1916: SELECTED DOCUMENTS

№68 ДОКУМЕНТ. БЕЛОВОДСКОЕ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ Д.Д.ЛЕОНСКИЙДИН БЕЛОВОДСКИЙДЕГИ МАССАЛУУ КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

Беловодское айылынын тургуну Д.Д.Леонскийдин эскерүүсү, ал өзү текстте белгилегендей, 1924-жылы жазылган, жана кийин анын баласы А.Д.Леонский тарабынан редакцияланып, 2010-жылы басмага жарыялоого берилген.

This document is available only in Kyrgyz and Russian

Бул 1916-жылы болуп өткөн драманын эң кайгылуу окуяларынын бири – жөн гана эмес, бийликтегилердин коштоосу менен, Беловодск айылынын аймагындагы Солто уруусу басымдуулук кылган бир нече кыргыз болуштугунун дыйкан жашоочуларын жапырт – массалык түрдө (500-600 адам) ырайымсыздык менен кыргандыгынын күбөсү.

Бул материал көптөгөн сайттарда жарык көргөн, бирок тилекке каршы, биз ушул кезге чейин анын түп нускасын табалбай койдук. Бирок ал жерде баяндалган окуялар адамдарды сактап калгандардын жана башка ага күбө болгондордун айтып бергендери менен толук дал келет.

 Ал окуялар жөнүндө айтып беришкен аңгемелер 1953-жылы жазылган күбөлөрдүн эскерүүсүндө да бар, ал КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турат: №8 дептердеги окуянын күбөсүн өлүмдөн сактап калган адамдын айтып берген 1-аңгемесинде, 54 күбө же алардын жакындарынын колдору коюлган №9а дептердеги 11 аңгемеде41 адамдын колу коюлган №9б дептердеги 12 аңгемеде (№9б дептердегилердин көбүнүн күбөлөрү №9а да жазылган, бирок аны башка студент жазган), жана ошондой эле №9 дептердеги чакан сүрөттөлгөн 6 аңгемеде камтылган. 

Ошол трагедияны көргөндөрдүн айтып бергендерин окуп, ага кайдигер кароо өтө кыйын.


Жайыл районундагы Кызыл Дыйкан айылындагы 1916-жылга эстелик

В. Д. Леонский. Автономиялуу Беловодск шаары. Атамдын күндөлүгүнөн

Менин атам, Даниил Дмитриевич Леонский (1900—1975-жж., 1924-жылга чейин фамилиясы Акименко болгон) Семиреченск облусунун Пишпек уездиндеги Беловодское айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Он бир жашынан жалданып иштеп, он беш жашында Беловодскидеги Аксу суусу аркылуу салынган темир жол көпүрөсүнүн курулушунда иштеген.

1920-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, алгачкы жолу согушка киргенде эле Бухараны алып, эмир Бухарскийди тактан кулатууга катышкан. 1924-жылы Ташкенттеги Ленин атындагы 4-бириккен аскер мектебин аяктаган. Ошол мектепте окуп жүргөндө саясий көз караштын таасиринен улам, фамилиясын Леонский деп алмаштырып алган. Аскер окуу жайын аяктаган соң, орто командалык кызматтарды ээлеп жүргөн жана 1927-жылга чейин басмачыларды жок кылууга активдүү катышкан. Андан кийин Ленинграддагы бронетехникалык курстарда окуп, Проскуров (азыркы Хмельницкий) шаарындагы бронетанкалык дивизияда кызмат өтөгөн.

30-жылдардын башында Киевге кызмат өтөөгө которулуп, көп өтпөй эле ден соолугуна (бөйрөгү кургак учук болгон) байланыштуу, армиянын катарынан чыккан. Кийин Торгсин дүкөнүнүн директору, Киевщинадагы Пуховка айылындагы партиялык уюмдун жетекчиси кызматтарында иштеген. 30-жылдардын экинчи жарымында Кыргызстанга келип, өкмөттүн имаратынын коменданты болуп ишке орношот. Кайтып келгенден кийин НКВД курулуш аскерлерине – Батыш Украинада таштуу жолдорду курган. 1941-1942-жж. согушка катышып, курчоодо калган.

Андан соң Беловодскидеги артелдин төрагасы болуп иштеген, согуштан кийин – Черкассы шаарындагы кебез-жууркан фабрикасынын директору, Киевдеги заводдордун биринде куралдуу күзөт башчысы кызматтарында иштеген. Ошол заводдо өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн электр жабдуучу (гальваник) жумушчу болуп иштөө менен аяктаган.

Атам күндөлүгүн 1924-жылдан баштап жаза баштаган. Чындыгында ушул китептин автору болуп эсептелет, мен болсо эң кызыктууларын тандап иретке келтирүү менен, адабияттардан жана интернеттерден алынган маалыматтарды кошумчалап толуктадым […]

СЕМИРЕЧЬЕГЕ КӨЧҮРҮҮ

Менин чоң атамдын атасы Даниил Акименко (анын аты кийин менин атама коюлган) үй бүлөсү менен Эски Оскол Воронеж губерниясынан Кыргызстанга (андагы Семиречье) 1860-жылдын ортосунда, крепостнойлук режим жоюлгандан кийин көчүп барган. Менин атам ошол окуяны өзүнүн атасынын айтып бергендери боюнча төмөнкүдөй сүрөттөйт:

Борбордук Орусиядан Тургай жерине көчүрүү

Даниил Акименко жердин жетишпегендигинен “эркиндик” издөөнү чечет. “Эркиндикти” менин эле чоң атамдар эмес, башка дагы көптөгөн адамдар эңсешкен. Николай I жана Александр II Түркстанды жеңгенден кийин, падыша “Эркиндик” деген ураандын алдында көчүрүүнү сунуштаган. Ошентип көптөрү Воронеж, Астрахань жана бир катар губерниялардан жаркын жашоо издеп алыс жолго чыгышат. Алар падыша аскерлери жаңы жерлерди басып алууда колдонгон жолду эмес, солго карай, тагыраак, айтканда, Урал аркылуу, Балхаш көлүнөн кыйгач жана Тянь-Шань тоо кыркаларын көздөй сапар тартышат. Бул менин чоң атамдын, демек, аны менен кошо менин атамдын да маршруту болгон. Атам (Дмитрий Даниилович) ал мезгилде боз улан да эмес, кичинекей эле бала болгон. Ата-энем бир нече жолу айтып бергенине карабай, кайсы жылдары экени так эсимде жок, болжолу менен 1860-1865-жылдар болсо керек.

Мен ошол көчүрүүнү төмөнкүдөй элестетем: 3-4 миң километр жерге ат үстүндө балдары жана үй оокаттары менен арып-ачып көчүп келатышкандар.

Алар көчүп келип отурукташып калган жер, кийин Семиреченск облусундагы Пишпек уездинин Беловодское айылы деп аталып, өзүнчө эле оазиске (минтип да айтууга болбос) окшош болчу. Туш тарабы бой тиреген камыштар, кээ бир жерлерде токойлор, кургак жерлерде бийик, жоон куурай өсүмдүктөрүнө курчалган. Ал жерди ар кандай жаныбарлар жердеген. Атамдын айтуусу боюнча, алар айтышкан жерге келишкенде, болгону 4-5 короо бар экен. Болжолу менен жыйырма-отуз чакырым ары ошондой эле чакан үйлөр жайгашкан. Ушундай жол менен алганда бул көчүрүү хутор түрүндө элестетилген. Жер деген керилип жатат, каалаганыңды алсаң болот: айдоосу да, чабыты да бар.

 […] Болжолу менен алганда, 1875-жылы менин чоң атам Дмитрий Даниилович

Матрена Кирилловна Легкодимовага үйлөнгөн. Анын үй-бүлөсү Семиречьеге Астрахань губерниясынан Акименколорго караганда, эки жылдай кийин көчүп келишкен экен. Алардын үй-бүлөсүндө 15 бала бар эле, бирок жетөө гана (жалаң гана эркек балдар) чоңоюп бой жетти: Михаил, Павел, Антон, Влас, Даниил, Александр жана Кирилл. (…)

БЕЛОВОДСКИДЕГИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТУРМУШ

Акименколордун чарбасы негизинен менин чоң атамдын атасы Даниил Акименконун мойнуна жүктөлгөн эле. Атамдын күндөлүгүнөн:

Орус келгиндеринин турмушу

Бир туугандар — Дмитрий, Тимофей жана Пётр — Даниловичтер чоң атам же алардын атасы каза болгондон кийин бөлүнүп кетишет. Чоң атам кантип жашоо керектигин, кантип чарба жүргүзүү керектигин жакшы билчү, ошонун аркасы менен ар бир баласына бөлүп берген малдары жана өз алдынча турмуш курууга оокат ашы жетиштүү эле. Менин энем айтып калчу, биз өз алдыбызча бөлүнүп кеткенден кийин беш-алты жылдай өгүз, аттар, уйлар, койлор, майда жандыктар ж.б. жетиштүү болуптур. Бирок убакыт өткөн сайын, атамдын ичкен арагынын кесепетинен баары түгөнүп жок болуп отуруп, ал эми үй-бүлөдөгү адам башы тескерисинче, көбөйүп отурган. Менин деле эсимде, чарбабызда эки жуп өгүз, эки ат жана мал кыштаган жерлерибиз бар эле.

Азыркыга чейин дөңсөдө, башка үйлөрдүн ортосунда жайгашкан үч кичинекей көздүү терезеси, чоң жыгач мору бар жепирейген чакан кепебиздин карааны көз алдыма элестейт. Анда менин атамдын 12-14 адамдан турган үй-бүлөсү жашай турган. Кимиси кайсы жерге туш келсе, ошол жерге уктап калчу. Кыскасы, ичи көчүк айланбай турган аябай тар ошол кичинекей кепенин ичинде уктап, туруп, тамак ичип, төрөлүп, айтор турмуш өз шарданы менен өтүп жатар эле. Ал аз келгенсип, кыш мезгилинде жаңы туулган музоо, козуларды, кээде торопойлорду да кепебизге киргизип алчубуз. Оокат-аштын тартыштыгынан атам кээ бир эркек балдарын жалдантып иштегенге жиберчү. Михаил, Антон жана Властар ошондой жазмышка туш болушту.

Алигиче эсимде, ал кезде адам башына бөлүнгөн айдоо аянты 1,6 гектарга жакын болчу, андыктан биздин үй-бүлөнүн бизге бөлүнгөн жеринин баарын айдап-себүүгө чамасы жетчү эмес, андыктан, бир бөлүгүн ижарага беришчү. Өзүбүздө нандык буудай эч качан жетпегендиктен, бөлөктөрдөн сурап барганга мажбур болчубуз. Атам жыл сайын салыктарды 30 рублдан төлөй турган, ошол кезде буудайдын пуду 25-30 тыйын болчу. Айтор, кайсы жагынан алып караба, турмуш оор эле. Эптеп тыйын табыш үчүн апам самогон алып сата баштады. 1916-жылдын аягында аны адегенде жашыруун чыгара башташканы менен, чагылгандай тез тарап кетти. Самогон саткан жерлер көбөйгөндөн көбөйө берген. Апам самогон саткан ошондой жерлерден дүңүнөн сатып алып, чекене баада кайра сатчу.

Сатыла турган самогондун көбү биздин үйдөн ичилчү. Мен да самогон алып келгенге көп барып калдым. Алып саткандан пайда жакшы эле түшүп турган, бирок опурталдуу эле. Бир нече жолу текшерип келип кетишкени менен эч нерсе таба алышкан эмес. Советтик бийлик орноп калган кезде, 1917-жылдын жаз алды менен апам алып сатканга караганда, өзү самогон чыгарып саткан жакшы дедиби, айтор, өзү самогон чыгарып сата баштады. Адегенде бир-эки жолу анча жакшы деле болгон жок, бирок бара-бара ыгын алып калдыбы, жакшы боло баштады. Өзүбүз аппаратын сатып алдык. Биз негизинен мөмө жемиштерден жасачубуз, бирок мейиз басымдуулук кылчу. Апамдын милдети ачыткысын даярдоо эле, мен болсо аны тартып чыгарчумун. Кышында эски кепебизде, жайында бакчабызда даярдачубуз… Ошентип отуруп ашынган самогончу болуп кеттик, кийин бул өндүрүш бизди баккан негизги факторго айланып калгансыды.

КЫРГЫЗДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ

[…] Аңгыча кыргыздар орустарга каршы көтөрүлүп жатыптыр деген айың кептер тарады. Бул кеп-сөздөр биздин жумушчулардын арасында уламдан-улам тереңирээк, кеңири жайыла баштады, биздин өзүбүзгө деле көрүнүп, сезиле баштаган. Биз айылдын сыртында, башкача айтканда, айылдын айдоо аянты тарабында иштегендиктен, бизге бирдеме болсо эле талаадан качып келаткан дыйкандардын баары даана көрүнүп турчу. Биз Гордей экөөбүз өзүбүз бул иш оңунан аяктаарына көзүбүз жетпесе да, биздин жумушчуларды тынчтандырып, мурдагыдай эле иштей берүүгө үндөп жаттык. Ошентип отуруп экинчи күн дегенде жумушчуларыбыздын баары туш келди кетип калышты. Биз Гордей экөөбүз гана калдык. Жумуш жөнүндө ойлобой да калдык (мында сөз Кара-Балтадагы темир жол көпүрөсүнүн курулушундагы иш жөнүндө жүрүп жатат, атам ал кезде кичине болсо да жетекчилик кызматка илешип, табельщик болуп иштеп калган), ал эми Гордей, ишти бөлүштүргүч болуп иштесе керек.)

Биз да кетүүнү чечтик, эгерде өлө турган болсок, бир туугандарыбыз менен чогуу өлөлү дедик.

Ката турган оокат буюмдарыбызды алып каттык да, Кара-Балта айылына жөнөдүк. Күн кечтеп калган эле. Кара-Балтада жана башка айылдарда баш аламан, чаң тополоң. Бирок биз бара бердик. Гордей экөөбүз кыргыздардын колуна түшүп калбайлы деп, коркконубузду сөз менен жеткирүү кыйын эле. Ошентип кетип баратабыз, алды-артыбызды, эки жагыбызды элеңдеп карайбыз, кичине эле шыбырт чыкса, жолдон чыга калып, чөпкө жата калабыз. 5 чакырым жерди үч саатка жакын басып өтүп, түн жарымында араң дегенде Петровкага жеттик. Петровкага киргенде, андан ары барбай эле ушул жерге түнөп, эртең менен жолубузду улоону чечтик. Бир, эки, үч, беш, онунчу кепеге кирдик, бир жан жок. Адамдар каякка кетишкенин билбей башыбыз маң. Кээ бир кепелердин эшиги бек, кээ бирлериники ачык. Бардык чарбалары, оокат аштары жайнап турат, адамдары гана көрүнбөйт. Айылды аралап ичине кирип көрөлү деп чечтик, анткени үй ээси жок бош кепеге түнөөгө батына албадык. Бир кезде карасак, бир короого араба кирип баратат, арабада эки эркек жана эки аял бар экен. Биз алардын артынан шашып жөнөдүк. Аларга абалыбызды түшүндүрдүк, ушунча үйдү кыдырсак да, эч кимиси жок, каякка түнөрүбүздү билбей атабыз деп айтып бердик. Алар бизге: “Калгыла, бирге түнөйлү” деп сунуш кылышты.

Эртең менен Гордей экөөбүз Беловодск тарапка жөнөдүк. Жолдо карай Петровка айылынын топтошкон тургундары жолуга баштады. Биз алардан: “Каякта жүрдүңөр?” деп сурадык, алар бизге: “Кыргыздардан коркуп чиркөөдө түнөп, эми үйлөрүбүзгө баратабыз” дешти. Ошондон кийин гана бизге алардын үйлөрүндө эмне үчүн жок болгондугу түшүнүктүү болду. Гордей жолдо өзүнүн үйүндө калды, мен болсо андан ары өз айлыма жөнөдүм. Ошентип ал күн менин темир жолунун курулушунда иштеген акыркы күнүм болуп калды. Беловодское айылыма келип, Петровка айылындагыдан тап-такыр башка көрүнүшкө туш болдум.

Беловодское айылынын тургундары чиркөөгө түнөбөй эле, айыл боюнча кароол пунктарын уюштуруп алышкан экен, алар эгерде кыргыздар кол салса, ойготкуч коңгуроону кагышканда, ал белги боюнча болуш башчылары чогулуп келишет. Кыргыздар келиши мүмкүн деген көчөлөрдүн, жолдордун баары тосулуптур. Албетте ал тосмолорду бекем деп айтууга болбойт. Устундан жасалган мамычаларды жерге көмүп, тырмоолорду бекитип коюшкан, же арабалар орнотулган, же жөн гана устундан тосмолор жасалып коюлган. Бул тосмолор анчалык деле тоскоолдук кыла алмак эмес.

Беловодское айылындагы кыргыздардын көтөрүлүшү эртеси башталды. Бардык болуштуктарда кыргыздар көтөрүлүп жатышыптыр деген сөздөр тараганда, баары талааларын жана башка оокаттарын таштап, айылга келишти. Босов баарынан узакка кармалды, балким анын чарбасы баарыныкынан мыкты болгон үчүндүр. Ал эмне үчүн кеч кармалып калганы ошол бойдон түшүнүксүз боюнча калды, балким ал өзүнүн оокаттарын калтырганга көзү кыйбай кыйналгандыр, же балким кыргыздардын көтөрүлүш чыгарарына көзү жетпегендир. Кандай болгон күндө да, көтөрүлүш анча күчүнө кире элек кезде, бир күнү кечинде ага бир жакын ымаласы бар кыргыз келип: “Эртерээк көчүп кет, ушул түнү сен да, аялың да, уулуң Михаил да жок болосуңар” деп айтат. Мындай эскерүү алган Босов, арабасын чиркештирип алып, аялы, баласы болуп чарбасын таштап, таң сүргөндө тоо ашып кетүүнү чечет, тоо менен кеминде эле 6-7 саат жол жүрүү керек эле.

Ал караңгыда эч ким тоскоол болбой аман-эсен жетип алам деген ойдо, айылдар жок, капчыгай менен кетчү жолду тандап алат. Алар капчыгайга кире бергенде эле анын арабасын ондогон кыргыздар тосуп алышып, ага кол сала башташат, арасынан бирөөсү арабадан баласын оодарып түшөт. Босовдун аялы булардан оңой менен кутулбашына көзү жеткен соң, арабадан секирип түшөт да, туш келди тарапка качат. Кыргыздар Босовдун өзү жана анын баласы менен алектенип жатканда, оңдой берди болуп качып чыккан Босовдун аялы, ошол жерден алыс эмес жерге жашынып калат. Босовду жана анын баласын өлтүрүп, анын аялын таппай калган кыргыздар, алардын оокат аштарын алып, арабасын айдап, айылына кетип калышат. Күйөөсү жана балдарынан айрылып, кайгыдан жана коркконунан мүңгүрөгөн аял түнү бою жөө жалаңдап жүрүп отуруп, аралыгы 20 километр айылына келет. Таң атканда өз айылына келип, болгонун болгондой айылдаштарына айтып берет.

Кыргыздардын бул кылганына жергиликтүү бийликтегилер татыктуу жооп кайтаруу керек деген чакырык салышат. Колуна курал жарак алууга жарактуу айылдаштарынын баары кыргыздарга каршы күрөшүүгө тийиш деген чечим кабыл алышат. Ошол кезде айылда эркектерден абышка-чалдар, майыптар жана балдар гана калып, башка жарамдуу эркектердин баары фронтко кетишкен эле. Ошого карабай, куралчан топтор түзүлүп, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша куралданышат. Мында мылтык, найза, айры, орок, балка ж.б. баары болгон. Ал отряддар түштүккө – тоо тарапка, кыргыздардын айылына өч алганга жөнөшкөн. Ал отряддардын биринде менин агам Михаил да болгон.

Арасында куралчан кармашка каршы чыккандар да болгонун белгилеп коюу керек. Бирок негизги масса, айрыкча, оокат аштуу байлар кыргыздарга каршы күрөшүүгө чечкиндүүлүк менен бет алышкан. Кыргыздар өздөрүнүн айылдарында куралчан орус отрядына каршылык көрсөтө алышчу эмес, каршылык көрсөтүүгө чамасы да жок болчу. Кыргыздар орус айылдарына кол салышканда, бирин-серин эле адамдар өлгөн. Ал эми орустар эмгекке жарамдуу кыргыздардын баарын аеосуз эзип кубалап, эч кандай сураксыз эле болуш башкармалыгы жайгашкан короодогу гауптвахтка алып келип тыгып салышкан.

Ошентип отуруп, беловодскийдеги орустар эки күндүн ичинде кыргыздардын баарын ошол жерге камашты. Баардыгы болуп алты жүзгө жакын кыргыз камалды. Гауптвахтын имаратынын ичи аябай тар эле, анын ичинде тикесинен турганда же бири-бирине жабышып отурганда араң 40-50 адам батчу. Калгандары ошол эле жерде гауптвахтын босогосунда, жерде отурушчу. Камалгандарды кайтаруу иштери баш аламан уюштурулуп, бир жолго коюлган эмес эле. Каалаган киши келип кароолго турчу. Ал жерден чалдарды, жаш балдарды, кээде аялдарды да жолуктурууга болор эле. Курал-жабдыктары да ар кандай болчу, бирок биринде да мылтык болгон эмес.

Кароолго тургандар камакта отурган кыргыздардан беш метрдей аралыкта турчу, бири-биринин ортосундагы аралык бир метрдей. Ошондо кыргыздарды качып кетүүдөн кандай күч кармап турганын билбейм, эмне үчүн 600 адам кароолго кол салып, качып кетишкен эмес? Алар эч кандай кыйынчылыксыз эле баарын камактан бошотушуп качып кете алышмак, айрыкча түн ичинде, караңгыда тоону көздөй качып, жашырынып кетсе оңой болмок, аларды көпкө чейин эч ким таба алмак эмес. Менимче, аларда чечкиндүүлүк жок болсо керек, анын үстүнө уюштурганга эч ким батынбаса керек, ошондон улам 600 адамдын баары курман болуп, бир нечеси гана тирүү калган. Камакка кармалган бул кыргыздарды сабап-тоноонун себеби төмөнкүчө болгон.

Камактагылар жаткан имарат болуш башкармалыгынын короосунун төр жагында жайгашкан эле. Ал имараттын оң жагында бийик дубал жайгашып, ал эми сол жагы ачык болуп, бак-дарактарга уланып кетчү, анын сол жагында, бирок камакта отургандардын оң жагынан байкалбаган тымызын ымдашып шыбырашкандар, сол жакка ыктап орун которгондор башталат. Ушинтип бир сааттай уланат, бул күндүзгү саат үчтөр чени эле. Анан капысынан эле сол тарабында отурган 20-30дай кыргыз тура калып бакка кире качат. Алардын артынан дароо кароолдо тургандар кубалап жөнөшүп, калгандарынын жолун тосушат, ал эми качып үлгүргөндөрдү кароолчулар кууп жетип өлгөнчө сабап салышат, ошентип баарын кармап өлтүрүшөт.

Андан кийин маалым болгондой, ошол баш аламанда качкан 4-5 адам гана аман калат. Эгерде алар жапырт кароолдо тургандарды жок кылышканда, баардыгы бирөө да калбай аман калышмак жана эркин кутулуп кетишмек. Ошондон кийин орустар ого бетер заары чыгып, кыргыздарды кырып башташкан. Качканга умтулган кыргыздарды өлтүргөндөн кийин, кайтып келген орустар: “Баарын кырып жок кылуу керек, болбосо дагы качышат” деп кыйкырышат. Ошондон кийин кароолдо тургандар беркилерди ур-тепкиге алып жатып калышат. Аларга бери жактан келген айылдыктар кошулат. Алар четте тургандарды эле ура беришет, ал эми калгандары ордуларынан турбай, отурган абалдарында улам артка жыла беришет.

Алар баарын аеосуз ур-токмокко алышкан. Мында адамдардын күнөөсү барбы же жокпу, эч ким аңдап караган эмес, колуна тийгендерди четинен уруп-сого беришкен. Кыргыздарды тынчтандырууга Ташкент шаарынан бир рота аскерлер жиберилген. Ошол күнү алар түштөнүү үчүн Беловодскийге токтошкон. Уруп-согуулар ал аскерлер түштөнүүгө отурган кезде башталган. Түшкү тамактарын ичип жатышкан аскерлерден берки уруш чыгып жаткан жерге чейинки аралык 200 метрден ашпаган жер эле. Кыргыздардын бир тобу өлүп, ур-токмокко алгандар токтобой жатышканда, старшинасы офицерге – рота командирине жардам сурап кайрылган. Офицер бир бөлүк аскерлерди жиберген. Карасак, толук куралданган аскерлер келатышат. Аны көргөндө биз: “Болду эми, аскерлер коргоосуз калган кыргыздарга ок атышып, кырып салышат экен” деп ойлоп келаткан аскерлерди карап турдук. Мына, аскерлер короого киришти. Алар команда боюнча токтоп, мылтыктарын алышты. Аскерлер кырылышып жаткандарды түшүнбөй, үрөйлөрү учуп карап калышты. Бөлүк командири сабалып жаткан жердеги кыргыздарды жана аларды аеосуз ур-токмокко алып жаткан орустарды карады да, күтүүсүздөн: “Түздөнгүлө! Мылтыгыңарды ийиндериңерге асынгыла! Оң жагыңарга бурулгула, алдыга карай жөнөгүлө!” деген буйрук берип калды. Ошондо аскерлер бул ыплас ишке аралашкысы келбей, бурулуп кетип калышты. Кетип баратып бөлүк командири: “Бул жерде биз жок эле жетишет” деп айтты. Офицер – рота командири бөлүк командиринин бул ишке аралашпай эле коелу деген чечимин колдосо керек, бирок кыргыздарды мыйзамсыз сабап жаткан орустарды токтоткон жок.

Уруп-согуулар уланып жатты. Бир тобу өлдү, көпчүлүгү имаратка жашырынууга аракеттеништи. Ал имарат эки бөлмөлүү эле, аянты 30 метр квадраттан ашпаган ал эки бөлмөнүн темир тор менен тосулган эки кичинекей терезеси бар болчу. Көбү ошол бөлмөгө киргенге далбас урду. Ошол жакка баш калкалап жашынгандардын саны 250 адам болду. Алар мүмкүн болушунча ошол жакка тыгылышып, биринин үстүнө бири чыгып тырмышып жатышты. Алдында калгандары тумчугуп өлүп жатты, тумчуккан адамдардын саны 40тан кем эмес эле. Акырында короодо камакка алынган кыргыз калбай баары өлтүрүлүп, имараттын ичиндеги кыргыздар гана калышты. Ошол учурда короого Степан Улиско (ал кийин мага кайнага болуп калды) кирип: Бул акмактардын бирин да калтырбай, аягына чейин кырып жок кылгыла” деп буйруду. Ал ошенткенден кийин терезеге барды да, мылтыгынан бир нече жолу ок чыгарды.

Баарынан да, бул уруп-согуулар тек гана бир нерсе менен бастырып жатканга окшош эле. Эки тараптан тең солк эткен үн-сөз чыккан жок. Орустар кыргыздарды салкын кандуулук менен, үндөбөстөн, ашыкча кыйналбай сабап жатышты. Кез-кезде гана “Сок тигини!” же “Кое тур, мен мобуну!” деген гана үндөр чыгып турду. Кыргыздардын жылаңач денесине тийген соккулардын добуштары жана ар түрдүү үндөр угулуп калып жатты. Өлүмгө башын байлаган кыргыздар дагы ашыкча кыйкырык-сүрөөнсүз, кез-кезде гана кудайга жалынгандары, тууган уруктары менен коштошкон сөздөрү андан-мындан чыгып турду. Камактагыларды камоочу имараттын сыртындагы короодогу кыргыздарды сабап, өлтүрүп бүтүшкөндөн кийин, кезек эми ал имараттын ичиндегилерге келип жетти. Ошол учурда короонун ичине өлгөн кыргыздардын сөөктөрү жайнап чыкты. Бир-бирден, бир нече болуп үймөлөктөшүп, ар кандай абалда туш келди сулап жаткандардын бети-баштары канжалап жанчылган, аларды жүзүн чыдап караганга мүмкүн эмес эле. Бул көпчүлүгү күнөөсүз адамдарды мыйзамсыз кырып-жок кылып жаткандардын гана жүрөгү солк этпей, салкын кандуулук менен баарын кырып жатышты. Ошол кезде биртике буйдалып калышты. Сырттагы кыргыздардын баарын ээн-эркин сабап өлтүрүп бүтүштү. Эми имараттын ичиндегилерди кантиш керек? Анткени имараттын ичи жык-жыйма, ичине кирүүгө эч мүмкүн эмес. Ичиндеги кыргыздар бир нече катар болуп биринин үстүндө бири жатат, алдында калгандардын көбү эбак эле аба жетпей тумчугуп өлүшкөн. Орустар кыргыздарды имараттын ичинен чыккыла, болбосо баарыңарды кырып өлтүрөбүз деп, коркутуп, талап кыла башташты. Бирок аларды эч ким уккан жок, анын үстүнө, ансыз деле босогодон бир кадам сыртка чыкса, дароо өлтүрүп салышаары бештен белгилүү эле.

Кыргыздарды кырып, сабап жаткан орустар бир маалда олку-солку болуштубу, айтор бир паска тынчып калышты. Бирок бул 20-30 мүнөттөн ашкан жок. Ошол маалда кыргыздар имараттан бир-бирден атып чыга башташты. Атып чыгышты дегенимдин себеби, алардын ар бири босогого чыгаар замат туш келди бой урду. Өлүм менен беттешкени чыкканын билгендей, ар бири босогодон сыртка чыкканда үстүндөгү чапанын чечип, аны менен башын чулгуп ороп: “Биссмилла” деп айткан соң, көздөрүн жумган боюнча, каякка баратканын көрбөй, туш келди жөнөп чуркап жөнөшөт. Бирок алардын ар бири өлүмдөн качып чыгып, өлүмгө бет алып баратканын билип турду.

Орустар баштарын чапандарына чулгап, чуркап чыгышкан кыргыздар жерге кулап түшкүчө, туш келди соккулап уруп жатышты. Алар кулап түшкөн жеринен күм-жам кылып жайлап жатышты. Алар кыргыздарды дароо өлтүрө турган курал б.а. мылтык менен өлтүрбөгөндүгүн белгилеп коюу зарыл. Уруп-согуулар колдон жасалган найзалар, туткалар, айтор эмне менен сайып өлтүрүүгө мүмкүн болсо, ошонун баарын колдонушту, мындай ыкма менен өлтүргөндө, алар дароо өлбөй, азап тартып кыйналып өлүштү. Жалпысынан алганда бул уруп-согуулар жапайы мүнөздүү эле. Күн батып баратты. Бир убакта башына чапан чулганып имараттан сыртка чыккан кыргыздар сээлдеп, эч ким чыкпай калды. Ошондо орустар имараттын ичине киришип, ичиндеги кыргыздарды ур-токмокко алып сабай башташты. Ичинде болгону бир нече гана адам тирүү экен, калгандары тепсендиде калып, эбак тумчугуп өлүптүр.

Өлүктөрдү имараттан ылдый буттарынан кармап устундай кылып солдойтуп сыртка сүйрөп чыга башташты. Анча-мынча тирүү калгандарын, биротоло тып-тыйпыл кылып өлтүрүп жатышты. Эң акырында мен жакшы билген байлардын бирөөнү аябай тепкилешти. Ал байдын төрт аялы бар эле, өзү чириген бай, кадыр-барктуу, аябай күчтүү, алибеттүү эле. Менимче, ал жалгыз өзү эле ошол жердеги орустардын баарын жалпайта койгонго алы жетмек. Аны көпкө сабашты, анын жаны көпкө чыкпай кыйналды. Менин дагы эле таң калганым, эмне үчүн аларды өлтүрө баштаганда, алар дароо жабылып кол кайтарышкан жок? Эмне үчүн имараттан баары чогуу чыгышып, орустарга каршы согушпады?

Биринчи вариантында, алардын арасынан өлгөндөр болсо, көп болсо 20-30 адам өлмөк, а бирок калгандары аман калмак, экинчи вариантында деле жарымынан көбү тирүү калмак. Анткени аларды сабагандар негизинен чалдар, жаш балдар, аялдар, майыптар эмес беле, баардыгы болуп ашып кетсе 100-120 адам болмок. Ал эми кыргыздардын саны 600дөн ашык болчу, баардыгы сомодой-сомодой алдуу-күчтүү орто жаштагы адамдар эле, алар өздөрүн сабап жатышкан орустарга кол кайтарып, алардын колдорундагы курал жабдыкка деле окшобогон, эптеген куралдарын тартып алып, эркин качып кетишмек. Кыргыздардын мындай чечкинсиздиги эмнеден улам пайда болгону мен үчүн табышмак бойдон калды.

Ээн баштанып өлүм жазасын аткарган болуш башчылыгы өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгын баары болоору болуп, боесу кангандан кийин түшүнүп, изин жашырууну чечкен. Алар ошол замат ондогон арабаларды, колдоруна күрөк алган жумушчуларды чакырышып, өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрүн шашып-бушуп туш келди ташып жок кылууга ашыгышкан. Өлүктөрдү түнү бою ташып, аңыздагы мурунку казылган чептин чуңкуруна туш келди таштап салышкан. Ал чуңкур окуя болгон жерден төрт километрдей алыстыкта жайгашса, ал эми Кушнеривская көчөсүнөн жарым километр эле жерде болчу. Өлүктөрдүн үстүн эптеп эле бир кат жука топурак менен жаап коюшкандыктан, кийин ал сөөктөр ит-кушка жем болгон эле.

Кийинчерээк Беловодскиде болуп өткөн окуяга тергөө жүргүзүлөт имиш деген ат менен Түркстан губернатору Фольбаум келип кеткен. Болуш жетекчилерин Пишпекке чакырымыш болгонун уктук, бирок иш ошону менен жабылып калган. Ошентип менин оюмча 90 пайызы эч бир айыбы жок 600 адам ың-жыңсыз жок кылынган. Ың-жыңсыз дегенимдин себеби – алардын аты-жөнү, кайсы жерден экендиги да жазылган эмес. Алардын сөөктөрүн көмүп жатканда, ал жөнүндө алардын туугандары жана жакындары гана билишкен. Алардын аты-жөндөрүн тактап, иликтеп, калыбына келтирүүгө кийин деле эч ким кызыккан жок, жетекчилик жана Беловодскийдин тургундары алардын ар-намысына шек келтирген бул окуяны эртерээк унутканга ашыгышкандай.

Кыргыздардын көтөрүлүшү качан жана кимдин демилгеси менен башталган? Алардын максаты эмне эле? Мен аны азыр да билбейм. Ошол кезде алар “Жашасын Кызыл-Ордо!” деген ураан менен чыгышкан деген кептер айтылган. Кыргыздардын көтөрүлүшкө чыгышынын себеби, падыша кыргыздарды аскерге чакыруу жөнүндө буйрук чыгарып, аларды согушка окоп казууга жөнөткөндүгү себеп болгон деп да айтышчу. Ошондой эле кыргыздардын көтөрүлүшкө чыгышына орустар тарабынан ырайымсыздык менен эксплуатацияланышы түрткү болгон, алар улуттук боштондукка чыгууну эңсешкен деп да айтышат. (…)

 


Дагы:

№66 ДОКУМЕНТ. АЗЫЛОВ ЖУМАШТЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №8 ДЕПТЕР

 


Author
Д.Д. Леонский

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *