BOOKS AND ARTICLES ABOUT B. DANIYAROV

«КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ» КЕРЕГЕ КЕҢЕШТИН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кереге кеңештин Программасы 

Кереге кеңештин СҮРӨТ АЛЬБОМУ


Резолюция

Кереге кеңештин катышуучулары

2018-ж. 18-январда КР УИАнын конференц-залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Кыргызстандагы билим берүү башатында: Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгү” деген аталышта Б.Данияровдун туулгандыгынын 120 жылдыгына арналган кереге-кеңеш өткөрүлдү.

Бул маанилүү илимий жыйынга Кыргызстандын ХХ кылымдын 20–30- жылдардагы коомдук-саясий жана агартуучулук тарыхын изилдеген тарыхчы-адистер, адабиятчылар катышып, билдирүүлөрдү жасашты, ошондой эле илимий жана чыгармачыл интеллигенция, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, көрүнүктүү агартуучу Базаркул Данияровдун туугандары ж.б. ка­тышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кереге-кеңеште Тарых жана маданий мурас институтунун директору  т.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр. А.А.Асанканов, КР УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, академик А.Ч.Какеев, КРнын ЖКнин депутаты К.К.Иманалиев, КР Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун төрагасынын орун басары, т.и.к. К.С.Молдокасымов, Санжарбек Данияров фондусунун директору А.С.Даниярова, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых факультетинин деканы А.Б.Беделбаев, “Азаттык” радиосунун журналисти Б.Шамшиев, т.и.к. А.Сатыбалдиева, филол.и.к., Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы Б.Баймырзаев, т.и.к., И.Арабаев атындагы КМУнун доценттин м.а. Ж.Р. Байдилдеев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу З.Алтымышова,Тарых жана маданий мурас институтунун кызматкерлери т.и.к. А.Кубатова, т.и.к. Дж.Маджун  илимий билдирүүлөрдү жасашты. Ошондой эле чакырылган  репрессияланган белгилүү саясий жана коомдук ишмерлеринин урпактары – Кутпа Даниярова (“Базаркул Данияров – первый педагог” аттуу эмгектин автору), Жаңыл Абдылдабек кызы, Саманчина Гүлсана, Майрам Арабаева чыгып сүйлөштү.

Билдирүүлөрдө Кыргызстандагы  ХХ кылымдын 20–30- жылдардагы саясий кырдаал, маданий революциянын жүрүшү, агартуучулук аракеттер жөнүндө жана белгилүү агартуучу, коомдук ишмер Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгүн ар тараптуу карап чыгууга аракеттер жасалды. Агартуучу, Кыргызстандагы алгачкы жогорку билим берүүнүн башаты катары эсептелген Кыргыз Агартуу институтун ачкандардын бири, Илимий комиссиянын – Академиялык борбордун мүчөсү катары Кыргызстандагы илимдин башатында турган И.Арабаев, К.Тыныстанов менен тең катар иштеген ишмер катары анын иш аракеттерин элдин калың катмарына жеткирүү жөнүндө бир катар сунуштар айтылды.

Кереге-кеңеш төмөндөгүдөй иш аракеттерди сунуштайт:

  1. 1920–30-жылдардагы агартуу иштерин, агартуучулардын аракеттерин терең изилдөөлөр улантылсын.
  2. Белгилүү агартуучу, коомдук ишмер Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгүн коомчулукка жайылтуу максатында жогорку окуу жайлардын, окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана коомчулуктун катышуусу менен республикалык илимий-практикалык конференция уюштуруу.
  3. Бүгүнкү күндөгү жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ачылышынан башатында турган П.К.Юдахин, Б.Данияров жөнүндө атайын окууларды жождордо уюштуруу. Б.Данияров атындагы сыйлык уюштуруп, мыкты окутуучуларга, студенттерге, изилдөөчүлөргө ыйгарууну КРнын Билим берүү министрлигине сунуштоо.
  4. Кереге-кеңештин катышуучуларынын билдирүүлөрүн, көрсөтүлгөн архивдик фотосүрөттөр, документтер менен бирге жыйнак кылып чыгаруу.
  5. Мектептердин бирине Б.Данияровдун ысмын ыйгаруу.

Author
Асель Даниярова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *