ЖУСУПТУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

АКЫН, ДРАМАТУРГ, КОТОРМОЧУ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРИП

Вступительное слово директора библиотеки, профессора Ж.К.Бакашовой
Алгачкы сөздү алган китепкананын директору, профессор Жылдыз Кемеловна Бакашова

 2017-жылдын 29-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Жусуп Турусбековдун жаркын элесине арналган “АКЫН ЖҮРӨГҮ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ӨЧПӨС ОТ” аттуу эскерүү кечеси өттү.

Жолугушуу аябай кызыктуу болду! Сүрөтбаян – ушул жерде.

Китепкананын 200 орундук залы көрүүчүлөргө жык толду. Алгачкы сөздү алган китепкананын директору, профессор Жылдыз Кемеловна Бакашова Ж.Турусбековдун басып өткөн жолу тууралуу кеңири баяндама жасады.

Андан соң кыргыз адабиятынын белгилүү акын, жазуучулары, драматургдары Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу өздөрүнүн угуп-билгендеринен кеңири айтып беришти.

  • КР Эл баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев,
  • КР Эл акыны Омор Султанов,
  • Кыргыз жана совет прозаиги, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабиятчы, котормочу, КР Эл жазуучусу, КР улуттук киноакадемиясынын академиги, ардактуу профессор, СССР кинематографиясынын мыктысы Мар Байжиев,
  • Жазуучу жана котормочу Мелис Абакиров,
  • Адабий сынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов,
  • Педагогика илимдеринин доктору, экс-депутат, Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Жаңкороз Каниметов,
  • Журналист жана акын, 3 000 радиоуктуруулардын, радиопостановкалардын, радиопьесалардын автору Тенти Орокчиев,
  • Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (Жусуп Турусбековдун замандашы жана досу, белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу) Кулубек Бөкөнбаевдер

Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу өздөрүнүн угуп-билгендерин мазмундуу, так жана эмоционалдуу маанайда кеңири айтып беришти.

  • Ал жолугушууда мен, Санжарбек Данияровдун Коомдук Фондунун негиздөөчүсү – Асель Даниярова, акындын неберелеринин бири катары чыгып сүйлөп, өз оюм менен бөлүштүм.
  • акындын тууганы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Тыргоот Чортонбаев  сөз сүйлөштү.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн баары бир ооздон азыркы муундун жаштары кыргыз жазуу адабиятында нукура өсүш байкалган 20 кылымдын биринчи жарымындагы адабий мурастарды эстеринен чыгарышпай, эстеп жүрүшү канчалык маанилүү экендигин белгилешти. Алардын баамында, эгерде 19-кылымдын аягы, 20-кылым башталышындагы орус поэзиясын Күмүш доор деп белгилей турган болсок, ага салыштырмалуу кыргыз адабияты үчүн ал учур ырасында эле Алтын доор катары тарыхта калды. Анын мазмуну, маңызы жана ошондой эле новатордук изденүүлөрү  азыркы учурда да өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келатат.

Чыгып сүйлөгөндөр 2020-жылы белгилене турган акындын 110 жылдыгына эмитеден эле даярдана берүүнү сунушташты. Алар ошондой эле Ж.Турусбековдун 1916-жылдагы үркүн темасын чагылдырган АЖАЛ ОРДУНА драмасындай чыгарма алигүнчө жаралбагандыгын, андыктан, ал постановканы кайра койсо жакшы болмок деген ойлорун ортого салышты.

Жолугушууга келишкен студенттери акындын “Ук, жер жүзү!” “Ашууда”, “Энем” атуу ырларын көркөм окуп беришти.

Акынды эскерүү-кеченин соңунда келген меймандар китепкананын фойесинде ачылган Жусуп Турусбековдун  сүрөттөрүнөн жана ал тууралуу мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланган материалдар камтылган китеп көргөзмөгө күбө болушту.

Аларга ошондой эле Санжарбек Данияровдун Коомдук Фондунун каражатына 2016-жылы жарык көргөн Жусуптун тандалма чыгармалары китеби (80 нуска) белекке тартууланды.

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *