КАТЫШУУЧУЛАРГА

2018-ЖЫЛДЫН СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

Төмөндө БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН толугу менен жарыялайбыз.              Сиз бул документти pdf форматында ушул жерден жүктөп алсаңыз болот: БМ 2018 БИРИНЧИ МУГАЛИМ. Жобо


2018-ЖЫЛДЫН СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО 

Кыргыз Республикасы «БИРИНЧИ МУГАЛИМ»

Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин сүрөттөрү юбилейлик монета менен.

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринин баштапкы класстарынын “Биринчи мугалим 2018” сынагын (мындан ары сынак) жарыялайт. Бул сынак 7-жолу өткөрүлмөкчү, биринчи жолу Кемин районунда, андан соң Чүй облусунун мектептеринде өткөрүлүп, ал эми 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы айылдык мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн өткөрүлүп келатат.

«Биринчи  мугалим»  —  бул  башталгыч  класстын  мугалими,  бул  мугалимдердин алдыңкысы, бул Чыңгыз Айтматовдун белгилүү повестинин каарманы.

Аталган  сынак  КР  Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин  МАКУЛДУГУ  менен жүргүзүлүп келет.

Сынактын максаттары:
  • Айылдык мугалимдердин кесиптик өсүп-өнүгүүсүнө болгон умтулуусун демилгелөө
  • Башталгыч класстын мугалиминин өз кесибине кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү
  • Мугалимдерди айылдык мектептерге тартуу үчүн кошумча стимул түзүү
Сынактын катышуучулары:
  • Сынакка айыл  жергесинде  жана  шаар  тибиндеги  кыштактардагы  уюштуруу-укуктук формасынын түрүнө карабай, жалпы билим берүү программасын ишке ашырган, Кыргыз Республикасынын мектептеринде  иштеген  башталгыч  класстардын  бардык мугалимдери (мындан ары — Катышуучу) катыша алышат. Шаарлардагы  мектептердин  мугалимдери,  тагыраак  айтканда,  республикалык, облустук,  райондук  маанидеги  шаар  мектептеринин  мугалимдери  КАТЫША АЛЫШПАЙТ.
  • Сынакка ошондой  эле  окуучуларды  түздөн-түз  окутууга  катышпаган  жетекчилер  жана билим берүү мекемелеринин администраторлору КАТЫША АЛЫШПАЙТ.
Сыйлыктар:

1-орунду  ээлеген  жана  “БИРИНЧИ  МУГАЛИМ-2018”  наамына  татыктуу  болгон катышуучу  Ардак  диплом  жана  Санжарбек  Данияровдун  Фондунун  Башкы  сыйлыгы  –Россиянын  борбору  Москва  шаарына  музей, театр,  галерея  ж.б.  маданий  жайларды кыдыруу  программасы  камтылган  10  күндүк  маданий-маалымат  арттыруучу  саякатка барат. Сыйлыктар жөнүндө кеңири маалымат БМ 2018 №1 ТИРКЕМЕДЕ бар.

Сынактын экинчи турунун 3 жеңүүчүсү (2-турдун жыйынтыгы боюнча 1,2,3-орунду ээлегендер) сынактын Лауреаттары деп таанылып, Ардак грамота менен сыйланышат жана ошондой  эле  сыйлык  ээсинин  окуучулары  Санжарбек  Данияровдун  Фондунун  Атайын сыйлыгы  –  Кыргыз  Республикасынын  борбору  Бишкек  шаарындагы  кызыктуу жайларга  бир  күндүк  маданий-маалымат  арттыруучу  экскурсияга  чыгышат.

Кызыктыруучу сыйлыктар жөнүндө БМ 2018 №2 ТИРКЕМЕДЕ бар.

Сынактын  бардык  катышуучулары   Сынакты  уюштуруучудан  Катышуучунун Күбөлүгүн  алышат.  Бардык  катышуучулар  2-турда  күйөрман  жана  көрүүчү  катары катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн документтер

Сынакка катышуу үчүн мугалим сынактын Уюштуруу комитетине төмөнкү  документтерди тапшырат:

  1. 2018-жылдагы дилбаяндын  темасы:  “Мугалимдик — бул кесиппи же талантпы?” Дилбаянга коюлган талаптар ушул Жобонун төмөн жагында бар.
  1. Форма боюнча толтурулган Катышуучунун (мындан ары — Катышуучу) арызы (БМ 2018 №5 ТИРКЕМЕ Арыз.Кырг)
  2. Катышуучу иштеген мектептин администрациясынын колу коюлуп, мөөрү басылган, Катышуучунун окуучуларынын жетишкендиктеринин 2 (эки) табели:
  • Сынак өтөр окуу жылында Катышуучу окутуп аяктаган 4-класстын табели;
  • Ошол эле окуучулардын классын предметтик мугалимдерге өткөрүп бергенден кийинки 5-класстагы табели;
Сынакка катышуу үчүн дилбаянды жана документтерди жөнөтүүчү дарек

Мугалим Сынакка катышуу үчүн дилбаянды жогоруда белгиленген документтерди төмөнкү почта дареги боюнча жөнөтөт:

720040 Кыргызстан, Бишкек шаары, Раззаков көч. 10-үй, кв. 7

же ушул электрондук почта дареги боюнча: sdkf.meldesh@gmail.com

 

Сынакты өткөрүү формасы жана мазмуну

Сынак эки тур менен өтөт:

Биринчи  тур  –  сырттан  катышуу  түрүндө,  жазуу  жүзүндө  өтөт.  Сынактын биринчи туруна Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын каалаган бардык мугалимдери катыша алышат. Дилбаяндарды баалоонун натыйжасында эң жогорку балл алган биринчи турдун 6 жеңүүчүсү аныкталат. Алар 2-турдун катышуучусу болуп калышат.

Экинчи  тур  – биринчи  турдун  6  жеңүүчүсү  өздөрү  түздөн-түз  катышып,  оозеки жооп  беришет.  Экинчи  турдун  жыйынтыгында  БИРИНЧИ  МУГАЛИМ-2018  сынагынын жеңүүчүсү  жана ошондой эле 2- жана 3-орунду ээлеген жеңүүчүлөр жарыяланат.

Биринчи турдун мазмуну:

Сынактын биринчи турунда жазуу түрүндө берилүүчү дилбаяндын темасы: “Мугалимдик – бул кесиппи же талантпы?” деп аталат.

Дилбаянга коюлуучу талаптар:

—  Дилбаян  кыргыз  жана орус тилинде  кабыл  алынат.  Анын  кайсы  тилде  жазылганы дилбаяндарды тандоодо жана ага коюлган баада критерий болуп эсептелбейт.

— Дилбаян барак бетине терилген түрдө же электрондук түрдө кабыл алынат. Кол жазмалар кабыл алынбайт.

—  Дилбаяндын көлөмү — 3 беттен 5 бетке чейинки А4 форматындагы 12 шрифтте, интервалы 1 менен басылууга тийиш.

—  Дилбаян 3 бөлүктөн болушу керек: кириш сөз, негизги бөлүгү жана корунду.

—  Дилбаянда  АВТОР  ӨЗҮ  ЖАЗГАН  ТЕКСТ  ГАНА  болушу  шарт.  Шилтемелер  алынган маалымат булагына таянуу менен белгилениши керек. Тике келтирилген цитаталар дилбаяндын көлөмүнүн 10% ашпоого тийиш.

Сынактын шартына ылайык, сынакка жөнөтүлгөн бардык дилбаяндар Уюштуруу комитети тарабынан тексттин уникалдуулугу, б.а. плагиаттын бар же жоктугу текшерилет. Текшерүүдөн өткөн дилбаяндар калыстар тобунун мүчөлөрүнө жашыруун, б.а. катышуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, сыр сөз жазылган түрдө жөнөтүлөт.

Сынактын 1-турундагы ДИЛБАЯНДАРДЫ БААЛОО тартиби

Биринчи  турдун  жеңүүчүлөрү  калыстар  тобунун  бардык  мүчөлөрү  дилбаян  үчүн  ар бир  критерий  боюнча  койгон  баллдардын  суммасынын  жыйынтыгы  менен  аныкталат (жогору  жакты  караңыз).  Ар  бир  дилбаянга  жашыруун сөз  коюлат.  Калыстар  тобунун  мүчөлөрү дилбаяндарды  баалоо  үчүн  бардык  дилбаяндардын  көчүрмөсүнө  жашыруун сөз коюлуп,  катышуучунун  аты-жөнү  жазылбаган  түрүндө  алышат  жана  баллды  1-Турдун Баалоо баракчасына коюшат (Формасы №3-ТиркемедеБМ 2018 №3 ТИРКЕМЕ. БААЛООЧУ БАРАК 1 ТУР. АД), ал эми Уюштуруу комитети ар бир катышуучунун  баллынын  жалпы  суммасын  эсептеп  чыгат  да,  андан  кийин  жашыруун сөздөр  ачыкка чыгарылат.  КАЛЫСТАР  ТОБУНУН  МҮЧӨЛӨРҮ  ДИЛБАЯНДАРДЫ  ЖАШЫРУУН  ТҮРДӨ БААЛАШАТ.

Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

  • Теманы толук ачып берүү
  • Негизги ойду ачык, так баяндап берүү
  • баяндоо стили (көркөм)
  • жазуу сабаттуулугу
  • андан аркы иш үчүн пайдалуулугу, тажрыйба бөлүшүү
  • дилбаяндын темасына стандарттан тышкаркы мамиле жасоо

Экинчи турдун мазмуну:

Экинчи  турда  1-турдун  6  (алты)  жеңүүчүсү  оозеки  түрдө  таймашат.  Экинчи  тур Калыстар  тобунун,  Уюштуруу  комитетинин  өкүлдөрүнүн,  1-турдун  каалаган катышуучуларынын катышуусунда конференц-залда өтөт, ага башка кесиптеш мугалимдер, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жана  облустук  администрация  өкүлдөрү  жана жалпы эле каалагандар катыша алышат.

2-турдун катышуучулары төмөнкү тапшырмаларды аткарышат:

  • Биринчи турга  сунуштаган  өздөрүнүн  дилбаяндарынын  негизги  идеяларын оозеки айтып беришет. Ал үчүн ар бир катышуучуга 3 мүнөт убакыт берилет.
  • Дилбаяндын темасы  боюнча  2  (эки)  суроого  жооп  беришет.  Андан тышкары,  залдагы  катышуучулардын  жана  калыстар  тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө тийиш.
  • 5-10 мүнөттүн ичинде өзүнүн классы жөнүндө маалымат берет.

Таймашты Баалоо Критерийлери

Дилбаяндын идеясын оозеки айтып берүү:

  • Кызыктуу идеянын болушу
  • Теманы сунуштоо жана ачып берүү чеберчилиги, ынанымдуу болуу
  • Идеянын өзүнүн кызыктуулугу

Суроолорго берилген жооптор:

  • Суроолорго берилген жооптордун шайкештиги
  • Жооптун толук берилиши
  • Ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү жана чыгармачылык ыкмасы
  • Жоопту туура түзүү чеберчилиги

Классы тууралуу оозеки айтып берүү:

  • Окуучуларынын билим деңгээлин көргөзмөлүү айтып берүү
  • Балдар жамаатын сүрөттөп берүү чеберчилиги
  • Индивидуалдуулугун аныктоо чеберчилиги
  • Маалыматты көрсөтмөлүү жеткирүү

2-турдун жеңүүчүсүн аныктоо тартиби

Сынактын жеңүүчүсү 2-турда берилген бардык тапшырма үчүн калыстар тобунун ар бир  мүчөсү  койгон  баллдарды  кошкон  сумма  боюнча  аныкталат.  Калыстар  тобунун мүчөлөрү  сынактын  катышуучуларына  топтолгон  критерийлер  боюнча  тапшырманын  ар бир элементи үчүн 5 баллдык негизде баа “реалдуу убактысы” режиминде коюшат (жогору жакты  караңыз)  жана  ал  бааны  2-турдун  Баалоо  баракчасына  түшүрүшөт  (Формасы  №4-ТИРКЕМЕДЕ).  Уюштуруу  комитети  баллдардын  жалпы  суммасын  эсептеп  чыгат  да, катышуучуларга жана жалпы эле күйөрмандарга жарыялайт.

Сынакты өткөрүү убактысы жана жери:

 1-Тур: 2018-жылдын 10-февралынан 2018-жылдын 30-июнуна чейин.

2-Тур: 2018-жылдын сентябрынын 1- (1- сентябрь) же 2- (8-сентябрь) ишембиси.

Лауреаттын окуучуларынын экскурсиясы (Фонддун Атайын сыйлыгы): 2019-жылдын жазы (лауреат менен макулдашуу боюнча).

Жеңүүчү мугалимдин Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякаты (Фонддун сыйлыгы): 2018-жылдын сентябрь-октябрь айынын экинчи жарымы (тагыраак датасы жеңүүчү менен макулдашылгандан кийин аныкталат).

2-тур жана жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты өтө турган жер: И.Арабаев атындагы университеттин аудиториясы (Университеттин жетекчилигинин макулдугу менен)

Сынактын календардык планы

Сынактын  эки этабын  (даярдоо  этабын  кошкондо)  8  айдын  ичинде  ишке ашыруу  пландалат.  Башталышы  –  10-02.2018  жана  аякталышы  –  30.09.2018.  Жеңүүчүнү саякатка  алып  чыгуу  мөөнөтү  так  белгиленбейт,  ал  жеңүүчү  менен  биротоло макулдашкандан  кийин  аныкталат.  Сынактын  өтүшү  Санжарбек  Данияровдун  Коомдук Фондунун сайтында жана ЖМК чагылдыруу пландалууда.

Сынактын уюштуруу комитети:

Сынакты  даярдоо  жана  өткөрүү  үчүн  Уюштуруу  комитети  түзүлөт. Уюштуруу комитетинин  курамы  Сынакты  Негиздөөчүнүн  буйругу  менен  бекитилет.  Уюштуруу комитетинин курамына төмөнкүлөр кирет:

  • Директору/Фонддун өкүлү
  • Ыктыярчылар (1-2)

Фонддун директору Уюштуруу комитетинин ишин көзөмөлдөйт.

Уюштуруу комитетинин функциялары жана ыйгарым укуктары:

  • Катышуучуларга жана  массалык  маалымат  каражаттарына  сынактын  жүрүшү жөнүндө маалымат берет;
  • Калыстар тобунун курамын Сынактын негиздөөчүсүнө бекитүүгө жиберет.
  • Калыстар тобунун мүчөлөрүнө сынакты өткөрүү милдеттери жана тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана Катышуучуларга кеп-кеңеш берет;
  • Сынакка катышууга  талапкерлердин  материалдарын  кабыл  алат,  сынактын талабына шайкештигин жана плагиат боюнча текшерет жана сынакка катыштыруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат;
  • Сынактын экинчи турун өткөрүү тартибин, формасын, өтө турган жерин жана күнүн аныктайт (ушул ЖОБОГО ылайык);
  • Сынактын иш документтерин жүргүзөт;
  • Калыстар тобунун баасынын негизинде баллдарды эсептейт;
  • Пресс-релиздерди даярдайт;
  • Сынактын 1-  жана  2-этаптарын өткөрүүнү  уюштуруу  жана  ошондой  эле жеңүүчүлөрдү  жарыялоо  жана  сыйлоо  салтанатын  өткөрүү  маселелери  менен алектенет;
  • Талаш-тартыш маселелер жаралып калса, аларды чечүүгө жардамдашат;
  • Москва шаарына саякатка баруу сыйлыгын жеңип алган жеңүүчүнүн саякатын жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн окуучулары үчүн экскурсияны уюштурат.
  • Сынактын аяктагандыгы тууралуу отчет даярдайт.

Эгерде  тизмедеги  курамдын  жарымынан  көбү  добуш  берсе,  Уюштуруу  комитетинин чечими  кабыл  алынды  деп  эсептелет.  Чечим  Уюштуруу  комитетинин  төрагасынын  колу коюлган  протокол  менен  түзүлөт,  эгерде  ал  жок  болуп  калса  –  анын  орун  басары  жана жооптуу катчынын колу менен түзүлөт.

Калыстар тобу

Калыстар  тобунун  түзүмү  билим  берүү,  илимий,  методикалык  мекеме кызматкерлеринин, коомчулуктун, чыгармачыл союздардын жана борборлордун, искусство, маданият жана илимий ишмер өкүлдөрүнөн, окуучулардан түзүлөт. Калыстар  тобунун  мүчөлөрү  талдоо  жүргүзүп,  баа  коюшат,  сынактардын жыйынтыгы  боюнча  чечимдерди  чыгарышат.  Калыстар  тобунун  мүчөлөрү  өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө  Сынакты  негиздөөчүлөр  бекиткен  жана  ушул  Жободо  жазылган  баалоо критерийлерин колдонушат.

Калыстар тобунун мүчөсү орус жана кыргыз тилдерин билүүсү зарыл.

Сынактын сырттан жана түздөн түз катышуу турларынын калыстар тобунун курамы, алардын иш тартиби, баалоо системасы ж.б. сынактын Негиздөөчүсү тарабынан бекитилет.

Талаш-тартыш маселелерди чечүү

Сынактын катышуучулары ар бир турдун жыйынтыгы боюнча сынактын уюштуруу комитетине  аппеляция  берүү  жолу  менен  калыстар  тобунун  чечимин  жокко  чыгарууга укуктуу.

Уюштуруу комитети бул үчүн зарыл болгон документтерди пайдалануу жолу менен аппеляцияны карап чыгууга милдеттүү.

Уюштуруу комитетинин чечими апелляция берген адамга жана калыстар тобуна маалымдалат.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” сынагы долбоорун жыйынтыктоо

Сынакты жыйынтыктоо иретинде төмөндөгү иштер пландалган:

  • “Биринчи мугалим 2018”  сынагынын  жеңүүчүсү  менен  сайтта  жана  ЖМК беттерине интервью уюштуруу.
  • Сынактын жүрүшү  жөнүндө  “САНЖАРБЕК  ДАНИЯРОВДУН  ФОНДУ”  КФнын сайтына жана соцтармактарга маалымат жүктөө
  • Сынактын ар бир этабынын жыйынтыгы боюнча пресс-релиз даярдоо
  • Сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө райондук билим берүү бөлүмдөрүнө маалымдоо

Фонддун директору А. Даниярова. Датасы — 04.02.2018


Сурап-билүү телефону 0550 077905, 0772 804608 же электрондук почта аркылуу: sdkf.meldesh@gmail.com


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *