FILMS BY LILYA TURUSBEKOVA & ABOUT HER

“RISEN FROM THE DASH” – A FILM BY LILY TURUSBEKOVA. 1992

“RISE FROM THE DASH” – a documentary film in 2 parts. Director – Lilya Turusbekova, scriptwriter – V. Niksdorf, cameraman S. Makekadyrov.

In the near future, the version below will be replaced by a newly digitized and restored one at the KYRGYZFILM film studio


Бул тасма 1937-жылы күнөөсүз репрессияга кабылып, Бишкектин үстүндөгү Чоң-Таш тоосунун этегинде жашыруун көмүлгөндөр жөнүндө. Алардын сөөктөрү 90-жылдары табылып, баары идентификацияланган. Бул адамдардын тагдырлары ар кандай – ар түрдүү жана социалдык ар башка катмардагы карапайым адамдар жана Кыргыз АССР, андан соң, 1936-жылы Кыргыз ССР болуп кайра түзүлгөн Кара-Кыргыз Автономдуу Облусунун алгачкы жетекчилери. Алардын ичинде – Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана көптөгөн адамдар – баардыгы 137 адам… Бул окуя Кыргыз Республикасын дагы бир силкинткендей болду. Бул тасма режиссер Лиля Турусбекованын жаңы “табылгалары” боюнча жөнөкөй, эч кандай сенсациялык кошумча-алымчасыз, жылуу маанайда тартылган. Кадрда – бейкүнөө атууга кетишкендердин туугандары жана жакындары өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүшкөн: Роза Айтматова, Фарида Эсенаманова, Галина Львова жана башкалар. Ошол 90-жылдары, атылып кетишкенине 50 жылдан ашык мезгил өткөндөн кийин алардын сөөгү табуу, кайра көмүү канчалык кыйынчылыктарды туудурганына карабай, ошол чечимди ишке ашырган Бибира Кадыралиеванын айтып бергендери жөнүндө… Тасманы көрүп коюңуз…

Кыргызстан Инсандары. Лиля Турусбекова – рубрикасы

Лиля Турусбекованын фильмографиясы

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН – Лиля Турусбекова жөнүндө


Author
Asel Daniyarova

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *