1916: SELECTED DOCUMENTS

№61 ДОКУМЕНТ. ТӨЛӨ-АЖЫ УУЛУ ЫБРАЙЫМДЫН 1916-ЖЫЛЫ КУРАЛ ТАШЫГАН АРАБАНЫ ТАРТЫП АЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРҮҮСҮ

This document is available only in Kyrgyz and Russian

1916-жылдагы драмалык окуялардын белгилүү эпизоддорунун басымдуу көпчүлүгү анын негизги катышуучусу, Шабдан баатырдын жээни – Ыбрайым Төлө ажы уулунан жазылып алынган, ал жазуулар өзү айткандай 1931-жылы жана кайра 1947-жылы жазылып алынган. Ал жазуулар кыргыз тилинде араб тамгалары менен жазылган. Кол жазмалар Шабдан баатырдын үй-бүлөлүк архивинде башка тарыхый документтер менен бирге Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызында сакталып жүргөн. Эскерүүлөр алгачкы жолу “ҮРКҮН” жыйнагында кыргыз тилинде жарык көргөн.  Жаңыл Абдылдабек кызы бизге дилгирлик менен ал сканерленген көчүрмөсүн, кириллицага транслитерациясы менен кыргызча текстин жана өзү орус тилине которгон котормосун берди.

Белиглей кетсек, биз сайтка буга чейин бул тема боюнча документтерди жана макалаларды орус тилинде гана жарыялап келгенбиз, анын көпчүлүгүн кыргыз тилине которуу өтө зарыл экендиги талашсыз. Ушул документти жарыялоо менен, биз мындан ары тандалган материалдарды иргеп, кыргыз тилинде жазылган материалдарды орус тилине жана орус тилинде жазылган материалдарды кыргыз тилине которуп жарыялай баштамакчыбыз.


Жаңыл Абдылдабек кызынын комментарийи

Жаңыл Абдылдабек кызы

1916-жылдагы «Үркүн» деп аталган кыргыздардын Россия падышалыгына каршы көтөрүлүшүнүн активдүү катышуучусу, Төлө ажынын уулу Ыбырайым, ошол кездеги башынан өткөн окуяларды өзү жазып, менин атам, Самүдүн уулу Абдылдабек Тайгүрөңовго 1947-жылы берген экен.

Өткөн доордо өзүбүздүн тарыхыбыздын көп жери айтылбай, айтылса да бурмаланган кезде бул кол жазма катылып жүрдү. Эми саясат өзгөрүп, айкындык доор келгенде минтип жарык көргөнү турат. Эскерүүлөр алгачкы жолу 1993-жылда “ҮРКҮН” жыйнагында кыргыз тилинде жарык көргөн.    

Бул кол жазма араб ариби менен жазылган. Орус тамгасына которууга Осмонаалы кызы Бүбүш эже мага чоң жардам берди. Бүбүш эженин атасы айтылуу «Кыргыз тарыхы», «Тарыхи шадмания» деген китептердин автору Сыдык уулу Осмонаалы молдо.

Эскертүү:

Кол жазмада кездешкен адамдардын бутагы: Мөкүш, Самудүн, Кемел. Аман — Шабдан баатырдын балдары, Төлө ажы — Жантайдын баласы, Шабдандын иниси.

 

 


 

 

КОЛ ЖАЗМАСЫН КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

 

 

***

Биз кара кыргыз башынан бери карай туулуп, өнүп, өсүп келе жаткан жыргалдуу жакшы ата мекен жерлери бизди падыша Николай нааразычылык менен казак-оруска араларыбыздан кыйып, алып берген: калаа салып, жайланып алып, кыргыздардын малдары жериме, аштыгыма түштү деп, түшсө-түшпөсө дагы камап алып, мал башына-бир сом, эки сом акча алып турушкан, малын талашкан кыргыздарды уруп, согуп, кай бирин өлтүрүп дагы койгон. 13-15-жылында падыша Николай нааразычылык менен кыргыздан жакшы ат, жакшы атан төө, семиз чоң өгүз, жадагалса тон, байпак жана дагы керектүү нерселерин ала берген. 1916-жылында Николай падышабыз буйрук кылды – 18 жаштан тартып кырк жашка жеткенди солдатка алынсын деп. Кыргызга чоң коркунуч түшүп калды. Николай падыша мурунтан кыргыздан солдат албаган эми бизди, ойрон кылып жана уруш тартибин мурунтан билбеген башыбызды кырмак болгон экен деп, мурунтан нааразы болуп турган кыргыз мындан көрө эрте өлгөнүбүз жакшы деп, падышабыз Николайдын зулумчулугуна чыдабастан, Ысык-Көл айланасында турган Пржевал ойозуна караштуу бугу, саяк атактуу кыргыз бир нече болуш жана Пишкек уездине караган Чоң-Кемин жана Кичи-Кеминде турган Атаке жерде турган Надырбек, Борукчу атактуу эки болуш эл Сарбагыш атактуу эки болуш эл, жана Кочкор деген ушу айтылган кыргыздардын мурунтан эле калаа салып, жайланып туруп зордук-зомбулук көрсөткөн казак-орустардын малдарын талап алып, жана мурун казак-орус кыргызга кылган зулумчулуктарынан эки эсе артык кылып кай бир казак-орустарды өлтүрүп, бир нече Атаке Сарбагыш элдери Самсоновканын малын талап, кай бирөөлөрүн өлтүрүп жана Чоң-Кеминдеги кыштакта турган орустун дагы малын талап, кай бирин өлтүрүп, Атаке Сарбагыш мурунураак чоң козголоң кылып жиберишти. Атаке Сарбагыш Мөкүш Шабдан баласы баш болуп Атаке айлынан Султан Далбай баласы, Боромбай Сазан баласы, Калбай Калкан баласы, Белек Солтоной баласы — ушул кишилер баш болуп үч жүз киши менен Самсоновдук казак-орусту камап, Алматы жолуна жана Кашка Жолуна[1] кароол коюп турган.

Ошол убакытта Шабдан баатырдын мечитине Жантай балдары, Сарбагыш элдеринен Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдыракман болуп жана Кемел Шабдан баласы, Аман Шабдан балдары менен акылдашып кандай амал кылабыз дешти. Төлө ажы «Атаке Сарбагыш силерге мен карылык кылып башынан айткамын, тынч тургула деп, тилимди албай чоң козголоң салып алдыңар, эми бат эле көрөсүңөр орустан көргүлүктү» – деди. Олтурган кишилер: ырас, Төлө ажынын карылык кылып айткан өзү деди.

Кемел Шабдан баласы айтты: «Болор иш болду, чоң ажыдаардын куйругун басып алдык! Николай падыша биздерди бул жерге эч кандай жашатпайт, ушул кезде көл башы, Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабынын жолдору, ашуулары ачыгыраак, жана Ысык-Көл айланасында турган Пржевал уездине караган бир нече болуш эл, Бугу, Саяк атактуу – ушулар дагы бунт чыгарды деген сөз угулуп турат. Ал анык болсо, аныгын билүүбүз керек да көчүш керек».

Ошол кишилер «Ырас, Кемел Шабдан баатырдын баласынын айтканы» — деди. «Калктын башына абдан катуу иштер түшүп турат».

Мен, Ыбырайым өзүмдүн ушул жерде турган Жантай балдарына, Шабдан баатыр балдарына, ушул жерде турган кишилерге айткан сөзүм: «Андай болсо мен түн боюнча, Шыргыйдагы үйүмө барып, андан нары Чоң Сары-Булактагы элге түшүп, Ысык Көлдүн аягындагы Сарыбагыш элине чектеш турган Арык тукумуна таң атаар менен барып, кабарлайын» – деп, Кеминден көз байланган убакытта чыктым. Шыргыйдагы үйгө түн жарымында келдим. Айылдагылар чогулуп биздин үйдө жатпай олтурушкан экен, жана менин келгенимди угуп келип калышты. Мен аларга айттым: «Силер Көк-Мойнок бекеттеги жамчик (ямщик) болгон балдарына, сарайчы орустун чөбүн чапкан кишилерди, түн боюнча Шыргыйдагы элге барып кишилерди, балдарыңарды алып, жана колуңардан келсе бекетчи, сарайчы орустардын аттарын дагы алгыла, мен түн боюнча Сары-Булак менен түшүп, эртең кай убакытта болсо да Көл аягында боломун, Арык тукумунда» – деп таң жакындап калганда, элден ишенимдүү сегиз киши кошуп алып, Сары-Булактын үстүнө таң агарган убакытта келип калдык. Жакадагы Айтыке эли Абыла, Таздар болуп эски Бекеттеги сарайчы орустардын малын талап алышып жол боюнда тура албай, үркүп келип калышыптыр. Мен айттым: «Силер дагы мени менен аттаныңыздар, кошо жүргүлө, Арык тукумуна барып сүйлөшүп, көл тарабынан кандай кабар угулар экен деп баралык».

Кызыл Сазга келсек, Сагын, Саадабай баштап 20-30 Арык тукуму келип калышты. «Көл айланасынан кандай кабар бар?» – десек, Сагын айтты: «Кыдык, Ысакалы орустардын малдарын талап жана орустан дагы өлтүрүштү деп угулду жана андан наркы Кызыл Суудагы орустарга дагы кыргыздар козголоң салып жатат деген сөз угулду».

«Семиз Белден казак-орустун Балыкчыдагы күзөтүнүн жылкысын Арык тукуму алдык» деп сүйлөшүп турганыбызда төмөнтөдөн киши катуу чаап келатат. Карасам биздин элдеги Ыйманаалы деген Элебайдын баласы экен. «Ашыгып кандай келдиң», — десем, ал айтты: «Түндө сиз кеткенде биз дагы түн боюнча Көк Мойнок Бекеттеги балдарга барсак, алар айтты: кечинде кызыл желек байлаган жети араба мылтык, он солдат жана Жел Арыктагы бекетчи, сарайчы орус дагы кошо келди, Көк-Мойнок бекетчи, сарайчи орустар камданып, таң атаар менен бирге жөнөгөнү жатышат деди, ошону айтканы келдим». Ушул турган кишилер: «Ыбырайым, кандай кылабыз?» — дешти. Мен айттым: «Эгерде мылтык Балыкчыга келсе, эч кимибизди соо койбойт» деп. «Ырас сиздин айтканыңыз» – дешти. «Андай болсо сарыбагыш эли, Арык тукуму болуп эски бекеттеги сарайчылардын тамдарынын ичине бардык мылтык менен, өзүм баш болуп олтуралык. Мен өзүм бир тамга отурам, силер дагы суунун боюндагы Чоң жарга жашынып тургула. Биз атабыз, мылтык атылганда силер дагы атакелеп катуу кыйкырып, туш-туш жактан аламан коюп жибергиле» – деп, ушул сөздү айтып, эски бекетке келип, айтканымдан мылтыкчандарды сарай тамдын ичине экиден киргизип, «коркпой туруп жакшы аткыла, жана мен атмайынча бирин атпагыла» – деп, өзүм жалгыз бир тамга олтурдум дагы, атымды сарайдын ичине байлап койуп тургандан кийин, жарым саат чамасында мылтыктары жаркылдап солдаттар келатат, арабанын алды-артында солдаттар.

Ортобузга кирип келди, мурун атып жиберсем, бир солдат жыгылып калды, мылтык атыла берди.

Бир солдатка ок тийип жүрө албай баратканда, арабага салып алышты, бизден узап, атып бара жатат солдаттар, мен тамдан чыгып, кишилер кайда кетти экен деп карасам, чийдин ичинде, Боз Бармак талаасында качып бараткан кишилер, сарай ичиндеги атымдын чылбыры үзүлүп калыптыр, атым жок. Тамдын үстүнө чыга калып карасам, үйдөн кошо барган кишилер атымды таанып, алып келип калышты. Атымды минип, жүргүлө деп жолдун алдынкы кашаты менен чаап барып, чон сайдагы жарга бааналап, арабанын алдыңкы атын атып жибердим. Ат бара түшүп жыгылып калды, солдаттар арабанын алдына жарым-жартысы жүгүрүп качып калды. «Качкан жоого катын эр» деген макал бар. Төртүнчү атабыз Атаке баатырдын ураанын айтып, «Атаке, Атаке» деп жакын барып ат үстүнөн бир-эки атып жибердим. Качкан солдаттар, бекетчи орустар үч ат кошкон бир арабасын таштай качкан экен. Качкандар бөлөк арабага түшүп алышып жөнөштү, мен бир аз жерге аткылап бардым. Солдаттар дагы арабанын ичинде атып баратат. Таштай качкан арабасынан бир аз жерге кууп барып, кайта таштаган арабага келсем, атына ок тийип жыгылган араба менен жети араба экен. Баягы качкан Арык тукумдары болушуп, Сарыбагыш эли болуп баары келип калышты.

«Ыбырайым баатыр, соогат, соогат» деп. Мен айттым: «Падыша Николай кыргыздарга каршы жиберген мылтыгын кудай бизге берди. Падыша Николай бизге кылган зулумчулугу өз башына көрүнүп, бир чон балээге бат эле кириптер болгусу бардыр. Эми Арык тукуму бир Белек жана Сарыбагыш эли бир Белек болуп, кыргызчылык кылбай отургула, мен өз колум менен тегиз бөлүп берем» – дедим. «Макул, Ыбырайым баатыр, мылтык бериниз, өлгөнчө сизге ыраазыбыз» – дешти. Арабада бир балта бар экен, бир сандыкты балта менен бузуп көрсөк, барданке мылтык экен. Мылтык салган чон жыгач сандык, чамасы, тогуз экен. Бир сандыкта жыйырмадан мылтык бар экен, баарын чогултуп алдырып өзүм санасам, бир жүз сексен мылтык болду, жана кичирээк 12 жыгач жашик бар экен. Бирин ачып көрсөк, төрт банке бар экен. Бир банкени буздуруп көрсөм, алтыдан көк кагазга оролгон 48 пачке бар экен. Бир банкеде 288 патрон бар экен. Баарын санаганга убакыт шашылыш болуп саналбады.

Арык тукумуна 80 мылтык. беш жашик патрон бердим. Өзүм менен барган Азык, биз Жантай баласынын балдары, элдери, Абыла, Таздар болгон жерине элүү мылтык, үч жашик патрон берип, калган элүү мылтык, төрт жашик патронду ойдон өзүм ээрчитип барган кишилер болуп, эки төөгө артып, түн боюнча үйгө келдим. Элүү мылтыкты өзүбүзгө, жакын жерлерге жыйырма мылтык, үч жашик патрон берип, калган элүү мылтык, бир канча ок үйгө койдум. Калган жыйырма тогуз мылтыкты алып, бир канча патрондор менен Самсоновканы камап жаткан Атаке Сарбагыш элине өзүм беремин деп келип, Кемел Шабдан баатыр баласыныкына конуп калдык. Түн ичинде Самүдүн Шабдан баатырдын баласы келип калды. «Самүдүн, кандайча түн боюнча келдиң» десем, айтты: «Алматы жактан кыр жол менен жүз чамалуу казак-орус Самсоновкага келди жана ойоз пристав бир канча солдат менен келе жатканда Бейшекенин оозунан тосуп атышып Бердибек ажынын баласы, Додуй ажынын баласы, Маңсарттын баласы ушул үчөөнө ок тийип зыян болду жана Ысмайыл Далбай баласынын аркасына ок тийип жаралуу болуп калды жана эки солдатка ок тийип өлдү, өлүгүн таштабастан өнөрүшүп көз байланганда алар дагы Самсоновкага кирип кетти. Төлө ажынын баласы Ыбырайым Көтмалдыдагы эки бекеттен тосуп, бир жолку бара жаткан жети араба мылтыкты түшүрүп алып келди деп угуп, Атаке Сарбагыш сүйүнүп, Ыбырайым Төлө ажы баласына биринчи кудай өмүрүнө береке берсин, экинчи ата-бабаларыбыздын арбагы колдоп эч жамандыкка кудай кириптер кылбасын деп Атаке Сарбагыш болуп сыртыңыздан чуркурап бата кылышты. Самүдүн, сен түн боюнча Ыбырайымга Алматыдан келген казак-орустун, жана Бишкек, Токмоктон бир канча солдат менен келип ойоз приставдардын Самсоновкага келген кабарын айтып барып, намаз убакыттан калбай жардам алып кел деп жиберишти» – деп айтты. Андай болсо мен алып келген мылтыктарды абдан мергендерге бер деп мылтык патрону менен бердим, дагы айттым: «Аттарыңарды тандап минип эртең күн чыкпастан мурунураак бириң калбай баатырдын мечитине келгиле» – деп жибергенмин, ал мергендер эртең менен келип калат, мен алардын баарысын баш-аягын абдан чогултуп алып, Кашка Жолду ашып, Атаке Сарбагыш элинин үстүнө барамын.

«Самүдүн, сен мечитте түшкө жете күтүп туруп күңгөйлүк Айтыке балдары, элдери жана Абыла, Таздар болгон жерине элүү мылтык, үч жашик патрону менен бергемин. Аларга мен айткамын, силер мылтыкты алып жатып албастан, эртеңки күнү түштөн калбай Шабдан баатырдын мечитине келгиле» – деп убада кылганмын, алар Калмак ашууну ашып, баатырдын мечитине түштөн калбай барабыз, деп айтышкан. «Самүдүн, сен ошолорду күтүп туруп, келгенде баарынын баш-аягын абдан чогултуп алып, Жол-Булакты ашып, Мөкүш, Султан, Боромбай, Белек баш болуп, Жантай Атаке Сарбагыш элинин үстүнө алып бар» – деп Самүдүнгө ушул сөзүмдү айтып, таң атканда мергендерди алып, Кашка Жол ашып, Кичи Кемин элин, Атаке Сарбагыш элинин үстүнө алып бара жатсак Кара-Кыя деген ашуунун жонунда мылтыктын үнү чыгып, катуу добуш угулуп калды.

Аттан түшүп, дүрбү салып карап турсам, бир кишини эки атчан солдат кылычтап өлтүрүп жатат. Солдат экенин таанып, атты минип, мергендерге айттым: Кара Кыянын берки жагындакы кишини атып, бир жөө кишини эки атчан солдат бери жагында кылычтап өлтүрүп жатат. Эми кайра жүргүлө, Кашка Жол менен өйдө чыгып, Көк Жондун алдын тосуп атышалы – деп кайра чаптык. Кашка Жолдун өөдөсүндө аттарыбыз чарчап баспай калды. Менин алдымда Нурдин жана Нажимүдүн деген балам экөө мурунураак жонго чыкты, арт жагымды кайрылып карасам мергендер кай бири атын жөө жетелеп, кай бири аттарын минип, акырындап келе жатышат. Мен мергенчилерге кыйкырдым «артымдан батыраак келгиле» деп. Экөөнүн артынан мен дагы жонго чыктым. Карасам, солдаттар үч топ болуп көк жон менен бизди карай катуу чаап, бет алып, мылтык, кылычтары жаркылдап келе жатат. Үчөөбүз аттарыбызды абдан куудук. Бир чон дөбөнү көздөй солдаттар да чаап келе жатат. Үчөөбүз солдаттан мурун жакын барып калдык, дөбөнүн далдаасына атты байлаштыра салып, Нажимүдүн дөбөгө мурунураак чуркап чыкты. Нурдин экөөбүз дагы чыгып калдык. Карасам, солдаттар дөбөнүн алдына жакын кирип келди, бизди көрбөй. Карааны чоң бир боз атчан казак-орусту мурун Нажимүдүн атып жиберди. Атынан тик сайылып жерге түштү. Баарысы кайра качты. Үчөөбүз тең атып калдык. Бара түшүп, бир казак-орус атынан жыгылып жатып калды, бир аз барганда, бирөө дагы атынан жыгылып жатып калды. Калганы бир чоң кабакка кирип, чыкпай калышты жана арткы мергендер дагы келип калды. Казак-орустар кабакка кирип, жашынып атып турушат. Биздин мергендер дөбөдөн жашынып атып турушат. Жусуп Төлө ажынын баласы инибиздин чыканагына ок тийип жаралуу болуп калды.

Ошентип атышып турганыбызда, Мөкүш, Боромбай, Белек, Султан келип калышты, алар айтты: «Биздин Атаке Сарыбагышты казак-орустар мылтыктап, чогулуп жаткан жерибизден чыдай албай Чон-Кеминге качып түштүк. Ыбырайым Кашка Жолдон казак-орусту камап атышып жатат деп угуп келдик, казак-орусту кандай кылдың» – дешти. «Жашынып баарыңыздар бери келиңиздер» – десем, келишти. Мен жыгылган казак-орусту көрсөттүм, тиги жолдун үстүндө жатканды мурун Нажимүдүн атканда жыгылды, кайра качканда атканыбызда тиги жаткан жыгылды, анын нары жагында жаткан көк шымчан ошол жерге жыгылды, жана калган казак-орустардын алдыңкы бир тобу кабактан жашынып атып турушат, силер көрүнүп калсаңыздар атат, андан наркы кичине дөбөнүн астына бир тобу кирип чыкпай калды. Келе жаткан казак-орустар көрүнгөн аштыктын бери жагындагы сайга кирип чыкпай калды. Бизди угуп бир далай кишилер келип калды. Мен айттым, ушул тургандардын ичиндеги бардык найзачандар атакелеп катуу кыйкырып, аламан коюп жибергиле десем, макул деп Калмаакы, Тайгүрөң баш болуп жыйырма чамалуу найзачан кишилер «атакелеп» катуу кыйкырып кирип барганда, казак-орустар атып калды. Эки киши, үч атка ок тийип жыгылып калды. Найзачандар кайра качып калды, казак-орустар аттарын минип, ураалап кабактан чыгып келе жатканда, мергендер баарыбыз атып калдык. Казак-орустар атынан түшүп, атышып калды. Казак-орустун төрт-бешине ок тийип жыгылганда чыдабастан сай менен аттарын жетелеп качты. Мергендер жугүрүп сайдын кырынан тосуп бир даланын атып жибердик эле калганы окко чыдай албай алдындагы бир чоң сайга барып кабылып туруп, атышып турушту. Ошентип турганыбызда Көк жондун кырынан кылактап казак-орустардын башы көрүнүп анда-мында сурнайдын добушу угулуп калды. Биз менен атышып турган казак-орустар аттарын минип, сай өрүп сурнайдын добушу чыккан жакка карай качканда, мергендер дагы үч казакка ок атып калды. Калганы жонго чыгып кетти, мергендер атка минип артынан кууп чыксак, эки топ болуп Кашка Жол алдына түшүп Самсоновкага карай качып баратат. Качкан казак-орустун алды чаңдап, жол менен Самсоновкага жакындап калып, биз жетпей кайра келдик. Атышкан жерден мурун Нажимүдүн аткан чоң боз атчан казак-орустун баштык командири экен, ошону менен ок тийип өлгөн казак-орус он төрт болду. Алардын мылтык, кылыч, командиринин наган тапанчасы жана бир канча патрондорун алдык. Кыргыздан атышкан жерде үч киши жаралуу болуп, эки киши өлдү. Атаке эли уркүп келе жатканда көчүн Кара Кыянын оозунан тосуп, эркек, аялдары болуп, он жети жан кишилерди казак-орустар кылычтап өлтүрүптүр.

Көк Жондо чогулуп, Атаке Сарбагыштын быякка келген кишилери болуп турсак, кеч убакытта бир киши келди. «Самүдүн, Сарбоз ажы, күнгөйдөгү Азык балдары Абыла, Таздар, Ыбырайым түшургөн мылтыктан алышкан экен, ошол мылтык менен Жол Булак менен келаткан солдат менен атышып эки кишиге ок тийип өлдү жана бир солдат, үч оруска ок тийип өлдү, калган солдаттар Жол Булактын оозундагы бир тамга кирип алып атышып жатат, Самүдүн Ыбырайымга барып айткын деп жиберди, ушуга келдим» – деди. «Андай болсо Кашка Жол, Кара Кыя жолдоруна он мылтыкчан отуз киши коелу» – десем, «Макул» – дешти. «Мен он мерген кошом жана отуз киши мергендерге ким баш болуп калат» – десем, «Султан Далбай баласы калсын» – дешти. Мен айттым: «Андай эмес, силерге эп болсо бул урушту жалгыз манап баштаган жок, Атаке Сарбагыш эки болуш элдин бай, манап, кедейлери баарыбыздын кылган иш» – десем, «Ырас эмеспи Ыбырайымдын айтканы, жалгыз манап кылган эмес, баарыбыз кылган иш эмеспи, ошондуктан Султан, Байымбет, Боромбай, Алыке болуп тоссун» – дешти. Мен айттым: «Дагы он мылтыкчанга бешти кошомун, он беш мылтыкчан, бир жүз киши болсун дагы, бүгүн түн бою жол-жолду кишилерге мергендер кошулуп карап тургула. Таң атканда Кашка Жолдон тартып Жол Булак, Кара Кыя кырларынан мерчемдүү Самсоновка көрүнө турган үч жерден карааныңыздарды көрсөтүп койуп тура бергиле. Мен барып Жантай балдарынан үч-төрт мерген кошуп, киши кошуп Кеминдин капчыгайы менен барып, тайгак көпүрөсүнүн бери жагынан кароолдоп турууга жиберемин» – деп. Ушул сөздү айтып, Самүдүнгө келдик. Солдаттар тамды тешип алып көрүнүп, мылтык атып турушкан экен. Түн кирип калды, эки мылтыкчан беш киши менен Жол Булактын оозун тосуп тургула деп, Жантай балдарынан Нурдин Искендер баласын баш кылып алып мылтыкчан жыйырма киши менен капчыгайга жиберип, таң атканда Көк-Жондогу Султан, Боромбайлардын үстүнө бардым.

Кечке Көк Жондон дүрбү салып карап турдук. Самсоновка жактан эч бир шоорат билинбеди. Кеч убакытта ушу кишилерге айттым: «Мен түн боюнча үйгө барып, атымды таштап, башка ат минип, эртеңден калбай келемин, силер Көк Жондон эч кайда козголбой жол-жолго кароол койуп, түнкүсүн абдан мыктылап тосуңуздар» – деп, Жол-Булактын оозунан чыгып келип, тамга кирип атышып жаткан солдаттарды кайтарып турган мергендерге келдим. Алар айтты: «Намаз убакытта эки солдат жашынып суу алганы жатканын көрүп, Жакай атып жиберсе, арыктын бери жагындагы жаткан солдатка ок тийип, өлдү» – дешти. Мен түн боюнча үйгө барып, башка ат минип, эртең кайта келем, солдатты түнкүсүн качырбастан, жакшы кайтарып тургула деп, түн боюнча үйгө келсем, таң атып, түшкө жакын убакытта Кеминде жаткан Атаке Сарбагыш туш-туштагы ашуулар менен үркүп, көчүп калышты. Жана Көк Жонду тосуп жаткан Боромбай, Султан, Байымбет мергендер көрбөстөн орустарды өткөрүп жиберишиптир, намаз убактында Кемин баселкеден бир жүздөн көп казак-орус көпүрөдөн чыгып, мылтык атып калганда үркүп калдык. Жонго чыкканыбызда Шабдан баатырдын мечитинен өрт чыгып калды деп Төлө ажы айтты. Шабдан баатырдын балдарына караштуу адамдары, бала-чакалары менен Шыргыйды ашып, үркүп келип калышты. Биз дагы кошо үркүп, Шыргый элине түшүп, суунун бойуна конуп, таң атканда көчүп Көл аягынан өтүп, Тескей тарабына Ала-Баш, Коңур-Өлөң деген жерге барып калды[к]. Биз баргандын эртесинде саяк Баатыркан, кыдык Ысакаалы баш болуп бир канча кишилери келишти. Атаке Сарбагыштын баштык адамдары Жантай балдары, Шабдан баатырдын балдары болуп турганыбызда саяк Баатыркан айтты: «Атаке Сарбагыш Николайдан бир канча көп мылтыкты Балыкчыдан Жантай уулу Төлө ажынын баласы Ыбырайым түшүрүп алып, биздин Семиз-Бел элине, Арык тукумуна бир далай мылтык бериптир деп угуп, ошол мылтык менен Кашка Жолду тосуп, Самсоновканы камап жаткан Мөкүш Шабдан баласы баш болуп, Атаке Сарбагышты Алматыдан көп казак-орустун Бишкек, Токмоктун уезд приставы Атаке Сарбагышты атып, бир далай кишиге ок тийип, Көк Жон деген жерге казак-орус кубалап келип жатканда Ыбырайымдын баласы Нажимүдүн боз атчан командирин атып жана Ыбырайым өзү баш болуп туруп, мергендери менен казак-орустун бир канчасын атып өлтүрүп Атаке Сарбагышты аман алып калды деп уктук. Жана Саяк, Бугу болуп Караколго барып атышып, бир канча кишилерге ок тийип өлүп, кыргыздар туруштук бере албадык. Атаке Сарбагыш, Шабдан баатыр балдары, Жантай балдары биз Бугу, Саяк болгон жерибиз сиздерге ишенип турсак, сиздер дагы үркүп келип калдыңыздар, эми кандай кылабыз?». Шабдан баатырдын баласы Кемел айтты: «Николай чоң падышалардын бирөө болучу, эми бизди бул жерге эч кандай болсо да жашатпайт, кытай чегине бат баруубуз керек». Ошол турган кишилер: «ырас Кемел Шабдан баатырдын баласынын сөзү» дешти. «Андан болсо деп Кыдык Ысакаалы айтты: Бугу, Саяк болгон жерибиз мурун аша берели, Атаке Сарбагыш сиздер жабдыктуусуздар, артыбызга түшүңүздөр». Ошол турган Атаке Сарбагыш, Жантай балдары айтты: «Макулбуз, сиздердин артыңыздарда болобуз, эми алты-жети күндөн калбастан Сыртка чыгуубуз керек» – деген сөзгө токтолдук.

Эки күндөн кийин мен Ыбырайым жыйырма мылтыкчан киши менен кайра Боз Бармакка чалгындап келдим. Күн баткан убакытта төмөн капчыгай жактан кара жол менен көз байланганда Балыкчыга көп араба келе берди, арты келгенче түн кирип калды, мен ошол жерде таң атканча мергендер болуп кароолдоп, таң атканда кандай болоор экен деп, таң агарганда Бозбармакка келип жашынып карап олтурдум. Абдан таң атар менен дүрбү салып карасам, арабанын алды Сары Камышка барып калыптыр, арты Балыкчыдан жөнөп жатышат, аскер экенин абдан анык билип, кайра келдик Караколго. Бир канча көп араба менен аскер киши деп айтып келдим. Эки күндөн кийин Саяк, Сарбагыш болуп эки жүз киши алып, бир нече мылтыкчандарды алып келип калды. Он мерген, беш кишини Бозбармакка чалгынга жибердим.

Жарым түндө чалгындар келип калышты. Түндө Арык тукумдардын тамдарына орустар келгендей болду деп таң атар менен келсек, ырас экен, бир жүздөн көбүрөөк казак-орус бизди аткылады. Биз бир чоң сайга кирип, жашынып атышып турдук, казак-оруска биздин мылтык жетпеди, казак-орустардын огу үстүбүздөн кетип турду. Жашынып турган сайдын көрүнөө жерине замбирек алып, пулемет алып келе жатканын көрүп, тура албастан Наварасий (Новороссийка) менен көрүнбөстөн качып калдык. Артымдан отуз чамалуу казак- орус тоого жакын келип калганда, жашынып туруп атып жибердим. Атынын жалын кучактап, жыгылбай турганда, солдаттар аны кайра жетелеп, эки солдат эки жагынан жөлөп алып барса, кай бири артка тартып калышты. Дагы бир-эки атып жиберсем, бир аты арткы буту сырактап баса албай калды. Солдаттар далдоого кирип кетишти. Атымды минип, мен дагы качкан элдин артынан келе жатсам, Ыбырайым көрүнбөйт деп, Нажимүдүн балам баштап үч мерген, төрт-беш киши келип калды. «Сиз элдин ичинде көрүнбөгөнүңүздөн алда кандай болду деп келатканбыз» деп, элдин артынан жүрүп үйгө келдик. Кеч курун келсек, Анжияндан Көк-Артты ашып, Нарынга 1500 казак-орус келди деп угулду. Атаке Сарбагыш Тоң, Тосор деген ашууну карай үркүп барып, ошо жерде Жантай балдарынын көчүнө биз кеч убакытта Тосор- дун үстүнө жеттик. Көчтүн алды оордой берди. Көч артынан карап турсак, туура бизди көздөй Сары-Бел деген бел менен кырк-элүү казак-орус көчтү карай келе жатат. Мен мергендерди кароол таштарга көрүнбөй олтургула деп турганымда, казак-орустар бир терең сайдын ичине кирип, көпкө чыкпай калышты. Карап турсам, он солдат мылтыктарын колуна алып, жөө келе жатат, бизди көрбөй, мергендерге жакын келгенде баарыбыз жабыла атып калдык, кайра качты. Бара түшүп бир солдат жыгылып калды. Солдаттар атына жетип, минип алышып чогуусу менен сай алдынан, күн батканда карагай ичине кирип кетти. Жыгылган солдаттын беш атар мылтыгын, 25 патрону менен алып калдык. Көчүбүздүн артына жол тийбестен, түн кирип, Тосордун үстүнө конуп калдык. Таң атканча бир канча кишиге беш мерген кошуп уктабай турдум. Өзүм баш болуп он мылтыкчан солдат келген Сары-Белди таң атканча тосуп турдук. Таң атып, көчүбүз жөнөдү, бир да көч калбады. Мөкүш Шабдан баатыр баласына он беш мерген кошуп көч алдында жүрүңүз деп, өзүм 20 мерген керели кечке чейин Тосордун оозуна турдум, кечинде ашып кечке жетип, эртеси көчүп дагы эки ашуу ашып барып кондук. Эртеси ашкан боюнча Турфанга түшүп кеттик.

Малдарын кыргыз сата берди, оокаты… жана Шабдан баатыр баласы Самүдүн, Кемелдерди Кытайдын Доотай деген чоңу алдына чакырып алып: «Ушул келгендер кыргыздын чоң кишисинин балдары экенсиздер уксам, биздин ичибизге келгениңиздерден кийин мыйзам боюнча баардык жабдыктарыңыздарды тапшырыңыздар» – деген сөзүн айтты. Макул, эртеңдеп калбастан тапшыралы деп баардык куралды чогултсак, жетимиш мылтык, үч-төрт кылыч бар экен, баарын алпарып тапшырдык. Доотай айтты: «Жабдыктарыңыздарды тапшырганыңыздарга ыракмат, мен дагы сиздерге колумдан келген жардамым болсо кыламын жана тапшырган мылтыктарыныздан эки мылтыкты өзүңүздөргө алып жаныңыздарды багып туруңуздар, менин колуман келген азырынча сиздерге берген жардамым» – деп, элүү чарык күрүч, ун берди да айтты: «Ушул убакытта орус падышасы менен кытай падышасы жакшы. Наамыңарды (атыңарды) жашырып, дарыя боюндагы бизге караштуу калың токой арасында махалла жайлар көп болот, ошол жерлерде абдан арзанчылык, ошол жакка барып жашасаңар болот. Дагы колумдан келген жардам болсо кыламын», — деди Доотай.

Жантай балдары, Шабдан баатыр балдары болуп, жана өзүбүзгө караштуу бир канча жан адам болуп ошол айткан жакка барсак, ырас абдан арзанчылык экен. Ар бир байларынын алдыңкысында он миң кой, эки жүз сыйырдан бар, жок деген сартта 300‑400 кой болот экен. 1917-жылы ошол жерде кыштап калдык. Ушинтип турганыбызда, май айларында биз турган жердик сарттардын кай бирөөлөрү айтты: сиздердин падышаңызды түшүрүп бөлөк падыша болуптур деген сөз бар. Жана июль айларынан качкан кыргыздарды кытай өкмөттөрү жериңиздерге барыңыздар деп айдап көчүрө баштады.

Бизге агус (август) айында шаңыйа Амбалынан бир киши келди: «Сиздерди Амбал алып кел деп жи- берди, жүрүңүздөр» деп. Биз турган жер шаңыйа Амбалына караштуу эле. Самүдүн, Мөкүш, Кемел, Аман Шабдан баатырдын балдары жана Ыбырайым Төлө ажы баласы, ушул бешөөбүз бардык. Амбал айтты: «Биздин жогорку чоң улуктарыбыз кол алдында турган качкын кыргыздарды айдап, Анбал-Амбалга жеткиресиң деген буйрук уктурду. Сиздер дагы жериңиздерге кайтыңыздар. Менин кылган жардамым», – деп 20 чарык күрүч, ун берди. Биз «Ак суу» деген чон шаарга көчүп келдик. Самүдүн, Кемел, Шабдан балдары болуп мылтык тапшырган Доотайга кирдик. Доотай айтты: «Шабдан балдары, сиздерге айтканы орус падышасы ордунан түштү, биз дагы бизге келген кыргыздарды жерине жиберебиз. Коркпостон барууңар керек жана орус падышасы жаны падыша болду, уруйат болду. Сиздер бир жыл жерлериңизге барбай, жан багып тура бериңиздер, абдан тынч болгон убакытта барганыңыздар жакшы» – деп, Доотай ушул сөздү айтты, элүү чарык күрүч, ун берди. Биз 1918-жылы Турфанда турдук, 19-жылдын 20-август айында Кашкар тарабына ашып түштүк, 20-21-жылдары Кашкарда турдук. Жана 22-жылында туулган, өнүп-өскөн жерге келдик. Келсек, бизден мурун келген Атаке Сарбагыш эли жана Совет өкмөтү бир канча жардам берди, Атаке Сарбагыш абдан жакшы болуп калыптыр.

Ушул айтылган сөз Ыбрайым Төлө ажы баласынын Николайга 1916-жылы 10-августта Чоң-Кемин, Кичи-Кемин деген жерде жашап турган Атаке Сарбагыш атактуу кишинин уездине, карап турган эки болуш элдин жана Ысык-Көл айланасында жашап турган Бугу, Саяк атактуу бир нече болуш Пржевал уездине карай турган элдин падышабыз Николайдын зулумчулугуна чыдай албай, 1916-жылы каршылык кылган убакытта, мен Ыбырайым Төлө ажы баласы каршылык кылып айтылган мылтыгын алып, ушул мылтык менен жолдон командирин Нажимүдүн деген балам атып, бир канча мерген болуп жогорку айтылган казак-орустар атылып жана Кытай чегине жеткенче арттан жүрүп, эки жерден келген казак-орустарга өзүм болушумча каршылык кылганым жөнүндө жогорку сөзүм бүттү.

1947-жылында 13-апрель айында мен Ыбырайым Төлө ажы баласы жашым 75ке чыктым жана Нажимүдүн балам 53 жашка чыкты, ушул айтылган сөзүмдү 31-жылдарында жазып берген элем, эч кандай кабары билинбеди. Жашым 75ке жетип карып калганымда Совет өкмөтүнө туура келсе жазуучулардан суранамын, жакшы текшерип айтылган сөзүмдүн ката жерин алып таштап, туура жерин өз билишиңерче жазаарсыздар.

1947-жыл, 15-апрель,
Ыбырайым ТӨЛӨ ажы баласы жаздым.

[1] Кичи-Кемин жана Чоң-Кеминди бириктирген жол


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
(жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат)

Дагы:

ДОКУМЕНТ №62. РАССКАЗ ИНЖЕНЕРА К.Л.БОНДЫРЕВА О СОБЫТИЯХ 8 АВГУСТА, ЗАПИСАННЫЙ ИМ 02.11.1916 Орус тилинде

№63 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ САРЫБАГЫШ ВОЛОСТУНУН КЫРГЫЗЫ КАРАЧОРОЕВ ЖУНУШТУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ

№64 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ БАЛЫКЧЫНЫН ТУРГУНУ КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №1 ЖАНА №12 ДЕПТЕР

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 39 Орус тилинде


Author
Ыбрайым Төлө ажы уулу

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *