2026-ЖЫЛДЫН 28-ОКТЯБРЫНДА БИЗ БАРЫП КӨРҮҮГӨ ТАТЫКТУУ КОНЦЕРТ БОЛОТ!

28-октябрда укмуштуудай программадагы концерт болот! Астор Пьяццолонун “Буэнос-Аайрестеги төрт мезгил” цикли жана барокко доорунун улуу шедеврлери – Бах менен Телеман тартууланат. Менимче, дүйнөлүк шедеврлердин катарындагы бул тандалган чыгармалар жаш куракка карабай ар бир адамдын жүрөгүнө жол табаары анык. Классикалык музыка менен жаңы таанышып жаткан балдар жана өспүрүмдөр үчүн да бул чыныгы музыкалык чоң майрам болот […]

Толугу менен...

“КУСА” СПЕКТАКЛИ. СПЕКТАКЛДЕН АЛГАН МЕНИН ТААСИРЛЕРИМ

Менин ушул пикиримди аягына чейин окуп, мен маанилүү деп эсептеген жыйынтыктарга көңүл бурасыздар деп ишенем! Автору – Каныбек Иманалиев Койгон постановщиги — Уланмырза Карыпбаев Башкы ролду аткаруучу – Алыкул Исаков Сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов “КУСА” спектакли белгилүү жазуучу, адабият ишмери, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВдин чыгармасынын негизинде коюлган. Жекшемби күнү, 5-апрелде Т.Абдумомунов атындагы […]

Толугу менен...

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ. ТЕАТРГА БАРГАНДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ. Ч. АЙТМАТОВДУН чыгармасы боюнча Т. АБДУМОМУНОВ атындагы КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫ койгон спектакль.  Театрга баргандан кийинки ойлор Адегенде спектакль жөнүндө Жалпы жонунан алганда, постановкасы кубандырды: улуу жазуучунун бизге тартуулаган «белеги» көркөмдүү, тажатпаган, сюжети кызыктуу чагылдырылыптыр, актерлор да мыкты ойношту, менин жеке көз карашымда, башкы каармандын ролун Альбина Имашова өтө мыкты аткарды. Пьеса абдан кыска […]

Толугу менен...

ПРЕМЬЕРА! УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНА ЧАКЫРАБЫЗ! 29.04.2017

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ балдарды жана ата-энелерди М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында кыргыз тилиндеги ЧЫПАЛАК БАЛА спектаклине чакырат. 29.04.2017, саат 11:00, ишемби.   ПРЕМЬЕРА! КИРҮҮ АКЫСЫЗ, 0555 83 70 07 телефону боюнча алдын-ала жазылса болот. Б.Чотурова “ЧЫПАЛАК БАЛА” (жомок-спектакль)      Бул чыгарма элдик жомоктун негизинен алынган      “Чыпалак бала” аттуу жомок дүйнөнүн көп элдеринин фольклорунда кездешет. Мисалы кавказ […]

Толугу менен...

УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНА ЧАКЫРАБЫЗ!

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ балдарды жана ата-энелерди М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында Редьярд Киплингдин аңгемеси боюнча коюлган кыргыз тилиндеги БААРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ спектаклине чакырат. 22.04.2017, саат 11:00, ишемби. КИРҮҮ АКЫСЫЗ, 0555 83 70 07 телефону боюнча алдын-ала жазылса болот. 2017-жылдын 20-апрелине карата 250 билеттин 120 билети брондолду. Сиздерди күтөбүз!

Толугу менен...