БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2015. МУГАЛИМДЕР ӨЗДӨРҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫНА БАЙГЕНИ УТУП АЛЫШТЫ

Фонд уюштурган, 2015 жылдын ноябрь айында өткөн окуя жөнүндө баяндама.

2015 жылы БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагтын ченеминде, биринчи турдун жыйынтыктары боюнча эң жогорку баллдарды алган үч мугалимге Фонд сыйлыкты уюштурду. Мурдагы  жылдарда, биринчи орунду ээлеген мугалим Санжарбек Данияровдун Фондунун Сыйлыгын Москвага 10 – күндүк маданий — маалымат арттыруучу  саякатты алган. Эми, ушул Сыйлыкка кошумчаланып, үч лауреат, жеңүүчүнү дагы кошуп санаганда, кызыктыруучу байгеге, лауреаттардын класстарындагы окуучуларга арналган Бишкек шаарына бир күндүк маданий – маалымат арттыруучу саякатка ээ болушту.

Бул ой абдан жакшы экендиги көрүндү!

Третьеклассники у памятника Курманжан Датка
Третьеклассники у памятника Курманжан Датка

Сынакка Чуй облустагы АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРДЕГИ башталгыч класстардын мугалимдери катышкан. Элестетип көрүңүз, Чуй облусттагы айылдык балдар, артыкча башталгыч класстарда окуган балдар, шаарга жыш барышпайт. Алардын көбүнчөсү Бишкек шаарында болгон эмес, ал эми болгондор, мектеп формаларды сатып алган жерлерди гана көрүшкөн, ушул менен алардын борборго болгон саякаты бүткөн. Бул балдар “театр”, “драма”, “опера”, “балет” эмне экедигин билишпейт, айкөлдөрдү көргөн, музейлерге барган эмес. Эми, сүйүктүү мугалимдин сынакка катышкадыгы жана жеңип алгандыгы үчүн,  балдар Бишкек шаарына болгон кызыктуу саякатка катышууга мүмкүнчүлүктү алышты!

Бөтөн айылдардан үч класс 2015 жылдагы сынактын кызыктыруучу байгесине ээ болушкан:

  • 2015 жылдагы сынактын жеңүүчүсү Наталья Александровна Уланова Сокулук райондун Нижне Чуйск айылында турган орто мектептеги өзүнүн 3-ү классына байгени утуп алды.
  • 2015 жылдагы сынактын лауреаты Нагызгуль Адылбековна Мырзабекова Панфилов райондун Эркин Сай айылында турган орто мектептеги өзүнүн 3-ү классына байгени утуп алды.
  • 2015 жылдагы сынактын лауреаты Абдразакова Бактыгуль Максутовна Кемин райондун Чымкоргон айылында турган А.Казакбаев атындагы орто меткептеги 8-и классы менен саякатка келди, бул классты мугалим 1-ден 4-гө чейин алып келген, ал эми ал класс 5-ге өткөндөн кийин, класс жетекчиси болуп калган.

Үчүнчү класстагы окуучулар саякаттка бир күндө чогу чыгышты.  Ал эми кийинки күнү Бишкекке 8-чи класстын окуучулары келишти. Окуучулар буйрутмаланган автобустарда Фонддун өкүлдөрү – Салика Исаева жана Адинай Мамбетакунова менен Бишкекке келишти. Бишкекке келгени менен аларга өз калоолору боюнча Ж. Баласагын атындагы КНУ студенттери кошулушту – Табылды Муратбеков, Жибек Сагымбаева, Алиман Адамалиева, Эрнис Чыров.

Албетте, саякат өткөн күнү Фонд балдарга тамактандырууну уюштурду.

Смена караула
Смена караула

Жолдо эле, Фонддун өкүлдөрү балдарга шаар жөнүндө, айкөлдөр жөнүндө айтып беришкен, театрлар, музейлер, сүрөттөмө чеберчилик, архитектура жана скульптура менен байланышкан терминдери боюнча талкуулашкан. Бул сүйлөшүү балдарды чоң кызыгууга келтирди, алар сүйлөшүүгө активдүү катышышты, саякатта болоор нерселер жөнүдө сурашты.

Саякаттын түзүлүшү үч бир бирин толуктаган бөлүктөрдөн турду:

Айкөлдөрдү жана скульптураларды көрүү менен шаарды жөө сейилдөө.

Сейилдөө Ала Тоо кинотеатрдын жанынан, Нөлдук километрден башталды. Ал башталгыч километрден

Нулевой километр. Далеко ли я живу?
Нулевой километр. Далеко ли я живу?

өздөрүнүн айылдары канчалык алыс экендигин кызыгуу менен талкуулашты. Балдар каалаганча сүрөткө түшүштү, селфи кылышты, күлүшту. Нөлдүк километрден окуучулар Курманжан Датка айкөлунө келишти, анын жанында чогулуп жалпы сүрөттөр кылынган. Балдар ачык асмандагы Музей менен таанышышкан, скульптуралык эмгектерди талкуулашкан, ошондой эле ак куулар элесинде клумбаладрды көрүшкөн.

Убакыт эсептелген боюнча, балдар Ала Тоо аянтына, караулдун алмаштыруусуна так келишти. Бул сонун каада балдардын көңүлдөрүн кош калтырбаган! Эмендүү парктагы айкөлдөрдү көрүштү. Бишкектеги айкөлдөр жалаң гана согуштун жана мамлекеттин ишмерлерине коюулбагандыгын, ошондой эле: балет артисттерине, поэттерге, жазуучуларга, музыканттарга, театр жана кино артисттерге коюулгандыгын коштоочулар балдардын көңүлдөрүн буурушту. Тилекке каршы, каалаган айкөлдөрдүн баардыгын карап чыгууга бир күндүн ичиндеги убакыт аз болгон.

Театрга баруу

Спектакль театра Тунгуч
Тунгуч театры

Үчүнчү класстага окуучуларга, Жамал Сейдахматованын жетекчисиндеги Тунгуч театрдын “СИМУЛ” (латынча – “ЧОГУУ”) спектакли көрсөтүлгөн. Бул спектакль жаратылышты жана жаныбарларды баалаш керектигин көрсөттү.  Бул спектакль пластикалык болгондугу үчүн, сөздөрү жок болуп жалаң гана бийден турган үчүн, аны эки класска тең, кыргыз жана орус тилинде окуган балдарга бир учурда көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болду. Спектакльдын алдында, Жамал Сейдахматова өзү балдарга кайрылып, спектакльдын мазмунун кыргыз жана орус тилинде башталышынын алдында айтып берди. Ал спектакльдын автору өзү Жамал Сейдахматова экен. Жамал эже балдар менен абдан жакшы сүйлөштү, балдар аны көнүл салып угушту, анын: “театр – бул майрам!”,  деген сөздөрүн, сезимге берилүүчүк менен мамилелерин көрсөтүшкөн.

Спектакль абдан сонун өттү! Балдар, дем менен спектакльды көрүштү, бүткөндөн кийин кубаныч менен кол чабышты. Аудитория тарабынан ушундай мамилени көрүү абдан чоң ыракат.

Ошондон кем эмес ийгиликтүү түрдө Арсен Умуралиев атындагы Бишкек театрга, Чымкоргон айылынан

Принцесса Турандот -спектакль театра им А. Умуралиева
А.Умуралиев атындагы театры. «Турандот канбийке»

сегизинчи класстагы окуучулардын катышуусу өттү. Парманов режиссер койгон “Канбийке Турандот” спектакль, — шайыр, ак көңүл, тамашалар менен, көркөм, жарыктын сонун ойуну менен. Театрдагы сахна көрүүчүгө абдан жакын жайгашкан, ошондон аткаруучулар менен көрүүчүлөрдүн байланышы көбөйдү.

Саякаттын катышууулардын көбү өзүнүн театрга баруусун эске сактап калышат, театрды түбөлүккө жакшы көрүп калышат деп ишенебиз!

Тарых музейи

Тарых музейин балдар профессионалдуу гид менен көрүштү, орус тилинде окуган класска – орус тилинде тарыхты айтып берген гид, кыргыз тилинде окуган балдарга – кыргыз тилинде тарыхты айтып берген гид. Балдарга кызыктуу жана пайдалуу нерселер Музейде абдан көп. Музейди көрүүдөн, мугалимдер жана ата энелер комитетинин мүчөлөрү өздөрүнө көп бир жаңы нерселерди табышты. Балдар чарчагандарына карашпай суроолорун беришип, экспонаттарды көрүп жана гиддин баяндамасын кызыгуу менен угушту.

Кечинде балдар ошол эле автобустар менен уйлөрүнө жетишти.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынактагы Лауреаттардын окуучуларына Кызыктыруучу байге элесинде —  балдарга арналган саякат өткөрүу тажрыйбадан кийин, Фонд бул ойду эмки боло турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынактарда, уланткысы жана өркүндөткүүсү келет.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *