ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 6-БӨЛҮМ. ПАРКТАР, КРЕМЛЬ, ТАРЫХЫЙ ЖАЙЛАР. ТҮНКҮ МОСКВА.

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда,биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.


6-БӨЛҮМ. ПАРКТАР, КРЕМЛЬ, ТАРЫХЫЙ ЖАЙЛАР. ТҮНКҮ МОСКВА.

 

В Елисеевском гастрономе
В Елисеевском гастрономе
« 3 of 96 »

АЛГАЧКЫ СЕЙИЛ. Адатта мен меймандар менен болгон саякатты Пушкин метросунун станциясынан сейилдөөдөн баштайм, бул жерден баштаганда, жаңы келген адамга 900 жылдык тарыхы бар шаардын кайталангыс айлампа структурасынан багыт алганга жардам берет. Скульптор Опекушиндин колунан жасалган А.С.Пушкиндин белгилүү эстелиги жолугушуулар же адашып табышкандар үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет. Мындан биз Кремлди көздөй Тверь көчөсүн бойлоп жөнөгөндө, биринчи кездешкен объекти – бул Елисеев гастроному. Ар-нуво стилинде ажайып кооз жасалгаланган гастроном укмуш таасир калтырат. Аябай чоң люстралар, бай жасалгалуу декор, кайра калыбына келтирилген текчелери азык-түлүк дүкөнгө караганда салтанаттуу залга көбүрөөк окшойт. Андан ары өзүбүзгө окшогон саякатчылардын, меймандардын шарданы менен кадимкидей жандана түшкөн Тверь көчөсү менен 18-19-кылымда жана совет империясынын стилинде курулган үйлөрдү көрүп отуруп Айжан экөөбүз Чехов МХАТ имаратын жандай өтүп, эски Москва көчөсү менен Б.Дмитровка көчөлөрүнүн кесилишинен Петровкага чыктык. Петровка өтмөгүнүн ичиндеги аябай кооз галереялар ГУМду анча-мынча эске салат, мында эл азыраак, бирок аябай кымбат дүкөндөрүнүн интерьерлери көңүл бурдурбай койбойт. Бул өтмөк болгондуктан, бет маңдайындагы башка көчөгө чыга аласың, ал көчө – Неглинная деп аталат, мындай аталып калгандыгынын себеби, 19-кылымда Неглинка суусуна түтүктөрдү “кийгизип”, анын үстүнө көчө куруп салышкан. Биз Петровка көчөсүнө кайтып келип, андан ары театр аянты менен заңкайган «Большой» театрдын, анын жанындагы «Малый» театрдын имараттарына,  аркы бетиндеги Жаштар театры, андан кийинки – Большой театрдын Жаңы сценасын кыдырдык. Анын бет маңдай жагында – Врубель мозаикасы менен кооздолгон, ар-нуво стилиндеги архитектуранын шедеври Метрополь отели жайгашкан. Биз Охотный ряд көчөсү менен РФ Мамлекеттик Думасынын имаратынын жанынан өтүп, кайрадан Тверь көчөсүнө, Манеж аянтына, андан Кызыл аянтка чыктык, андан соң белгилүү ГУМга кирип чыккандан кийин, кайра үйгө кайтууга туура келди, анткени бул күнү адаттагыдан тышкары суук болуп турган, жолдон “Площадь Революции” станциясын көрө кеткенди да унуткан жокпуз. Бул жөнүндө өзүнчө баяндап берейин.

ЭКИНЧИ СЕЙИЛ. Метро Кропоткинская, Волхонка көчөлөрү, А.С.Пушкин атындагы МКСМ (көркөм сурөт музейи), башкы имаратына кире албадык, Христос Спаситель (Куткаруучу) Храмы, Патриарший көпүрөсү, Гоголь бульвары, Никитский бульвары, Б.Никитская көчөсү, “Хлеб насущный” кафеси.

ҮЧҮНЧҮ СЕЙИЛ: Кремль жок болсо Москванын көркү канчалык болмок дейсиз? Албетте, биз да Кремль аянтында сейилдеп, бир топ убакыт кезекте туруп Соборная аянтында болдук. Айжан Успенский, Архангельский, Благовещенский соборлорунун, Ризоположения чиркөөсүнүн ички декорлорун, интерьерлерин кыдырып көрүп чыкты. Тилекке каршы, ал жерден сүрөткө түшө албадык, анткени мен сыртта аянтта калган элем.  Биз башка саякатчылар сыяктуу эле атактуу кремлдик Царь-пушка (замбирек), Царь-колокол, Кремлдеги гүл бакчаны көрдүк. Анан албетте, Кремлдин белгилүү Оружейная палата (Курал палатасы) музейине барганды эстен чыгарган жокпуз. Бул жердеги эки кабатта падышалык үй-бүлөлүк баалуулуктар коюлган: кийимдери, тактысы, кареталары, таажы кийгизүүгө арналган буюмдары, ат жабдыктары, идиш-аяктар, Библия үчүн кымбат баалуу зер буюмдар.

Кремлден биз Спасская мунарасы аркылуу түз эле Кызыл Аянтка, Василий Блаженныйдын Соборуна чыктык.

СЕЙИЛДИН УЛАНДЫСЫ: Кызыл Аянт жана “Васильевский спуск” менен өтүп келип, Варварка көчөсүнө өттүк, мында биринен сала бири тизилген ар кайсы мезгилдеги байыркы чиркөөлөрдөн көзүң адашат. Баары мыкты абалда жакшы сакталган. 10 миң орундуу мурдагы “Россия” мейманканасынын ордуна салынган жаңы Зарядье паркына кирдик. Андан баарына белгилүү болуп калган айнек тоскучтары бар “Парящий” көпүрөсүнө чыгып, Зарядье куполуна кирдик, ал жерден Москванын тарыхы өтө кызыктуу көрсөтүлгөн, дубалдары QR-коддору кооздолгон.  Москворецкий көпүрө (тилекке каршы, ал ремонт экен), “Балдар — чоң кишилердин кемчилигинин курмандыгы” деген адамдарга аябай таасирдүү Шемякиндин эмгегинен жаралган эстелик жайгашкан Болотная аянтына чыктык. Андан ары – Кремлдин көркөмү ачылган Чоң Таш көпүрөсүнө, Пашковдун  заңгыраган үйүнө өттүк.

ТӨРТҮНЧҮ СЕЙИЛ: Новодевичий монастырь, сквер жана монастырдын алдындагы көлмө. Бул мен Москвадагы эң жакшы көргөн жерлердин бири, мында жылдын төрт мезгили тең дайыма кооз көрүнөт. Тилекке каршы, Монастырь ремонттолуп жаткан экен. Биз Воробьев тоосуна барып, Лужниковдон асма жол менен ММУнун имаратынын алдындагы көрсөтмө аянтка жеттик.

БЕШИНЧИ СЕЙИЛ: «Большой» театрдын Жаңы сахнасында өткөн Игорь Моисеевдин концертинен кийин биз кечки Москвада сейилдеп, Моховая көчөсү боюнча Лубянка көчөсүнө барып калдык. Айжанды Метрополь имаратынын алдында сүрөткө тартып жатып, ары-бери өтүп жаткан жаштардын тамаша иретинде биздин сулуу кызыбыз менен бирге кадрга “илинип” калып жатышканын байкадым. Жарыкка чулганган кечки Москванын көчөлөрүндө көчө музыканттардын шаңдуу обондорун коштой, биздин коногубуз да токтоно албай, бийлеп жиберип жатты.

ТҮНКҮ МОСКВАДА сейилдөө. Биз спектаклден кийин же болбосо Москванын борборундагы кызыктуу жайларды кыдырып келатып, кечинде дайыма сейилдейбиз. Москванын борборундагы жарык чачкан көптөгөн шам чырактар, айрыкча, имараттарды жана көпүрөлөрдү көрккө бөлөгөн түнкү шамдардын жарыгы айланадагы адамдарга кандайдыр бир майрам болуп жаткандай көтөрүңкү маанай тартуулап бир башкача керемет сезимге чулгайт. Мыкты ойлонуштурулган. Прожекторлордун көркөм нурлары имараттардын ар бир сызыктарын белгилеп, көргөзүп өткөнү ырасында эле майрамдагыдай көрүнөт. Бир нече жыл мурда Москвадагы электр жарыктарынын зымдарын жерге көмүп салышкандан бери шаардын көркүнө көрк кошула түшкөндөй болду.


МУРУНКУ: 5-БӨЛҮМ. ЯХТА МЕНЕН СЕЙИЛДӨӨ                  КИЙИНКИ: 7-БӨЛҮМ. КОСМОС ЖАНА ОКЕАН


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *