1916: ТАНДАЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

№63 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ САРЫБАГЫШ ВОЛОСТУНУН КЫРГЫЗЫ КАРАЧОРОЕВ ЖУНУШТУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №2 ДЕПТЕР

КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (2) Д. 67-73 Б.

Тарыхчылар 1916-жылы Семиречьеде болуп өткөн окуялар тууралуу ар кандай материалдардан окуп изилдесе болот. Алар — падыша администрациясынын төбөлдөрүнүн окуяларды бийлик өкүлдөрү сүрөттөп, сунуштаган таризде жазган рапортторунун негизинде топтолгон документтер. Алсак, тилекке каршы ошол кезде сейрек жарык көрүүчү басма сөз беттеринде жарыяланган макалалар, тагдырдын жазмышы менен Түркстандын ошол бөлүгүндө жашап иштеген гидротехник сыяктуу адамдардын айткандарынан жазылып алынган материалдар. Бирок бактыга жараша, ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу болгон адамдардын да айтып калтыргандары бар.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. 17 дептерден (дагы бир дептер башка дептерден көчүрүлгөн көчүрмө) турган, орус же кыргыз тилдеринде жазылган ал кол жазмалар, окуянын катышуучуларынын жана ага күбө болгондордун өз оозунан жазылып алынган.

Биз ошол кол жазмаларды түп нускасына жараша орус жана кыргыз тилдерине которуп, жарыялоону баштайбыз.

Курал жүктөлгөн арабаны күч менен тартып алгандардын катарында болгон, Кемин районунун тургуну Жунуш Карачороевдин айткандарын сунуштайбыз. Бул маанилүү эпизод Төлө ажы уулу Ыбрайымдын айтуусунда биздин сайтка жарыялган, ошондой эле инженер Бондыревдин айткандары жөнүндө, анын жубайы Нина Полторацкая-Бондыреванын күндөлүгү, Рымшевичтин рапорттору жана башка аскерлердин жазып калтыргандары. Документтер ошол окуяларда ар кандай роль ойногон ар түрдүү адамдардан ар кайсы мезгилде жазылып алынгандыктан, көпчүлүк учурда бири-бирине дал келбейт жана кай бирде бири-бирине карама-каршы келет. Бардык шилтемелер макаланын соңунда келтирилген.

Ал окуя тууралуу ушул кезге чейин маалым болгон бардык документтердин негизинде толук камтылган В.И.Шварцтын макаласы жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат.


 

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

 

 

№2Дептер. №11 Жазуу

 

 


Кемин районундагы Ленин атындагы колхоздун колхозчусу 72 жаштагы Карачороев Жунуштун сөзү:

18 жашыман мергенчилик кылдым. Өзүм жетим элем. Эл орус аскер алат дейт, балдарды бергенче өлгөнүбүз жакшы деп турганда манап тукуму Молтой уулу дегендер казак орустун жылкысын тийип алыптыр деп угуп, куралданып, Ново-Российканы камап калдык, үч күнү камадык, казак орустар поселканын ичине чеп куруп алышыптыр. Үч күнү атыштык. Андан кийин Кичи-Кеминге бардык. Барсак Самсоновкага Токмоктон, Алма-Атадан солдаттар келип, кыргыздарды аткылап калышыптыр. Кыргыздар туруштук бере албай качып калдык. Орустар үч бөлүнүп кубалашты (Жол-Булак Кара-Кыя, Кашка-Жол). Биз Кашка-Жолду аша бергенде Төлөнүн Ыбраими 8-9 бардаңке менен келе жаткан экен. Бардаңкени манаптар бөлүп өздөрү алышыптыр. Ыбраим мага бир бардаңке берди да жүр солдаттарды тозобуз деди. Биздер жолду тозуп жатып калдык. 20дай солдат аткылап келе жаткан экен, ак кийимчен, ак боз ат миңген бирөө бута атып астыда келе жатыптыр, Ыбраимдын баласы, Ажимудин бир койду эле баягы алдыдагы аттан кулап түштү. Артта келе жаткан солдаттар аттан түшүп эгиндин арасына кирип эле ата башташты. Биз бийгирээк үстү жагында элек, бизге даана көрүнүп турат, биз ата бердик. Чоң-Кеминди көздөй бир атчан, 4 жөө солдат качты, биз алардын алдынан тозуп, баарын атып таштадык да кайра баягы жыгылганга келдик. Ок оң маңдайына тийиптир. Чөнтөгүн оодарсак кат чыкты. Ал катта Атаке-Сарбагышты 7 сааттын ичинде атсын деп буйруптур. Ал командир Герман менен болгон согушта катышып, подарка алган неме экен. Орустар мылтыктарынын замокторун чыгарып, башка-башка ыргытып жиберишиптир патрондорун да башка-башка ыргытышыптыр.

Жолбулак менен чыккандарды да кубалашып, алар качып барып бир тамга жашынышып, аларды колго түшүрө алышпай сыртынан кайтарып жатып түнүчүндө качырып жиберишиптир. Элдин баары көчүп барып үч кайыңдыга конуп калышты. Жолдордун баарын тозуп жүрдүк, 2-3 күндөн кийин жол тозгондор уктап калып, 40 солдатты өткөрүп жиберишиптир. Алар замбрек менен келишкен экен, таң атканда эле айылды көздөй ата баштады. Аны көргөндө эле эл кача баштады. Эл түн катып үркүп Көлгө кирип кетишти.

Бул окуядан мурда 5-6 күн мурун кыргыздар орто көпүрөнү бузуп таштаптыр. Кара коюндагы Хохлов деген орустун байы качыптыр дейт. Ошонун малын көпүрөдөн өтө албай турганда аламын деп Кыдыраалы (өзү ууру эле) деген көпүрө[гө] келет да, көпүрөдөн буза электе 5 араба өтүп кеткен экен. Кыдыраалы аларды келе жатып көрөт. Ар бир арабанын үстүндө 2ден солдат бар экен, тура калып эки жакты карап, келе жатканын көрүп, кайра сабап олтуруп, Ыбраимга барат (Чолок-Сары-Булактагы-Рыбачьенын үстү). Ыбраим түн боюнча Чоң-Кеминге кабар кылат. Биз түн катып Ыбраимдыкына барып калдык (Он чакты киши). Таң атканда Ыбраимдыкынан 25 киши болуп, жол тозуу үчүн аттанып барып жол тозуп калдык. Биз барганда Көтмалдыдагы Сергей бекетке арабалар жете элек экен. Биздин ичибизде 5 киши мерген экенбиз. Жолдун эки жагынан тамдарга кирип тозуп калдык. Аңгыча арабалар келип калды. Бир жагындагы (жолдун) эки мерген мурда атып жиберишти эле бир солдат жыгылып калды, калгандары арабаны кубалаган бойдон эле жөнөдү.

Тамдын боорун тешип алганбыз, ата албай калдык да, атка минип сабап жүрүп олтуруп чийге жашынып, алдына чыгып, Ыбраим экөөбүз тозуп калдык. Арабалар жакындап калды. Бирөө аттарды айдап бирөө мылтыкты колуна кармап эки жакты карап келе жатат. Ыбраим: “Жунуш атты ат” — деди. Мен атты атсам, ат кулап кетти. Жол тар болгондуктан алдыңкы араба токтогондо эле арткы арабадагылар түшө качышып, көлдү көздөй чуркашты, биз алардын артынан аткылап, кубалап калдык, көлдүн жээгинде кайык турган экен, кайыкка түшө качышты. Кайра келсек саяктардан (арык тукуму) жүздөй киши келип арабаларды талап жатыптыр. Ыбраим экөөлөп араң эки арабаны аман алып калдык. Бирөөндө да 70 мылтык бар экен, экинчисинде жалаң ок-дары экен. Баарын алып түн катып Чоң-Кеминге келип калдык. Мылтыктарды манаптар бөлүп алышты.

Мына ушундан кийин жанагы окуялар болду. Эл үркүп көлгө түшүп, Лахолго барганда саяктардын Исмаил деген чоңу Атаке – Сарбагышты өлтүрбөйбүз, чатакты чыгарган силер деп өткөзбөй койду. Атым чыгып кете жаздап араң токтоду 5-6 күн туруп калдык. Саяк, Сарбагыштан 500дөн киши чыгып, Ак-Өлөңдөн жол тозуп жаттык эле. Дүрбү менен карасак Капчыгайдан көлдү көздөй 500дөй араба өткөнүн көрдүк. Ар бир арабада 8-10дон солдат бар экен. Ошол убакта Анжиан тарабынан Нарынга аскер келиптир деп угуп калдык. Ошондон үркүп жөнөдүк. Элдин артынан шашпай барабыз деп бир 300 үйдөн киши (саяк, сарбагыш) көчпөй калышкан. Мен да ошолордун ичинде болуучумун. Ошол калгандар жаман кырылды. Өлгөндөн калганыбыз кыбырап олтуруп Кытайга бардык да, кайра 1917-жылы жерге келдик.

Воспоминания записал Данияров С.С., студент 4 курса КГУ в январе 1953 г.


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
В.ШВАРЦ. ВИНТОВКИ ДЛЯ ПОВСТАНЦЕВ. ИЗ 5 ЧАСТЕЙ С ВВЕДЕНИЕМ И ЗАКЛЮЧЕНИЕМ. ЧАСТЬ 5-Я. ВЕРСИЯ УЧАСТНИКОВ

Дагы:

№61 ДОКУМЕНТ. ТӨЛӨ-АЖЫ УУЛУ ЫБРАЙЫМДЫН 1916-ЖЫЛЫ КУРАЛ ТАШЫГАН АРАБАНЫ ТАРТЫП АЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ
ДОКУМЕНТ №62. РАССКАЗ ИНЖЕНЕРА К.Л.БОНДЫРЕВА О СОБЫТИЯХ 8 АВГУСТА, ЗАПИСАННЫЙ ИМ 02.11.1916 Орус тилинде
№64 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №1 ЖАНА №12 ДЕПТЕР
1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 39 Орус тилинде


Автору
Карачороев Жунуш

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *