“БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨ. ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫЗЫКТУУ ПИКИРЛЕР

Бул сын-пикирлерди биздин веб-сайттын «КОММЕНТАРИЙ» тилкесинде китептин орус тилиндеги версиясы басылып чыккан жеринен тапса болот: КНИГА 2021 Г. ИЗДАНИЯ: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ. ПОРТРЕТ НА ФОНЕ ЭПОХИ» 30.09.2021. Мага ал пикирлер кызыктуу сезилди. Ал китептин кыргызча варианты чыккандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп жатып (2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН […]

Толугу менен...

2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН БУЛ КИТЕПТИ ОКУП ЧЫГУУНУ СУНУШТААР ЭЛЕМ?

Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси/ Кыргызчага которгондор Кашыбаева А.С., Даниярова А.С. — Бишкек: Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, 2022, — 504 б с., ил. Китеп кыргыз тилинде. Төмөндө бул китептин электрондук варианты жарыяланган.  Китептин кыргыз тилинде жарык көргөн версиясын окурмандар менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын! Орус тилиндеги версиясы жарык […]

Толугу менен...

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНДӨ “24.КГ” МА ТУҢГУЧ АГАРТУУЧУ-ПЕДАГОГ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУ ЭСКЕРЕТ

  7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө биз замандаштар жана келечек муун үчүн өзүнүн ак эмгегин, күч-кубатын, билимин жана өмүрүн арнагандарды эскеребиз. Сиздердин назарыңыздарда “24.кг” маалымат агенттигинин журналисти Гүлмира Маканбай кызынын Асель Даниярова менен маегин сунуштайбыз (Орус тилинде).   Маектин өзөгүн Базаркул Данияров жана анын замандаштары, алардын кайгылуу тагдырлары жана ошол окуяларга бай доор […]

Толугу менен...

2021-ЖЫЛЫ БАСЫЛЫП ЧЫККАН КИТЕП: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ»

Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С. Базаркул Данияров – Алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. — Бишкек: Санжарбек Данияровдун Коомдук фонду, 2021, — 472 б., ил. Орус тилинде. Китептин кыргыз тилиндеги варианты 2022-жылы басмадан жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги электрондук версиясына шилтеме ушул басылманын аягында. Китеп өзүнүн пикирлештери менен бирге Кыргызстан маданиятынын жана билим берүүсүнүн көрүнүктүү ишмерлеринин бүтүндөй […]

Толугу менен...

УЛУТТУК ИЛИМ ПАЙДУБАЛЫ КАНТИП ТҮПТӨЛГӨН (АГАРТУУЧУ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА)

Бул макала Кут Билим гезитинин 2018-жылдын 27-февралындагы санында жарык көргөн. Автору — т.и.к., КР УИА Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Аида Кубатова.  Макаланы азырынча кыргыз тилинде гана окууга болот КУТБИЛИМ САЙТЫНДА Биздин сайтыбызда автордун ушул темага үндөшкөн (орус тилинде)  башка макаласы бар: «Восстание 1916 года: взгляды мусульманской интеллигенции Кыргызстана» Октябрь революциясы жеңгенден […]

Толугу менен...

ДАНИЯР УУЛУ БАЗАРКУЛДУН БИБЛИОГРАФИЯСЫ

Толук эмес… Китептер жана окуу китептери Данияров, Б. Насият/ Б.Данияров. – Москва, 1925. – араб алиппеси Данияров, Б. Метр чендери/Б.Данияров, А.Ш. [А.Шабданов]. – Фрунзе, Кыргызмамбас, 1928. — 23 б. – лат алиппеси, нускасы — 10 000 Данияров, Б. Эсеп китеби. 1 жылдык окуу китеби/ Б. Данияров, А. Шабданов. — Фрунзе, Кыргызмамбас, 1928. – 68 б. […]

Толугу менен...

ДАНИЯРОВ НАСЫР: АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН АГАРТУУЧУ

Данияров Насир Бакирович (1915-1993 г.г.) – Б.Данияровдун жээни, анын окуучусу. 1938-жылы Орто-Азия Индустриялык институтун аяктаган, кесиби  – гидрогеолог. ЧЧК долбоорлоого жана курулушуна катышкан, СССРдин КыргИАФ эмгектенип жүргөндө, атасы Бакирдин Сибирге айдалгандыгына байланыштуу социалдык абалы боюнча илимий-изилдөөчүлүк ишинен четтетилген. Республикабыздын ар кайсы мектептеринде, жогорку окуу жайларында агартуучу болуп эмгектенген. Өмүрүнүн соңку жылдары Кыргыз ССРинин Геология башкармалыгынын […]

Толугу менен...

КЕРЕГЕ КЕҢЕШ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ»

СҮРӨТ АЛЬБОМ. 2018-жылдын 18-январында КР Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында XX кылымдын алгачкы агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгүнө арналган кереге кеңеш болуп өттү. Кереге кеңештин программасы  Ага көрүнүктүү окумуштуу тарыхчылар, филологдор катышышты. Кызуу талкуулардан кийин резолюция кабыл алынды. Ал иш чаранын жүрүшү жөнүндө бул сүрөтрепортаждан таанышсаңыздар болот. Базаркул Данияров жөнүндө

Толугу менен...

«КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ» КЕРЕГЕ КЕҢЕШТИН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кереге кеңештин Программасы  Кереге кеңештин СҮРӨТ АЛЬБОМУ Резолюция 2018-ж. 18-январда КР УИАнын конференц-залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Кыргызстандагы билим берүү башатында: Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгү” деген аталышта Б.Данияровдун туулгандыгынын […]

Толугу менен...

ТЫНЫСТАНОВА ТУРДУБҮБҮ: БАЗАКЕМ ЖӨНҮНДӨ ЭСИМДЕ КАЛГАНЫ

Тыныстанова Турдубүбү, 1910-1991-жж. жашаган. Касым Тыныстановдун жубайы, 1938- 1947-жылдары Край таануу, кийин тарых музейинде иштеген Эскерүү 1989-жылы майда диктофондон жазылды Сүрөттө: Солдо — Турдубүбү Тыныстанова, оңдо — Касым Тыныстанов иниси Боталы менен. 23-жылы мен Касымга турмушка чыктым. Турмушка чыкканда Касым Ташкенде окуйт экен, акыркы курсунда экен. Мени Ташкенге алып келди Касым. Ташкенге келсек, Базакем Ташкенде экен. […]

Толугу менен...

КУСЕИН КАРАСАЕВ: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

К.Карасаев, (1901-1997 жж.) профессор, Республиканын Илимине эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Ардактуу академиги Эскерүү 1989-жылы жазылган. Чоң- Сары-Ой. Раматылык Базаркул Данияров менен мен 1923-жылы окуу издеп Ташкенге барганымда биринчи тааныштым. Ал киши Ташкендеги Казак-кыргыз таалим-тарбия институтунда окуп жүргөн экен. Ал кезде мен жаш элем. Пикирлеше турган деле менде ал жок кез. Базаркул […]

Толугу менен...