы? Ал мугалим болушу мүмкүнбү? Мугалимдик кесип менен байланышы барбы? Окуучулар үчүн анын мааниси барбы? Сиздин айлыңызда жаңы интеллигенция өкүлү түзүлө баштаганы байкалабы? Азыркы заманбап айылда интеллигенттер керекпи? Эгерде керек деп эсептесеңиз, эмне үчүн керек жана алардын түзүлүшү үчүн эмнелер зарыл? Эгерде кереги жок деп эсептесеңиз, эмне үчүн кереги жок? Айылдын турмушунда алардын ролу? Сиз өзүңүздү интеллигенция өкүлү деп кабыл аласызбы? Аны кантип байкоого болот? «Интеллект” жана “интеллигенттүүлүк» түшүнүктөрүнүн айырмасы эмнеде?

Дилбаяндарды текшерүүгө калыстар тобунун 12 мүчөсү катышты, алардын баары билим берүү тармагынын эксперттери, ал эми бешөө – “Биринчи мугалим” сынагынын мурунку жылдардагы жеңүүчүлөрү”.

Эми сынактын биринчи турунун финалисттери менен тааныштырабыз:

ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА

2016; 2017; 2018; 2019; 2020-жылдардын катышуучусу, 2021-ж финалисти жана лауреаты

Нарын облусундагы Ат-Башырайонуну Ача-Кайынды айылдагы Ой-Терскен орто мектеби

НАЗАРАЛИЕВА НУРАЙЫМ АСКАРБЕКОВНА

Талас облусундагы Талас районунун Кеңеш айылындагы Орозалиева Гүлай атындагы орто мектеп

РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА        

2019 финалисти жана лауреаты           

Талас облсусундагы Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылындагы Акымбеков Мамат атындагы орто мектеп

ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА            

Ысык-Көл облусундагы Тон районуну Кара-Талаа айылындагы №14 Болот Алаков атындагы орто мектеп

МИЙЗАМОВА СҮЙҮМКАН ИСРАИЛОВНА    

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылындагы Бөжөк Бегиев  атындагы гимназия класстары бар орто мектеп

ЭРНАЗАРОВА ЖЫЛДЫЗ ТАЛАНТОВНА

Чүй облусундагы Сокулук районунун Шалта айылындагы Д.Доронбеков атындагы орто мектеп

 


 

 

 

Таблицада региондор боюнча катышуу статистикасы.    Сынакка баардыгы болуп 116 дилбаян келип түштү. Ал дилбаяндарды плагиатка жана 2023-жылдагы СЫНАКТЫН ЖОБОСУНУН шартына шайкештигин текшергенден кийин, мелдешке катышууга 82 дилбаян кабыл алынган.

 

 

 

 

 

 


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз

 


Автору
Асел Даниярова

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 11-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: АМАН АСРАНКУЛОВ. 1-БӨЛҮМ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КҮСӨМ КОЛЛЕКЦИЯЛАРЫНА ОБЗОР.

Искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВдин кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Улуттук музейге коюлган коллекцияларына жасаган обзору менен тааныштырууну улантабыз. Бул Аман Асранкуловдун чыгармачылыгына арналган эки бөлүмдүн биринчиси.

Асранкулов Аман (1939-1998) — сүрөтчү. Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1964-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт училищесин жана 1969-жылы – Москва шаарындагы В.И.Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун аяктаган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1971-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болгон. Ош шаарында сүрөтчүнүн эстелиги тургузулду


Жалгыздык. Кенеп, май боек, 62х70, 1994

Белгилүү искусство таануучу Ольга Попова сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын акыркы мезгили тууралуу мындай деп жазат: “Албетте, совет доорунун кулашы жана ден соолугуна байланыштуу башынан өткөргөн жеке кыйынчылыктар Асранкуловду кечээ жакында болуп өткөн окуяларга,  бардык убактагы адамдын ордуна, жалпы эле дүйнөгө жаңыча көз караш менен кароого аргасыз кылган. Советтик эпоханын коллективизми урап, адамды өлбөс-өчпөс эл жана өлбөс адам, өлбөс-өчпөс искусство жана жеке чыгармачылыгы деген түшүнүктөр менен бетме-бет жалгыз калтырган… Мунун баары аны түшүнүү үчүн кайраттуулукту, балким, мезгилге, адамдарга, өзүнө карата мурдагы катуу талаптарды кайра карап чыгууга мажбур кылгандыр. Акыркы жылдардагы сүрөттөрүнө караганда, Аман Асранкулов бардык сынды четке кагып, чыгармачылыгына жан дүйнөсүндө ар дайым жашап келген эң таза жана бийикти гана калтыра алган. Ага мындан ары натураны издөөнүн кереги жок болчу. Ал өзүнүн дүйнө таанымын поэзиядай түзүлгөн таза образдар аркылуу билдирген. Бир дагы ашыкча сөз (ишараат кыймылдары) жок, эң керектүү нерселер анын сүйүүсүн жана кайгысын өтө ачык жана даана билдире алган. Үйдүн алдындагы ачык бастырмада кара көйнөк, ак жоолукчан кемпир жашайт. Ал терезени, каалганы жана бир гана керебетти көрөт. Үмүтсүз, баласыз, небересиз жашайт, күтөт. Эч кими жок, баары туш тарапка кеткен… Кичинекей төрт бурчтуктай кичирейип кеткен. Тик бурчтуктун сыртындагы чөйрө – бөтөн жерде тигин каскан душмандай, ырайымсыз каардуу көрүнөт. Уулуу сары-жашыл түстүү. Чоподон жасалган тандырдын айланасында боштук өкүм сүрөт. Очоктун табы эбак өчкөн, бирок дагы эле сирендей жагымдуу жылуулугу сакталып турат. Алар үн салып бири-бирин чакырат: тегерек — чарчы. Сырткы күчтөр биримдикти бузуп кеткен: бастырма — очок. Эми алар бөлүнүп, катып калган гармониялардын түбөлүктүүлүгүнө баш оту менен кирип кеткенсийт. Көпкөк асман да, жада калса жап-жашыл болуп кулпунган дарактар да караган көздү сүйүнтпөйт. Алдамчы эстетикалык боёк таш боор жалгыздыктан куткара албайт шекилдүү.


Чий. Кенеп, май боек, 80,7х64,3, 1994

Апасы менен кызы оңдон солго карай акырын дубалдагы килемди түрүп жатат. Дубалдан сыйдаң ылдый түшүрүүдө. Эненин башында гүлдүү жоолук, кийгени кызыл көйнөк; кызы жалаң кызыл түстүү кийинген, өрүлгөн сербейген чачы бар. Апасы туруп иштеп жатат, кызы анын жанына тизелеп отурат. Апасына жардамдашып, кол кабыш кылып жатат. Килем менен кошо дубалдагы кооздукту түрүп алып салышты! Килемдин арты аңгырап ээн калган боштук… же тунжураган чексиз асманбы? …Килемдин бүктөлгөн бөлүгүнүн арткы бети саргайып кеткен. Диагоналдык супрематисттик тик бурчтук композицияны эки бөлүккө бөлүп турат. Болуп өткөн нерсеге жана алдыда боло турган нерсеге… Сулуулугу кайтып баратат!

Кереги жок нерсе. Руху кетти – көбүнө түшүнүксүз композиция калды. Кийинкиси эмне болот? Мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндигиби? Же көңүл чөктүргөн боштукпу? Адамдардын баары сүрөтчүгө карайт, бирок анын сунуш кыла турган эч нерсеси жок …. Бирок кызык! Анын сүрөтү оптимисттик маанай тартуулайт! Түстөр ачык жана таза, сызыктар жарык жана күчтүү. Ал сары менен кызгылт көктүн, кобальт жашылынын жана киновардын, кызыл охра менен краплактын* гармониясына суктанып жатканы байкал. Анда айкындуулук жана тыгыздык, биримдик бар. Демек баары жакшы болот деген ишеним бар! Эскинин ордуна жаңысы, ошондой эле татыктуусу келет деген ишеним пайда болот.

Бул керээз сыяктуу угулат! Үмүтүңүздү үзбөңүз, сулуулукту ача турган да, артка кайрыла турган да мезгил келет жана ушул окуялардын ортосунда жашоо бар дегендикпи бул… Жана албетте, чыгармачылык! Жалгыз калуудан, «биздин кооз жана каардуу дүйнөбүздү капилет келүүчү душмандык күчтөрдүн аракетинен коргоосуз калуудан коркуунун кереги жок» **

*краплак —ачык кызыл боек (ализарин жана пурпуриндин негизги алюминий туздары менен кошулмасы) 
**Андрей Платоновдун “Сулуу жана каардуу дүйнөдө” китеби


Ашкабак түшүрүлгөн натюрморт. Кенеп, май боек, 47,5х35,5, 1994

Бул натюрморт менен «Кызгылт драп пардалуу натюрмортту» диптих* катары бирге кароо керек. Эки картина тең бир эле жылы, бир эле темадагы вариациялар катары тартылган. Курамы кайталанат: ашкабактан жасалган кумура вертикалдуу түрдө драпталган стендде турат, ал эми кумуранын үстүндө жемиштер салынган табак турат. Негизги буюмдар ошол эле бойдон калтырылып, аларга сүлгү кошулган.

Баары кайталанган, бирок бул таптакыр башка чыгарма, бул таптакыр башка маанай. Сакталып калган вертикаль —Түштүктү тең салмактап турган негизги динамиканын гармониясы! «Кызгылт түстөгү драп менен натюрморт» — жайкы, бул болсо – күздөгү маанай. Күз — үнсүз сары-күрөң түс, ал эми мөмөлөрү чоң — акыркылары! Кайсысы мурда тартылган? Белгисиз. Жайкы натюрморт — секелек кыз, күзүндөгүсү — күйөөгө тийген аял. Кыз жеңил жайкы шляпа кийген. Ал эми аялды — оор жүк баскандай, жоолук менен жабынып алган…

Балким, сүрөтчү, өзгөрүү доорунда, табылган теманын вариацияларын өзүнө ишенкиребей уланткысы келгендир. Ал Галатея** жанданып, абстрактуу аралыктарга, идеалдуу жээктерге карай чакырышын күтүп жаткандай. Заман менен бирге кадамдаш болгусу келгендир! А бирок ага батына албагандай. Ошонусу туура болуптур. Андан ары Кыргызстандын сүрөтүн постмодерндик гана компиляциялар***, өзүн-өзү кайталоолор жана сейрек кездешүүчү ийгиликтер күтүп турган. Биз аларды советтик шайдоот шайыр модернизмдин түштүк мектебинин уландысы деп атап коебуз!

*Диптих – эки бөлүктөн же паннодон турган, биригип бир көркөм чыгарманы жараткан көркөм чыгарма (триптих – үч бөлүктөн, полиптих – көп бөлүктөн турат).

**Галатея — аялдардын аты. Байыркы грек мифологиясында андай аттар менен аталгандар: 
Галатея – Полифемди четке каккан, Нерей менен Дориданын кызы – Нереида.  Тынч деңиздин образы. 
Галатея — скульптор Пигмалион тарабынан жасалган жана Афродита кудайы анын сыйынуусу менен жанданткан кооз айкел. Бул жандуу айкелдин образы драматургдарга, акындарга жана сүрөтчүлөргө жагат.

***Компиляция – баштапкы булактарды өз алдынча изилдөө эмес, башка эмгектердин негизинде түзүлгөн китеп же макала, эссе.


Кызгылт түстөгү драп менен натюрморт. Кенеп, май боек, 48х34

Күлгүн-кызгылт драп болочокту тескерисинен көрсөтүп тургандай тартылган. Анын үстүндө саргыч күрөң түстүү ашкабактан жасалган кумура турат. Идиш башына жүк көтөргөн аялды элестетет. Ал эми жашыл-көк өңдүү табак бизди жападан жалгыз көзү менен тиктеп тургансыйт. Кара кочкул кызыл карек биздин көңүлүбүздү өзүнө бурат. Бир гана сызыктар жана түсү көрүнөт, ал эми объекттердин элеси биздин акыл-эсибизде түбөлүккө уюп калгандай.

Алтын түстөгү драп оймолору автордун объектилерден эмнени издегенин – оймо-чиймелерди, абстракцияны издегенинен кабар берип турат! Пластика чындыгында эле байкалып турат, бирок гений аларга мүнөздөмөлөрдү ойлоп таап чыккан. Мастер үчүн фондунун «үлгүлөрү» да өз ишин кылып жатат: жарык жагы дубалдын түзүлүшүн активдүү түзүп берсе, ал эми көлөкө жагы чөгүп, мейкиндиктин тереңдигине чуңгуп кетет…. Мунун баары үстүртөдөн гана көрүнгөн кооз нерсе! Ал эми тереңиндечи? Контекстиндечи? Контекстте: биз азыр Кыргыз Республикасыбыз, биринчи президентибиз жана өзүбүздүн валютабыз бар! Өзгөрүү доору башталды. Эмнеси өзгөрөт? Сырткы көрүнүшүбү?

Ичин өзгөртүүгө болобу? Таза абстракцияга өтүү мүмкүнбү? Бул логикалуу болмок! Чындыктан эч нерсе жок! Кумура ашкабакка окшобой калган, ашкабак деле өзүнө окшобойт ко? Ал эми табак да табактай көрүнбөйт. Стенд жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок. Бир аздан кийин эле мунун баарынын чындык менен байланышына шектүү көз караштар жаралышы ыктымал. Бирок бир нерсе тоскоол болуп турат. Каада-салт, үрп-адаттарбы? Советтикпи? Түштүккө таандык менталитет болуп жүрбөсүн? Кандайдыр бир көрүнүш тоскоол болууда! Батыштын көз карашы боюнча, ал толук эмес жана экинчи даражадагы нерседей. Биз болсо толук аяктады деп ойлойбуз! Ал ойлоп табылган идеологияга жана өжөр башчыга каршы күрөштө өзгөчө орунду ээлеп калды. Биз аны советтик ири модернизмдин түштүк мектеби деп атайбыз!


Намазга жыгылуу. Кенеп, май боек, 120,7х114,3, 1991

Сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын этаптары жөнүндө Кыргызстандын белгилүү искусство таануучусу Ольга Попова мындай деп жазат: «Анын (Асранкулов Амандын) тематикалык жана калыптандыруучу изденүүлөрүнүн эволюциясы кескин түрдө эки башка этапка бөлүнөт: ал социалдык көйгөйлөргө кызыккан совет мезгили жана ал өзүн философиялык маанайдагы сүрөтчү катары көрсөткөн 90-жылдардын мезгили…».

Бүгүн биз ага мындайча тактоо киргизсек болот: мурда сүрөтчү советтик деп өзүнө кабыл алган коомдук жана философиялык проблемаларга кызыгып келсе, эми СССР тарагандан кийин түздөн-түз диний темаларга кайрыла баштаган. Жаңы, белгисиз темаларга киришкен. Боз үйдөгү экөө жайнамаздын үстүндө тизелеп олтурат, намаз окуп олтурганы байкалат. Карапайым адамдар: боз кийимчен чал жана кара көйнөкчөн, башына ак жоолук салынган кемпир. Жалгыз бой калган. Кандайдыр бир кайгылуу окуядан кийин жалгыз калдыбы? Айланасынан кандайдыр бир маалымат алгыдай белгилерди байкай албайсың. Таң калычтуу: советтик турмуштун бир да белгиси жок. Ошол 70 жыл эч качан болбогондой! Бирок бул жерде бир нерсе кылтыйып чыгып турат: Исламда аял менен эркек бир катарда туруп намаз окубайт. Муну Советтик Кыргызстандын мусулмандары билген эмеспи? Же алар муну маанилүү деп эсептешкен жок беле? Эң башкысы ыйманды сактоо болчу… Боз үй – сыйынуучу үй, түндүк (боз үйдүн үстүнкү тешиги) аркылуу Кудайдын ырайымындай жарык төгүлүп турат. Вертикаль ачык көрүнүп турат — жарык, адамдардын сөлөкөттөрү, килемдер. Горизонталь тосмо аркылуу түзүлөт. Вертикалды жашыл түстүү чоң сандык жана үйүлгөн жууркан-төшөктөрдүн жардамы менен пирамида бекемдеп турат. Вертикалдуу жана горизонталдуу айкалыштыктар кайчылаш белгини (крест) көрсөтөт!

Бул жерден эч кандай белгилерди издөөнүн кереги жок! Бирок сүрөтчү белгилерди (символдорду) издебей коё албайт! Сүрөтчү боз үйдүн сыйынуу үчүн канчалык жакшы кызмат кылаарын көрөт. Тагыраак айтканда жогору жактан кандай жарык түшкөнүн көрүп турат! Терезелери жок болгондуктан, сырткы дүйнөдөн ажыраган маанай түзүлөт. Дубал жок, биз чөйрөнү көрүп жатабыз! Бүтүндөй бир ааламды! Teңирди! Бул мистикалык эмеспи? Ушундай болушу мүмкүнбү? Бул жаңы сезимдер, алар динийби же мистикалыкпы, аны алдыда дагы түшүнүү керек. Азырынча: сүрөтчүдө жана ойчул философто баардыгы кандай болсо ошондой абалда өмүр бою сакталып келген жана сакталып кала берет! Негизги моралдык ишеним – төбөңдөгү аалам жана жан дүйнөңдөгү ыйман!


Кагаздан жасалган гүлдөр. Кенеп, май боек, 99,5х85,5, 1991

Дубалдагы көк түстөгү чарчы жаңы шыбакпы? Же бул терезени «сокурайтып» бекитип койгонбу? Ал керексиз болуп калгандыктан, шыбап салганы көрүнүп турат. Ал кооптуу болуп калды: анын көзүнөн биздин замандын бардык жаман жактарын көрүүгө болот. Өңүңдө кыялданып олтурганча сокур болуп көрбөй, уктап калган жакшы. Микеланджело Буонарроти жазгандай “… бул кылмышкер бети жок заманда / Сезбей, көрбөй жашаган жакшы… / Уктоо жагымдуу, таш болуу андан да жагымдуу”.

Андыктан кыз да уктап жатат (көздөрү бекем жумулуп, каректери таштай катып калган), өз доорунун дартына чалдыгып ооруп, жасалма, ойлоп табылган сулуулукту сүйүп бийик көтөрүп жүрөт жана кудум сокур сыяктуу табигый сулуулукту байкабайт (ылдый жагында көзгө илинбей куураган бир нече жалбырактар жатат). Мындай жүрүм-турум автордун көңүлүн табигый эместиги менен өзүнө тартат: ал тургай гүлдөрү да кагаздан жасалган дүйнөнү түшүнбөйт. Бирок бул тажатма акыл-насаат окууга себеп эмес: бул жагдай сүрөтчүнү гармонияны издөөгө шыктандырат! Механикалык кыймылдар жана жасалма түстөр камтылган заманбап гармонияны; мында күрөң түстөгү жердеги жылуу жалбырактарга басым жасалса да, кайдыгер кагаздан тарап жаткан муздак көлөкөлөр басымдуулук кылууда. Изденүүлөрү ийгиликтүү болгон! Ал эми коомдук искусство жөнүндө эмне айтууга болот? Бизге эстетизм эмес, активизм керек! … А бирок байкасаңыз, кыз кагаз гүлдөргө алар кудум тирүү болгондой кылдат мамиле жасап жатат…


Кагаз ваза менен натюрморт. Кенеп, май боек, 60,7х49,5, 1990

Кагаздан жасалган вазада жапайы гүлдөр, кургатылган пижма жана миң жалбырак (тысячелистник) турат. Сыягы, калай челекти вазадай ыңгайлаштырып, сыртынан кол менен боёлгон кагазды чаптап койсо керек. Же керексиз болуп калган сүрөттү колдонгон. Жазуунун бир бөлүгү көрүнүп турат, бул «Куттуктайбыз» деген сөз жана кызыл жоогазындын сүрөтү окшойт. Дагы бир ваза сары ашкабактан оюлуп жасалган. Жанында кочкул кызыл өңдүү анардын мөмөсү. Үчөө тең оң жак бурчка карай жылып калган бырыш жашыл драпка жайгаштырылган. Натюрмортко күн нуру жарык тийип тургандыктан, оң жактагы бөлмөнүн караңгы ички бөлүгү да композициянын бир бөлүгүндөй көрүнөт… Доордун аягында сүрөтчү табигый иштөөгө бел байлап, жаңы нерселерди издейт. Сүрөттөрдөгү образдары таң калгыдай. Кагаз ваза — убакыттын символу! Сүрөтчүгө мүнөздүү театралдуулук чарк жарылган: күндүн нуру софиттин жарыгына айланат; драп баркыт театр көшөгөсүнө айланат. Сахнанын түпкүрүндө коркунучтуу боштук өкүм сүрүп, сахнада каармандардын сүйлөшкөн күңүрт үндөрү жаңыра баштайт. Идиштин ээси ак саргыл соодагер майрамдаганга суу алып келди. Кичинекей кочкул кызыл түстүү аскер өзүнүн даамдуу буурчактарын тобокелге салууга даяр. Ал эми кайдыгер калай кагаз суусап чаңкаган элди кол жеткис бийиктикте кармап турат. Каны катып суусаган, толкунданып, идиштин оозуна мойнун созуп телмире тиктеп, эртерээк суусунун кандырса экен деп сурангандар.


Интерьердеги портрет. Кенеп, май боек, 117х100, 1982-1987

Ак буурул чачтуу, башына ак жоолук байланган, кара чапан кийген көз айнекчен аксакал туруп алып гезитти барактап атат. Анын жанында кемпир кызыл жемпир токуп отурат… Бир капталга карай кыйшайган эки карыянын баштары капалуудай көрүнөт. Алардын арт жагындагы дубалда илинген туш кийизде шапкечен солдаттын портрети сүйрү алкакта илинип турат. Натыйжада үй-бүлөнүн портрети толук түзүлүп калган. Карыган ата-эне жана уулунун сүрөтү. Ооганстанда каза болгон уулунун портретиби? Андай учурда алкактын четинде белгиленүүчү кара белги кайда? Уулу Ооганстанда кызмат өтөп жүрсө керек!

Анда түшүнүктүү: карыя атасы гезитти үңүлө тиктеп, согуш тууралуу маалыматтарды издеп жатат. Карыган эненин да кимге жемпир токуп отурганы түшүнүктүү. Бир аз карикатураланып, күңүрттөнгөн, бейчеки боёктор менен түшүрүлгөн примитивдүү сүрөт. Айлана-чөйрөсүндөгү аянычтуу, жупуну көрүнүш жашырылбай ачык көрсөтүлгөн. Улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүп, четтери кара түстөр менен жээктелип жасалган, төрт чарчы көгүш алкакка салынган портреттер. Жерде килем, жууркан төшөлгөн. Болду, башка эч нерсе көрүнбөйт. Мааниси жок ооган согушунун портрети! Карыялар ичиндеги катылган жарасын жашырганды үйрөнүп, өздөрүн түйшүктүү ойлордон күнүмдүк түйшүк, каада-салт, ырым-жырым менен алаксытып көнүп калышкан. Ал эми картталган шылдыңкөй, кайдыгер түзүлүш аркылуу жараты жан чыдатпай ооруп турат.


М. Рыскуловдун портрети. Кенеп, май боек, 114,8х97,3, 1986

Муратбек Рыскулов (1909-1974) – советтик театр жана кино актеру. СССРдин эл артисти (1958). Кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. 1937-жылы Кыргыз музыкалык-драмалык театрдын (азыркы опера жана балет театры) алдындагы студияны аяктаган. 1941-жылдан баштап Кыргыз драмалык театрынын актеру болгон. Режиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” киносунда Бакайдын ролун гениалдуу аткарган. Режиссер Мелис Убукеевдин “Ак-Мөөр” фильминде Жантай хандын ролун да ошондой эле жогорку деңгээлде ойногон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 5-8-чакырылыштарынын депутаты болгон… Портрет эсинде сакталып калган эс тутумдары жана элестетүүдөн жаралган. Алдыңкы планда артист, арттагы театр көшөгөсү ачылганда — Кыргызстан көрүнөт! Дарыя, өрөөн, тоолор, карлуу чокулар. Мазмуну боюнча баары туура, терең ойлуу, шайдоот көрүнүп турат! Бирок эмнегедир баары башкача тартылган! Артист жаш эмес, олуттуу, бели бүкчүйө түшкөн, чарчаңкы, романтикалуу эмес, карапайым. Үстүндө анчейин элеганттуу көрүнбөгөн кара костюмчан, галстук, ак көйнөкчөн. Сүрөтчү өзүнүн каарманына көшөкөрлөнүп жагалданбайт. Сүрөтүндө да ашыкча кооздоп, шөкөттөгөн боектор көрүнбөйт. Боз чалган асман, каралжын тарткан тоолор, киргилденген бозоңку түстөр. Бурчта керексиз болуп калган сырдалган фондор түрүлгөн. Шарттуулукту жеңүү идеясыбы бу? Бул примитивдүү форма эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Балким Анна Ахматова өзүнүн төмөнкү ырында ушул ойлорду сүрөттөгөндүр: “Когда б вы знали, из какого сора / Растут стихи, не ведая стыда, / Как желтый одуванчик у забора, / Как лопухи и лебеда”…

Мүмкүн күңүрт өңдөр аркылуу сүрөтчү бизге генийдин өзүнө жана өзүнүн аткарган ишине канааттанбагандыгын көрсөткүсү келгендир. Же улуу актёрлор деле башкалардай эле жөнөкөй адамдар, асмандагы кудай эмес* дегенди айткысы келип жатпасын?! Жетишет! Соодагердин көзүн будамайлай албайсың! Ал сүрөтчү өзүн келекелеп жатканын көрүп жатпайбы. Дал бүгүн мындай айыптоо орундуу сезилет. Ал эми 1980-жылдары төбөлдөр үн катышкан эмес. Бул алардын акылына чак иш эмес экенин билишчү. Көрсө, “элден” (көсөмдөрдөн) ажырап, искусство нукура элдик болуп калат бекен? …Азыркы заманда мындай портреттин пайда болушу мүмкүн эмес. Сырдуу, толук ачылбаган подсознание эстетикасы ачык, түшүнүктүү, өзүнө-өзү маашырланган официалдуу эстетика менен көз-көрүнөө конфликтке барат!


Монголияда. Кенеп, май боек, 70х98, 1986

Бул — чыгармачылык командировкада алган таасирлерден. Автор табигый натура менен иштеген эмес — ал өзүнүн байкоолорун сүрөттүү пластикалык түрдө жазып алган. Кызгылт көк чатыр, кыязы, көчмөн монголдордун жашаган жайы МАЙХАН болсо керек. Анын түзүлүшү абдан жөнөкөй: ортосунда мамы устун орнотулган жана андан ар кандай багытта калың кездемеден жасалган созулган белгилер бар. Бул туш тарапка бирдей тараган үч бурчтук болуп чыгат. Чатырдын так ортосундагы эшик эки жакка ачылат. Ичинде улуттук кийимчен кыз мамыга жөлөнүп турат. Оң жагындагы чакада бээнин сүтүнөн жасалган кымыз. Үч бурчтук басымдуулук кылат, анын артында горизонталдар – көгүлтүр асман, кер сары тарткан талаа керилип жатат, күрөң үч бурчтуктарды бойлой ичке чынжырчадай созулган тоолор. Бейтааныш, бирок ошол эле учурда ушунчалык жакын тааныш сезилген турмушту чагылдырган сүрөт. Кымыз турат, бирок чаначы кайда? Кымызды куюп, аны быша турган идишичи? Башкалардын көр-тирлигин анча түшүнө бербейсиң, же түшүнбөйм деп ойлойсуң, жаңылышып каламбы деп чоочулайсың. Андыктан композиция жөнүндө гана айта аласың… Симметрия — ааламдын идеалдуу түзүлүшү. Ал эми адам ушул түзүлүштөн композициялык түзүлүш жасаган. Жападан жалгыз борбордун аянычтуу, империялык идеясы. Ал эми үч бурчтуктагы адам – бардык нерсенин негизи, өзү жерде туруп, асманга учууга умтулат… Модернисттик композицияны формалдуу талдоо живопистин интерпретациясына ылайык келбейт. Дайыма сырткы көрүнүштөн да тереңирээк нерсе бардай сезиле берет… Таза жана жарык дүйнөнүн ортосундагы үч бурчтуктун ичинде бир кыз турат. Күңүрт түстүү үч бурчтукта дагы бир башка дүйнө бар: адамдын карапайым буюмдарга толгон турак жайы. Кыз ошол караңгы, өзүн бир чети чоочуткан белгисиз ааламды аны менен бөлүшө турган адамды күтүп турат.


Сулайман тоосунун түнкү көрүнүшү. Кенеп, май боек, 90х70, 1986

Картина эки дүйнөдөн турат. Төмөндө кичинекей короо, ал эми жогоруда — мейкиндик! Ачык сызык ааламдарды бөлүп турат. Ал төмөнкүдөй түзүлгөн: үйдүн чатыры, чатырдын үстү, дубалдар. Короо айдын алыстан тийген нурунан, терезеден жакындан түшкөн жарыгынан жарык жана жылуу болуп турат. Саргыч түстөр кубулуп жерге куюлуп агып, атты да, адамды да чулгап алгандай. Жогору жактагы дарак жана океан сымал чоң мейкиндиктеги кызыктуудай көлөкөлөр. Ыйык тоонун кичинекей силуэти алыстан таанылат. Үстүндө — кара көк тарткан түнкү асман, толукшуган ай жана толкундай удургуган булуттар…

Эки дүйнө: кичине жана чоң, жакын жана алыс, убактылуу жана түбөлүктүү. Ар кандай сүрөттөрдүн имманенттүү темасы. Жогору жактагы дүйнө — фантастикалык, табышмактуу, сырдуу… жана коркунучтуу. Төмөнкүдө – өзүнүн чак-чакан түйшүктөрү менен алектенип, тосмонун артына жашынат да, башын көтөрбөй, жогору жактагы кереметти көрбөйт. Ал эми даракты кайсы дүйнөгө кошсок болот? Ал ортодобу? Кенеп боектун калың катмарында катылып “басылып” калгансыйт. Бирок авторго ачык көрүнгөн ажайып сулуулуктун кереги жок — ал үчүн геометриялык концепциясы маанилүү! Бул эки башка дүйнө, алар эч качан жолукпайт. Ошол экөө биригип сүрөтчүнү гана кызыктырат. Ат башын буруп, адамды күткөндөй карап турганын көрөт. Ал эми адам аны карабайт – мүдүрүлүп кетпеш үчүн төмөн жактагы бутунун учун карайт. Адам жогору жакты карабайт, ал убактысын кетиргиси келбейт. Ал аты үчүн бир тутам чөп алып баратат. Ооба! Чынында эле ошондой! Кыргыздын жан дүйнөсүн эки гана нерсе толтурат! Мал багыш керек, анан төбөңдө жылдыздуу асман бар экенин билиши керек. Ага аларды кароонун зарылдыгы жок! Анткени алар менен түздөн-түз байланыштуу. Жогору жактагы дүйнө ага төмөндөгү жашоосун улантууга жана өзүнө чак майда-чүйдө түйшүктөрү менен асманды таң калтырууга күч-кубат берерин жакшы билет.


Тоодогу чөп чабык. Кенеп, май боек, 79х114, 1986

Сол жана оң тараптардын контрасттарынын укмуштуудай оюну. Сол жакта – чөмөлөнүн жарык тийип турган жагы. Анын көлөкөсүндө көйнөгүн чечип алып өзүнө чатыр кылып, айланасына суктана караган адам эс алып жатат. Оң жакта айры менен иштеп жаткан аялдын жарык тийип турган тулку бою көрүнөт. Анын артында сүрөттүн четине чейин созулган экинчи чөмөлө турат. Экинчиси биринчисинин көлөкөсүндө калган. Эркек эс алып жатат, аял иштеп атат. Сүрөтчү гендердик теңсиздикти көрсөткүсү келгенби? Андай болушу күмөн. Колхоздо эмгектенген аялдардын активдүүлүгүн көрсөтүп жатабы? Балким. Аялдар чоңдорго терең ишеним менен баш ийип, жумуштарды ырааттуулук менен аткарышабы? Толук мүмкүн. Балким ал аял өзүнө берилген жеке тапшырмасын аткарып жаткандыр? Ашыгы менен аткарууга тийиш болгон милдеттенмеби? Же балким тиги эркектин жанында олтургусу келбеген чыгар? Иш күнү аяктай элек болгон соң, кыймылдап иштеп тургусу келгендир. Кыязы, сүрөтчүнү анысы кызыктырбайт окшойт. Ал кезектешип алмашып жаткан нерсеге кызыгуусу артып жаткандай: караңгыдан кийин жарык, жарыктан кийин кайра караңгы. Чөптү тоо жактан, бийиктен жыйнашат. Эки үйүлгөн чөмөлө — сүрөттүн четине карай ачылган көшөгө. Төмөндө, сахнада — тоолуу өрөөн жайылып жатат. Көшөгөнүн алдында көк көйнөк, жоолукчан аял турат. Ал жарыкта көзгө толумдуу блуп томпоюп, табигый көрүнөт. Көшөгө артындагы адам караңгы жана монотондуу. Аял – көгүш тарткан тоолор менен асман, эркек — жер жана каралжын тарткан айыл. Ал эмгекчил жана жигердүү! Эркеги ой баккан кыялкеч жана үстүртөдөн “кол учунан” иштеген адам. Эки адам жана өндүрүш. Кыргызстандын живописинде көп кездешүүчү тема. Бирок бул жерде 60-70-жылдарга мүнөздүү лирика жок. Бул жерде тек гана экөө турат. Алар композициянын объектилери сыяктуу өз ара аракеттенип жатат, бирок алардын ортосунда рухий биримдик жок. Жамиля менен Данияр эмес. Жана алар эч качан алардай боло албайт. Анткени жайдын ушул күнү, ушул жумушта, ушул дөбөдө аларды колхоз чогулткан үчүн гана экөө ошол жерде болуп калган. Коллективде коошпогон жат, чоочун жагдай — модернисттик теманын анык өзү!


Жаз. Кыргызстандын Түштүгүндөгү Орто-Азия колхозунун туңгуч төрагасы К.Суранбаев. Кенеп, май боек, 78,5х86, 1986

Суранбаев Камбаралы (1894-1953) Сузак районундагы Орто-Азия айылында туулган, 1937-1950-жылдары – СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы (1939). 1928-31-жылдары Сузак районунун комсомолдук жана партиялык уюмдарынын уюштуруучусу болгон. 1931-жылы Орто-Азия колхозун уюштуруп, колхозду башкарган. Кыргыз ССРинин айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери. Эки жолу Ленин жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Ардак белгиси ордени менен сыйланган… Партия менен өкмөттүн жүргүзгөн саясаты толугу менен айыл чарбасына колдоо көрсөткөн сүрөт! Бирок сүрөтчү формалдуу принциптерден баш тарткан эмес. Аткаруу ыкмасы 30-жылдардагы социалдык примитивизмдин стилин эске салат… Жер кара жана охра түстүү болуп тең экиге бөлүнөт*. Кара – бул адамдын колу тийип казылган, айдалган, охра – табигый нукура, кол тие элек. Ортодо трактор жүрүп баратат, анын түтүнү алыстан көрүнөт. Талаа, асман, өгүзгө чегилген соко, адамдар – саргыч топурактуу жердин көлөкөлөрү. Аларга «кара чарчы» жакындап келе жатат. Сүрөтчу аны трактор аркылуу “тартып” көрсөтөт. Соко сүйрөгөн өгүздөрдүн кереги барбы? Коллективдештирүү жана механизация доорунда алар ишсиз калды. Кетмен көтөргөн адамдын кереги барбы? Керек болушу мүмкүн. Анткени биз али толук өздөштүрүп бүтө элек техниканын тетиктерин колу менен оңдой турган кожоюн керек. Бизге төрага керек! Келбеттүү, чечкиндүү, эрктүү, күчтүү төрага, жана анын каршысында –салбыраган сөлөкөттүү катардагы колхозчу. Чанда гана бирөөлөр орден тагынып, сталиндик алгыр шумкар аталган! Ал эми калгандары топтошкон кайдигер көпчүлүк бойдон калган.

Ордендер көп эле болот, эмгек өндүрүмдүүлүгү болбойт. Анан төрага – кожоюн эмес, төрага – чиновник. Автор жеке эле декаденттик сүрөттөрдү гана тартпай башка да сүрөттөрдү тарта аларын көргөзө алган. Ал ар кандай татаал, ар тараптуу иштерди тарта билген, алдын ала көрөгөчтүгү бар экендигин далилдеген.

*Охра — чопо аралашмасы бар темир кычкыл гидратынан турган табигый пигмент. Охра түсү — ачык сарыдан күрөң-сары жана кочкул сарыга чейинки түстү камтыйт.


Үйүр малдын кайтып келиши. Кенеп, май боек, 60х70, 1985

Уйлар кечинде жайлоодон кайтып келатат. Уйчусу көрүнбөйт. Үй жаныбарлары көнгөн жолу менен чынжырдай тизилип калыптанып калган тартип боюнча короосун көздөй баратышат. Ак, кара, боз, күрөң, кызыл жээрде өңдүү түркүн түстөр. Бул кадыресе жай турмуштун ыргагын ары жактан көрүнгөн кара букага окшош неме бузуп жибергенсиди. Ал көлөкөдөн чыккансып, үйүрдүн артынан чыга калды. Ачык охра, кызыл, кара жана ак аралашмасы бар боз-жашыл түстөгү ар түрдүү түстөрдү түзөт. Айыл көрүнбөйт, терезелерден жылуулуктун жышаанынан кабар берген жарык күйбөйт, жада калса дарактар да ​​жок, малын тосуп чыккан ээлеринин да жиги жок. Тегеректин баарын боштук ээлеп алгандай. Сүрөтчүнү көнүмүш эски өндүрүш темасы кызыктырбайт. Ал айланасында бардыгы айланып тургандай кылып өзүнүн борбору менен жабык дүйнөнүн символун жараткан. Ортодо боз үйгө же вулканга окшогон дөбө. Жогоруда түндүк же кызарган кратер, андан жакында түтүн чыгат. Бул биздин жалпы дүйнөбүз: баарыбыз тегеректеп жүрөбүз. Үйдөн жумушка барабыз, жумуштан үйгө келебиз. Ал эми жаркыраган асман, бейпил булуттар, алыстагы түбөлүк тоолор гана алардан башка да маани маңызды камтыган кыймылдар бар экендигинен кабар берип үмүт байлайт. Асман — акыл-эстин жогорку чегине жетелеген үмүттөй! СССРде “Кайра жаралуу жана айкындуулук” алдында тайманбай берилген идея!

Көзгө анчейин чалдыга бербеген бул чакан чыгарма — кыргыз сүрөт модернизминин эң мыкты чыгармаларынын бири. Мазмуну социалисттик эмес, формасы да реалисттик эмес. Бирде өйдө, бирде төмөн болуп, бирде сергек болуп, кай бирде өкүнүчкө кептелген, бирде керексиздей сезилген абалынын уникалдуу жалпы маанайы…


<= 10-ЧЫГАРЫЛЫШ                                     12-ЧЫГАРЫЛЫШ =>


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Гамал Бөкөнбаев