CONTEST DIARY

HOW TO ORGANIZE AN INTERESTING STUDENTS JOURNEY – WHAT DO TEACHERS THINK? ABOUT THE FINAL OF THE CONTEST “FIRST TEACHER” -2019

Being translated…

Назарыңыздарга Биринчи мугалим 2019 сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо жөнүндө репортажды сунуштайбыз. Бул иш-чара 2019-жылдын 14-сентябрында И.Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында өттү.

Бул жөнүндө сүрөт репортаж ушул жерде: (жүктөлүүдө)

 


Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевич

Бул жылы сынакты жана сыйлоо салтанатын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 орто мектептин башталгыч классынын мугалими Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев алып барды. Ал мугалимге алып баруучулук милдетин жаңылбай, туура тапшырыптырбыз деп ойлойм, мында баары шайкеш келди – биздин алып баруучу билим берүү тармагындагы олимпиада, сынак сыяктуу иш-чараларды алып барып жүргөн тажрыйбалуу адам, өзү да 2018-жылы биздин сынакка катышкандыктан, сынактын сырларын «ичинен» билген, башталгыч класстардын мугалими. Таалайбек иш-чараларды алып барган учурда өзүн өтө жоопкерчиликтүү, кыраакы, позитивдүү адам катары көргөзө алды.

Елена Черномазова
Амангелди Жумабай
Малика Умарова

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы башталгандан бери бизде бир нече алып баруучу болду. Эске сала кетсек, мурда биздин сынакты Фонддун «Жаш окумуштуу-дарыгер» долбоорунун лауреаты Елена Черномазова бир нече жолу алып барган. Елена кыргызча эркин сүйлөйт жана эл алдына чыгып сүйлөп жүргөн тажрыйбасы бар. Ал жөнүндө биздин сайттан окуй аласыздар. Азыр Елена – эки наристенин энеси болгондуктан, биздин иш-чараны алып бара албады. Биздин сынакты бир жолу бизге балдарды экскурсияга алып чыкканга жардам берген ыктыярчы Амангелди Жумабай алып барды. Ал эми 2011-жылы сынак биринчи жолу облустук деңгээлде гана өткөрүлүп жатканда, бул долбоордун идеясына колдоо көрсөтүп, менин кызым Малика Умарова алып барган.

Динара Дарманбековна Камбарова в Москве (с автором – справа)

Иш-чаранын башталышында биз катышуучуларга 2018-жылдагы сынактын жеңүүчүсү Камбарова Динара Дарманбековнанын 2019-жылдын июль айында Москвага болгон саякаты жана 2019-жылдын апрелинде, дем алыш күндөрү  Бишкек шаарына экскурсияга келишкен 2018-жылдын үч лауреатынын классындагы окуучуларынын саякаты жөнүндөгү документалдык фильмдин трейлерин көрсөттүк. Быйыл Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылындагы мектептин 1-классынын окуучулары, мугалими Камбарова Динара Дарманбековна менен, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы мектептин 1-классынын окуучулары, мугалими Ашымова Назира Асанбековна менен жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы мектептин 3-классынын окуучулары, мугалими Суранчиева Фарида Кенжеалиевна менен келишти. Баардыгы болуп 64 окуучу, 3 мугалим жана ата-энелер комитетинин 10 мүчөсү болду.

Албетте, катышуучулардын баардыгы сыйлыктар жөнүндө билишет деңизчи, бирок видео тасманы көргөндө, ого бетер таасирдүү болду деп ойлойбуз. Видео роликти Аржуна Асанов тартты. Аны бул жерден көрүүгө болот: (азыр жүктөлүүдө)

Быйылкы дилбаяндын темасы – башталгыч класстын мугалими өзүнүн окуучулары менен бирге шаардан мейманга келишкен окуучуларга кандайча экскурсия уюштуруп бергендиги тууралуу болду (эң жогорку балл алган 6 дилбаян жөнүндө биздин сайттан – ушул жерден окуңуз).  Ал эми экинчи турда катышуучулар өз тажрыйбасынан алып, окуучулары менен экскурсияга же маданий жүрүшкө чыккан учурларынын эң урунттуу эпизодун айтып беришти. Балким, бул жылдын темасы же биздин байгелүү сыйлыктарыбыз менен таанышкан мугалимдер же ата-энелер өздөрүнүн окуучулары же балдары менен экскурсия уюштурууга вариант катары жарап калар.

Союзбек Салиев маршрутун көрсөтөт

Ар бир адамга, айрыкча бала кезинде жалпы маданиятын өнүктүрүү, жашоону кызыктуу өткөрүү үчүн дүйнө кыдырып саякатка чыгып, жаңы адамдар менен таанышып, өзүңдүн жана башкалардын маданиятын жана тарыхын билүү пайдалуу болору талашсыз. Экинчи жагынан алганда – өз мекениңди тааныбай туруп, аны түрө кыдырып саякаттабай туруп, аны сүйүп-кадырлаган адамды тарбиялап чоңойтуу кыйын!

Сөздүн кыскасы, 2019-жылдагы айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагынын темасы саякатка арналды. Салтка айланып калгандай, жыл сайын бул салтанатка Ардактуу конок катышат, адатта ал 1-турдагы дилбаяндын жана экинчи турдагы талкуунун темасына байланыштуу болот. Мурдагы жылдары биздин Ардактуу конокторубуз – кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, Роза Төрөкуловна Айтматова, токтогулдук жазуучу, 36 тил билген, үч тилде жаза билген, эл аралык адабий сыйлыктардын лауреаты Турусбек Мадылбай, Билимкана мектептер тармагынын түзүүчүсү Төлөндү Тойчубаевдер болушкан. Бул жолу ким?

Союзбек Салиев суроолорго жооп берет

2019-жылдын Ардактуу коногу ДҮЙНӨ ЖҮЗҮН бир моторлуу самолет менен саякаттап чыккан Союзбек Салиев болду. Өзүнүн романтикалык кыялын ишке ашыруу үчүн бардык кыйынчылыктарды жеңип, Кыргызстандын желеги менен дүйнө кыдырып келген бул адам көрсө, эл менен кайтарым байланыш түзө билген, кызыктуу аңгеме куруучу да экен. Союзбек Сатыбалдиевич залдагы мугалимдердин, калыстар тобунун мүчөлөрүнүн, меймандардын көптөгөн суроолоруна эринбей жооп берди. Айрыкча, залдагылар ал эмгегин Кыргызстандын эгемендигине арнаганын укканда, аябай толкунданышты. Бүгүнкү күнү ал – Борбордук Азия, ал эми ошол учурда КМШ боюнча расмий катталып, “жер шарын айланып учкан”  жалгыз учкуч болуп эсептелет. Жаратылыштын түрдүү катаал шарттарына, коркунучтарга, үзгүлтүксүз учууга байланышкан тобокелдиктерди жеңген Союзбек Сатыбалдиевич кыргызстандыктарга кыялдар ишке ашаарын, ал үчүн кооптонуп коркпой, аракеттенүү гана керектигин көргөзгүсү келгендигин айтты.

Ал ортодо аудиторияга чогулгандар акыл таймашынын жүрүшү кандай аяктарын кызыгуу менен күтүп жатышты. Сынактын шарты боюнча биринчи турдун соңунда дилбаян үчүн эң жогорку балл топтогон 6 адам жеңүүчү аталат да, финалга чыгышып, байгелүү орундар үчүн ат салышат.

Сынак соңуна чыкканга чейин алтоонун кимиси алдыга озуп чыгып, 1-орунду ээлеп, кош сыйлыкка: Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка жана дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга ээ болоорун билүү кызык болуп жатты. Ошондой эле экинчи жана үчүнчү орун кимдин энчисине тийип, класстагы окуучулары менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга  келүү бактысына татыктуу болорун билүү да кызыктуу эле. Суроолору кызыктуу жана татаал, ал эми жооптору ар түрдүү болгондуктан, бирде бир катышуучу алдыга озуп чыкса, кийинкисинде дагы башкасы алдыга чыгып, жеңүүчү болчудай сезилип жатты. Суроолор калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан берилгендиктен, финалисттерге табышмак эле. Бул жерде биз суроолор жөнөкөй эмес болгонун белгилеп коюушубуз абзел. Мисалы, Чынара Эбишовна Батракееванын суроосу төмөндөгүдөй болду: “Сиз өзүңүздү окуучулар үчүн үлгүлүүмүн деп эсептейсизби жана үлгүлүү болуу үчүн кандай үч сапатка ээ болуу керек жана ал үчүн тоскоол болгон кандай эки тоскоолдукту жеңүү керек?” Бул суроо катышуучуларды катуу ойлонтту.

Ушул жерден калыстар тобу жөнүндө эки ооз сөз айта кетейин. Бизде кесипкөй, кызыкдар калыстар тобу болбосо, анда биздин сынактын мааниси деле болмок эмес. Бактыга жараша, ушул жылдары биздин сынакка деңгээли өтө жогору адистер колдоо көрсөтүп келатышат, алардын катышуусу биз үчүн зор сыймык. Алар жөнүндө биздин сайтта өзүнчө репортажды окуй аласыздар (шилтемеси макаланын соңунда). Калыстар тобунун курамына 11 адам кирди, алардын 10у биринчи турдагы баалоо иштерине жана 9у экинчи турга катышты. Дилбаяндарга баалоо жүргүзгөн калыстар тобунун 10 мүчөсү тең убактылары тардыгына карабай, бул ишти өз ыктыяры менен аткарышып, белгиленген мөөнөтүнөн мурда жөнөтүшкөнү айрыкча жагымдуу болду!

2019-жылкы 6 финалист
Калыстар тобу. Ушундай баалар да боло берет…

 

 

 

 

 

 

 

Эми 2019-жылдын жеңүүчүсү ким болгондугун айталы.

  • БИРИНЧИ ОРУНДУ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үтүр Калиев атындагы орто мектептин мугалими Беккул кызы Нуржан ээледи.Сынактын ЛАУРЕАТТАРЫ төмөнкүлөр:
  • Рахматова Аспира Каныбековна, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылындагы Мамат Акымбеков атындагы орто мектептин мугалими;
  • Суранчиева Фарида Кенжеалиевна, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин мугалими;

Ардактуу конок жеңүүчүнү жарыялады

Жеңүүчү,  жана лауреаттар Калыстар тобунун Төрайымы жана Ардактуу конок менен 

2020-жылдын апрель айында Беккул кызы Нуржан, Аспира Каныбековна жана Фарида Кенжеалиевналардын окуучулары Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишмекчи. Сөзсүз ал жөнүндө репортаж даярдайбыз!

Суранчиева Фарида Кенжеалиевна окуучулары менен

Белгилей кетсек, Суранчиева Фарида Кенжеалиевна биздин сынактын экинчи жолку лауреаты болуп отурат, ал 2019-жылы өзүнүн окуучулары менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келип кеткен.

Беккул кызы Нуржандын Москва шаарына 10 күндүк саякаты 2020-жылдын май-июнь айларында болмокчу. Жеңүүчүнү жана лауреаттарды чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Ушуну менен 4-жолу биздин сынакка катышып жаткан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна өзгөчө сыйлыкка ээ болду.

Участников приветствует ректор КГУ им.И.Арабаева Төлөбек Абылович Абдырахманов

2015-жылдан бери биздин сынакты өткөрүүгө жыйындар залын даярдап беришип, техникалык колдоо көрсөтүп  2015-жылдан бери колдоо көрсөтүп келаткан И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин ректоратын кошумчалай кеткибиз келет. Ректор, тарых илимдеринин профессору Төлөбек Абылович Абдырахманов биздин катышуучуларыбызды өзү келип куттуктап кетти. 2019-жылдагы сынактын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы университеттин бүтүрүүчүлөрүнө – сынактын катышуучуларына эстеликке белектер жана сынакка активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

 


Дагы:

2019-жылкы 2 тур жана жеңүүчү салтанатынын сүрөт албом (жүктөлүүдө)

Неустаревшие уроки:

 

 


Author
Asel Daniyarova

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *