1916: ТАНДАЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

№ 69 ДОКУМЕНТ. АЛЫМБЕКОВ ОСМОНКУЛДУН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №9А ЖАНА №9Б ДЕПТЕР

— КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (9А) Д. 1-4 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Солтобаев. Кыргыз тилинде жазылган 
— КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (9Б) Д. 1-8 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Жумагулов. Кыргыз тилинде жазылган

Бул 1916-жылы болуп өткөн драманын эң кайгылуу окуяларынын бири — жөн гана эмес, бийликтегилердин коштоосу менен, Беловодск айылынын аймагындагы Солто уруусу басымдуулук кылган бир нече кыргыз болуштугунун дыйкан жашоочуларын жапырт — массалык түрдө (500-600 адам) ырайымсыздык менен кыргандыгынын күбөсү.
Алымбеков Осмонкулдун баяны бир эле учурда эки студент эки башка дептерге жазып алган. Төмөндө биз ошол эки вариантын тең жарыялайбыз.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. Студенттер катышуучулардан жана өз көзү менен көргөндөрдөн орус жана кыргыз тилдеринде жазып алышкан ал жазуулар 17 дептерди түзөт. Ар бир дептерде 10-20 адамдын айтып бергендери бар. Ал жазуулардын алдыларына чындыгы күбөлөндүрүлгөн колдор коюлган, коюлган колдорду колхоз же совхоз жетекчилери, жергиликтүү администрация башчылары тастыктаган.

Бул кайгылуу эпизодду ошондой эле башка дагы тирүү калган, жапа чеккендер сүрөттөп айтып беришкен.

Бул окуя жөнүндө негизинен №8 дептердеги окуянын күбөсүн өлүмдөн сактап калган адамдын айтып берген 1-аңгемесинде, 54 күбө же алардын жакындарынын колдору коюлган №9а дептердеги 11 аңгемеде41 адамдын колу коюлган №9б дептердеги 12 аңгемеде (№9б дептердегилердин көбүнүн күбөлөрү №9а да жазылган, бирок аны башка студент жазган), жана ошондой эле №9 дептердеги чакан сүрөттөлгөн 6 аңгемеде камтылган. 

Андан тышкары, бул окуя жөнүндө Беловодское айылынын тургуну Д.Д.Леонский өзүнүн күндөлүгүндө кеңири баяндап берген, ал күндөлүктү анын уулу В.Д.Леонский басууга даярдаган.

Шилтемелер ушул макаланын аягында берилген.


 

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

 

 

№9А Дептер №1 Жазуу 

 

 

 


№1. Фрунзе область, Каганович районуна караштуу «Шопоков» атындагы колхоздун мүчөсү Алымбеков Осмонкулдун 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү жөнүндө айтканы

1916-жылкы кыргыз элинин 1916-ж. көтөрүлүшү — дейт Алымбеков Осмонкул, биз Россияга карагандан кийин, бизди бир аз тынчытып келип, кийин ар түрлүү налогдорду сала баштаган эле. Айрыкча Россия, Германия менен согушкандан кийин согуштун оор салыктары биздин кыргыз элине да түшкөн болучу. Ал эми мунун үстүнө дагы 1916-ж. кыргыз элинен солдат алынсын деген приказ келгенден кийин, биздин Сокулук элинин болушу Тыналынын уулу Чолпонкул деген жана анын баласы Асанкул деген болуш каттоо жүргүзгөндө бай-манаптардын балдарына каттабастан жалаң гана букара-кедейлердин балдарын жарактуусу бир үйдө нечөө болсо дагы каттап алган болучу. Аксуунун приставы Гервановский жана анын жардамчысы Инчин менен Аксуу элинин бай-манаптары тыгыз байланышта болучу. Ошол мезгилде солдат алууга нааразы болгон эл, айрыкча тизмени ката жүргүзгөндүгү үчүн, жакырланган эл кытай уруусунан чыккан Эгемберди деген киши менен Асанкул болуштун канторуна келишип, кысмалашат. Ошол кезде Очокбай дегендин аялы Асанкулдун безиринин (секретарынын) өтүгүн жулуп алганда, Асанкул болуш качып кетет. Качып кеткен Асанкул болуш атасы Чолпонкулга барып, экөө Аксуудагы приставга барып, болгон окуяны айтышат. Пристав Гервановский, жардамчысы Инчин, манап Чолпонкул, болуш Асанкул ж.б. болуп кеңешип, көтөрүлүш чыгаруучу элди алдыртан жоготуу үчүн, алдоо жолу менен тоодо көтөрүлүшкө даярданып жаткан элди Белогорко поселкасына чакырып алмак болушат. Аксуу болушуна караган эл тоого барышып, солдатка балабызды бергенче, ушул жерде урушуп жатып өлөлүк деген пикир менен жатышканда, Пристав жана болуштардын жиберген арачысы келип, урушкандан эч пайда жок, андан көрө барып, мурункудай эле, тынч эл катарында, балдарыбызды албайт, деген тынчтык актык кагазыңарды алгыла, пристав ж.б. улуктар макул болушту дейт. Бул үгүткө алданган эл куралдарын таштап, Белогорка поселогуна келишет. Пристав Гервановский жана Чолпонкул менен Асанкулдар Белогорко поселкасындагы орустун кулактары куралдандырып жана 12 чамалуу солдат менен даяр болуп турушкан эле. Актык кагазын алабыз деген ой менен келишкен элди куралданган орустун кулактары жана 12 чамалуу солдат менен курчап, Аксуунун приставы Гервановскийдин буйругу боюнча Аксууну көздөй айдап жөнөшөт. Аксуунун сарайына барып камаганда орустун кулактары айры, балта, күрөктөрү менен көтөрүлүш чыгарган элди ургулап өлтүрө баштайт. Өлгөн кишилерди арабага салып, калган кишилерди жөө айдап, Пишпек уездин көздөй жөнөп кетишкен эле. Ошол айдалган кишилерден 13 киши качып кутулушкан экен. Ошол качкан кишилерден Осмонаалы деген киши, азыркы биздин Шопоков колхозундагы Ысмайыл деген таекесине келип айыкканча жатып, Асылбаш элине кеткен болучу. Менин 1916-ж. кыргыз элинин көтөрүлүшү жөнүндө билген укканым деп сөзүн бүтүрдү.


 

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ 

№9Б Дептер №1 Жазуу 

 

 

 

 


№1. Фрунзе областындагы Каганович районуна караштуу, Жыламыш сельсоветинин «Шопоков» колхозунун мүчөсү Алымбеков Осмонкулдун 1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшү жөнүндө айтканы.

Менин жаш кезегимде эле падыша өкмөтүнө кыргыз элинин нааразы болушу, Россияга биз карагандан кийин бир азыраак алдап адилдикке кылгансып келип, кийин жагында оторчулдук саясаты менен ичкерки Российден ар жерден орустун байларын, биздин кыргыз элине жиберүү менен, байчыл падыша законуна таянып алып, орустун уезддик начальниктери кыргыздын бай манаптары менен келишип алып, мисалга алсак, Сокулук өзөнүнүн башындагы жерди Белогорка поселка кылып орустарды орноштурган, суунун башынан орун алып, кыргыздын көч жолуна туура бөгөт салган. Ошол сыяктуу Аларча өзөнүнө Байтик Павлуский 600 үйлүү орусту поселка кылып орноштурган, Ысык-Ата өзөнүнүн башына Сын-Таш деген орустун поселкасын орноштурган. Ошол сыяктуу ар жерден тор жайып суунун башынан орун алдырып, көчмөн элдеринин көчүп жүргөн жолуна тоскоол кылышып, мал чарбасын төмөндөтүүгө айландырды.

Суу башына поселка орноткондугу кыргыз элинин төмөнкү дыйкандарына суу жибербей, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп, төмөнкү дыйкандарды кедейликке айландыргандыгы, деп – падыша өкмөтү бизге адилдик кылган жок, минтип отурса кыргыз элин кедейликтин жок кылат ко, ошентип отуруп кул катарына кошулат экенбизго. Ичкерден (Орусиядан – АД) жиберген өзүнүн урукчулдук жагы менен орустарын жакшы көрүп, кыргыздын бай-манабын колтуктап байланыштуу болот турбайбы, — падыша өкмөтү адилдик кылган жок бизге кыргыз элинин букаралар-кедейлердин оозунда көбөйүп жүргөн болучу.

Андан кийин, 1916-жылда июнь, июль айларында падышадан согушка арналган рабочу кыргыз элинен алынсын деп приказ чыгарганда, уезд начальник пристап болуштарга тапшырганда, биздин Сокулук элинин болушу бүткүл Солтону бийлеген Тынаалынын уулу Чолпонкул деген манаптын баласы Асанкул рабочунун каттап спискесине бай-манаптардын балдарын кошпой букара-кедейдин балдарын бир үйдө нечөө болсо дагы каттап алган болучу.

Ошол Асанкул болушка байланыштуу жардамчы болгон, рабочунун тизмесине Ак-Сууга караштуу элдин приставы Гервановский (Грибановский – АД), анын помощниги Кенчин болучу. Бул бизден аскерге акоп каздыра турган рабочунун спискесин туура жазган жок, бай-манаптын балдарын кошпостон букара-кедейдин балдарын тизип берген, деп эл ортосуна нааразылык түштү. Биз анык аскер катарында укуктуу болбогон биз аржагы немец бер жагы орус экөөнүн ортосунда, “эки наар жөөлөшсө чымын өлөт” дегендей биздин балдар эле окоп казып жатып өлөт турбайбы, бул падыша өкмөтү аскердик кылбай биздин кыргыз элинин букара-кедейлеринин балдары жок кылат турбайбы деп, көтөрүлүш жасаган эли жолбашчылык кылып кытай уругунан Эгемберди деген баатыр, өзү кедей, ошол бир канча киши менен Асанкул болуштун кайта барып, Асанкул болушка айтат: “Пристав Гервановский, анын помощниги Кенчин силер тууралык кылган жоксуңар, жалаң гана букара-кедейдин балдарын рабочунун спискесине тизесиңер, бай манаптардын балдары эмне үчүн тизмеге тизилбейт, бул кордуктан көрө силердей болушту бай манаптарды пристав Гервановский Кенчинге окшогон, адил эмес падышанын уруктары сага окшогон залим болуштарды өлтүрүш керек эмеспи” — деп каршы дуулдашат. Ошондо бир катын сенден келгенди көрдүм деп баламды рабочуга бергенче деп, Асанкул болуштун орус бесиринин (секретарынын) өтүгүн сууруп алат. Аңгыча Асанкул карматпай качып, атасы Чолпонкулга барып, атасы Чолпонкулду ээрчитип алып Аксуудагы пристав Гервановский анын помощниги Кенчин, ошолордун үстүнө кыргыздын бай манаптары орустун бай-кулактары биригип кеңешип, бизге жана падышага каршы көтөрүлүш жасоочу элди силердин балдарыңарды рабочудан бошотобуз деп, каршы көтөрүлүш жасаганды койгула, кел жарашалык деп, Сокулук өзөнүнүн башындагы Белогорко орус поселкасына алдап чакырып алалык ошентип аскер менен жана орустун бизге <…> байлары менен жазасын берелик деп убада кылышып, приставтын помощниги Кенчин, орустун бай-кулактары 12 солдат менен Чолпонкул, Асанкул болуш бай-манаптары менен Белогоркого барып, көтөрүлүш жасаган элдерге арачы жиберип жарашабыз деп, рабочудан бошотобуз алдап, Белогорконун поселкасына чакырып алып, Эгембердини баш кылып 167 киши аттарынан ажыратып жөө айдатып Аксуунун көздөй жиберип, Чолпонкул, Асанкул болуш экөө бөлөк жолго түшүп кетет. Аксууну көздөй айдатып бара жаткан Кенчин аскерлерге айдатып жиберип эки чакырым алыс кеткен Чолпонкулга чаап жетип Асанкул болуш, Чолпонкул ажы бул 167 кишиден ичиңиз жакшы сүйгөн кишиңизди алып калыңыз, өлүмдөн бошотуп берейин десе Чолпонкул, көтөрүлүш жасаган киши дос болмок беле, бизге каршы болгону падышага каршы болгону улуктар билгениңерди кыла бергиле деп кете берет. Кенчин 167 кишини Аксууга айдатып барып, барары менен пристав Гербановскийдин буйругу менен орустун кулактары көпчүлүк орустар менен <…> балталап, найзалап, талап өлтүрө баштайт. Өлүктөрүн Ак-Суунун болушунан 12-13 араба алып, өлүктөрүн салып, өлгөндөн калгандарын тирүү 60 чамалуу кишини Сокулук болушун көздөй айдап жөнөйт.

Сокулук орусунун болушуна келип араба которуп салып, Пишпек уезд начальнигине, көтөрүлүш жасаган элди пример көрсөтүүгө жиберет. Орустун байлары менен аскерлер арабадан арабага өлүктү которуп жатканда, ушул поселканын уюн кайтарган ой кедей Осмонкул Алымбеков мынабу бизге каршы көтөрүлүш жасаган кыргыздарды өлүп жатканын көрүп кой деди, сен да ушуларга кошулсаң, сен да ушундай болосуң деди. Ошол авалды мен анык көзүм менен көрдүм. Ошондон айдап барып, Чала-казак поселкасынан дагы өлүк ташуу үчүн араба алып, калганын айдап барып Пишпек уездинин алдында казармада өлтүрдү деп уктум. Ошол өлтүрүлгөн кишилердин ичинен жарадар болуп, чала (жан — АД) болуп, жолдон, казармадан качып чыккан 13 киши экен. Ошонун ичинен Осмонаалы деген биздин айылда таекеси Ысмайылдын айыкканча жатып, мага ушул маселени толук айтып, Асылбаш деген элине кеткен болучу.

Ушул көтөрүлүштү жеңип баскандан кийин, Николай өкмөтү баягы айткан рабочунун букара-кедейлердин балдарын алды, бирок алганы менен көпкө барган жок. Свобода деген Совет өкмөтүнүн башталышы болуп Падыша тактан кулап, рабочулар таратылып элге кайтып келди.

Менин билгеним ушул

Алымбеков О., Составил Джумагулов.


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
(жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат)

Дагы:

№66 ДОКУМЕНТ. АЗЫЛОВ ЖУМАШТЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №8 ДЕПТЕР

№67 ДОКУМЕНТ. БЕЛОВОДСКОЕ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ Д.Д.ЛЕОНСКИЙДИН БЕЛОВОДСКИЙДЕГИ МАССАЛУУ КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

№69 ДОКУМЕНТ. П.В.РОМАНЮТАНЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №9А ЖАНА №9Б ДЕПТЕР

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 43 (орус гана тилинде)


Автору
Осмонкул Алымбеков

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *