1916: SELECTED DOCUMENTS

№70 ДОКУМЕНТ. П.В.РОМАНЮТАНЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №9А ЖАНА №9Б ДЕПТЕР

– КР УИА. Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (9) Д. 4 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенттери Солтобаев, Жумагулов
– КР УИА. Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (9) Д. 9-10 Б. Жазып алган: университеттин тарых факультетинин 4-курсунун студенттери Жумагулов, Солтобаев

This document is available only in Kyrgyz and Russian

Бул 1916-жылы болуп өткөн драманын эң кайгылуу окуяларынын бири – жөн гана эмес, бийликтегилердин коштоосу менен, Беловодск айылынын аймагындагы Солто уруусу басымдуулук кылган бир нече кыргыз болуштугунун дыйкан жашоочуларын жапырт – массалык түрдө (500-600 адам) ырайымсыздык менен кыргандыгынын күбөсү.

Орус Беловодскидеги участогунун тургуну Романюта Петр Васильевичтин кыскача баяны бир эле учурда  эки башка дептерге жазып алган. Төмөндө биз ошол эки вариантын тең жарыялайбыз.

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. Студенттер катышуучулардан жана өз көзү менен көргөндөрдөн орус жана кыргыз тилдеринде жазып алышкан ал жазуулар 17 дептерди түзөт. Ар бир дептерде 10-20 адамдын айтып бергендери бар. Ал жазуулардын алдыларына чындыгы күбөлөндүрүлгөн колдор коюлган, коюлган колдорду колхоз же совхоз жетекчилери, жергиликтүү администрация башчылары тастыктаган.

Бул кайгылуу эпизодду ошондой эле башка дагы тирүү калган, жапа чеккендер сүрөттөп айтып беришкен.

Бул окуя жөнүндө негизинен №8 дептердеги окуянын күбөсүн өлүмдөн сактап калган адамдын айтып берген 1-аңгемесинде, 54 күбө же алардын жакындарынын колдору коюлган №9а дептердеги 11 аңгемеде41 адамдын колу коюлган №9б дептердеги 12 аңгемеде (№9б дептердегилердин көбүнүн күбөлөрү №9а да жазылган, бирок аны башка студент жазган), жана ошондой эле №9 дептердеги чакан сүрөттөлгөн 6 аңгемеде камтылган. 

Андан тышкары, бул окуя жөнүндө Беловодское айылынын тургуну Д.Д.Леонский өзүнүн күндөлүгүндө кеңири баяндап берген, ал күндөлүктү анын уулу В.Д.Леонский басууга даярдаган.

Шилтемелер ушул макаланын аягында берилген


КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

№9А Дептер, №2 Жазуу


№2. Фрунзе обл. Каганович районундагы Шопоков атындагы колхоздун бухгалтери Романюта Петр Васильевичтин 1916-ж. кыргыз элинин көтөрүлүшү жөнүндө айтканы.

Падыша өкмөтүнөн трудовой армияга кыргыз элинен дагы кишилер алынсын деп приказ келгенде, бай-манаптар өз балдарын каттабай койгон эле. Ошол себептүү кыргыз эли көтөрүлүш чыгарды деп уктум. Көтөрүлүш чыгарган элди Пристав Гривановский ж.б. алдап чакырып алып, Аксуунун конторуна камап, бир күн түнөткөндөн кийин, эшигинин алдына жинди чалыш Пушкарев Федр дегенди колуна союл берип чыгып келе жатканын уру бергин деп приказ берген болучу. Эртеси камалып жаткан кыргыздарды бирден чыккын деп приказ бергенде, камалгандар бирден чыга баштайт, улам чыкканын Пушкарев Федр чоң союлу менен уруп жыга баштайт. Өлгөнү өлүп, калганын аскерлер менен тегеректетип, өлүктөрүн арабага салып, пример көрсөтүү үчүн Пишпек уездин көздөй айдап кеткен эле. Жолдон дагы орустун кулактары бир далай кыргыздарды өлтүрүп салдым деп уктум деп сөзүн аяктатты.


КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

№9Б Дептер, №2 Жазуу


№2. Фрунзе область Каганович р-ну Жыламыш с/с «Шопоков» колхозунун бухгалтери Романюта Петр Васильевич кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө айтканы.

 Падыша өкмөтүнүн трудовой армияга алынсын деген приказы боюнча, балдары спискелегенде бай-манаптардын балдарын жазбай кедейдин балдары жазган себептен Аксууда пристав Гервановский, помощниги Инчин туура жолбашчылык кылган эмес деп ойлоп, кыргыздын кедейлери каршы көтөрүлүш жасады деп уктум. Ошону үчүн пристав Гервановский, анын помощниги Инчин бир канча аскерлер менен жана бир канча орус кулактары менен манап Чолпонкул, Асанкул, болуш б-н баласы менен, Рахмат Ажы менен силердин шапкеңерге актык кагаз жазабыз, силердин балдарыңарды бошотобуз деп аларга ошол көтөрүлүш жасаган элден пример кылып айтканда, санаганым жок 160 же 170 чамалуу кыргыздарды жөө айдап келип, подвалга камады, камап эшигине Пушкарев Федор дегенди Гервановский, Инчин менен приказ кылып, колуна чоң союл берип охранник кылып берип, подвалда камалып бир нече киши тепселенишип, шыкалышып өлдү, бир убакта бирден чык деп приказ кылды, Грибановский, Инчин, бирден чыгып жаткан кыргыздарды өлтүр деген Гривановскийдин, Инчиндин айтуу боюнча Пушкарев Федор бирден чыккан кыргыздарды өлтүрө берди. Тирүү калгандарды орустун байлары, в том числе Пушкарев, Белимов, Шаперёв, балталап, найзалап, айрылап, өлтүрүп беришти, койдой ийрип Пишпек уезд-начальникке айдоого бет алды, өлүктөрүн арабага салды. Болжолу 50-60 кишинин өлүктөрү менен алып, Пишпектин казармасына алып кетет. Ушундан кийин казак-орустар келе баштайт. Орус кедейлери кыргызга каршы болгон эмес. Менин билгеним ушул.

Романюта П.В. 17/I- 1953

Заверяю подпись Романюта. Предс. с/с


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
(жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат)

Дагы:

№66 ДОКУМЕНТ. АЗЫЛОВ ЖУМАШТЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №8 ДЕПТЕР

№67 ДОКУМЕНТ. БЕЛОВОДСКОЕ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ Д.Д.ЛЕОНСКИЙДИН БЕЛОВОДСКИЙДЕГИ МАССАЛУУ КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

№ 68 ДОКУМЕНТ. АЛЫМБЕКОВ ОСМОНКУЛДУН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №9А ЖАНА №9Б ДЕПТЕР

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 43 (орус гана тилинде)


Author

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *