КАТЫШУУЧУЛАРГА

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019». АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринде иштеген башталгыч класстардын мугалимдерин БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019 сынагына катышууга чакырабыз. Жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул сынак быйыл 8-жолу болмокчу.


Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин сүрөттөрү юбилейлик монета менен.

Мурдагыдай эле “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019” сынагына катышуу үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу керек:

 — Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН мугалими болуу

 — БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН мугалими болуу

 — БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН кунт коюп окуп чыгуу

Эгерде жогоруда аталган шарттар сиздин абалыңызга шайкеш келсе, анда катышуу үчүн төмөндөгү КАДАМДАРДЫ АТКАРУУ зарыл:

  1. Ушул жерде көрсөтүлгөн — СЫНАКТЫН ЖОБОСУНДАГЫ ТЕМА боюнча дилбаян жазуу: ЖОБО 2019 (жүктөп алуу)
  1. СОБОЛДОМО формасын толтуруу, кыргыз же орус тилинде:  БМ 2019 СОБОЛДОМО. КЫРГЫЗ ЖАНА ОРУС ТИЛИНДЕ  (жүктөп алуу)
  1. Окуучуларыңыздын ТАБЕЛДЕРИН көчүрүп, администрациянын же башталгыч класстардын башчысынын мөөрүн жана колун койдуруу
  1. Сынактын биринчи туруна катышуу үчүн жогоруда тизмеленген материалдарды (дилбаян, соболдомо жана табелди) сынактын УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНЕ 2019-жылдын 30-июнуна чейин төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүү: sdkf.meldesh@gmail.com

СЫНАКТЫН ЖОБОСУНДА сынак кандай өтөт, дилбаяндын темасы кандай, дилбаяндар кандай бааланат, сынактын өтө турган күнү жөнүндө бардык маалыматтар толугу менен жазылган.

Уюштуруу комитети катышуучулардын баарына кабыл алынган документтер, андан соң биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт жана баарын  сынактын катышуучусу (биринчи турдун жеңүүчүлөрүн) же күйөрман катары чакырат.

Аябай кызыктуу болот!

 Быйыл кандай жаңылыктар бар?

Адаттагыдай эле – дилбаяндын жаңы темасы берилген. Ал жөнүндө 2019-жылдын ЖОБОСУН окуп биле аласыздар.

Дагы кандай өзгөрүүлөр болот? Быйылтан баштап биз сынакка бардык материалдарды ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТА БОЮНЧА ГАНА кабыл алабыз. Сиз өзүңүз электрондук почтаны колдонбогон күндө да, сизге көмөктөшө турган сиздин кесиптештериңиз, досторуңуз, балдарыңыз, окуучуларыңыз бар.

Буга дейре сынактын Уюштуруу комитети дилбаяндарды ар кандай түрдө: кагазга терилген жана почта аркылуу жиберилген, кээде кол жазма түрүндө да кабыл алып келген. Ал кол жазмаларды бирдей абалга келтирүү үчүн бизге көбүрөөк иштөөгө туура келди. Эми биз милдет орду менен алмашалы, мугалимдер, сиздер дилбаяндарды баалоого ыңгайлуу түргө келтирүү үчүн аракеттенүүңүздөрдү күтөбүз. Дилбаяндарды ыңгайлуу түргө келтирүү зарылдыгы сизди сынакка катышуудан баш тарттырбайт деп ишенебиз. Тескерисинче, ал аракеттер жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө түрткү берери шексиз.

Дилбаяндарды оймо-чийме менен кооздоонун зарылдыгы жок, андыктан кооздоп, жасалгаланбаган түрдө жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Суроолоруңуздар болсо төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 0700 36 24 07 (вотсап да ушул эле номурда)

Ийгилик каалайбыз!


Дагы окуу:

 — ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ
 — ЛАУРЕАТТАРДЫН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ
 — ПРЕМИЯНЫН СҮРӨТАЛБОМДОРУ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *