BOOKS AND ARTICLES ABOUT B. DANIYAROV

KUSEIN KARASAEV: ABOUT BAZARKUL DANIYAROV

Kusein Karasaev (1901-1998) – Professor, honored scientist of the Republic, honorary academician of the National Academy of Sciences of the Kyrgyz Republic.

The recording was made in 1989, Chon Sary Oy, Ysyk-Kol lake.

This article is currently available in Kyrgyz (original) and Russian (translation) languages


Раматылык Базаркул Данияров менен мен 1923-жылы окуу издеп Ташкенге барганымда биринчи тааныштым. Ал киши Ташкендеги Казак-кыргыз таалим-тарбия институтунда окуп жүргөн экен. Ал кезде мен жаш элем. Пикирлеше турган деле менде ал жок кез. Базаркул институттун акыркы курсунда окуп жүргөн экен. Аны менен бирге Осмонкул Алиев ошол жылы Институтту бүтүрүштү. Тыныстанов алардан бир курс артта экен.

Ташкендеги Туркестан Эл Агартуу Комиссарынын алдында Кара-кыргыз Билим комиссиясы деген болгон эле. Аны башкарган – Эшеналы Арабаев болчу. Институтта окуган алдыңкы курстагы кыргыз жаштары: Тыныстанов Касым, Базаркул Данияров, Осмонкул Алиевдер ошол комиссияга мүчө болушуп, анча-мынча иш жүргүзүп журчу эле. Ошол учурда Ишеналы Арабаев атактуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулун чакыртып, аны менен келишим түзүп, “Манасты” чогултуп жүргөн кез. Эл адабиятын чогултууга кыргыз жаштары белсене киришип аткан маал. Базаркул Данияров да ошол камын коруп, эл адабиятын кандай чогултуу керек деген маселеге шайдоот катышып, ошонун жол-жоболорун тузуп, гезитке жарыялаганы да менин эсимде.

Базаркул Данияровду Институттагы окуган кыргыз-казак балдары абдан урматтай турган. Анткени – ал азиз адам кишиге сүйкүмдүү, ак ниет адамга дайыма жакшылык каалаган адам болчу. Ал киши окууну бүтүргөн кезде – Кыргыз эли өзүнчө автономиялуу облус болуп калды.

Кыргыз-казак таалим-тарбия институтунда кыргыздардан 60-ка жакын бала окуй турган. Ошолордун бардыгын Пишпекке алып кетти да, техникум ачты. Базаркул Данияров ошол техникумга окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. Кыргыздан Ташкенде үч гана студент калдык. Алар: Токо Абдырахманов, Жапар Шүкүров жана мен калдым. Анткени биз жогорку курста окучу элек.

Эми Базаркул Данияровдун ким экендиги, анан кыргыз зиалилери арасында кандай орунду ээлөчү эле. Ошол жөнүндө байкаганымды айтайын. Базаркулду кыргыздын жаштары, ал тургай жогорку кызматтагы адамдары да “Базаркул” дебестен “Базаке” деп атаар эле. Анткени аны бардыгы сыйлай турган. Өзү мыкты педагог, боорукер, калыс адам болчу. Кийинчерээк ал азиз адам менен мен абдан жакын жүрдүм. Менин башыма күн түшүп жүргөндө да сандалып, эч кимдин үйүнө жолой албай жүргөн кезимде да Базакем кокустан жолугуп калса, “Ой, кайда жүрөсүң? Ишиң кандай? Биздикине келип кетчи!” – деп үйүнө да чакыра турган.

1932-жылы Пишпекте иштеген агартуу майданындагы жаштар шерине уюштурдук. Жума сайын кезек менен бир козу союп, кымызды кенен алдырып, бактуу короодо кечке отурчубуз. Мен – шериненин эрке баласы болчумун. Ал шеринебизге Жайнак Саадай уулу да, Турдаалы Токбай уулу да катыша турган. Касым Тыныстан уулу биздин шайырыбыз. Касымалы Жантөш уулу биздин куудулубуз. Мен да эптеп бир жагын чоюмуш болом. Иши кылып, шатыра-шатман күлкү менен күн өткөрчүбүз. Арак дегендин жыты да жок. Ал шеринеге: Аалы да, Бөрү да катыша турган. Касым, Касмаалы, мен үчөөбүз “Майлуу таң” деген оозеки пьеса жазып, ал пьесага ошол шеринедеги адамдардан катыштырып, күлкү чыгарар элек. Ошондой бир отурушта Жайнак Саадай уулу Базакем жөнүндө мындай бир күлкүлүү аңгеме айтканы эсимде: “Базакемди кыргыздын келиндери жакшы көрөт экен. Дайыма сез кылышат экен!” дегенде, мен “О Жайнак аба, келиндери Базакемдин кайсы сапатын, эмнесин жакшы көрүшөт экен?” деп сураганда, Жайнак “Келиндери Базакемдин колун, манжаларын жакшы көрүшөт экен. Базакемдин манжалары эң эле жумшак!” деп айың кылышат экен” – дегенде, Базакем “Жайнак сен кайдагыны айтып атасың! – деп колдорун дасторкондун алдына жашыра койчу.

Бир отурушта Касым мындай деген бир күлкүлүү окуяны, айтып берди. Казак-кыргыз таалим-тарбия институтунда окуй жүрөбүз. Базакем баарыбыздан улуу. Ал кезде тиричилик начар кез. Айрыкча студенттердин абалы начар. Базакемдин сары майга уюткан карын таруусу бар болчу. Ал Базакемдин тапчанынын астында. Базакем жокто биздин андыганыбыз ошол күл азык. Бир күнү Базакемдин куржунунун оозун ачып, бир окуучуну тышка кароолчу кылып коюп, кошкой арууну жегенге кириштик. Ансыз деле Базакем бизге анча-мынча жалмалата турган. Биз ал “күл азыкты” ойсуратып жиберчү эмеспиз. Кичине гана өзөк жалгап, кайта ордуна койчубуз. Бир күнү Шаменовду кароолчу кылып, “уурулукка кирип ат- каныбызда, Шаменов “Базакем келе жатат!” – деп шашып кирди. Оозду ары-бери сүртүп, “күл азыкты” ордуна коюп, тымпыйып отуруп калды. Базакем кирип, куржуну жакты шектүү карап койду” – деп күлдүрдү. “Касым, сен кайдагыны айтып атасың!” деп, өзү да күлүп кала турган.

Ошол эле Касымдын башына каран түн түшүп, аны улутчулдук менен айыптап, катуу кампаныя жүрүп атканда, “Касымдын китептерин сынап бер, бирок кемчилигин улутчулдугун тап” -деп жогорку жактан буйрук болгон экен. Бул эми 1933-жыл. Айласы кеткен Базакем, бир аз катуу сынамыш болсо керек. Касым болсо Базакеме таарынып, “О Базаке! Бул эмне кылганыңыз?!” – десе, Базакем “О Касым мага таарынба. Дегеле жогору жак жанымды койбой койду, айламды кетирди. Анан эмне кылайын! – деген экен. “Дегеле Базакеме ырахмат. Ачыгын айтты!” – деп күлө турган. Базакем бир сөздүү болчу. Айтканынан кайтчу эмес. Ал жөнүндө Токомбаев Аалынан мындай деп айтып бергени эсимде.

“1938-жылы “Туран партиясында” деп камалгандардын кээ бирлерин актап атканда, Базаркулду да кайта текшерип, чындыгын айт, чын эле ошол партияда болдуң беле? Балким калп болуп жүрбөсүн” – деп кайта сурак жүргүзгөндө, Базакем “Мен ошондой партияда болгомун деп кыйнаганда айтпадым беле. Кол койдуруп албадыңар беле!” -деп жооп бербей коюптур. “Бир сөзүнөн кайтпаган кокуй киши болчу” – деп айтканы эсимде. Ошондо эле иштин чындыгын айтса кутулмак экен. Мына ушундай бир сөздүү киши болчу.

1933-жылы түрмөдөн чыгып, Пишпекке келдим. Оштун түрмөсүндө жаттым. Базакемдикине баргандан айбыктым. “Балакетим тийбесин деп чочуладым. 1935-жылы сандалып Пишпекке келдим. Тааныштардын үйүнө баргандан чочулайм. Көчөдө жүрсөм Базакем жолукту. Ал-жайымды сурады. Кош айтышаарымда Базакем “Ой, эртен, биздикине келчи. Чай ичип кет!”-деди. Эртеси бардым. Эт астырып коюптур.

Бир топ сүйлөшүп отурдук. Ошол учур дайыма менин эсимде. Так ошол кезде көчөдөн сүрөтчү Гапар Айтиев кезигип калды. Биздин үй-бүлө менен абдан ынак болчу. Чөнтөгүнөн бир ууч акча суурун чыгын: “Куке! Сиздин акчаңыз бар экенин билем! Менде эмненин акчасы! Ушул акча менен эл катары ресторандарга кирип жүрүңүз!” -деди. Кыргыз элинин акылман макалында: “Жакшынын жакшылыгы тиер тар жерде, жамандын жамандыгы тиер ар жерде!” деген түк калети жок. Макал – элдин оюнун түйүндүү жыйнагы. Ошол азиз адамдардан кичине болсо да жылуу сөзү алигиче менин эсимде! Эми ар жерде жамандыгы тийген адамдар дагы эле жүрөт. Кенедей бетгери чымырабайт. Мына ошентип, кыргызды кыргыз колу менен жоготкон мезгил туулган эле. “Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинип, беттери ачыла баштады. Бирок, Базакем сыяктуу ак адамдар жок болду. Эмне деген өкүнүч! Айла барбы, Залимдик өкүм сүргөндө, адилеттик жалтайлап качат экен да. Бүткүл ааламга ислам динин тараткан Мухаммед да:

“Во кул рабби адхильни мудхала сыдкын, во ахражни мухража сыдкын, вож гал лимин ладунке султанан насыран!” (О жараткан, мени чындыктын эшигинен киргиз да кайта ошол чындыктын эшигинен чыгар! Ошол чындыкты иш жүзүнө ашыра турган күчтү маа бер!”) – деп ыйлаган экен. Ошол Мухаммеддин куранында “Чындык келди эле – калп житип жоголду!”-дейт. Кыргыздын макалында да тескерисинче “Калпты чындай айтса, чындык чычая качат!” дейт. Так ошол мезгил туулуп, калпты чындай кылып айтты, чындыкты айткан Базакем, Касым, Эшенаалы, Белек, Юсуп сыяктуу азиз адамдар жазыксыз курман болушту. Менде да ошолордун катарында көрбөгөн кордук тартпаган азап калбады.

Ошол Базаркул, Касым, Осмон, Тынаев, Ысак Мукамбаев, Сыдык Карачев, Эшенаалы Арабаев сыяктуу жүздөгөн адамдардын жүзүн жарык кылып, ошолордун эстеликтерин тургузуп, алардын урпактарынын да жүздөрүн жарык кылуу? керек. Бул жонүндө нечен макалалар да чыкты.

Базаркул Данияров агабыз кыргыз элинин чыгаан жазуучу-акындарынан: Мукай Элебаев, Касымаалы Жантөшев, Зияш Бектенов, Ташым Байжиев, Жума Жамгырчиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Узакбай Абдукаимов, Мамасалы Абдукеримов, Кубанычбек Маликов, Абдылас Малдыбаев, Мырзакмат Алжамбаев сыяктуу жүздегөн адамдарды тарбиялаган адам. Ал гана эмес, толгон-токой коом ишмерлери да Базаркул агабыздын тарбиясынан чыккан. Ошолордун бардыгы да Базакем жөнүндө жылуу сөздөрдү айтып жүрөр эле.

Урматтуу агабыз кыргыз элинин тарыхында агартуучу катары өз ордун алышы керек. Х.Карасаев 1989-ж. Чоң- Сары-Ой.

(колу)


Author
Kusein Karasaev

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *