КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУЗЕЙИНИН АЧЫЛЫШЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: Кайыңды айылындагы Аалы Токомбаев атындагы мектепте 23-сентябрда, ишемби күнү айылдын музейи ачылды. Ал музей атасы көп жыл ушул мектепте үзүрлүү эмгектенген мугалим Капаш Иманалиевдин уулу Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен уюштурулган. Ал эми Чоң-Кеминдин таржымалы, Кайыңды айылынын таржымалы, мектептин таржымалы – бул биздин бүтүндөй мамлекетибиздин тарыхын чагылдырып баяндаган тарых барактары. “ЧОҢ-КЕМИНДЕ — ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ»-2018: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: Кезектеги иш-чара былтыркы жылдагыдай эле И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында өттү. Ага республикабыздын бардык аймактарынан катышуучу-мугалимдер, алардын ичинде – 1-турдун жеңүүчүлөрү келишти, алар кимдер – катышуучулар жана жеңүүчүлөр жөнүндөгү биздин репортаждан окуңуздар КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА КОНОКТОР СҮРӨТТӨРДҮН БААРЫН (516 сүрөт)  ШИЛТЕМЕ БОЮНЧА КӨЧҮРӨ АЛЫШАТ  Бул жылы атайын чакырылган ардактуу коногубуз Роза Төрөкуловна Айтматова болду. Роза […]

Толугу менен...

КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ. 2018-ЖЫЛДАГЫ ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” сынагынын үч жеңүүчү мугалимдин окуучуларынын Бишкек шаарына экскурсиясы алдын-ала белгиленгендей эле, ү.ж. 27-29-апрелинде өттү! Алар: Баткен облусундагы Жаңы-Бак айылынын экинчи класстагы окуучулары (мугалими – Караева Нургүл Жапаровна), Ысык-Көл облусундагы Темир айылынын үчүнчү класстагы окуучулары (мугалими – Каримова Турумкан Абдырахмановна) жана Нарын облусундагы Чолпон айылынын төртүнчү […]

Толугу менен...

1916-ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ БОЮНЧА “АЙГИНЕ” ФОНДУНУН СЕМИНАРЫНЫН АЛКАГЫНДА ӨТКӨН ТАРЫКЧЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 31-мартта “1916-жылдагы үркүн жөнүндө жаңы маалымат алуу үчүн Борбор Азия академиялык коомчулуктарын бириктирүү жана этникалык жана/же саясий аялуу темалары боюнча маалыматтарды алмашуу жана таратуу үчүн жалпы платформаларды түзүү” долбоору боюнча “Айгине” маданий-изилдөө борбору уштурган семинар өз ишин баштады. Санжарбек Данияровдун Фонду Кыргызстанда 1916-жылы болгон үркүнгө арналган веб-ресурстарды жана китептерди презентациялоо алкагында чакырылган эле. Биз […]

Толугу менен...

ҮРКҮН ТЕМАСЫ БОЮНЧА СЕМИНАРДЫН ТАРЫХЧЫ-КАТЫШУУЧУЛАРЫНА “ҮРКҮН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨР” СТУДЕНТТИК ФИЛЬМИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: 30-мартта БААУда “ҮРКҮН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨР” студенттик фильми көрсөтүлдү. Фильмдин алгачкы көрүүчүлөрү — ушул долбоордун алкагында “Айгине” Фонду уюштурган семинарга келишкен 1916-жылдын темасы боюнча изилдөө долбоорунун катышуучулары жана ошондой эле семинарга чакырылган меймандар болушту. Фильм аябай жакшы таасир калтырды, редакциялангандан кийин анын жарыкка чыгышын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Фильмдин соңунда катышуучулар жана меймандар “АТА-БЕЙИТ” мемориалдык комплексинде […]

Толугу менен...

КЕРЕГЕ КЕҢЕШ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ»

СҮРӨТ АЛЬБОМ. 2018-жылдын 18-январында КР Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында XX кылымдын алгачкы агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгүнө арналган кереге кеңеш болуп өттү. Кереге кеңештин программасы  Ага көрүнүктүү окумуштуу тарыхчылар, филологдор катышышты. Кызуу талкуулардан кийин резолюция кабыл алынды. Ал иш чаранын жүрүшү жөнүндө бул сүрөтрепортаждан таанышсаңыздар болот. Базаркул Данияров жөнүндө

Толугу менен...

НЕЙРОХИРУРГ БАЙЫМБЕТ ТААЛАЙБЕК УУЛУ: ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ – МОСКВАДАГЫ 10 КҮН

СҮРӨТАЛЬБОМ. Адаттагыдай эле, сиздер менен “КММАнын ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН ” 2017-жылдагы жеңүүчүсү, жаш нейрохирург Таалайбек уулу Байымбеттин сыйлыктын алкагында Москвага саякаты тууралуу сүрөт репортаж менен бөлүшөбүз. Байымбет биринчиликти жеңип алган жаш окумуштуулардын сынагы жөнүндө репортажды   “…жаңы лауреат болду» сыйлыгы жөнүндө Долбоорлор/Жаш окумуштуу-дарыгер/Дарыгерлер рубрикадан окуй аласыздар. Биздин ларуеат Москвага учуп келгенде көп миллиондогон эли бар шаңдуу шаарга […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017”: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2017-жылдын 9-сентябрында 6-жолу Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка бара турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ аныкталды: Ал — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Каримова Турумкан Абдырахмановна. 2-орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Акунова Нур Садатбековна озуп чыкса, үчүнчү орунду Баткен облусунун Баткен […]

Толугу менен...

БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? АНДАЙ ЭМЕС ЭКЕН! АЛАРГА МУЗЕЙ, ТЕАТРЛАР, ИСКУССТВО ЖАНА ЖАНДУУ БААРЛАШУУ КЫЗЫКТУУ! 2-БӨЛҮК

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бүлөлү, Бакай-Ата жана Кичи-Кеминдин мектеп окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти! Бул саякат балдарга эс-көөнүнөн кеткис кубаныч тартуулады. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын Кыргызстандын борборуна болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты тууралуу кеңири баян  менен «Биринчи мугалим» рубрикасындагы «ТООЛУУ АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫНЫН БИШКЕКТЕН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ» макаладан окуй аласыздар. Бул жерде […]

Толугу менен...

БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? АНДАЙ ЭМЕС ЭКЕН! АЛАРГА МУЗЕЙ, ТЕАТРЛАР, ИСКУССТВО ЖАНА ЖАНДУУ БААРЛАШУУ КЫЗЫКТУУ! 1-БӨЛҮК

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бүлөлү, Бакай-Ата жана Кичи-Кеминдин мектеп окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти! Бул саякат балдарга эс-көөнүнөн кеткис кубаныч тартуулады. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын Кыргызстандын борборуна болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты тууралуу кеңири баян  менен «Биринчи мугалим» рубрикасындагы «ТООЛУУ АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫНЫН БИШКЕКТЕН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ» макаладан окуй аласыздар. Бул жерде […]

Толугу менен...

А.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КИТЕПКАНАДАГЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ 29.03.2017

СҮРӨТАЛЬБОМ. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада классик акын, драматург, котормочу ЖУСУП ТУРУСБЕКОВго арналган “Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” деп аталган кече өттү.  Ал кечеден даярдалган сүрөтбаяндаманы жарыялайбыз. Бул жолугушуу аябай кызыктуу, мазмундуу жана эркин формада өттү. Ал тууралуу кыскача баянды Маданий турмуш => Китепканалар жана Адамдар => Кыргызстан инсандары. Жусуп деген баракчадан окуй аласыздар.

Толугу менен...

ГЮЗЕЛЬ ДАНИЯРОВАНЫН ГРАФИКАСЫ. ФОНДГО КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН БЕРИЛДИ. КААЛООЧУЛАР САТЫП АЛСА ЖЕ БЕЛЕККЕ АЛСА БОЛОТ.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бул ажайып кооз графикалык сүрөттөр менен ушул жерден тааныша аласыз же кааласаңыз сатып алсаңыз да болот. Бул сүрөттөр тушь жана калем сам менен тартылган. Автордун бул эмгектери иш бөлмөңүздүн, кеңсеңиздин жана конок үйүңүздүн дубалдарына илип алууга ылайыктуу. Сатыктан түшкөн каражаттар Фонддун долбоорлорун иш жүзүнө ашырууга пайдаланылмакчы. Сиздин каражатыңыз өзүңүз каалаган конкреттүү бир долбоорду ишке […]

Толугу менен...