1916: SELECTED DOCUMENTS

№64 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №1 ЖАНА №12 ДЕПТЕР

– КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (1) Д. 2-17 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Эмилбек Абакиров
– КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (12) Д. 83-90 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенти Казим Забиров

This document is available only in Kyrgyz and Russian

Тарыхчылар 1916-жылы Семиречьеде болуп өткөн окуялар тууралуу ар кандай материалдардан окуп изилдесе болот. Сиздердин назарыңыздарга окуянын түздөн-түз катышуучуларынын өз оозунан жазылып алынган маалыматтар камтылган документтердин бири.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. 17 дептерден (дагы бир дептер башка дептерден көчүрүлгөн көчүрмө) турган, орус же кыргыз тилдеринде жазылган ал кол жазмалар, окуянын катышуучуларынын жана ага күбө болгондордун өз оозунан жазылып алынган.

Курал жүктөлгөн арабаны күч менен тартып алгандардын катарында болгон Балыкчынын тургуну Кыдыралиев Нургазынын айткандарын сунуштайбыз. Аны бир эле учурда эки студент эки башка дептерге жазып алган. Төмөндө биз ошол эки вариантын тең жарыялайбыз.

Бул маанилүү эпизод Төлө ажы уулу Ыбрайымдын айтуусунда, Жунуш Карачороевдин айтуусунда, ошондой эле инженер Бондыревдин айткандары жөнүндө, анын жубайы Нина Полторацкая-Бондыреванын күндөлүгү, Рымшевичтин рапорттору жана башка аскерлердин жазып калтыргандары. Документтер ошол окуяларда ар кандай роль ойногон ар түрдүү адамдардан ар кайсы мезгилде жазылып алынгандыктан, көпчүлүк учурда бири-бирине дал келбейт жана кай бирде бири-бирине карама-каршы келет. Бардык шилтемелер макаланын соңунда келтирилген.

Ал окуя тууралуу ушул кезге чейин маалым болгон бардык документтердин негизинде толук камтылган В.И.Шварцтын макаласы жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат.


Биринчи вариант

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

№1 Дептер. №1 Жазуу

 

 

 

 


№1. КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫ, 1877-жылы төрөлгөн. Социалдык абалы – жалданып иштеген жумушчу. Балыкчы районундагы Рыбачье кыштагынын тургуну. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн катышуучусу.

Биз кыргыздын бай-манаптарынан жана орус кулактардан көз каранды болуп жашап келдик. Мен орустарда жалданып иштечүмүн, менин аткарган жумушум үчүн мага 5 рубль төлөчү. 1909-жылы көчүп келген башкармалыктын башчысы Бугусевич жергиликтүү тургундардын арасынан орус тилин билген адамды издеп жатканын айтышты. Менин орус кожоюндарым мени сунушташты. Мен ошентип Бугусевичтин котормочусу болуп иштеп калдым. Ал мага бул жакка көп адамдар келишерин, алар үчүн жергиликтүү калктын күчү менен көп үйлөр куруларын айтып калчу. Ал мага ушул жер орустар жашаган жер болоорун, жакынкы мезгилде алар көчүп келишерин айтты. Айткандай эле, жаңы көчмөндөр көчүп келе башташты, алардын кебетелери жүдөңкү эле. Аларга акчалай жардам бере башташты. Жаңы көчүп келгендер өздөрүнүн арык-торук малдарын жергиликтүү калктын семиз малдарына алмаштырып алышты. Алардын саны көбөйгөндө, аларды Ысык-Көлдүн ар кайсы жерлерине бөлүштүрө башташты.

Бугусевич бир жолу мени менен сүйлөшкөн сөзүндө менин да кедей-кембагал экенимди айтып, мен жакында дыйкан кыштактарды уюштура баштаарымды, андыктан кыргыздын кембагал элинин арасында үгүт иштерин жүргүзүп, алардын дыйкан кыштактарына кошулуп, бай менен манаптардан көз карандысыз болууга тийиш экендигибизди, ал дыйкандарга аябай ыңгайлуу болоорун түшүндүрдү. Ал боз үйлөрдүн ордуна жер тамдарды салып, жашообуз жакшы жагына оңолоорун айтты. Ал ошондой эле ким дыйкан болсо, ага жер үлүшү бөлүнүп берилерин кошумчалады. Бугусевич мага өзүбүздүн бай-манаптардан, болуштардан коркпошубуз керектигин, биз дыйкан болуп калганда, алар бизге тийише албастынын айтты. Бугусевичтин кеңеши боюнча Балыкчыдагы 15 адам дыйканчылыкка өттү.

Бул жөнүндө угушкан кыргыз манаптары бизге Эстебести 30 адамдан турган отряды менен бирге жиберишиптир. Көрсө, кыргыз бай-манаптар кыргыз кедей кембагалдардын дыйкан болушуна каршы экен. Келген отряд бизди ур-токмокко алышып, кыргыз кедей-кембагалдарды бузуп жатасыңар деп күнөөлөштү. Отряддын кишилери бизди сабап кетишкенден кийин кээ бирөөлөр дыйкан болуудан баш тартышты, бирок кедейлердин көбү дыйкан бойдон калышты. Бул болжолу менен 1910-жыл эле. Үч жыл аралыгында биздин катарга акырындап кедейлер кошула башташты. Ошентип отуруп биз 1915-жылга чейин дыйкан чарбасына биригип калдык, бай-манаптар андан башка биздин тынчыбызды алышкан жок. Менин боз үйүмдө кедей-кембагалдардын балдары үчүн мектеп уюштурулган эле, анда адегенде 8 бала окуп билим алчу. Аларды биз жалдаган орус мугалимдер окутушчу.

1916-жылы бизге кыштак куруу үчүн жер кесип беребиз деп убадалашты, ал кезде биз 40 адам болуп калганбыз. Бизге ошондой эле бир ат жана араба беребиз дешкен. 1916-жылы көтөрүлүшкө даярданып жатышыптыр деген айың кептер тарады. Көрсө, жергиликтүү кыргыздарды оорукка ишке айдоо керек деп талап кылып жатышыптыр. Чүй өрөөнүнүн белгилүү кыргыз байлары адамдарыбызды оорукка жумушка жиберебизби же жокпу деген маселени чечүү үчүн жыйынга чогулушуптур.

Верныйдан орус аскерлер Пишпекке 90 ат айдап келатышканда, Боромбай өзүнүн уюшулган отряды менен аларга кол салып, аттарын тартып алган. Ошол окуядан, т.а. кыргыздар орустардан аттарды тоноп алгандыгы жөнүндөгү окуядан кийин Верныйдан 70ке жакын аскерлерди жиберишкен. Келген орус отряды Чоң жана Кичи Кемин өрөөнүнүн тургундарына ок ата баштаганда, алар уюшуп алышып, орус отрядынын огуна каршы жооп беришкен.

Ошол окуя (ок атышуу) Кыргызстанда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн башталышы болуп саналат. Ок атышуулардын натыйжасында эки тарап тең жоготууларга учурашкан. Андан кийин Кемел Шабданов мага өлгөн офицерди тинткенде, анын жанынан орус аскерлеринин атын тартып алып, аларга кол салган кыргыздарды үч сааттын ичинде ошол жердеги эли менен кошо кырып жок кылгыла деген буйрук жазылган баракты таап алганын айткан.

Ок дары менен курал жабдыктар салынган жети чиркелген араба Верныйдан чыгып, Боом капчыгайы аркылуу Пржевальскиге келаткан. Жүк салынган арабаны 10 адам кайтарган. Бизге маалымат жеткенде, Балыкчыдан 6 км жердеги Кондратенконун сарайында жүк арабаны тосуп турдук. Жүк арабаны кыргыз мергенчилери да тосушкан. Жүк араба жакындаганда, биз аларга карай ок ата баштадык. Бир нече адам жарадар болуп, бир нечеси өлдү, тирүү калгандары Рыбачье тарапка качып кетишти. Ошол жүк арабаны тартып алуу ишин Ибраим жетектеген, ал алдыңкы арабанын атын өлтүрдү. Алдыңкы араба токтогондо, артында чиркешкен арабалар да токтоду. Ортодо ок атышуу пайда болду. Орус аскерлер көптөгөн кыргыздардын алдында өздөрүнүн алсыз экендигин көрүшүп, ок дары, мылтык жүктөлгөн арабаларды таштап, туш келди качып жөнөштү. Биз ошентип орус аскерлерден курал жабдыктар салынган арабаны тартып алдык. Ок дарылар, мылтыктар салынган арабага ар тараптан кыргыздар жабылып келишип, баарын талап кетишти. Болжолу менен 15 даана мылтык, ок дары салынган 3 жащик болгон.

Мылтыктарды жана ок дарыларды алган кыргыздар туш тарапка тарап кетишти. Биз Ак-Өлөңгө жеткенде, бизди артыбыздан орус отряды (отрядда болжолу менен 50-60 адам болгон) кууп жетти, орус отряды кыргыздарды аткылай баштады. Ал атышууда кыргыздар көп өлдү, биз да өзүбүздүн мылтыктарыбыздан ок атып кирдик. Бирок биз алар менен көпкө атыша алган жокпуз, биз андан ары тоо тарапка шашып жөнөп кеттик. Кытай тарапка ооп кетип бара жатышкан көпчүлүк кыргыздар менен кошо кетели десек, биздин аттарыбыз жок эле. Ошентип ат-көлү жок 300дөй үй-бүлө качып кетип бараткан кыргыздардан калбаш үчүн тоо тарапка ооп кеттик. Биз тоодогу Ат-Жайлоо деген жерге отурукташтык. Ал жерден бизди орус отряды таап албашы үчүн малдарды союп, иттерди өлтүрүүнү чечтик. Ат-Жайлоодо биз бир айга чейин туруп калдык. Биздин арабызда 17 орус аял жана жаш балдар бар эле, биз аларды өлүмдөн арачалап сактап калганбыз. Көп өтпөй эле өзүбүздүн тыңчыларыбыздан Ичке-Төр ашуусу менен биз тарапка орус отряды келе жатат деп угуп калдык. Биздин абалыбыз эң оор эле, анткени бизди оңой эле таап алышмак. Ансыз деле туш тараптан орус отряддары каптап келатышкан.

Аңгыча биз күткөндөй эле орустар бизди таап алышып, аткылай башташты. Биз айлабыз кетип, кеңешке чогулдук, арабызда каза тапкандар да бар эле. Ашуу болсо эбак жабылып, кар түшүп калган. Биз орус отрядына өкүл жөнөтүүнү чечтик. Аларга Петр Кирсановду жана бир кыргызды жөнөттүк. Кирсанов аларда калып, аны менен кошо кеткен менин агам кайра келди. Андан орустар канча кыргыз бар, канча туткун орус бар жана канча мылтык бар деп сурап жатышканын айтты. Бизде болсо мылтык жок эле.

Орустар тизме боюнча 17 адамды өздөрүнө чакырышты, биз аларга бардык. Алар бизден көтөрүлүшчүлөр кимдер деп сурашты; аскерлер бизге кол салайын деп калды эле, началльниги жол берген жок. Биз ал жерде түнөп калдык. Эртең менен бизди Коңур-Өлөңгө (Тоң району) алып кетишти, ал жердеги орустарда курал жабдыктар көп экен. Көрсө, ал жерде алардын башчысы бар экен. Бизди кайрадан суракка алышып, канча орус өлтүргөнүбүздү сурашты. Биз көтөрүлүшкө катышпаганыбызды, орустарды өлтүрбөгөнүбүздү айттык.

Сурактын соңунда бардык кыргыздар келгиле, ал жердеги туткундардын баарын толугу менен алып келгиле дешти. Келген кыргыздардын жарымын 17 кыргызды өздөрүнө калтырышып, калганын орус отрядынын (10 адам) коштоосунда кыргыздар турган жерге жеткиришти. Ошентип биз баарыбыз орустарга келдик, малыбыз азайып калган. Бизге кайра сурак жүргүзө башташты. Бизди орус аскерлерден бөлөк жайгаштырышты. Түн киргенде бизге орус аскерлерди келишип, өздөрүнө жаккан нерселерин тартып алышып, кыргыз кыздардын жана келиндердин намыстарын тебелешип, зордукташты. Эртеси кайра бизге сурак жүргүзүүнү улантышты. Ким сурактан өтсө, аларды кетиришти. Суракка кире элек 40 кишини орустар Пржевальск жакка кеткенде, өздөрү менен кошо ала кетишти.

Эртеси күнү биз орустар өздөрү менен кошо ала кетишкен 40 кыргыздын бирөөнү да калтырбай Думананын белинде атып өлтүрүшкөнү тууралуу кабар уктук. Тоодо калган бизди 10 адамдан турган отряд кайтарып жатты. Бирок биз кийин Рыбачьеге өтүп келдик.


 

Экинчи вариант

КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

№12 Дептер, №20 жазуу

 

 

 

 


№20. Кыдыралиев Нургазы, 1872-жылы туулган, социалдык абалы – кедей-кембагал, көтөрүлүштүн катышуучусу, Балыкчы районундагы Рыбачье айылында жашайт.

Кыргыз эли мурда караңгы, сабатсыз эле, андыктан орустардан чоочушкан. Биз аргасыз кедейчиликке жана орустарга жана өзүбүздүн бай-манаптарга баш ийчүбүз. 1910-жылы Рыбачьеге Бугусевич деген башчы башка жактан көчүп келди. Мен ал кезде бир еврей балыкчыга балык кармап берчүмүн, ал аларды базарга алып барып сатып келчү. Бугусевич котормочулукка кыргызча тил билген кыргызды издеп жүрүптүр. Мен орусча анча-мынча тил билчү элем, ошондуктан староста мени ага жөнөттү. Бугусевич мени өзүнө котормочу кылып алып калды. Ал мага жакында бул жакка орустар көчүп келип отурукташаарын, орус кыштагы курулаарын айтып калды. Айткандай эле көп өтпөй, орустар көчүп келе башташты, аларга артыкча көңүл бурулду. Көчүп келишкен орустарга жерлер бөлүнүп берилип, үй-жай куруу үчүн жер тилкелери, ат арабалар берилди, андан тышкары, алар акчалай жөлөк пулдарды алып жатышты. Бугусевич мага кыргыздарды жер айдап, дыйканчылык кылганга үгүттө, ошондо аларга да ушундай жардамдар көрсөтүлөт деп айтты. Ал эгерде үйлөрдү куруп алсаңар, бай-манаптар силерге тийбейт деп убада берди. Ал ошондой эле бизди болуштардан жана приставдардан коргойм деген убадаларын айтты. Мен ал айткандай үгүттөй баштадым, акырында биз 15 кишидей чогулдук. Бул тууралуу билип калышкан кыргыз аксакалдары бир күнү Эстебести баш кылып келишип, бизди сабап кетишти, алар бизди сатылып кеткен саткындар, кудайды унуттуңар деп айыпташты. Бирок биз ага карабай, дыйканчылык менен алектенип, үй курабыз деген оюбузда бекем турдук. Бизге бай-манаптар аябай ачууланышып, элди бузган бузукулар дешти. Бул 1912-1913-жылдар эле. Ошентип 1915-жыл да келди, бизге ат беребиз деген убадалары бар эле, бирок бербей, кечиктирип жатышты. Биз ал кезде 30 чакты киши болуп калганбыз.

1916-жыл да келди. Капысынан эле кыргыздарды армияга алып кетишет деп калышты, биз эч жакка барбайбыз, көтөрүлүшкө чыгабыз деп жаттык. Андан соң Шабдан баатырдын уулдарынан (Самудин, Кемел, Мөкүш) көтөрүлүшкө чыккыла деген кабар келди деген аңыз кептер тарады. Ошондо манаптар жыйынга чогулушуп, кызуу талаш-тартыштар болуп жатты, бири көтөрүлүшкө чыгууну кааласа, башкалары баш тартышты. Ошол мезгилде Верныйдан солдаттар Пишпекке 90 ат айдап келатканы маалым болду. Боромбай кыргыздар менен бирге солдаттарга кол салып, аттарды тартып алышты. Анын артынан кыргыздар жапырт көтөрүлүшкө чыгышты. Көп өтпөй, Верныйдан 70 солдаттан турган отряд келди. Биз аларды ок атышуулар менен тосуп алдык. Бир офицер каза болуп, анын баштыгынан “аттарды тартып алган кыргыздардын баарын жок кылгыла” деген буйрук жазылган кагаз табылды, ал катты Кемел Шабданов окуп берген эле, мага да каттын мазмунун ал айтып берген. Биз көп өтпөй Рыбачьеге кайтып келдик. Ал жакка келгенде Верныйдан Боом капчыгайы менен курал-жабдык салынган арабалардын тобу келатканы, аны колго түшүрүү керектиги жөнүндө кабар алдык. Бир дароо капчыгайга барып, Рыбачьеден болжол менен 6 км аралыкта буктурма уюштурдук. Бизде эки барданке бар эле. Алар бизге жакындаганда, биз аларга карай ок аттык, алар да жооп кылып от атышканы менен Рыбачьеге карай качып жөнөштү. Ибраим ошондо алдыңкы атка ок атты эле, араба токтоп калды. Ошондо арабаны коштоп келаткан солдаттар арабаны таштай качып жөнөштү. Жүк салынган арабалардын тобунда 5 же 6 жеңил араба чиркелген эле. Солдаттар качып кеткенден кийин, биз арабалар тобуна жабылып, мылтыктарды талап кирдик, ошол кезде кайдан-жайдан көптөгөн кыргыздар пайда болуп калышты, биз мылтыктарды талап алдык, анда болжол менен 150дөй курал жана патрон салынган бир нече жащик бар эле. Курал-жабдыктарды алган соң, Кытай менен чектешкен чек араны көздөй качып жөнөдүк. Ак-Өлөң деген жерден, тоолордон бизди 60-70тей орус солдаттары кууп жетишти. Ортодо ок атышуулар башталды. Көптөгөн кыргыздар ошол жерден өлүштү, калгандары качып жөнөштү. Ошентип аман калган кыргыздар Кытайга карай ооп кетишти. Мен колумда жок кедей элем, кете албай калдым, менден бөлөк дагы 300дөй кыргыз үй-бүлөсү калды. Биз баарыбыз Рыбачьедеги 80 км аралыктагы Дөң-Тышка (Ысык-Көлдүн күңгөй тарабы) чогулдук. Ал жерден орустарга биздин жигибизди билдирип койбосун деп, ашыкча малдардын баарын союп, иттердин баарын өлтүрдүк. Ошентип биз ал жерде бир айча туруп калдык, биз менен кошо туткунга алынган 17 орус аял балдары менен бар эле. Бир күнү бизге көп орус отряды келиптир деген кабар жетти. Көп өтпөй, бизге кыргыздар келишип, мыкты куралданган 100гө жакын орус солдат келгенин, аларда замбирек да бар экенин айтышты.

Ал отряд биздин жайгашкан жерибизди билип калды. Биз чогулуп, андан ары кандай кылаарыбызды кеңешкен соң, отрядга өкүл жөнөтүүнү чечтик. Ал жакка орус Петр Кирсановду жана бир кыргызды жөнөттүк. Көп өтпөй Кирсанов ал жакта калып, кыргыз кайтып келди. Ал бизге мында канча киши бар экенин, арабызда канчоосу орус экенин такып сураштыргандарын айтып берди. Андан кийин бизден 17 кишини отрядга чакырышты, алардын арасына мен да кошулдум. Биз отрядга келгенибизде, солдаттар бизди тополоңчулар деп айыпташып, ортого алып сабап киришти. Офицер бизге болушуп, арачалап калбаса, солдаттар бизди соо коюшмак эмес. Биз ошол жерде түнөп калдык. Эртеси солдаттардын коштоосунда башка жерге, тоого алып барышты. Ал жактан бизди биринчи офицерден даражасы чоңураак башкасы суракка алды. Бизге: “Канча орусту өлтүрдүңөр?”, “Кыргыздар каякта?” деген суроолорду беришти. Биз суроолорго жооп бердик. Ал жерде замбиректер да турган экен. Андан соң бизге эски ордубуздан башка жакка көчүп кеткиле, эгерде бир орусту өлтүрө турган болсоңор, баарыңарды кырып жок кылабыз деп эскертишти. Арабыздан 8 кишини алып калышып, 9 адамды солдаттардын коштоосунда биз турган жерге кайра алып келишти, кайра келгендердин арасында мен да бар элем. Кайра келгенден кийин баарыбызды ошол эле тоого, бирок башка жерге которушту. Ал жерден бизге кайра сурак жүргүзүп башташты. Андан кийин баарыбызды эшикке алып чыгышып, жылаңачтап чечиндиришти, көрсө, алар арабызда жарадар болгондор барбы же жокпу деп текшерип жатышыптыр, тагыраак айтканда, орустар менен атышууга катышкандарды издешиптир. Көп өтпөй жамгыр жаай баштагандыктан, алар текшере элек 40 киши калып калды. Солдаттар ошону менен иштерин токтотуп, калган 40 адамды өздөрү менен кошо айдап кетишти. Эртеси биз ал 40 адамды Дувандын жанындагы тоодон атып салышканын уктук. Бизди 10 солдат кайтарып калды. Эки күндөн кийин бизди Бар-Булакка айдап келишти. Болжолу менен бир жума өткөн соң, Рыбачьеге бара берсеңер болот дешти. 15 киши адегенде Рыбачьеге барып, ал жакта абал кандай экендигин билгибиз келди. Рыбачьеге келсек, бизди солдаттар кушубак тосуп алышты, алар “…” жок кылып жатышкандарын айтышты, биз көңүлүбүз жайланып, өзүбүздү эркин сезип калдык. Калган 300 үй-бүлө мурдагы жашаган жайларына кайтып барышты.


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
(жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат)

Дагы:

№63 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ САРЫБАГЫШ ВОЛОСТУНУН КЫРГЫЗЫ КАРАЧОРОЕВ ЖУНУШТУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ

№61 ДОКУМЕНТ. ТӨЛӨ-АЖЫ УУЛУ ЫБРАЙЫМДЫН 1916-ЖЫЛЫ КУРАЛ ТАШЫГАН АРАБАНЫ ТАРТЫП АЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ

ДОКУМЕНТ №62. РАССКАЗ ИНЖЕНЕРА К.Л.БОНДЫРЕВА О СОБЫТИЯХ 8 АВГУСТА, ЗАПИСАННЫЙ ИМ 02.11.1916

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 39

 

 


Author
Кыдыралиев Нургазы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *