МЕНИН МОСКВА ШААРЫНА БОЛГОН САЯКАТЫМ. ЛЕНИНСКОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ ЭЛИНА ИВАНОВНА ЛИМДИН КАТЫ

Бул катта Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Элина Ивановна Лим өзүнүн Москва шаарына барган саякаты тууралуу баяндаган. Элина Ивановна – “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2014” сынагынын жеңүүчүсү. Ал Москвага 2014-жылдын сентябрь айында барып келди. “Дело №” гезитинин бир санында Санжарбек Данияровдун Фонду өткөрүп жаткан “Биринчи мугалим-2014” сынагы жөнүндөгү чакан жарыяны окуп калдым. […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНАН МЕН ЭМНЕ ТАПТЫМ? ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН БАЯНЫ

“Биринчи мугалим-2011” сынагынын биринчи жеңүүчүсү, Кемин районунун Шабдан айылындагы “Билимкананын” директору, башталгыч класстардын англис тили мугалими Калмамбетова Бактыгүл Маликовнанын баяны. Автордун бул баяны 2012-жылы мугалимдердин “Кутбилим” газетасында жарыяланган. -Менин: “Мен Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” конкурсунун биринчи лауреатымын деген” сыймыктуу сыр баяным, балким кээ бирөөлөргө мактаныч катары сезилсе дагы, зор сыймык менен ушул сөздү кайталагым […]

Толугу менен...

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – бул мектептин башталгыч классынын мугалими. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн – мугалимдердин эң мыктысы! Урматтуу БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР!             Мектептен кетпеңиздер! Биринчи мугалим деген наамга дайыма татыктуу болуңуздар. Сиздер баарыбызга: балдарга да, чоңдорго да абдан керексиздер. Ар бирибиздин жашообузда БИРИНЧИ МУГАЛИМ – чыныгы БИРИНЧИ МУГАЛИМ болуш керек! Сиздердин алтынга бергис акыл сөзүңүздөр биздин турмуш […]

Толугу менен...