1916: ТАНДАЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

№65 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ СУЛЕЙМАНОВ ЭЕЛЕБЕСТИН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №12 ДЕПТЕР

— КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (12) Д. 35-37 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Казим Забиров. Бул документ орус тилинде жазылган. 

Тарыхчылар 1916-жылы Семиречьеде болуп өткөн окуялар тууралуу ар кандай материалдардан окуп изилдесе болот.

Сиздердин назарыңыздарга окуянын түздөн-түз катышуучуларынын өз оозунан жазылып алынган маалыматтар камтылган документтердин бири.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. 17 дептерден (дагы бир дептер башка дептерден көчүрүлгөн көчүрмө) турган, орус же кыргыз тилдеринде жазылган ал кол жазмалар, окуянын катышуучуларынын жана ага күбө болгондордун өз оозунан жазылып алынган.

Курал жүктөлгөн арабаны күч менен тартып алгандардын катарында болгон, Балыкчынын тургуну Сулейманов Элебестин айткандарын сунуштайбыз.

Бул маанилүү эпизод Төлө ажы уулу Ыбрайымдын айтуусунда, Жунуш Карачороевдин жана Нургазы Кыдыралиевдин айтуусунда, ошондой эле инженер Бондыревдин айткандары жөнүндө, анын жубайы Нина Полторацкая-Бондыреванын күндөлүгү, Рымшевичтин рапорттору жана башка аскерлердин жазып калтыргандары. Документтер ошол окуяларда ар кандай роль ойногон ар түрдүү адамдардан ар кайсы мезгилде жазылып алынгандыктан, көпчүлүк учурда бири-бирине дал келбейт жана кай бирде бири-бирине карама-каршы келет. Бардык шилтемелер макаланын соңунда келтирилген.

Ал окуя тууралуу ушул кезге чейин маалым болгон бардык документтердин негизинде толук камтылган В.И.Шварцтын макаласы жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат.


 

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ  (түп нускасы — орус тилинде)

 

 

№12 Дептер. №6 Жазуу

 

 


№6. Сулейманов Элебес, 1892-жылы туулган, катышуучу. Покров районундагы Буденный атындагы колхоздо жашайт, социалдык абалы – кедей-кембагал. 

1916-жылы мен Рыбачьенин жанында жашадым. Ошол жылдын август айынын бир күнүндө Рыбачьедеги болуштар жана старчындар кыргыздарды армияга чакырышат экен деп айтып калышты, андан көп өтпөй эле тизме түзүп киришти. Армияга чакырылгандардын катарына мен да кирген экенмин. Кээ бир кыргыздар “чакырса, барабыз” деп айтып жатышты. Бирок биз ким менен согушаарыбызды билген жокпуз, аны сураган да эмеспиз. Бирок ошол эле учурда биздин кыргыздардын арасында “солдатка кишилерди жибербейбиз, биз орустарга каршы согушабыз” деген аңыз кептер тарап кетти. Эртеси эле баарыбыз аттарыбызды токуп, колубузга тийген курал-жабдыктар менен жабдынып, Рыбачьеге карай жол тарттык. Ал жакка келгенибизде, ал жерде орустар калбай калышыптыр, алардын баары кайык менен сүзүп кетишкен экен. Ошону менен биз кайра үйүбүзгө кайтып келдик. Келгенде кыргыздар малдын баарын Тору-Айгырдан айдап кетишкенин билдик. Эртеси өзүбүздүн кишилердин арасында Кеминден кат келгени, ал катта Кеминден курал-жабдык жүктөлгөн араба келатканы, аны Боом капчыгайында кармап калыш керектиги жөнүндө кептер жүрдү. Аны уккан 300гө жакын адам Боом капчыгайына келип, буктурма уюштурду. Биз ал жерге келгенибизде, анда сарыбагыштар бар экен. Бизди Сагын болуш баштап барган эле. Ошентип ал жерде бир аз убакыт күтүп калдык. Аңгыча капчыгайдагы жолдон бирден солдат жана араба айдаган кишиси бар болжол менен 7-8 араба көрүндү. Алар бизге жакындай бергенде биз аттарга ок ата баштадык. Аттары өлүп, арабалар токтоп калды. Биртике атышуулардан кийин солдаттар арабаларын таштай качышты. Андан кийин биз барып, мылтыктарды жана окторду чогултуп алдык. Мылтыктарды алып, айлыбызга кайтып келдик. Айылга келгенибизде, кыргыздар Кытайга ооп кетип атышыптыр деген сөздөр тарап кеткен экен. Биз да эртеси баарыбыз чогулдук да, Локол (Улахол — АД) ашуусу аркылуу Кытайга качып кеттик. Жолдо ашуулардан көптөгөн кыргыздар кырылды. Биз арып-азып Турпанга (Кытай) жеттик. Турпанда мен бир уйгурдукунда 1919-жылга чейин жалданып иштеп жүрдүм. Кытайдан 1919-жылы кайтып келдим.


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
В.ШВАРЦ. ВИНТОВКИ ДЛЯ ПОВСТАНЦЕВ. ИЗ 5 ЧАСТЕЙ С ВВЕДЕНИЕМ И ЗАКЛЮЧЕНИЕМ. ЧАСТЬ 5-Я. ВЕРСИЯ УЧАСТНИКОВ

Дагы:

№64 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №1 ЖАНА №12 ДЕПТЕР

№63 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ САРЫБАГЫШ ВОЛОСТУНУН КЫРГЫЗЫ КАРАЧОРОЕВ ЖУНУШТУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ

№61 ДОКУМЕНТ. ТӨЛӨ-АЖЫ УУЛУ ЫБРАЙЫМДЫН 1916-ЖЫЛЫ КУРАЛ ТАШЫГАН АРАБАНЫ ТАРТЫП АЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ

ДОКУМЕНТ №62. РАССКАЗ ИНЖЕНЕРА К.Л.БОНДЫРЕВА О СОБЫТИЯХ 8 АВГУСТА, ЗАПИСАННЫЙ ИМ 02.11.1916

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 39


Автору
Элебес Сулейманов

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *