ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАЛАРЫ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

Лиля Турусбекова
киностудияда

Лиля Турусбекова “КЫРГЫЗФИЛЬМ” студиясында иштеп жүргөн жылдары (1956-1992-жж.) режиссер катары 32 документалдуу фильм  — анын ичинен 4 – толук метраждуу (бирөө Ю.Герштейн менен авторлош), жана ошондой эле 65 “Советская Киргизия” киножурналынын чыгарылышын (1955-1967-жж. жана бирөө 1982-жылы) тарткан, андан тышкары, эки фильмде редактор катары катышкан.

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ДОКУМЕНТТҮҮ ФИЛЬМДЕРИ 

  1. “Күмүш суу” («Серебряная вода») 1956

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү фильм, сценарийдин автору Ю. Герштейн, оператору Ю. Герштейн 

Фильм сейрек кездешчү металл – Хайдаркан сымап кенин казышкан  кенчилер жөнүндө тартылган.

  1. «Алар Тянь-Шанда туулган” (“Они родились на Тянь-Шане») 1957

2 бөлүктүү, түстүү тасма, сценарийдин автору А. Салиев, М. Аксаков, операторлору Ю. Герштейн, И. Герштейн.

Совет бийлигинин 40 жылдыгына арналган тасмада кыргыз элинин турмушунда болуп жаткан зор өзгөрүүлөр жөнүндө тартылган. Көрүүчүлөрдүн көз алдында мугалим О.Кыштобаевдин, академик А.Мамытовдун, Социалисттик Эмгектин Баатырлары А.Анаровдун, К.Шопокованын, Т.Эрматованын, СССРдин эл артисти Б.Бейшеналиеванын, чабан У.Жаркымбаевдин турмушу тартылып өтөт. Анда каармандардын тагдырлары образдуу чагылдырылган. Фильм башка көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөн.

  1. “Жогорку сыйлык” («Высокая награда») 1959

2 бөлүктүү,  кара-ак түстөгү тасма. (1957-жылы тартылган Эрдмандын аты уйкаш фильми менен алмаштырбоо керек)

  1. “Кыргыз искусствосунун майрамы” (“Праздник киргизского искусства») 1959

3 бөлүктүү, түстүү тасма, оператору Ю. Герштейн, И Герштейн

Фильм–аңгеме кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвадагы декадасы жөнүндө баяндайт.

  1. “Сенин курбуларың” («Твои подруги») 1960

2 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма, сценарийдин автору М. Байджиев, оператору К. Кыдыралиев.

Бул тасмада ВЛКСМ атындагы Фрунзе кийим тигүү фабрикасынын мастери Жумагүл Үркүнчиева жана жаш педагог Анара Исаева жөнүндө тартылган.

  1. “Ырдын жаралышы” («Рождение песни») (Ю. Герштейн менен биргеликте тартылган) 1961

5 бөлүктүү, түстүү тасма, сценарийдин автору Панкин, А.Кочетков, оператору К.Кыдыралиев, композитору Т.Эрматов, үн оператору Д.Овсянников, директору Г. Набатов.

Тасма бир абышка менен баланын өлкөдө саякаттап жүргөнү жөнүндө тартылган. Биз аларды республиканын бардык булуң-бурчтарынан көрөбүз: бийик тоолуу аймактарда, пахта талааларында, Токтогул ГЭСинин курулушунда, Хайдаркан кенинде, Ысык-Көлдө жана башка көптөгөн жерлерде. Бардык жерде биринчи планда республиканын алдыңкы адамдары турат. Ата-Журтту, анын адамдарын биз абышка жана баланын көзү менен кабыл алабыз.

  1. “Мен жана менин досторум” («Я и мои друзья») 1961

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Оператору М.Туратбеков

Алыскы айылдан келген кыргыз баласы мектеп-интернаттагы өзүнүн жаңы турмушу жөнүндө айтып берет.

  1. “Улуу эпос” («Великий эпос») 1962

2 бөлүктүү, түстүү тасма. Сценарийдин автору М.Байжиев, У.Жакиев, оператору К.Кыдыралиев, сүрөтчүсү С.Ишенов, үн оператору Т.Океев, монтаж Р.Сатаркулова (Р.Шершенова), Директору И.Абдыкулов. 

Кыргыз эпосу “Манастын” 1-басылышына жүз жыл болгон юбилейине арналган илимий-популярдуу тасма. Тасмада улуу манасчылар Саякбай Каралаев, Дупкан Качкаев тартылган.

  1. “Бери карачы, Чолпон” («Оглянись, Чолпон») 1962

2 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору М.Байжиев, оператору К.Кыдыралиев, үн оператору Я.Рывкин

Тасма университеттин студент кызы жана анын курбулары жөнүндө.

  1. «Кыргыз искусствосунун устаттары” (“Мастера киргизского искусства») 1963

2 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору – М. Ронкин, В. Горохов, оператору М.Туратбеков, сүрөтчүсү – А.Макаров, үн оператору – Я. Рывкин

Тасмада актер Муратбек Рыскуловдун чыгармачылык портрети тартылган.

  1. «Улуу достуктун майрамы” (“Праздник великой дружбы») 1963

2 бөлүктүү тасма, сценарийдин автору Б.Бурт, А.Кочетков, Ю. Шведов, Н. Борбиев 

Бул тасма Кыргыз Республикасынын Россиянын түзүмүнө кошулгандыгына 100 жыл толушуна жана Кыргыз Республикасынын экинчи Ленин ордени менен сыйланышына арналган.

  1. «Совет киносунун Кыргызстандагы жумалыгы” (“Неделя советского кино в Киргизии») 1964

 2 бөлүктүү 

  1. “Биздин балдар” («Наши дети») 1966

1 бөлүктүү. Оператору   Н.Борбиев, Ваганов, А. Ким, В. Кузьмин, С.Макекадыров

Балдардын гармониялуу өнүгүшүн, алардын искусствого, спортко, илимге умтулуусун чагылдырган “Советтик Кыргызстан №27” атайын чыгарылышы.

  1. “Кыргызстанга 40 жыл” («40 лет Киргизстану») 1966

2 бөлүктүү, түстүү тасма. Оператору М.Туратбеков, Б.Бурт, С.Давыдов, А.Кочетков, К.Абдыкулов, Лопаткин, С.Макекадыров, К.Кыдыралиев, Редактору – А. Шершенов

Республиканын 40 жылдыгына жана Улуу Октябрь революциясынын 49 жылдыгына арналган майрамдык “Советская Киргизия № 32-33” атайын чыгарылышы.

  1. “Жаздын соңунда” («Вслед за весной») 1967

5 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Оператору М. Туратбеков, А. Кочетков, Монтаж – Р. Шершенова, Композитору А.Жумахматов, Үн оператору Я.Рывкин, Редактору А. Шершенов, Директору Ж. Курбатова.

Кыргызстандын тоолору жөнүндө үч новелла.

  1. “Советтик Кыргызстан” (“Советский Киргизстан”) 1974

5 бөлүктүү, сценарийдин автору Л.Дядюченко, оператору К.Орозалиев, Н.Борбиев, Үн оператору Н. Бондаренко, Директору А.Кыргызбаев.

Тасма Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган. Иллюстративдүүлүктөн качышкан авторлор тоолуу республиканын турмушундагы совет бийлигинин жылдарында орун алган ири өзгөрүүлөрдү толук жана жаркын чагылдырышкан.

  1. “Тоолордо жай кыска болот” («Коротко лето в горах») 1975

1 бөлүктүү, түстөгү тасма. Оператору Н.Борбиев

Видовой фильм

  1. “Ала-Тоо жазы” («Весна Ала-Тоо») 1976
  1. “Пишпектин большевиктери” («Большевики Пишпека») 1977

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору А.Жирков, оператору Н.БорбиевҮн оператору В.Лысенко (В.Костюкова), Редактору Р.Чмонин, Директору Д.Иманалиева.

Тасма Совет бийлигин Кыргыз Республикасында орнотуу жана Пишпекте (азыркы Бишкек) большевиктик уюмдарды түзүү, жумушчу-крестьяндар бийлиги үчүн күрөшкөн А.Иваницын, Я.Логвиненко, Г.Швец-Базарный, К.Сарыкулов, И.Кобек жана башкалар жөнүндөгү архивдик сүрөт материалдарга негизделген.

  1. «Причастность» (Бакен Кадыкеева) 1977

2 бөлүктүү кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору Г.Базаров, оператору К.Орозалиев, Үн оператору Н.Бондаренко, Редактору Л.Дядюченко.

Киноочерк СССРдин эл артисти, Кыргыз академиялык театрдын жана улуттук кинонун таланттуу актрисасы Б.Кыдыкееванын чыгармачылык жолуна арналган. Тасманы жаратуучулар дүйнөлүк атак-даңкы бар актрисанын көп образдуу чыгармачылык жана турмуштук материалдарынан ички жан дүйнөсүн жана индивидуалдык чыгармачылык инсандыгын кылдат жана образдуу ачып бере ала турган кызыктуу учурларын тандап алышкан. “Бакен Кыдыкеева” киноочерки кең пейилдүү, улуу адам жөнүндө жана ошондой эле улуттук театр жана кинонун өнүгүү тарыхы жөнүндө да болгондуктан, анын эмоционалдык таасири да ошончо күчтүү.

  1. «Кошой-Таш» 1981

Толук метраждуу түстүү тасма. Сценарийдин автору Л.Дядюченко, оператору  Н.Борбиев, Үн оператору Н.Бондаренко, Монтаж Г.Восковская, Директору А.Абдыкадырова.

Тасмада негизги көңүл Кочкор районунун эмгекчилеринин күнүмдүк турмушуна бурулган. Алгачкы кадрда эле бош калган жердин өзгөрүлүшүнө байланыштуу олуттуу көйгөй көрүнөт. Көйгөйдү туура аныктай билишкен кинодокументалисттер кочкорлуктар анын чечүү жолдорун кантип издеп жатышкандыктарын көргөзүшкөн. Биз экрандан өз өрөөнүн гүлдөтүп өстүрүү үчүн жердин ар бир метрин таштардан арылтып жатышканын көрөбүз. Алардын арасында белгилүү малчылар, дыйкандар, сугатчылар, айылдык механизаторлор, чарба жетекчилери, партиялык жана советтик кызматкерлер ж.б. Бул адамдар учурдагы айыл чарба көйгөйлөрүн чечүүнүн курч кырдаалында турушуп, өздөрү да ал иштерге катышуу менен жердештерине үлгү болушкандар.

  1. “Жаңыланган жер” («Преображённая земля») 1981
  1. “Сенин күнүң – Республика” (“Твой день – Республика)1984

Тасма Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан компартиясынын 60 жылдыгына арналган.

“Эс алууда” («Досуг») 1986

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору А.Бородкина, оператору Ш.Алыкулов, Үн оператору — В.Костюкова, Монтаж — Г.Восковская, Редактору — Г.Белоконь, Директору — К.Акматов

Тасма жаштардын бош убактысына байланыштуу көйгөйлөрдү ачып берет. Жумушчу Владимир Лукьянов жумуштан кийин балдарды машыктырып, аларды коомдук башталышта спортко тарбиялайт.

  1. “Тагдыр” («Судьба») 1988

Тасма кыргыздардын материалдык маданияты жөнүндө уникалдуу материал чогулткан этнограф Клавдия Ивановна Антипина жөнүндө.

  1. “Биз орусча сүйлөйбүз” (“Мы говорим по-русски”) 1988

Окуу тасмасы

  1. «Мыскал» 1989

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Сценарийдин автору Б.Алагушев, оператору Т.Мамбеталиев, Үн оператору — Р. Мамырканов, Монтаж — Г. Горошкина, Редактору — Д. Садыкова, Директору — Д.Иманалиева.

Тасма элдик залкар ырчы Мыскал Өмүрканова жөнүндө

  1. «Тоолуу жайыттар”, (“Горные пастбища») 1990
  1. «Чебер» “(Президентке арналган ээр) (“Седло для президента”) 1990

1 бөлүктүү, түстүү тасма.  Сценарийдин автору Б.Сарыгулов, оператору Ш.Алыкулов Монтаж Г.Восковская, Үн оператору Н.Бондаренко

Тасма эмгектери эл аралык көргөзмө-жарманкелерде бир нече жолу коюлган, уникалдуу чебер уста, ээр чабуучу Жылкычы Шершенбаев менен тааныштырат.

  1. “Алыкул 1990

2 бөлүктүү, түстүү тасма. Сценарийдин автору К.Жусупов, оператору К.Сартов, Үн оператору В Костюкова.

Фильм-портрет чыгармалары кыргыз адабиятынын классикасына айланган акын Алыкул Осмоновдун тагдыры жөнүндө баяндайт. Өзүнүн эскерүүлөрү менен сүрөтчү А.Игнатьев, жазуучу Т.Сыдыкбеков, драматург А.Токтомушев бөлүшөт.

  1. “Воскресшие из праха 1992

2 бөлүктүү, түстүү тасма. Оператору С.Макекадыров, Үн оператору В.Костюкова, Директору Д.Иманалиева.

Тасма репрессия курмандыктары жөнүндө. Сценарийдин автору Никсдорф

  1. “Кыргыздар” (“Кыргызы”) 1992

1 бөлүктүү, кара-ак түстөгү тасма. Монтаж Р.Тойгонбаева

«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ» — Лиля Турусбекова жөнүндө документалдуу тасма


Автору
Асель Даниярова

3 комментарии на “ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

  1. Саламатсыздарбы я и мои друзья деген киносун кайдан корсом болот билгендер болсо айтып коюнуздарчы

    1. Саламатсызбы Азиз!
      Жакында Лиля Турусбекованын туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу КЫРГЫЗФИЛЬМ киностудиясы Лиля Турусбекова тарткан тасмаларды санариптештирди. Алар азырынча Ютубга жайгаштырыла элек, бирок жакын арада жарыяланат. Ошондой эле мен бул сайтта бардык санариптештирилген тасмаларды, анын ичинде «Мен жана менин досторум»тасмасын жарыялайм. Мен бул жөнүндө сизге сөзсүз билдирем

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *