МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН УШУНДАЙ ЖООБУНА КАНААТТАНУУГА БОЛОБУ?

Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын учурдагы эң оор абалына байланыштуу биз Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүлөрдү жөнөткөнбүз: а) КАТ жана б) ЭЛЕКТРОНДУК ПЕТИЦИЯ. КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК! ПЕТИЦИЯ Биздин катыбызга Министрликтен төмөнкүдөй жооп алдык. Бул биз күткөндөй болгон жок десек — эч нерсе айтпаган болор элек… Төмөндө Министрликтин катын […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛДАРЫНА КООЗ, ЗАМАНБАП ЖАНА МЫКТЫ ЖАСАЛГАЛАНГАН ТЕАТР КЕРЕК!

 Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры өзүнүн  80 жылдык юбилейинде киши чыдап көргүс, өтө кейиштүү абалда турат. Биздин,  Кыргызстандын балдарын тез арада заманбап талаптарга шайкеш келген куурчак театры менен камсыздоо керек. Биздин балдар дүйнө жүзүндөгү башка өлкөнүн балдарынан эч жеринен кем болбошу керек! КР Маданият жана туризм министрлигинен куурчак театрынын юбилейлик жылында театрды жаңыртуу […]

Толугу менен...

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ. ТЕАТРГА БАРГАНДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ. Ч. АЙТМАТОВДУН чыгармасы боюнча Т. АБДУМОМУНОВ атындагы КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫ койгон спектакль.  Театрга баргандан кийинки ойлор Адегенде спектакль жөнүндө Жалпы жонунан алганда, постановкасы кубандырды: улуу жазуучунун бизге тартуулаган «белеги» көркөмдүү, тажатпаган, сюжети кызыктуу чагылдырылыптыр, актерлор да мыкты ойношту, менин жеке көз карашымда, башкы каармандын ролун Альбина Имашова өтө мыкты аткарды. Пьеса абдан кыска […]

Толугу менен...

ПРЕМЬЕРА! УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНА ЧАКЫРАБЫЗ! 29.04.2017

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ балдарды жана ата-энелерди М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында кыргыз тилиндеги ЧЫПАЛАК БАЛА спектаклине чакырат. 29.04.2017, саат 11:00, ишемби.   ПРЕМЬЕРА! КИРҮҮ АКЫСЫЗ, 0555 83 70 07 телефону боюнча алдын-ала жазылса болот. Б.Чотурова “ЧЫПАЛАК БАЛА” (жомок-спектакль)      Бул чыгарма элдик жомоктун негизинен алынган      “Чыпалак бала” аттуу жомок дүйнөнүн көп элдеринин фольклорунда кездешет. Мисалы кавказ […]

Толугу менен...

УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНА ЧАКЫРАБЫЗ!

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ балдарды жана ата-энелерди М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында Редьярд Киплингдин аңгемеси боюнча коюлган кыргыз тилиндеги БААРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ спектаклине чакырат. 22.04.2017, саат 11:00, ишемби. КИРҮҮ АКЫСЫЗ, 0555 83 70 07 телефону боюнча алдын-ала жазылса болот. 2017-жылдын 20-апрелине карата 250 билеттин 120 билети брондолду. Сиздерди күтөбүз!    

Толугу менен...

МАДАНИЙ ТУРМУШ РУБРИКАСЫ. БУЛ ЖЕРДЕ КАНДАЙ ЖАҢЫЛЫКТАР БАР?

Бул — Кыргызстандагы МАДАНИЯТ темасына арналган сын макалалар, маданий-маалыматтык билимди арттыруучу маалымат жана жаңылыктар менен бөлүшүүчү жер. Бул жерде дискуссияларды жүргүзүүгө да орун бар. Эгерде сиз көптөн бери МАДАНИЙ ТУРМУШ темасы жөнүндө ой бөлүшкүңүз келип жүрсө, анда бул жер сиз үчүн деп биле бериңиз. Ушул темада материалыңыз бар болсо, аны дароо биздин электрондук дарегибизге жөнөтүңүз, […]

Толугу менен...