КАТЫШУУЧУЛАРГА

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Калыстар тобунун баасы боюнча 2019 сынагынын 1-турунда эң жогору балл алган 6 дилбаянды жарыялайбыз.

2019-жылдагы дилбаяндын темасы: 

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ.  Сиздин мектепке шаардык мектептин кенже классынын окуучулары келишет. Сизге конокторду тосуу тапшырылды. Сиздин ал жолугушуу тууралуу сүрөттөөңүздү жана маданий-маалытаттык программаңызды билдириңиз деп аталат

Анын ичинде ар бир 6 дилбаян — кыргыз тилинде жазылган

 

Окууңуз:

2019-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ
2018 Эң мыкты дилбаяндар
2017 Эң мыкты дилбаяндар


АБДЫЛДАЕВА ЧОЛПОН ТИЛЕКОВНА

Саякбай Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, Ак-Алон айылы, Тоң району, Ысык-Көл обл

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

Биздин мектепке шаардык мектептен кенже классынын окуучулары саякатка келишет деп угуп, көпкө ойлондум. Шаардан келген окуучуларды кантип тосуп алабыз, аларга кызыктыра турган бизде, айылда эмне бар? – деп ойлондум. Мени көп суроолор тынчсыздыра баштады. Эмне кылып, эмнени айтып, эмнелерди көрсөтүү керек? Ушул сыяктуу суроолорду ойлонуп олтуруп, убакыттын өткөнүн билбей калдым. Ошентип, саякатка чыкчу күндү элестетип, кыялданып, план түзө баштадым.

«Шаардык окуучу»- бул сөздү көӊүлүмө түйүп, өзүм шаардан окусам, эмнени көргүм келет эле? Көпкө кыялдандым …

Ошентип, окуучулар  да келе турган мезгил келди. Өзүмдүн класстагы кенже окуучуларга бул жолугушуу жөнүндө айтылган эле. Эми алар менен акылдашып көрүүнү чечтим. « Өз ойлоруӊарды айткылачы, биз шаардан келген досторубузга эмнени көрсөтүп, кызыктуу саякат курсак?»- деп акыл салдым. Балдар өз баё сезимдери менен биринен сала бири өз ойлорун айта башташты. Балдардын ушул убактагы дүйнөсүн сөз менен айтуу оӊой эмес эле. «Эжей, аларга биздин тообуз жагат, тоого экскурсияга барбайлыбы? десе, экинчиси, жок, аларды чоӊ атамдардын кашарын көрсөтүп, ат мингизбейлиби? Ал эми ары жактан Назым: — балдар, келгиле биз аларга өзүбүздүн айылдагы эстеликти  көрсөтүп, манасчы Саякбай атабыздын өмүрү менен тааныштырабыз»- деди. Мен аларды карап, ушул кичинекей балдардан ушунча жакшы ойлор чыгаарын ойлобогонума бир аз өкүндүм.

Ошону менен биздин план түзүлө баштады. Мен алардын ойлогон акылдарын тизмектеп, иреттеп баштадым.

Эӊ биринчи иретке, шаардык балдарды өзүбүздүн айылыбыз менен тааныштыруудан баштагым келди. Биздин айыл эӊ бир кооз жерде жайгашкан. Айланабыз тоолор менен курчалып, ал эми чыгыш жагыбызда Кыргызстандын бермети болгон касиеттүү Ысык-Көл жайгашкан. Тетрадга чиймелеп жазып олтурдум. Балдарга айылыбыздын аталышын чечмелеп берүү максатымды койдум: Айылыбыздын айланасы саздак, ак топурактуу келгендиктен, анда өскөн саздак, өлөӊдүү чөпкө байланышып, «Ак-Өлөӊ» деп аталып калганын айта кетүүнү туура таптым.

Биз балдарды атайын даярдалган шаӊдуу концерт менен тосуп алдык. Себеби бул күндү окуучуларым менен чыдамсыздык менен күтпөдүк беле. Окуучуларды мектебибизге ээрчитип кирип, саякатты алтын уябыздан баштадык. Мектептин босогосун аттаганда эле улуу манасчы Саякбай Каралаев атабыздын эстелигинин жанына топтолуп, балдарга манасча атабыз жөнүндө кыска түшүнүк бере алдым. Мага окуучуларым жардам бере башташты. Ошол эле кире беришибизде айылыбыздан чыккан таланттуу айылдаштарыбыздын сүрөттөрү илинген. Мен окуучуларым менен бирге ошол айылдаштарыбызды тааныштырмакпыз. «Ааламга жол айылдан башталат»- деген макалды ушул жерден колдонсок болобу?- деп  суроо салдым. «Ооба, чын эле — карасаӊыз бул атаны тааныйт экенбиз»,- деп маданиятка эмгек сиӊирген жердештерибизге тигиле карашты. Айылдын окуучулары өздөрүнө досторду таап, аларга сыймыктануу менен сүрөттөгү ага-эжелерин айтып, тааныштыра башташты. Балдардын шаӊдуу күлкүлөрү, көздөрүндөгү кубаныч көргөн адамды кубантат.

Мектеп менен тааныштырып, кичинекей меймандарыбызды түшкү тамагын берүү үчүн, ашканадан даамдуу тамак, суусундук тартууладык. Мектептин ичин, анан класстын ичин көрсөтүп чыктык. Экинчи иретке, биз меймандарыбызга айылыбыздын дагы бир сыймыгы богон Саякбай Каралаев атабыздын эстелик-паркына алып барууну койгонбуз. Парк айылыбыздын чок ортосунда орун алган. Паркыбыз жаӊы жасалып, тегереги иреттелген. Меймандарыбыз, окуучуларым менен бирге паркта чуркап ойношуп, манасчы атабыздын эстелигинин жанында сүрөткө түшүп жатышты. Андан соӊ класстагы окуучуларымдын үчөөсү « Манас» эпосунан жатка үзүндү айтып беришти. Бул шаардык окуучуларга өтө кызыктуу болду.

Балдар менен эс алып, кечинде «кечки айылыбызды» аралап чыгалы деп сүйлөштүк. Кеч кирип, балдар менен сейилге чыктык. Айылдын таптаза абасы, көлдөн соккон жел эркелеткенсип бетти сылайт. Айлана тынч. Мектептин астындагы газонго келип, кобурашып отурдук. «- Балдар, келгиле бир нече мүнөткө тынч олтуруп, айлананы, асманды, жылдыздарды карап олтурабыз»- дедим. Сүйлөп, бакылдып жаткан балдар демдерин ичине катып олтуруп калышты. Бир нече мүнөттөн кийин мен : «-Кана, балдар, бир-бирден сөз алып айткылачы эмнени көргөнгө кубандыӊар, эмнени угуп жаттыӊар, силерде кандай сезимдер болуп жатты?»- дедим.

Бул суроолор шаардык меймандарга берилди. Мен алардын бири бүткөнчө экинчиси чыдамсыздык менен күтүп, жооп берип жаткандарын көрүп, кубанып олтурдум.

«Мен,- деп толкундануу менен баштады Акмарал деген мейманыбыз,- биринчи жолу асмандын таза, бийик, тунук экендигин көрдүм. А шаардан мен асманды карачы эмесмин, мага аябай жакты.» «-А мага, эжей, көздөрүмдү жуумп, тыӊшап турсам айылдын тынчтыгы,айылда иттердин үргөнүн гана угат экенсиӊ, ушунусу жакты»- деди экинчи мейманыбыз. «-А магачы , достор, абанын тазалыгы, желдин согуп салкындатып турганы жакты.»- деди үчүнчүсү. Ошентип ар бир кенже мейманыбыз өз ойлорун айтып берип жатышты. Мен ушул убакта өзүмдү эӊ бактылуу сездим. Себеби, кичинекей балдардын көздөрүнөн чексиз кубанычты, тазалыкты, аруулукту көрүп турдум. Мен балдарым менен ушул шаардык меймандарыбызга жаӊы-жаӊы ачылыштарды жасап жатканыбызды туйдум. Шаардын ызы-чуусуна, ар түрдүү техниканын үнүнөн, сиренанын ызылдагынан башка нерсени угушпаганына кейий түштүм. Ал тургай асмандын ачыктыгын, тазалыгын, жылдыздардын жымыӊдаганын биринчи байкап, сүйүнүп жаткандарына таӊ калдык. Таза абадан, таза желден кере-кере дем алып, эс алууга тарадык.

Экинчи күн келди. Бул күнү биз айылыбыздын батыш тарабындагы тоого чыгууну пландадык. Эртеӊ менен окуучулар жана меймандарыбыз менен тоого чыгып, бийиктен айылыбыздын үстүнөн карап, сүрөткө тартып алдык. Шаардык окуучулар чарчагандарын билишпей тоодон ылдый-өйдө чуркап ойношту, ар кандай формадагы таштарды терип алгандарын байкадык. Аларга тегерек олтуруп алып, тоодо кандай жан-жаныбарлар жашаарын айтып берүүнү өз окуучуларыма табыштадым. Алар бири-биринен талашып, жаныбарларды атап беришти. Меймандар кызыгып угуп олтурушту. Ушул  жерден баардык окуучуларга  Кыргызстаныбыздын сулуулугун айтып, мекенибизди сүйүүгө чакырдым. Тамактанып, ойноп-күлүп, кантип кеч киргенин байкабай да калдык. «-Келгиле,  балдар, эртеӊки күнүбүздү бири-бирибиздикине барып конок болобуз»- деген оюмду айттым.балдар макул болушту. Кубанычтуу жүздөрү  менен бири-бири менен коштошуп тарадык.

Үчүнчү күн келди. Эртеӊ менен сүйлөшкөн жерден меймандарыбызды ээрчитип, эки күндөн бери достошуп калган окуучуларыбыздын үйлөрүнө барууну чечкенбиз. Ал эми өз учурунда, меймандарыбыз келгенге чейин, биз алар менен эмнени көрсөтөрүбүздү сүйлөшүп албадык беле.

Атайдын чоӊ атасыныкына барып, ат мингизүүнү ойлогонбуз. Чоӊ атабыз жоош атты короодон жетелеп чыкканда, кенже меймандарыбыз сүйүнүп, колдорун чаап жиберишти. Андан соӊ Атай кооз, жасалгалуу ат жабдыктарын алып чыкты да, чоӊ ата атты токуп жатты. Ошол эле учурда ал ат жабдыктардын аталыштарын сурап жатты, айылдык балдар туура жооп берип, ал эми шаардык балдар билбей тургандарын айтышты. Биз аларга ат жабдыктарын билип жүрүүлөрүӊ каалап, бир нече ирет аталыштарын кайталап айтып бердик. Андан соӊ чоӊ ата  аттан коркпогон, үстүнө минем деген мейман окуучуларыбызды мингизип, жашыл шиберге ары-бери бастырып жүрдү. Ат үстүндө минген шаардык окуучулардын кубанычы бизди да кубантты. Кийинкиси Хадиджанын чоӊ энесинин үйүнө барып, тигилип турган аппак , кооз боз үйгө кирип олтурдук. Хадиджанын чоӊ энеси бизди ак элечек, кооз саймаланган белдемчи кийип, тосуп алды. Боз үйдө аӊгемелешип, темабыз боз үйдүн түзүлүшү, жабдылышы жөнүндө болду. Хадиджанын чоӊ энеси өз колу менен жасаган боз үйдүн жабдылышын кубануу, сыймыктануу менен айтып берди. Ал жерден боз үйгө биринчи жолу кирип жаткан шаардык меймандарыбыз да бар экен. Окуучулар боз үйгө байланышкан уламыштарды, макал-лакаптарды, табышмактарды айтып беришти. Бул болсо, элибиздин каада-салттуу экендигин, биздин улутубузда акылман ата-бабаларыбыз, иштүү, колунан көөрү төгүлгөн энелерибиз,  ойлоп тапкан ар түрдүү салттар, буюмдар бар экендигин билүүлөрүнө шык болду. «- Көрдүӊөрбү балдар, силердин мурунку ата-бабаларыӊар ушундай боз үйлөрдө көчүп, конуп жашашып, ат таптап, куш салып, аӊ уулашкан»- деп кеп салып олтурдум. А балдар мени кунт коюп угуп, таӊ калуу менен боз үйдүн эки-жагын карап, кызыгып, кармалап жатышты. Меймандардын көӊүлүн бешиктеги баланын ыӊалаган үнү бурду.  Чоӊ эне бешикти көрсөтүп, балдар бешикке кантип бөлөнөрүн көрсөтүп, бешиктин көп пайдалуу жагын түшүндүрүп берди.Балдар бешикте чоӊойгонун айтып, ошондуктан «Бешик бооӊор бек болсун!» деп айтышаарын айтып өттү. Чоӊ энебиз топ таш оюнун көрсөттү эле, баарысы кызыгып ойноп көрүп жатышты. Бир үйдөн айран ичип, курут жесек, бирөөнүкүнөн сүт куюлган чайды каттама менен ичтик. Улуттук тамактар менен тааныштырып, алар кантип даярдаларын  айтып берип жаттык. Ошентип кеч киргенче биз меймандарыбызга көп-көп «жаӊылыктарды» көрсөттүк.

Мен ушул үч күн аралыгында кичинекей балдар менен аралашып жашадым. Менин оюмдун баары ошолор болуп, алардын жан дүйнөсүнө сиӊип кирип, көп нерселерди үйрөттүм го деп ойлойм. Мисалга ошол эле манасчы Саякбай Каралаев атабыздын мекени биздин айыл болгонун, ал өзү залкар манасчы экенин билишти. Бул биринчи эле мектеп босогосунан аттагандагы билгени, ал эми андан ары айыл жеринин эӊ таза, тунук, берекелүү, каада-салттуу, накыл-насааттуу экендигин билишти.

Мен, окуучуларым,  менен бирге чоӊ ийгиликке жетиштим деп ойлойм, себеби ар бир шаардык кенже мейманыбыздын дилин тазарта алдык , мекенибиздин кооздугун көрсөтө алдык, элибиздин меймандостугун көрсөттүк, каада-салтыбыздын улуулугун, деги эле «кыргыз» деген улуттун бийиктигин көрсөтө алдык, ошол меймандарыбыздын тилин өстүрө алдык, алардын балалыгына дага-дагы жаӊы «бактылуу» барактарды киргизе алдык.

Сөзүмдүн аягында мен бул программамды ишке ашыргым келип тургандыктан, окуяны жандуу элестеткендигимден, окуяны болуп өткөн чак менен билдирдим.


БУТЕШОВА АИДА МАЛАБЕКОВНА

Эшимбек Капалов атындагы орто мектеби, Ынтымак айылы, Бакай-Ата району, Талас обл.

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

 План:

  1. Баш сөз
  2. Маданий-маалыматтык программалар
  3. Корутунду

Баш сөз

Быйылкы жылы “Биринчи мугалим”сынагы тандаган “Кызыктуу саякат”темасы мени кубандырды. Себеби, бул тема жүрөгүмө жакын жана менин кыялыма үндөшөт.

Турмуштабы, билим берүүдөбү же башкаруудабы баардык жерде, баардык иште тажрыйба алмашууда өсүп-өнүгүү пайда болот эмеспи. Дал ошол тажрыйба алмашуу жөнүндө көп кыялга батып, аны кандай иш жүзүнө ашырууну толкундоолор менен элестетип, түндүн бир убагына чейин түрдүү пландарды түзүп жүрчүмүн. Алардын бири бул эле:

Мен өзүмдүн классымдын ата-энелери менен биргеликте районубуздун башка бир мектебине тажрыйба алмашуу максатында окуучуларымды алып барып, ошол мектептин мугалими менен класс алмашып, сабак өтсөк. Албетте, ал мугалим да маалыматтанып даярданыш керек. Ата-энелерди кошконумдун себеби, алар башка мугалимдердин дагы сабак өтүү ыкмаларын көрүү менен эмнесин жактырса мага сунушташы керек. Ошол эле учурда өз балдарына дагы тажрыйба алмашуудагы өзгөчөлүктөрдү эстетүү менен мисал кылып, унуттурбай жүрөт. Башка мектепке барып келүүбүз окуучуларымдын көнүлүн көтөрүп, жаңылыктарды кабыл алуудагы сезими өөрчүйт.

Албетте, мунун баары кыял. . . бирок, кыял болсо дагы качандыр бир кезде ишке ашырам деп жүргөм. “Биринчи мугалимдин” ”Кызыктуу саякаты” мени кайра ошол сезимге жетеледи. Кайра баштан толкундоолорго кабылып , шаардык балдарды эмне менен таң калтырып, бир өмүргө жетээрлик, унутулгус сезимдерге дуушар кылам деп түйшөлдүм. Албетте, эгер шаардык мугалимдер келсе аларга билим берүүдөгү ыкмаларыбызды көрсөтүп, мектебибиздин тарыхын айтуу менен жана сабактар менен чектелмекпиз. Ал эми бала деген бала да, анын кызыгуусу, жанылыкка муктаждыгы алда канча чонураак эмеспи. Ошол себептен, билим берүүдө да, тарбиялоодо да, чон эмгек жаратуум керектигин сездим.

Мында айтайын дегеним коомдун өнүгүшү менен электрондук-маалыматтык доорго кадам таштап өнүгүүгө жетип отурабыз. Бирок, медалдын эки жагы бар сыяктуу терс таасири дагы билинбей Ч. Айтматов жазган «радиоманбаштардын1» чон нугу пайда кылды. Бул – коом үчүн өтө коркунучтуу маселе. Себеби, азыркы убактагы балдар интернетке, смартфонго көз каранды болуп баратат.

Бирок, бала деген бала анын кызыгуусун тапсан болот. Өзгөчө шаардык окуучулар. Анткени ата-энелери алар менен байланышып туруу үчүн, мектептеби үйдөбү чөнтөк телефонун жанынан чыгарбоосун талап кылат. Ал эми балдар телефонду бир гана байланыш үчүн эмес, түрдүү оюндарды ойноп келишет. Көпчүлүгү чыныгы реалдуу турмуштан сырткары жашоодо. Мына ушундай көйгөйлөрдөн балдарды кантип сактоо керектигин бир гана мен эмес, бүт ааламдагы өзүн педагог эсептеген ар бир адам баш катырып келет. . .

“Манас” эпосунда айтылгандай, “түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын күчөгөн” кыргыз элинин бай мурастарын кайра жандандыруу максатында ошону менен бирге эле окуучуларга кыргыз дүйнөсүн таанытып, чыныгы кыргыздын жашоосундагы ар бир буюм, нерселер кандай колдонулаарын өз практикасында, иш жүзүнө ашыруусуна жардам берип, аны менен бирге каада-салт, үрп-адаттарды сүйүүгө, сактоого жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө, тарбиялоо үчүн ушул программаны тандап алдым. Бул программа боюнча алдын ала жарманке жана ачык асман музейи дайындалат. Айылыбызда жаргылчак, сокого окшогон эски буюмдар арбын. Андан тышкары, байыркы ата-бабаларыбыз аркалаган кесиптин ээлери да айыл ичинде кездешет. Ушуларды эске алуу менен аларды бир күнгө кадырлуу конок катары келип, шаардан келген жаш конокторубузга, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен ата мурасын, эне каадасын эстафета катары жаш жеткинчектерге көрсөтүп берүүбүз керек.

1— пульт менен башкарылган адамдар (“Кылым карытаар бир күн”)

Маданий маалыматтык программа

Сүйүнчү-бул кыргыз элинин кубанычтуу күндөрүн жакын санаалаштары, туугандары, жакындары менен бөлүшүүгө арналган үрп-адат катары сакталган. Ошол себептен, келе жаткан жаш конокторубуздун алдынан сүйүнчү кабарды бизге жеткирүүгө Ч. Айтматовдун “Ак кеме”чыгармасындагы Нургазынын образында классымдын эң шайыр, кыймылдуу окуучусу Мүзүратбеков Эдилге милдеттендирдим. Ал коноктор унаадан түшүп, топтолгон маалда алгач учурашып, андан соң “сүйүнчү”деп! алдына түшүп, үнүн бек чыгарып, бизге чуркап келет.

 Алдын ала даярдалган нан, сары майды көтөрүп, Ч. Айтматовдун “Ак кеме”повестиндеги “Бугу эненин”элесин чагылдырган, классымдын Калыбекова Адеминин чон энеси жана чаарчыктардын кийими менен Арыстанбекова Нурзида, Осмонбекова Индиралар конокторду утурлай басып, ар биринин башынан “Бугу эне”суу айлантып, ”Бөөдө кырсыктан сактасын-балекет-мээнеттен сактасын”-деп сууга түкүртүп, кыбылага карата киши баспаган жерге чачып, чыныны ошондо көмөрүп коет. Ал эми чон эненин ырым-жырымынан кийин эки кыз нан ооз тийгизет. Андан соң баарыбыз жабыла тосуп алабыз. Бул салт жаш жеткинчектер үчүн өздөрун каадалуу конок сезүүгө түрткү болот.

Коноктор боз үй керегесинин ортосунда атайын орундукта отурган манасчынын алдына келишет. Манасчыбыз дүйнөнүн төрт тарабын кыдырган, алты саат тынбай Манас айтса да, чарчадым дебеген, көптөгөн сыйлыктардын ээси — Мамадалиев Камил кагаз түрүндөгү сурануубуздан шаардык жаштарга нукура манасчылык өнөрдү көрсөтөт. Манасты аяктаган сон, Камил агай өзү баштап “Кана балдар, узак жол жүрүп, узак Манас угуп дененерге кан жүгүрбөй калгандыр. Анда баарыбыз бирге “Кыргыз бийин”бийлейли, ”-деп конокторго аралашып, өзүм, окуучуларым С. Садыралиевдин ырына флешмоб бийлейбиз.

 Бий-ата-бабаларыбыз узак жол жүрүүдө, ат үстүндө денелери уюганда аттын басыгына жараша кыймылдоодон чыккан. Бий менен окуучулар дагы тартынуу, кысынуу сезимдеринен арылат.

 Саякатыбыздын кызыктуу бөлүгү – “Кыргыз дүйнөсү”мында ачык асман алдындагы музей алдын ала даярдалат. Музейде кыргыздын улуттук буюмдары ар кайсы жерде өз ылайыгына жараша коюлат.

Балдар алгач ат жабдыктары турган жерге келишет. Ал жерде Танабайдын образында Эрмеков Рысмат ээр токумдун жасалышынан баштап, кантип атка токуларына чейин айтып берет. Сүрдөөдөн айтпай кеткен жерлерин атасы Рүстөм толуктап турат. Буга катарлаш кол өнөрчүлүккө байланышкан буюмдар турат. Мында, камчы өрүү боюнча айылыбыздын кадырлуу аксакалы Көкүмов Айтымбет чоң ата көрсөтүп, мастер класс өтөт. Каалаган балдар кармап өрүүгө болот. Күнүмдүк турмушта колдонулуучу кетмен сап, чакан отургуч, такта-үбөлүк жасоо боюнча мектебибиздин кол эмгек сабагынан берген агайыбыз Абышкаев Медеркул түшүндүрмө берет.

Кыздар бөлүмүндө сүрөт сабагынын мугалими Шайбекова Венера сүрөт, кол эмгек ийриминин мүчөлөрү менен сайма саюу, бисер менен иштөө, кийизге төө буурчак, гречка, буурчак, күрүч менен сүрөт тартуу боюнча иштерин көрсөтөт.

 Жалпы конокторду Алтынайдын образын чагылдырган Маратова Канымжан боз үйгө алып келет. Боз үйдүн ичинде аял затына тийиштүү буюмдар тизилген жерде Акбаранын образында Калыбекова Адеми чоң энеси менен бирге ар бир буюмдун колдонулушун, көчмөн элдин көчүүсүнө ылайыкталганын айтып беришет. Буюмдардан аяк кап, куржун, чопо идиштер, көөкөр, асем буюмдардан чачпак, билээрик, сөйкө, шуру, шакектер болот. Мындан тышкары, тон, ичик, карышкыр, түлкүнүн терилери, кыргоол, туш кийиз, комуз илинип турат.

 Боз үй ичиндеги саякатыбыз аяктаган соң, конокторду окуучум Бакаева Алтынай Мырзагүлдүн образында ашкананы көздөй ээрчитип барат. Ашканага кирерде ар бир окуучу колдорун самындап, таза жууп, чарадагы сүзмөнү курут жасап, тактага тизишет. Колдорун кайра жууп, кыргыз даамын: жарма, каттама, боорсок, сары май, каймак, айран, сүт, умачталган талкан жана жупка менен түштөнүшөт. Улуттук тамак-аштардын азыркы жарым фабрикат азыктардан алда канча пайдалуулугун угушат. Түштөнүп чыккан коноктор менин окуучуларым менен бирге мектептин спорт аянтчасына жөнөшөт. Мында Тасырбеков Амир, Осмонов Нурболсун, эки окуучум улуттук оюндар жөнүндө алардын жаш организмге тийгизген пайдалары тууралуу айтып берүү менен алгач ала кийиз, шырдактарда уюштурулган топ таш, кан таламай оюндары ойнолот. Бул оюндар окуучулардын майда маторикаларын өнүктүрөт.

Балдардын кызыгуусу тараганча ойногонунан кийин, кыймылдуу оюндар жөнүндө Сагынбеков Баел Орозкулдун образында дагара чапмай оюнун түшүндүрүп берет. Бул оюн балдарды сезимталдуулукка үйрөтөт.

 Кур таштамай оюну-балдарды шамдагайлыкка үйрөтсө, ал эми чикилдирик оюну топто ойно менен жеңишке жетүүгө далалаттануусуна үйрөтөт.

Аркан тартуу оюну – намыстуулукка тарбиялайт. Мында коноктор менен менин классым бир топ, каршылашы параллел класстын окуучулары болмокчу. Бул оюндардан кийин окуучулар колдорун, беттерин жууп, мектепке киришет. Мектеп ичиндеги саякатты Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим”чыгармасындагы Дуйшөндүн образын элестеткен 11-классынын окуучусу Сүйүнтбеков Талипбек жана педагог катары өзүм тааныштырып чыгам.

Корутунду

“Билим – океан болсо, Мектеп-кеме. Ал эми педагогдор – кеме башкаруудагы матростор. Окуучулар болсо-саякатчылар. Анда, менин саякатчыларым, бүгүнкү саякатыбызды мектеп ичинен аяктайлы, “-деген сөздөр менен мектептин ичин толугу менен тааныштырып, директордун кабылдамасында болуп, аларга жакшы тилектерди тилеген сөздөрүнөн кийин, ”кыргызда куттуу үйдөн кур чыкпа” деген сөз бар. Колумдагы мөңгүнү элестеткен ак калпак – бийиктиктин символу. Дайыма башыңардан түшүрбөй, чечсеңер бийик коюп, кастарлап жүргүлө. Ал эми кыздар, силер бул сайма түшүрүлгөн бет аарчуну атыр жыттантып, жаныңарда алып жүргүлө.

Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылындагы Эшимбек Капалов атындагы орто мектебиндеги “Кыргыз дүйнөсүндө” эстеликке сүрөткө түшүп коелу”- деп, эркек балдар ак алпак кийип, кыздар саймалуу бет аарчуларын кармап, сүрөткө түшүшөт.

Кай тараптан конок келбесин, анын жашына карабай сый тамак берүү-кыргыздын салты. Балдардын бир күндүк саякаты боз үй ичиндеги тамактануу менен аяктайт.

Эмне себептен “Кыргыз дүйнөсүн”тандап алдым?

Шаар тургундары технологиянын өнүгүшү менен, баш айланткан тынымсыз кыймыл уңгусун унутуп бараткандай. Балдардын оюну, т ез даярдалуучу тамагы, кийген кийими жана телевизор, компьютер, смартфонго байланган канчалаган убактысы текке кетип, жалкоолуктун даамын татышууда. Айыл жергесинде “иштесең-тиштейсин”-деген ураан алдында чоңойгон балдар менен болгон жолугушуу шаардык окуучуларга жаңы жаңылык болот деп ишенем. Бул теманы тандаганымдын себеби, шаардык окуучулар мектептеги сабактар, класстар же “стандарттуу”окуучулар кызыктыра албайт. Дал ошол себептен кыргыз элинин сүйүнчү айттыруудан баштап, нан ооз тийүү, жалпы эле “Кыргыз дүйнөсү” алардын канындагы генетикалык тарыхын билүүгө болгон кызыгуусун ойготот. Манас угуу менен алардын канындагы жоокердик мүнөз ойгонуп, буюм-тайымында камтылган тарыхый сырлары балдардын бүйүрүн кызытат. Тамак-ашында өзгөчөлүк элибиздин байыркылыгын далилдейт эмеспи. Ал эми ошолордун баардыгын тааныштырып жүргөн окуучуларым – алардын теңтушу, ушулардын баардыгын билет. Демек, шаардык болсо да өздөрү да билүүгө тийиш экендигин сезишет.

Дагы тактай кетүүчү нерсе уюштуруудагы чыгымдарды ким көтөрөт,

Айыл жергесинде, башта эскертип өткөндөй эскилиги жеткен буюм-тайымдар көп. Кыргыз өнөрүн аркалоочулар да өз буюмдарын ала келишет. Тамак-ашы жөнүндө сөз кылсак, айылдыктардын ар биринин үйүндө бар азыктар. Ал эми конокторго арналган белектерге мектеп жамааты көмөктөшөт. Себеби ар бирибиз чоң иш чара уюштуруп жатканда көмөк көрсөтүүгө коллективдин ынтымагы өз ыктыярдуулугун дайыма билгизип келген. Болгону уюштуруудагы тактыкты гана көзөмөлдөө зарыл.

 Маданий-маалыматтык программа

  1. Сүйүнчү
  2. Конокторду тосуу (нан, сары май, Умай эне)
  3. Манас
  4. Ачык асмандагы музей (кол өнөрчүлүк)
  5. Боз үй
  6. Тамактануу
  7. Отуруп ойнолуучу оюндар
  8. Кыймылдуу оюндар
  9. Мектеп ичине саякат

СУРАНЧИЕВА ФАРИДА КЕНЖЕАЛИЕВНА

Акчал уулу Дүйшөн орто мектеби,  Ак-Дөбө айылы, Бакай-Ата району, Талас обл

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ
Кириш сөз:

Олтурамын ой менен күлүк болуп,
Ой максатты алдыга үйүп коюп.
Жашоонун ырахаты ушунда бейм,
Жанып турса жан дүйнөң бийик болуп.

“Биринчи мугалим -2018”сынагынын финалисти катары быйылкы жылы ушул эле сынактын темасын чыдамсыздык менен күттүм. Себеби, “Биринчи мугалим-2018” кароо сынагы айыл жергесиндеги мага окшогон педагогдор үчүн өсүп өнүгүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк экен. Өзгөчө өзүмдүн классым менен бирге Бишкек шаарына болгон саякатыбыз зор таасир калтыруу менен кайрадан алдыма максат коюп ага жетүү үчүн далаалаттануу менен жай нукка түшүп калган жашоомо өзгөрүү киргизди жана ошондой эле Бишкек шаарында болгон маданий-маалымат арттыруучу экскурсиябыз бир гана мага эле эмес бүтүндөй классымдагы окуучуларымдын айтып түгөнгүз жомогуна айланды.
Бул ирет колума калем алып жазып баштаганымдын өзү ошол окуучуларымдын жаркыраган маанайын, кубануусун көрүүдө ырахат алганымдан болдуго деп ойлойм. Быйылкы тема –өткөн жылдагы дил баяндын темасына салыштырмалуу бир гана мугалим жөнүндө сөз болбостон, мугалимдин өзүнүн ой жүгүртүүсүн талап кылган тема экен.
Анда эмесе келгиле достор биздин Талас областынын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жайгашкан Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебибизге, Т.Герцен атындагы чоң музейибизге, Ак-Дөбө китепканасына, В.Чемерисов атындагы маданият үйүнө жан дүйнөсү таза биздин досторубуздун сүйгөн оюн-айлампаларына саякат.

Негизги бөлүк:
КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

Тан атып, күн шооласы жер бетине тегиз чачырап калган убак. Көк асманды көрккө бөлөп сайраган түркүн куштардын үндөрү жаз мезгилинин ажайып табиятын шаңына чыгара маанайыңды көтөрөт.
Күндөгүдөй таң эртең бөбөктөрүмдү бала-бакчага алып барып сүйгөн мектебиме жөнөдүм. Куштардын үнү коштогон таңкы маанай мени мектепке чейин көңүлүмдү куунак алып келди. Мектептин ак босогосун аттаганымда мени чыдамсыздык менен күтүп турган мектеп директорун көрдүм. Агай мени көрүп сүйүнүп кетти. Себеби, агайдын мага болгон ишеничи зор эле.
Мугалим: Саламатсызбы Израил Эсенбекович!
Директор: Саламатсызбы Фарида Кенжеалиевна! Жакшы келдиңизби? Иштериниз жакшыбы?
Мугалим: Рахмат агай баардыгы жайында.
Директор: Фарида сиз биздин айылыбыз, мектебибиз ишенген, сыймыктанган мугалимсиз. Менде сиз үчүн жоопкерчиликтүү кабар бар. Сизди колдоп береби деп ишенем.
Мугалим: Рахмат!
Директор: 2019-жылдын март айында биздин айылга Бишкек шаарындагы №95- мектебинин кыргыз тилдүү 4-классынын окуучулары конок болуп, маданий –маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Сизге конокторду тосуп алып кайра жөнөтүү милдетин тапшырам. Программа түзүп даярданыңыз. Мен сизди конокторду мыкты деңгээлде, жакшы маанайда тосуп алып узатаарыңызга көзүм жетет.
Мугалим: — Рахмат агай, мага ишенип ушундай жоопкерчиликтүү иш-чараны тапшырганыңызга. Мен коноктор үчүн эң сонун мүнөттөрдү тартуулайм деп сөз берем.
Талас областы. Бакай-Ата Району. Ак-дөбө айылы.
Конокторду биздин айылга жетелеген жол.
Бишкек шаарынан биздин айылга чейин 330км аралыкты түзөт. Бишкек шаарынан Талас областына сапар алганда силер жол жагынан эч кыйынчылыкка учурабайсыңар. Себеби биздин Ак-Дөбө айылына чейин жол иштери толук ишке ашкан. Достор силерди Таластын суусу менен токою биздин айтылуу Ак-Дөбө айылына чейин коштоп алып келет. Биздин айылда мурда болуп көрбөсөңөр, анда силер бул жердин канчалык кызыктуу, даңктуу барктуу экенин элестете албайсыңар. Мен азыр силер үчүн адамдын көз жоосун алып өзүнө тарткан табышмактуу жерлерин топтодум. Биздин айылдын калкынын жана мектептин мугалимдеринин мейман достугу тынчыңарды албасын. Биз силерди кааласаңар заманбап үйлөргө, кааласаңар ата-бабаларыбыз күн кечирген кыргыздын боз үйлөрүнөн орундук беребиз. Силерди жан дилибиз менен кабыл алып, элибиздин жана окуучуларыбыздын маданияты жөнүндө көптөгөн кызыктуу жерлерди көрсөтөбүз.
Менин кичинекей досторум Ак-Дөбө айылына кош келипсиңер!
Менин атым Фарида. — Силер көрүп турган Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болом. Ушул мектепте 3 жылдан бери эмгек жолумду улантып келем. Анда эмесе биринчи кезекти мектеп менен таанышуудан баштайлы.
Дүйнөдөгү жети кереметтин бири –Тадж- Махалы, миллиарддаган эли бар Индияга теңешкен, Улуу кытай дубалы бар, жер майыштырган калкы бар Кытай элинин айтылуу олуя-ойчулдары Лао-Цзы, Конфуцийлерден кем калышпаган биздин залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов алакандай жери бар, бир ууч эли бар Кыргызстандын Талас обласынан чыкпадыбы. Силерди мектептин ичинде ошол улуу аалам жазуучусу Чынгыз атабыздын “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн агай менен окуучу кызы Алтынай күтүүдө.
Дүйшөн агай: — Саламатсынарбы мен сүйгөн окуучу балдарым! Силерди биз чыдамсыздык менен күтүп отурабыз!.
Келгиле балдар ,мен силерди мектептин өмүр жолу менен кененирээк тааныштырайын. Өзүнөр көрүп тургандай мектеп үч кабаттуу. Ичинде 53 класс ,15 ар кандай бөлмөлөр бар. Мектеп 1975-жылы курулуп ишке кирип, райондогу 4 чоң мектептин катарына кошулган. Ичинде 1191 окуучу билим алып, 83 мугалим эже-агайлар эмгектенет. Курулгандан 1992-жылга чейин Орловка мектеби болуп аталчу. 1992-жылдан тарта мыкты педагог тарых мугалими Акчал уулу Дүйшөн агайыбыздын ысымы ыйгарылган. Азыр силерди менин жакшы окуган окуучу кызым Алтынай мектептин биринчи кабаты менен кененирээк тааныштырып чыксын. Ал эми мен силерди экинчи кабаттан тосуп алам.
Алтынай: — Саламатсынарбы достор, мен силерди алгач агайым айтып өткөн Акчал уулу Дүйшөн агайыбыз жөнүндө уюшулган бурч менен тааныштырып баштасам.
Акчалов Дүйшөн 1922-жылы Талас районуна караштуу Кызыл-Чарба айылында төрөлгөн. 1936-жылы Баркы-Арык башталгыч мектебинде 7-классты аяктаган. 1937-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырып 1941-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Кызыл-Чарба айылындагы мектепте 5-7-класстарына тарых сабагынан мугалим болуп иштей баштаган. 1942-жылы сентябрь айынан, 1943-жылдын март айына чейин партиялык мектепте курстан өткөн .1943-жылдан 1946-жылга чейин Кызыл-Чарба толук эмес мектебинде директор болуп эмгектенген. 1946-жылдан 1949-жылга чейин Талас областык комсомол комитетинде, Талас райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп эмгек өтөгөн.
1950-жылы Чалдовар орто мектебинде иштеп , 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин сырттан окуу бөлүмүн окуп бүтүргөн.
1961-жылдан тарта Орловка орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенген. Дүйшөн агай Сыйнат апабыз менен 2уул, 3кызды тарбиялап өстүргөн.
(Өмүр баяны,сүрөттөрү,алгылыктуу иштери менен таанышышат)
Саякатыбызды андан ары билим ордосу болгон мектептин китепканасына уласак. Китепканада өзүңөр көрүп тургандай сан миң деген китептер бар. Китепканачы Алтымышова Венера эжекебиз биздин окуучуларыбызды окуу китептери менен камсыз кылат. Келгиле достор, баарыбыз Венера эжекебиз даярдаган “Жети улак” жомогуна көңүл бурабыз.
(“Жети улак жомогу көшөгө артында көрсөтүлөт)
Ушул эле биринчи кабатта жайгашкан ден-соолуктун булагы болгон спорт залына келдик. Биздин окуучулар ушул спорт залда волейбол, баскетбол ийримдеринде машыгышып көптөгөн республикалык байгелүү орундарга жетишип келишет.
(Балдар топ ойношот)
Саякатыбызды спорт зал менен катарлаш эмгек кабинетибизден улантабыз. Кыргыз эли байыртадан эле оюу-чийүүлөр менен ички жан-дүйнөсүн, ой-тилектерин чагылдырып, курчап турган дүйнөнүн керемет көрүнүштөрүн көркөм өнөргө салып кол өнөрчүлүктүн дээрлик баардык түрүндө колдонуп келишкен. Ал эми бул жерден оюмдардын түрлөрүн карайбыз.
“Умай-эне кештеси”-бул жаман көздөн,жаман сөздөн сактайт деп ишенишсе, “Теке мүйүз” оюусу баш кийимге салынып эр-жигиттердин эрдигин, намыскөйлүгүн чагылдырган. Шырдакка, ала-кийизге бугунун аркар, кулжа, маралдын сөлөкөттөрүн түшүрүшкөн. Бул жерден Кундуз эже жана окуучу кыздардын кол-өнөрчүлүктөрү көргөзүлөт.
Ал эми бул жыгачтан жасалган буюмдар Рамир агайдын окуучу балдарынын эмгектери.
(Балдар көз жоосун алган колго жасалган буюмдарды көрүшөт)
— Балдар силерге биздин мектептин биринчи кабаты жактыбы? Анда эмесе бизди экинчи кабатта Дүйшөн агай күтүп жатат.
(2-кабатка көтөрүлүшөт)
Дүйшөн агай жана Алтынай:
— Ар бир мектептин өзүнүн ашканасы бар. Келгиле анда ашканага кирип түштөнүп алалы. Ашканада Майрам, Нургыз жана Майнаш эжекелер окуучуларды ысык тамак менен тейлешет.
Тамагынар таттуу болсун!
(балдар түшкү тамакка олтурушат.)
Дүйшөн агай: — Мектептин экинчи кабатында мугалимдердин усулканасына келдик. Мында 9 эл агартуу мугалими, мыктылардын мыктысы, андан тышкары райондук, областык деңгээлде таанымал мугалимдер отурушат.
— Балдар силерге кыргыз-тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими Атыканов Алымбек агай батасын берем деп күтүүдө.
Алымбек агай : — Эмесе балдар, кыргыздар көбүрөөк батаны өспүрүм балдарга берген.

Бата
Көтөр балам билегиңди,
Он сегиз миң ааламдын падышасындай
Кудайым кабыл көрсүн тилегиңди.
Каз каркылдап кечкисиз көл бол,
Куш куркулдап өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын,
Илимиң башка толуп,
Илебиң ташты жарсын.
Башыңан бак кетпесин,
Жооңо бийлик жетпесин!
Оомийин!
(Алымбек агай балдарга бата берет)

Дүйшөн агай: — Кезекти маданий иш-чаралар өтүлүүчү актовый залга берсек . Силер мектептин ичинде саякаттап жүрүп бутуңар талыдыбы? Келгиле отургула. Балдар бизге баян кылып жазып кеткен улуу залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Биринчи мугалим” повестинин сахналаштырылган үзүндүсүн көргүлө.
(Балдар “Биринчи мугалим” повестинен үзүндү көрүшөт.)
— Жактыбы балдар? Кызыктуу бекен? Алтынай эжекеңер менен кошо саякатыңарды уланткыла.
Алтынай: — Достор биздин мектеп алдында уюшулган бий ийримине келдик. Бий ийриминде мектептин 80ге жакын кыздары катышат. Эмесе биздин кыздардын силер үчүн дайындаган “Кыргыз күүсү” бийине күбө болсок. Жетекчиси Кыял эжеке.
(Кыздардын бийлерине күбө болушат.)
— Балдар азыр биз мектептин үчүнчү кабатына көтөрүлөбүз. Силерге кызыктуу болгон химия биология лабораториясына кезек келди. Бул жерден силерге союз убагында төрөлгөн эки баштуу музоонун катырылган сөөгүн көрсөңөр болот. Андан башка көптөгөн канаттууларды көрсөңөр болот.
(Лаборатория менен таанышышат.)
-Ушуну менен биздин Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебине болгон саякатыбызды аяктайбыз.
Дүйшөнагай: — Кезектеги саякатыбызды “Манас” эпосунун китебин иллюсстрациялаган улуу сүрөтчү Т.Герцендин музейинен улантабыз.
Герцен Теодор Герхардович 1913-жылы Украинада, Михайлов районунун Мемрики айылында төрөлгөн. Ал өз алдынча үйрөнчүк живописчи болуп, Талас өрөөнүндө сүрөт өнөрүнүн уюштуруучусу болгон. 1960-жылдары “Красная заря” колхозундагы Ак-Дөбө айылында ири музейди уюштурууга жана коллекция чогултууга көп күч жумшаган. Көркөм сүрөт музейинин түптөөчүсү жана коомдук башталыштагы директору. 1992-жылы ушул аталган музейге анын ысымы ыйгарылган.
Музей 1990-жылы эки кабаттуу болуп салынып ишке берилген. Ичинде 1663 экспонат бар. Анын ичинен 374 Герцендин өзүнүн эмгектери. Музейдин экспозициясын көрккө бөлөп турган калган сүрөттөр Союздун белгилүү жана атактуу сүрөтчүлөрүнүн белектери. Музейдин биринчи кабатынын оң тарабындагы залында Т.Герцендин сүрөттөрү, ал эми сол тарбында Манас атабызга арналган сүрөттөр коюлуп, өткөн доордогу күнүмдүк турмушта колдонулчу идиш-аяктар, тиричилик куралдары менен таанышасыңар. Ал эми экинчи кабатынын оң жагында Ольга Мануйлованын жасаган скульптуралардын макеттери жайгашкан. Ольга Мануйлова Ак-Дөбө айылында туулган. Ал мыкты скульптор болгон, анын эмгеги жогору бааланып борборубуз Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын куполуна сүрөттөрү чагылдырылган. Ошондой эле белгилүү ырчы Анна Герман биздин айылда туулуп өскөн. Анна Герман үчүн арналган бурч менен таанышасыңар. Музейде кыргыздарга таандык ден-соолукка пайдалуу, көчмөн элдердин боз үйү тигилген. Илгерки ата-бабаларыбыз колдонгон буюмдар, жаргылчак, соко жана башка үй-тиричиликке тиешелүү буюмдар менен таанышасыңар. Музейдин ичинде атайын “Роза Отунбаеванын демилгеси”аттуу фонддун жардамы аркылуу уюшулган кабинеттерде – сүрөтчү балдар тарбияланышат. Музейди 3 жылдан бери жетектеп келе жаткан Ашымбек агайыбыз ишин жигердүү аткарып келет.
(Балдар музейдин ичиндеги баардык экспонаттар менен таанышып чыгышат.)
Алтынай: — Саякатыбызды китепсиз дүйнө караңгы демекчи, айылыбыздын эң чоң борборунун бири бул китепкана. С.Соронкулов атындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын №3- филиалы Ак-Дөбө айыл аймагындагы китепкана. 1974-жылы ачылган жана ошондой эле китепканада жалпы китептердин саны 20809. Анын ичинен кыргыз тилинде 1744, орус тилинде 19055, көркөм адабияттар 13361 . Орто эсеп менен 1 жылда 602 окурман китеп окушат. Жетекчиси Күрүчбекова Айзина эжеке.
Дүйшөн агай: — Саякат кызыктуу болуп жатабы? Анда эмесе маданияттын ак сарайы болгон Василий Чемерисов атындагы маданият үйүнө келип отурабыз. Маданият үйүбүз 1974-жылы курулуп ишке кирген. Эки кабаттуу бул имараттын кино залынан чоң форматтагы кинолорду көрүүгө болот. Мультфильм, куурчак театр көптөгөн иш-чаралар өтүп турат. Биздин айылдын “Гүлзар” балдар бакчасынын тарбиячылары силерге арнап кызыктуу белек камдап койгон көрө кетели.
(“Айдан” жомогун аткарып беришет.)
Алтынай: — Достор силер көрүп турган оюн айлампалары 1984-83-жылдары В.Чемерисовдун иш аракетинин негизинде ушул айылга орнотулган. Ошол жылдан бери биздин эле айылды эмес Талас обласындагы көптөгөн айылдарды майрам күндөрү тейлеп келет. Бүгүн силер үчүн оюн айлампалары кызмат кылат.
(Балдар атайын даярдалган ар кандай оюн айланпаларга ойношот.)
Дүйшөн агай Алтынай жана мен.
Балдар силерге биздин айыл жактыбы!? Анда силер менен биз кечки тамакка барабыз. Деги эле айылдын тамак ашы менен таанышуу силерге кызык болсо керек. Биздин айылда кой, жылкы эти, сүт, камыр азыктары жок бир дагы дасторкон жайылбайт. Аларды даярдоо ар кандай кызыктуу салттар менен коштолот. Силер 21-март Нооруз күнүнө туш келгениңер үчүн, биздин апаларыбыз сүмөлөк бышыруунун жөрөлгөлөрү менен тааныштырат.

Корутунду: “Мугалим педагог өзүнүн койгон максатынан эч жакка качпоосу керек. Жаман- жакшы, татаал- жеңил жагдайлардын баардыгын жөнгө салуусу зарыл”- деп , улуу педогог Макаренко белгилегендей мугалим өз максатын туура түз, бекем коюп, болгон билимин, иш-аракетин, тарбиясын, талантын чын жүрөгүнөн сүйүктүү окуучуларына жеткирүү керек. Мен дагы быйылкы кароо сынактын темасы “Кызыктуу саякат” темасындагы дил баян жазып отуруп өзүмдүн койгон максаттарыма толук жеттим деп ишенем.
Кызыктуу саякатыбыздын башындагы, мектеп ичинде болуп өткөн иш-чаралар мыкты деңгээлде уюштурулган программалар. Чынгыз Айтматов атабыздын “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн агай менен окуучу кызы Алтынайдын адамдык сапаты, окуучуларга жасаган мамилеси, кыргыз -тили жана кыргыз адабияты мугалими Алымбек агайдын балдарга берген ак батасы, андан кийинки улана турган саякатыбызга дем-күч берип турду. Дүйшөн агай жана Алтынайдын окуу, спорт, маданият, эмгек тууралуу баянынан ар тарапты тең жуурулуштуруп алып барганы балдарды кайдыгер калтырган жок.
Дүйнө жүзүндө көлөмү боюнча эң чоң эпос “Манас” эпосунун окуяларын сүрөт менен чагылдырган, немис улутунда болсо дагы кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын жан-дүйнөсүнө сиңирип, кайра жаңы жашоо берген Герцендин музейи Ак-дөбө айылында жайгашканына сыймыктанабыз. Себеби, Манас эпосунун томдуктарын ачкан балдар ушул музейде болгондорун эч качан унутушпайт. Анын тарткан сүрөттөрүнүн стилинен Герценди таанып турушат. Ушул күнгө чейин биздин өсүп келе жаткан жаш муударыбызга Т.Герцен атындагы музейдин ичин тааныштыруу мен үчүн маанилүү. Музейдин ичиндеги көптөгөн кызыктуу, баалуу экспонаттар балдардын өмүрү өткөнчө руханий гүлазыгы болот. Көчмөн элдин жошоо-турмушун чагылдырган боз үй анын ичиндеги жасалгалар, турмуш-тиричиликте колдонуучу буюмдар да балдардын кызыгуусун жаратты.
Андан кийинки айылдык китепкананын ичиндеги балдар үчүн даярдалган адабий жомоктор бурчунан өздөрүн толкундоого алдырышып жомоктор дүйнөсүнөн аз да болсо жашап чыккандарын көрсөңүз. Алардын жүздөрүндөгү сүйүнүчтү көрсөңүз эң сонун сезимдерге жетеленесиз. Ошону менен эле катарлаш маданият үйүнүн ичиндеги кооз жасалгалар нукура кыргыз жыттанып, балдарды патриоттук жана мекенди сүйүү сезимдерин ойготконун, концерттин башында балдар сахнага чыгышып Кыргыз Республикасынын гимнин ырдашканын угуп таңкалбай коё албайсың.
Айыл жергеси болсо да СССР маалында салынып калган бул оюн айлампалары балдарды таң калтырды. Айылдын маданияты, мейман достугу, каада-салттары менен таанышкан биздин кичинекей достордун жүзүнөн кубанычтын нурлары төгүлүп турду. Ошол көз ирмемдерди жүрөккө жеткирүү мен үчүн чон жетишкендик.
Бул кызыктуу саякат, окуучулардын маданий булагы болуп эсептелген экскурсиясы Ак-Дөбө айылы менен гана чектелбестен Кыргыз Улуттук “Манас-Ордо” комплексинде, Шекер айылындагы “Ачык асман” музейинде, маданият үйүндөгү “Ч.Айтматов” музейинде жана “Чыңгыз-Ордо” комплексинин курулушунда, Талас өрөөнүндөгү кызыгууну арттырган жерлер менен улантылып, окуучулардын унутулгуз эсинде калды. Ошентсе да өз айылыма, өз мектебиме болгон экскурсиямда окуучуларга эстен кеткиз көз ирмемдерди тартуулай алдым деп ишенем.


ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА

№31 Ы.Чанаков орто мектеби Кызыл Сенгир айылы,  Сузак району, Жалал-Абад обл

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

«Баланын бала болгону жакшы» — дейт кыргыз элинде, бирок илимий- техникалык прогресстин өнүкөн заманында бул сөзгө аяр мамиле жасоо талап кылынгандай. Анткени, азыркы учурда наристе курактан баштап ар кандай техникалык каражаттардын жардамы менен жасалган оюнчуктар, буюмдар, дегеле бардыгы жаш баланы чоңдордой ой-жүгүртүүгө, изденүүгө түрткү берет. Ошондуктан, биз, ата-энелер, мугалимдер, баланын толук кандуу жетилип, билим алуусуна, тарбиясына көңүл буруубуз абзел.

Бала техниканы оңой өздөштүргөнү менен аны жашоонун накта маңызын аңдабай, байкабай калуусунан сактап калуубуз зарыл. Бирок, биз замандын талабына шайкеш келген, интеллекти жогору, турмуш менен техниканы байланыштыра алган инсанды тарбиялоону алдыбызга максат кылып, ошонун үстүндө таалим-тарбия берүүдөбүз.

Мен педагогдук эмгек жолумда окуучуларга билим, тарбия берүү менен кундөлүк сабактарда программанын негизинде иш алып барууну гана жөнгө салуудабыз деген ойдомун.

Балалык кез — бул кыялдарга, ой-толгоолорго, сезимдерге бай, «бардыгын өзүм билем, өзүм жасай алам» деген өжөрлүк сапаттарга ээ болгон курак. Биз ушул курактагы балдарды өз жолунан тайгаланбай,  майтарылбай өтүүсүнө шарт түзүү менен ой-максаттардын ишке ашуусуна көмөктөшүп жатабыз. Кээ бир учурда мугалимдер баланын ою менен эсептешпей, баалабай, чектеп койгон учурлар болот. Баланын ойлоосун, оюн куру кыял катары баалап, бул жөн гана ишке ашпаган нерсе деген таризде кабыл алган учурлар кездешет. Мына ушул сыяктуу себептерден улам логикалык ой жүгүртүүсү өнүкпөгөн, дүйнө таануучулук деңгээли төмөн, өз алдынча жаңы идеяларды жаратып, ишке ашыра албаган адамды тарбиялап албайбызбы деген суроо жаралат. Айрыкча элет жериндеги балдарды окутуп-тарбиялоо түйшүгү мугалимге көбүрөөк жүктөлгөн.

Биз, мугалимдер, ар бир сабакта баланы түйшөлтүп, ойлонто албасак, ойго салып, көз карашына чексиз мейкиндикти ачып бере албасак, анда биздин жумуш туңгуюкка кептелген абалда калаары шексиз. Андыктан балага кенен жол ачып, эркин ойлонууга, ойноого, көңүл ачууга, жүрөгүндөгү аялуу сезимдерин сыртка чыгарууга шарт түзүү керек.

Мен өз иш тажрыйбамда баланын эркин ойлонуусуна жол ачып, чек коюудан алысмын. Балага канчалык эркиндик берген сайын, ал өзүнүн жан дүйнөсүндөгү сезимдерин сага ачып бере алат, изденет, ойлонот, өз алдынча жыйынтык чыгара алат.

Жогорудагы ойлорду айтуу менен эмне дегим келет. Азыркы учурда балдарды кургак сөз менен ишендирүү кыйын. Анткени, алар компьютер, планшеттерден дүйнөлүк масштабдагы бардык окуя, жаңылык, ачылыштардан толук маалымат ала алышат. Балдар өз ой-максаттарын кинодогудай  бат, тез ишке ашырууга далалат жасашат. Бирок, тоскоолдуктар кыйынчылыктарды, түмөндөгөн түйшүктөрдү жеңгенде гана максаттар орундаларын экинчи орунга коюшат. Себеби, баардыгы оңой гана ишке ашат деп ойлошот. Мейли, бул ой да жаман эмес, жакшылык алып келет дейли, ал эми бизди баланын эмне жөнүндө кыялданып жургөндүгү кызыктырат.

Алсак, Асан бат эле жаңы маркадагы машина алсам, Айдар болсо  депутат болсом, а Айша сулуулук салон ачсам деп таттуу кыялдарга батышат. Эми, ушул кыялдарды окуучу ишке ашыруу үчүн көп окуп, көптү билүүсү зарыл, же болбосо А. С. Пушкиндин жомогундагы алтын балыкка тор салышыбыз керек болот.

Мына ушундай түмөндөгөн ойлордун кучагында калып жатып, мен жаза турган дилбаянымдын учугун тапкандай болдум. Эми элестетип көрөлү, элет балдарынан айырмаланган шаардык мектеп окуучуларын өзүбүздүн жөнөкөй эмгекчил эли, жыты аңкыган кооз жери, илим-билимге умтулган жаштары, акыл-насаат айткан аксакал карысы бар, төрүндө түмөндөгөн малы жайнаган, талаасы данга толгон, бак-дарактуу, эң бир кооз айлыбыздын чок ортосунда жайгашкан, билим уясы болгон мектепке кандайча саякат уюштурсак деген ой жан дүйнөмдү дүрбөлөнгө салды.

Мен көп ойлонбой, башта айтып өткөндөй, алтын балыкка тор салууну туура көрдүм. Фантастиканын элементтери, романтикалык ой жүгүртүүнүн эң сонун үлгүсү катары алтын балык аркылуу кадырлуу коноктордун, жаш достордун эсинде түбөлүк калып, кыргыздын патриот уул-кызы болууга үндөй алсам, бул менин мугалимдик вазипам болуп калмакчы. Окуучулардын фантазиясы күчтүү болгонуна байланыштуу кызыктуу саякатыбызды ушул өңүттө өткөрүүнү туура көрдүм.

Бүгүн биздин мектеп адаттагыдан таза, кооз, сулуу көрүнөт. Анткени,  кыргыз эли меймандос эмеспи, бизге шаардан коноктор, мектеп окуучулары келет деп кызуу даярдык көрүшкөн.  Биздин класстын окуучуларынын көңүлдөрү ачык, жайдары, мектеп формасын апапак кылып кийип келишкен. Алар бүгүнкү жолугушуудан өздөрү кыйышпас дос күтөрүндө, досторунан көп нерсени үйрөнүп же үйрөтөөрүндө шек жок. Анда эмесе, балдар, биз бүгүн кыргыз жеринин бермети, көлдөрдүн тереңи, чүрөгү болгон, ажайып кооздугу, керемети менен өзүнө тарткан айтылуу Ысык-Көлгө сапар тартсак. Мына балдар, Ысык-Көлдү көркүнө чыгарып, көк мелжиген суунун үстүндө Нургазынын ак кемеси көрүнөт. Кемени жүрөгү таза, жаратылышты сүйгөн, балалык баё, аё сезими менен Нургазы башкарып жүрөт. Келгиле, анда биз да баарыбыз кемеге түшүп, сапарыбызды улайлы. Кеменин капитанын шайлап албасак, балдар, биз өз багытыбыздан адашып калуубуз мүмкүн. Капитан болуп Бексултан, ал эми жардамчысын меймандардан шайласак жакшы болчудай. Биздин кемебиз өз багытын көздөй сүзө баштады.

— Ой, биздин көлдүн кооздугу ай! Сөз менен айтып бүткүс! Бах, чиркин! Азыр ушул ыйык көлдө алтын балык болгондо, эмне сурамакпыз балдар?-деген суроону айтаарым менен кеменин дал маңдайында алтын балык пайда болду. Балдар ызы-чуу тушуп кыйкырып жатышты: — Көрдүңөрбү, алтын балык!

Ал аңгыча алтын балыкка тил бүтүп:

— Урматтуу коноктор, биздин Ысык-Көлүбүзгө куш келипсиздер! — деп сууга чүмкүп кетти. Биз ич ара толгон-токой ойлорго аралашып, заматта алтын балыктан өзүбүздүн каалаганыбызды сураганга шашылдык. Бирок, алтын балык шашпастан суудан чыгып, биздин кемебизге келип жайгашты. Кандай гана керемет! Бизге эми баары, бир заматта даяр болот деп сүйүнуп жаттык. Ал эми алтын балык чал-кемпирдин балыгы эмес, өнүккөн өлкөлөрдү аралап, океандын ары жагынан келген, көптү билген балык экен. Бизге жөн жеринен эле айтканыбызды берчүдөй эмес. Алтын балыкты кароодон көз карыгат, учунчалык сулуу, аябай татына. Ал бизди куйругу менен сылаганда баарыбыз балыкка айланып, чабак ура баштадык. Алтын балык жай гана: «Кана эмесе, мени менен алыска-алыска сүзгөндү каалайсыңарбы?» — деп суроо узатты. Баарыбыз бир ооздон баш ийкегенге араң жарадык, анткени, биз баарына макул элек.

Ошентип, алга карай чабак уруп, сүзө баштадык. Суу асты кандай керемет кооз экендигин өз көзүбүз менен көрүп, туюп, сезип жаттык. Алтын балык бизге кайрылып: «Силерди көлдүн тереңинде катылып жаткан сырдуу, бейиштин төрүндөй болгон эң бир кооз, ак көңүл, мээримдүү, боорукер, эмгекчил, меймандос эли бар жер менен тааныштырамын. Ал жерге жетүү силер үчүн жеңил эмес, биз бир канча тереңде жаткан катмар-катмар калыңдыгы бар жерлерди, кендерди изилдейбиз. Берилген ар бир тапшырманы аткара алсак гана, ошол өлкөдө жашоо укугу берилет» -деди. Анан: « — Кана эмесе, биз жөнөдүк», — деп сууга кирип кетти. Биз менен кемеде бараткан досторубуз да кызыгуу менен арылап сүзө башташты. Бир аз убакыт өткөн соң өз көзүбүзгө өзүбүз ишене албай турдук: « — Ой, укмушуң кур! Бул биздин айыл, биздин мектеп го» — деп аябай сүйүнө баштадык. Айылдагы аксакалдар ак калпак, байбичелер элечек кийишкен, маанайлары ачык, дасторконунда дүр-дүйүм тамак-аштын түрү жайнайт, короолору малга, кампалары данга толгон. Тээ алыстан апапак болгон ак мектебибиз көрүнөт. Анда окуучулар ар бир этажга лифт менен чыгып, класс ичиндеги жайнаган техниканын түрү, компьютерлер менен сабак өтүп жатышат. Мугалим агай-эжекелери жок эле бардыгы китеп окуп, өз алдынча ар кандай жумуш менен алектенүүдө. Мектептин өнөрканасында жаңы гана окуучулар ойлоп тапкан жаңы модели менен Кусейин агабыздын “А-1” корабли старт алдында турат. Биз менен кошо жүргөн досторубуз аябай таңдануу, суктануу менен мектеп жөнүндө сурап жатышты. Анткени, эч убакта тарыхсыз мезгилдер алмашпай тургандыгын билебиз. Арабыздан Азат чыгып, мектеп тарыхы жөнүндө айтып берди. Биздин мектептен 285 жогорку билимдүү адис, 4 илимдин кандидаты, 5 доктору, 3 профессор, 1 академик чыккан, 20 бүтүрүүчү алтын медаль менен бүтүргөн. Азыркы күндө мектептин окуучулары дүйнө тилдеринин дээрлик баарын билерин баса белгилешти. Биздин класстын кыздары англис тилинде ырдап, бийлегенге да үлгүрүштү. Баарынан кызыгы Марлендин тоок фермасы жөнүндө болду. Марлен бош убактысын ата-энеси менен тоок багып, күнүгө миңдеген жумуртка жыйнайт. Шаардыктарды жумуртка менен камсыздайт. Досторубуз: «Анда биз Марлендин жумурткасын жеп жатыптырбыз да» деп тамашалап жатышты. Ал эми Ислам болсо айылдагы Икрам Стамкулов атындагы спорт мектебине барып, күрөш менен машыгат, жакында өтчү мелдеште чемпиондук наам үчүн ат салышууга даярданууда. Мектептин багында ар түркүн сорттогу мөмө- жемиштер жерге боюн ийип, салаалап бышып турат. Ал эми окуучулар тарабынан уюштурулган көмөкчү чарбада уйлар музоолорун ээрчитип, Нагима болсо чакасын көтөрүп, уй саап жүрөт. Асема таза, табигый азыктан даярдалган айран, сүт, быштагын меймандар ооз тийсин үчүн шашкалактап стол жасоодо. Жогорку класстын окуучулары малга тоют даярдап жатса, ал эми кенже класстын балдары аларды жыйноого жардам берүүдө. Бул окуялар жаратылыштын эң кооз мезгили, окуучулар чыдамсыздык менен күткөн жай мезгилинен кабар берет.

— Силердин жериңер кандай кооз, абасы таза, кере-кере дем алгың келет деп шаардык достор өз алдынча капа болушту. Анткени, шаарда завод, фабрикалар көп болгондуктан аба булганыч, транспорттун көптүгүнөн тынчтык жок дей салды дагы бирөөсү. Анда Бектурсун шашпастан өзү ойлоп тапкан абаны тазалоочу аппаратын досуна белекке берди. Биз ошентип биринчи жолуккан өзүбүздүн мектепте көпкө кармалып калдык.

Аңгыча Алтын балык «балдар, убакыт аз, шашуу керек» деген белги берди. Баарыбыз чабак уруп, арылай сүзүп жөнөдүк. Суу астындагы жалтыраган баалуу асыл таштар көз жоосун алат. Ал аңгыча керней-сурнай тартылып, алыстан кандайдыр бир добуштар угула баштады. Биздин кулагыбызга Саякбай атабыз “Манас” айтып жаткандай сезимдер пайда болду. Көрсө бул чындык экен, өз көзүбүз менен көрүп, таң калыштуу сезимдерге дуушар болдук. Алтын балык айткан сырдуу өлкөгө келип калганыбызды билдик. Айланасы аябай кооз, бекем чеп менен курчалган шаарды Манас атабыз кырк чоросу менен кайтарып турат. Шаар сымал бул өлкөнү үстүнөн карасаң «Кыргызстан өлкөсү» деп бадырайта жазылган. Кызыл туусу күнгө чагылышып желбирейт. Асман мелжиген кабат-кабат үйлөр, балдар үчүн мектептер, окуу жайлары, маданий, эс алуучу борборлору жайгашкан. Бардыгы санариптештирилген, андагы адамдар эс алып гана жүрүшөт, ал эми жумуштарды роботтор аткарууда. Көрүп жаткан окуяны сүрөттөп айтып берүүгө мүмкүн эмес. Балдар көздү ачып жумгуча кум алдынан кутуча таап алышты. Биз аң-таң болуп, ойлонгуча алтын балык сөз катты: — Балдар бул өлкө силерге гана таандык, качан гана кутучадагы тапшырманы аткара алсаңар, ушул жердин ээси боло аласыңар.

Балдар коноктор менен бирге кутучаны ачууга шашылдык. Бирок кутучанын сыртындагы жазууга көзүбүз түштү, окусак «Сен ушул өлкөдө жашоого кандай салым кошосуң?» — деп жазылыптыр. Бардыгыбыз ойлонуп калдык. Өз ара кызуу талкуу болду. Ар кимибиз өз жасаган иштерибизге анализ жасадык. Жашаган жерибизде, мектепте бир аз айырмачылык болбосо, максатыбыз бир экендигине ынандык. «Көп түкүрсө көл болот» деп макалда айтылгандай, баарыбыз биримдикте, ынтымакта болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн окуп, иштесек гана Манас бабабыз колдоп, өнүккөн мамлекет курарыбызга ишендик. Бул биздин колдон келет.

— Көрдүңөрбү, балдар, «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей, силер кай жерде жашап, иштебегиле, жүрөгүңөр Ата Мекен деп согот. Ошондуктан көп окуп, изденүүгө туура келет. Силер азыр жаңы гана бүчүр байлаган чырпыксыңар, дарак болуш үчүн азык керек, ал эми силер азыкты мектептен, мугалим агай-эжелерден китеп аркылуу алып жатасыңар. Мен жомоктогудай, сыйкырдуу алтын балык болсом да, силер ойлогондой айтканыңардын баарын бере албайм. Биз саякаттап, көптү көрдүк, а мен баалуу кутучаны табууга жардам бердим. Сырдуу кутучаны ачуу, анын ичинде эмнелер катылганын билүү, табышмактуу өлкөдө жашоо — бул силердин милдетиңер. Мен баарыңар бактылуу өлкөдө жашап, өсүп-өнүп, Кыргызстан деген өлкөнү дүйнөгө дүңгүрөтүп таанытышыңарга ишенем. Силерден көптү күтөм», — деген боюнча алтын балык көздөн кайым болду. Балдардын сезимдерине, ой-кыялдарына, фантазиясына жык толгон саякатыбызда тапкан кутучанын сырын ачуу үчүн талыкпаган билим, татыктуу тарбия, изденүү керек экендигине окуучулар толугу менен ынанышты.

Келгиле, карап көрөлү, шаар менен айылдагы мектептердин айырмасын байкоого болбой калды. Анткени айылдагы мектептер дээрлик баары жаңы типте салынган, компьютердик класстар ачылып, интернетке туташтырылган. Айырмачылыгын издөөдөн алдын, балдардын дүйнөгө болгон көз караштары кандай, эли-жерине болгон сүйүүсү, патриоттук сезимдери жөнүндө ойлонууга туура келет. Биз, ата-энелер, балдарга канчалык шартты түзүп бергенибиз менен анын кайтарымы канчалык даражада экенине көңүл бурбайбыз. Шаардагы балдардын көпчүлүгү мектепке гана барып, билим алууну, эс алууну негизги милдет катары көрүшөт. Ал эми алар үчүн түзүлгөн шарттардын ким тарабынан, кандай кыйынчылык менен келерине анча маани беришпейт. Буларга салыштырмалуу айылдык мектепте окуган окуучунун түйшүгү көп. Ал ата- эне менен кошо түйшүк тартат. Элет жериндеги окуучулар шаарда окуп, тарбия алганга кызыгышат. Себеби, шаарда баары белен, эс алуу жайлары, спорт комплекстери, музыкалык мектептер, жашоо шарты да жогорку деңгээлде.

Эмне үчүн ушундай шарттарды айыл жеринде жасоого болбосун. Албетте болот, ал үчүн кыргыз элинин социалдык шартын жакшыртып, муктаждыктарды жоюу керек. Биз, мугалимдер, изденүү менен баланын аң-сезимине бүлүк салып, аны бир орунда отургузбай ойлонуп, изденүүсүнө түрткү берүүбүз керек. Бала айлана-чөйрөсүн, жалпылап айтканда, дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан ачылыштардан артта калбай окуп, билим алууга тийиш. Ага көмөкчү, жол көрсөтүүчү ата-эне болсо, аны иш жүзүнө ашыруу жалпы мугалимдердин милдети. Кыргызда «Көп түкүрсө-көл болот, көл толкуса сел болот» деген макал бар, ошол үчүн биз балдарды шаар-айыл дебей биримдикке, эмгектенүүгө тарбиялашыбыз керек деген ойдомун. Менин бүгүнкү саякатыбыздагы ар бир баланын жүрөгүнө жеткирүүчү оюм — бала кай жерде окубасын, мейли айылда, мейли шаарда, анын максаты бир гана нерсе болууга тийиш. Ал – мекенибиздин Кыргызстан экенин сезе билүү, аны коргоо, урпактан-урпакка гүлдөгөн, ар тараптан өнүп-өскөн мамлекет катары өткөрүп берүү болуп саналат.


БЕККУЛ КЫЗЫ НУРЖАН

Үтүр Калиев атындагы Чолпон жалпы орто билим берүу мектеби Чолпон айылы, Ак-Суу району, Ысык-Көл обл.

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

Ар бир күндүн таңдын атышы менен жашоо уланып, ар бир күндүн өзүнө таандык, эсте каларлык күнү болот эмеспи

Таң атары менен терезеге көз чаптыруу адатым бар, себеби күн ачык болсо көңүлүм да күн нурундай ачык болот деп өзүмдү –өзүм ишендирип, бир чети ошондой күн болуш керек деп дайыма максат коемун. Мына бүгүн да ойгонорум менен терезени шаша карасам эмнегедир күн бүркөк экен. Бирок айлана майрамдагыдай шаңуу, майрамдык маанаай болуш керек деп позитивдүү көз караш менен мектепке кам көрө баштадым. “Күндүн жаманы кетет, адамдын жаманы кетпейт”- деп илгертеден калган логикасы күчтүү кеп бар эмеспи, ошону мен пир туттум да мектепти көздөй жөнөп калдым. Күн да тез эле ачылып, куштар сайрап, айлана да шаңга болөнгөндөй болуп калды.

Тээ алыстан эле өзүнө көркү жарашкан бийик имарат, алдындагы кызыл-тазыл гүлдөр мени кара дегенсип биринен –бири көз жоосун алып, кубанычты тартуулагансып турду. Мектеп алдында кооз-кооз желектер, жеңил, ар түстөгү шарлар ары бери серпилип бөбөктүн көз жоосун алып, көккө көкөлөгөнсүп турду. Бул күнү шаар мектебинен кенже окуучулар биздин мектепке конокко келишмек эле. Биз да ойлонуп айлыбыздагы кызыктуу жерлерди көрсөтүп калалы деген ниетте кеңешип-кептешип жаттык. Мындай карасаң эч кызыктыруучу жайыбыз жоктой сезилип турду. “ Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы ” дегендей коллективим ар кандай сунуштарды киргизишти. Ары калчап, бери калчап, практикадан алып, туура көрдүм. Улуттук салтыбызды азыркы учурда көбүбүз унутта калтырып, күнүмдүк жашоо менен жашап жатканыбызга ар бирибизге маалым болуп калды, керек болсо билип турсак да “эч нерсе болбойт” деген ой менен чечип салууга да жетишип калбадыкпы. Салтты ата бабабыз унутта калтырбай колдонуп, бизге белек катары алып келгени текке кеткендей болуп жатабы. Мектептен мугалим улуттук салтты колунан келишинче айтып, көрсөтөт, бирок аны үй бүлөдө колдонбогонубуз жеңип кетип жатпайбы. Кыргыз кийимибизди кийип, коноктордун алдынан нан, туз, сары май менен тозуп кең пейилдигибизди, мейман достугубузду көрсөтүп, келген коноктордун маанайын көтөрүү болду. Андан соң кичинекей Мекенибиз тууралуу маалыматтарды берип, чакан концертибизди көрсөтүү болду. Айлыбыздын кадырлуу адамдары менен жолугуштуруу менен алардын колдорунан жаралган эмгектерин көрсөтүү үчүн саякатыбызды уланттык.

Алгач мектебибиздин ичи, тышы менен тааныштырып, окуучуларыбыздын эмнеге жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен “Ордо”, ”тогуз коргоол “, ”беш таш”оюндарын корсотүп, коноктор менен бирдикте ойноп достугубузду чыңдоо, бири-бирибизди жакындан таанышуу эле Китеп каначыбыз Өскөнбаева Жүзум “Табияттын кооздугу “деген темада китептерди, сүрөттөрдү тандап столдун үстүнө жайып, ар кимиси жактырган китептерин тандатып алды. Убакыт берип китепке көз чаптыртты, эмне жөнүндө экенин ой бөлүшүшүп, суроолор берилип турду. Окуучулар ар кандай ойлорду айтышып, билгендеринен мисал келтирип жатышты. Эми окуган китебибиздеги кээ бир көрүнүштү айлыбыздан кезиктиүүгө болорун айтып, саякатыбыз улантылды. . .

Алгач адамды кооздукка бөлөгөн, жыпар жыты менен арбап алган гүлдөр дүйнөсүнөн баштасак деп чечтик да жолго чыктык.

 Өзүнүн затына аты жарашкан Акылай эжебиздин гүлдөр дүйнөсүнө саякатыбызды улантмакпыз. Ар бир гүлү менен сүйлөшүп, анын өсүшү, аты, кооздугу, мекени тууралуу кенен баяндап, гүлдөн энергия алып, ар кандай терс негативдерден алыстап, жан дүйнөсү өзгөруп, жашоого болгон кызыгуу артып, кооздукту кол менен да, эмгек менен да жаратууга болорун билишет.

Андан аркы сапарыбызды керемет Жер энебиз болгон талаага жөнөмөкпүз. Эгин айдоо-байлык айдоо деген кепти далилдөө максатында талаадагы дыйкандын эмгегине көз чаптырып, дастарконубузга береке берген нандын алыс жолдон эмне деген эмгек менен келерин, ага кеткен чыгымдарды эсептеп, маңдай тери менен келген нан даамдуу болорун билишет. Жаз алды менен жерди даярдап, сарагрып көйкөлүп бышканда комбайн менен чаптырып ороолорго толтурганын, тегирменден ун болгонго чейинки аталардын зор эмгеги тууралуу билишет. Андан аркы иштерди апаларыбыз жараткан даамдуу токочторду жасап, көз жоосун алып, ширин тамактарды жаратарын баяндап беришип, ой бөлушушүп, эң негизги байлыгыбыз-нан экенин билдик.

Андан ары Кара –Нар деген жерибизде малдарын жайып жаткан уйчу, койчу, жылкычыларга барып, алар менен маектешмекпиз. Күндун ысык-суугуна карабай малдарды жайып, эттүү багууга аракеттенип жаткан малчыларыбыз буларды айтып беришмекчи. Жазда малды-айдап бак, кышта малды-байлап бак дегендей жайытка көчүп, элибиздин экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуп, накта майлуу сүт алуу үчүн малды оттуу жерге жайыш керек, элибизде айтат го сүт малдын тилинде деп. Мал багуу да бир чон эмгекти талап кылат. Кырыгз эли байыртадан эле мал жандуу калк болгон. Мал багып дасторкону толо тамак болуп, курсактары ток болгон. Уйду эле алалы: сойсо эт болот, терисин ашатып ат жабдыктарын жасашкан. Сүтүнөн май, айран, сүзмө, каймак, курут, камкаймак алышкан. Жылда төлун багып, көбөйтүп сатса акча болорун айтып, породаларына да токтолуп, эмне багытында экенин айтып беришмек.

Ары жакта тигилген боз үйд көздөй сапар алдык, эшиктин алдынан Айша апа бизди тозуп алып, үйгө киргизди. Дасторкон жайып, казанга бышкан ысык, даамдуу нанды жаңы тарткан каймак менен алдыбызга койду. Дасторкондо май, каймак, упталган талкан, бадырак коюп пейлин кенен жайып курсагыбызды тойгузуп, кебин улантты. Боз үй элибизде азыркы учурда көп колдонбой бара жатышат, көбүнчө аш-той болгон учурда гана колдонуп калышты. Мурда ар бир мен кыргызмын деген үйдө боз үй болор эле. Анын жыгачтарын уста жасап чыкса, жаслгаларын уздар коркүно корк кошуп жасап чыгышар эле. Жайлата боз үйдүн жасалгасы менен алышар элек. Азыр даяр килем салып, кийиз жасаганды да унутуп баратышат. Биз бүгун силереге кийиз жасоонун жолун көрсөтүп берели деп, жазында кыркылган койдун жүнүн тазалап, сабап, чийге салынган кара жүндү көрсөтүп, ага кызыл тазыл өңдөгү жүндөн оймо салып, кыздар оймону кооз жүндөр менен толтуруп салып жатышты. Андан соң ага кайнак сууну куюп, чий менен ысуулай ороп, таңып, эркек балдарга ары-бери бир саат тептирди. Бир саат дегенде чийди ачып кыздар өңдөп билекке салып басышты. Кайнак суу куюп бышырып, жайып коюшту. Кийизди ачканда өңү күлмүңдөп, өзүнө гана тартып турду. Айша апа кийиздин жасалышы менен тааныштырып жатып, кышы жылуу, таза, ден соолукка пайдалуу экенин айтып, элибиз илгертеден эле тазалыкты жактырган адам болгонун айтып жатты.

Сапарыбыз алма бакты коздөй уланды. Бийик –бийик бактын көлөкөсүндө арык чаап жаткан багбанчы бизди көрүп, биз тарапка басып калды. Саламдашып жатып суроо узатып калдык, кайсы сорттогу алмалар, аны эмне себептен сугаруу керек, кайсы мезгилде бышарын билүү максатында. Ар бир сорттон алып багып жатамын, жесе витаминге бай жемиш экен. Сактап кышында жесе ден соолукка пайдалуу, кургатса как болуп андан компот жасас болорун айтып, сатса пул, жесе тамак болот экен деп, анын багуу жолдорун айтып жатты. Күзүндө келип түшүмүн теришип, конок болууларын айта кетти. Ооба бул күнүбүздун да сапары карып баратканын сезип, коноктор менен тегерек стол уюштуруп, баарлашып, достук мамилебиз бекемдемек. Конокторубузду чоң жолго узатуу үчүн ат арабага салып, хор ырдап, бири-бирибиздин аты-жөнүбүз, дарегибиз менен алмашып, илгеркиде кат эмес телефон номерлерибиз менен алмашып, достугубузду дагы бекемдемекпиз.

Буга чейин саякат десе чет мамлекттерге, шаарларга чыгып белгилүү, кооз жерлерди көрүү деп гана ой жүгүртсөм, кызыктуу саякат айлыбызда да болорун билдим. Абасы таза, арыкта мөлтүрөп аккан суу, тегерегинде кызыл-тазыл гүлдөр, көк шибер, оттоп жүргөн малдар, ары жагында аппак болгон боз үй. Желеде турган кулундар, сабоодо куюлган кымыз, дегеле айтып, сөз менен жеткире албаган керемет жерибизди баалай билүү ар бирибиздин милдетибиз тура. Аалам айылдан башталат демекчи белгилүү инсандар да айылдан чыккан, айылдын таза абасы менен дем алып, мөлтүр суусу менен сууснун кандырышып, ар тараптан өнүккөн белгилүү инсандар келип чыккан. Акыркы кезде экскурция деген маалымат жок болуп жатат, ар кандай кырсыктардан кийин кыскартуулар болуп, керек болсо өзүбүздөгү байлыктарыбызды да билбей баратканыбыз байкалып турат. Ооба бул жашоодо байлык да керек, ошону менен бирге билим, акыл эң биринчи орунда болуусу керек. Эгерде билимибиз болбосо, жогорудагыдай эмгектер жаралбайт го, ар бир кесиптин артында көзгө көрүнбөгөн, айрым учурда бааланбаган эмгек жатканын түпкүрүбүздө сезип турабыз. Билимдин жардамы менен кызыктуу саякаттан суроолор туулду, ойлор айтылды. Билимибиз болбогондо суроолор мынча көп болмок да эмес, ойлор айтылмак да эмес. Шаардык балдар менен айылдык балдар бири биринен эң жакшы сапаттарды алышып, бири-бирине түзөлүү болуп, достук мамиле чыңалып, түшүнүү менен мамилелер болуп турмак. Балдар бири-бирине үлгү да болуп, алдыдагы, келечектеги биз үмүт кылган бийик жакшылыктарды алып келип Мекенибизди өстүрүшөт болуш керек. Адам канчалык көптү билсе, аны турмушунда колдоно билет деген ойдомун.

Кызыктуу саякаттагы каарманды аарыга окшоштургум келди, аары канчалаган гүлдөрдун ширесин жыйнап, канчалаган чакырым алыстыкта учуп жүрүп келип өзүнүн гана бал челегине балын куят эмеспи, демек биздин кичинекей келечектерибиз да билимге сугарылып, өз мекенине түшүмүн беришсе деген тилегим бар. Саякат алыска, жакынга карабай дээринен да болот болуш керек. Ар бирибиздин саякатыбыз кызыктуу жана байсалдуу болуп, мекенибиз үчүн кызмат кылган, эң негизи адам болууларын тилейт элем.


РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА

Акымбеков Мамат атындагы орто мектеби Чон Кара-Буура айылы,  Кара-Буура району,  Талас обл.

КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

«Элүү жылда эл жаӊы, жүз жылда жер жаӊы» дегендей, улам кийинки ѳсүп келе жаткан жаш муундардын кѳз карашы, дүйнѳ таанымы улуу муун менен такыр дал келбейт. Байкап кѳрсѳк, улам кийинки урпак мурункуларга жакпайт. Байыркы грек ойчулу Платон канча кылым илгери эле «жаштар бузулуп баратат» деп айткан экен. Эгер ал айткандай ошондо эле жаштар бузулуп кетсе, анда бул мезгилге чейин адамдык сапаттан адам баласы эчак эле ажырап калмак. А бирок бул жѳн гана улуу муун менен кийинки муундун коз караштарынын дал келбестигинен айтылган ой экендигин мезгил далилдеп келе жатат. Биздин милдет –ѳсүп келе жаткан жаш муунга сын-пикир айтуу эмес, тескерисинче аларга туура жол кѳрсѳтуп, ата-бабалардан калган мурастар менен тааныштырып, тааныштырып гана койбостон алардын жүрѳгуно жеткирип, кыргыз экендигин сездирүү. Оюмду Түгѳлбай Сыдыкбековдун тѳмѳнкү сѳзү менен тастыктагым келет: «Бабалар ѳтѳгон бардык жакшы иштер аталарга, аталардын ѳтѳгон жакшы иштери балдарга сабак… Ошол жакшы иштерди тануу – колдогу шам чыракты ѳчүрүп, алга карай басуу менен барабар.»

 Шаар мектептеринде окуган кенже класстын окуучулары жогоруда айтылган кѳйгѳйдү чечүү максатында айылга саякатка келишти. Аларды тосуп алып, унутулгус саякат-сабактарды ѳтүү иши мага жүктѳлдү. Мен да абдан толкунданып турдум. Канткенде мен балдардын жүрѳгүнѳжол таап кирип, аларга айыл турмушу, дегеле алар жашаган Кыргызтан алар үчүн ѳтѳ кымбат экенин, жерибиз ата-бабалардын кан-жаны менен энелердин кѳз жашына жуулуп, бүгүнкү күнгѳ жеткенин түшүндуруп бере алам? Мен балдар менен ата-бабалардын ортосуна кѳпүрѳ болуп, эки муунду байланыштыруу кызматында турганымды сездим. Шаар жеринен келген балдарга айылдын кѳз жоосун алып, ѳзүно тарткан кооз жерлерин, жаратылыш кереметтерин, асман тиреген тоолорун, байыркы кыргыздын кѳчмѳн турмушун элестеткен тоо койнундагы жашоосун, маданиятын, кылымдарды карыткан санжыргалуу каада-салттарын, дегеле улуттук баалуулуктарын жакындан тааныштырууну чечтим. Максатым – балдарга китептен, кинодон кѳргѳн-билген маалыматтарын иш жүзүндѳ кѳрсѳтүп, чыныгы кыргыз жыттанган жашоосун жон териси менен сездирүү. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, ааламга жол айылдан башталат эмеспи. Балдардын дүйнѳ таануусуна, чыныгы турмушка даяр болуусуна айыл турмушу чоң мектеп боло алат. Кыргызды бүтүндой ааламга тааныткан Чынгыз Айтматов да кезегинде айылда жашап, айылдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, не бир кыйын күндѳрүн башынан ѳткѳрүп, жыйынтыгында кыргыздын чыныгы жашоосун чыгармаларында чагылдырып, кыргызды дүйнѳ жүзүнѳ аралатты го!

  Ошентип шаардык балдар алыс жол жүрүп, сапардын ысык-суугун баштан кечирип айылыбызга кирип келишти. «Жол азабы –кѳр азабы» дейт эмеспи кыргыздар. Адегенде эле кыргыз салты боюнча аларды тосуп алып, амандашып, ал-жай сурашып, коноктоого ѳттүк. Балдарды кѳркѳмдѳлүп тигилген боз үйгѳ киргизип, дасторконго отургуздук. Айылдын кадырлуу аксакалдары, нарктуу байбичелер тѳрдү ээлешсе, кичинекей конокторубуз алардан кийинки орунга жайланышты. Кыргызда кой, жылкы эти,сүт азыктары, камыр азыктары жок бир да дасторкон жайылбайт. Аларды даярдоо бир катар кызыктуу салттар менен коштолот. Улуулар дасторкондон биринчи ооз тийип, андан соң конокторбузду даам таттырууга ѳттүк. Аксакалдар менен дасторкон үстүндо жолуктуруунун да, албетте, ѳзүнүн мааниси бар. «Бабаң кыргыз кеп айткан, балдарга жуксун деп айткан», «Баба сѳзү – улуу сѳз,» «Ата-бабанын аманатын туталык» дешет элибизде. Байыртадан элибиздин салтында сѳздѳн курч, сѳздѳн ыйык курал болгон эмес. Ооба кадырман кыргыз эли эзелтеден эле жерден боорун которгондон тартып, баласын атка ѳңѳрүп, улуулардын сѳзүнуккан, тоо суусундай ташыган ырчылардын ырын уккан, сынчылардын сырдуу сѳзүн, кѳрѳгѳч кѳсѳмдѳрдүн келечек кѳчүн уккан, эл кыдырып, жер кѳрсүн деп жанында алып жүрүшкѳн. Дасторкон устундо маектешип, не бир баалуу тарбиялык сааттар ѳтүлгѳн. Ошондой эле дасторкон устундо тамактануу адеби: улуулардан биринчи кол сунбоо, быссымылланы айтып, нандан биринчи ооз тийүү, тамак келгенде жашына, жолуна карата устукан алуу, кичүүлор улууга эт туурап бериши сыяктуу салттар сакталат. Бул да ѳзунчѳ тарбия. Тамактан соң колго суу куюлуп, бата алуу салты бар. «Бата менен эл кѳгѳрѳт, жамгыр менен жер кѳгѳрѳт,» «Атаңдан бото калбасын, бата калсын» деп байыркы кыргыз элинде батага абдан терең маани беришкен. Уул- кызын бата алууга дилгир чоңойтуп, батанын баасын акыл-эсине кыттай уютушкан. Бала-чакасы, небере-чѳбѳрѳ, укум-тукумуна чейин бата алып берүүго умтулушкан. Анын кубаты ушунчалык, болбосту болтурат, ар тилек, ой- максаттарды орундатат. Баланча мага бата берген деп жүрѳгүно тѳтѳк кылып, кубат алышкан. «Манас» эпосунда Каныкей энебиз Кошой абадан бата алып, Семетей «батадан бүткѳн бала» делип айтылат эмеспи.

Ошентип конокторум дасторкон үстүндѳ санжыра сѳздѳн угуп, ѳздѳрүн тааныштырып, ата-тегин сүрүштүрүп, тегиң ким? Кайсы уруудан экендиги маанилуу экендигин билип, бата алып чыгышты. Андан соң, мектептин тарыхы, мектептин ысымын алып жүргѳн Мамат Акымбековдун ѳмүр жолу менен таанышып, ѳрнѳктүү ѳмүр сүргѳн адамдардын аты унутулбай, сакталып каларына ынанышты. Мектеп ичиндеги «Край таануу» музейи, анын ииндеги илгерки жаргылчак, соку, сок билек, туулга ж.б буюмдар,сүрѳттѳр аларга ѳзгѳчѳ таасир калтырды. Аларды карап туруп, чыныгы кѳчмѳн турмушту кѳрсѳткүм келди.

 Тоонун таза абасынан кере жыттап, ат жалында ойнобогон кыргыз кыргыз болобу? Кичи мекенибиз Чон Кара-Бууранын Кара –Буура ѳзѳнү менен бойлоп, тоону коздой бет алдык. Тоодо келген конокторго ыңгайлуу шартты түзүп, боз үйүн тигип,бээ саап, кымыз жасаган,сүт азыктарынан жасалган курут, май,сүзмѳ менен ѳткѳн-кеткенди ыраазы кылган айылдашыбыз бар . Балдар ал жактан жылкы баласын жакындан таанып, аттын токулгасы, ат жабдыктар тууралу маалымат алышып, ѳз колдору менен кармалап кѳрүп, табигый жерлерди ат минип кыдырууга мүмкүндүк алышты жана бээ сүтүнүн пайдалуулугу жонундо коп нерселерди билишти. Кыргыздар кымызды дарылык касиетке ээ, жүзгѳ кызыл жүгүртүп, денеге күч-кубат берген улуттук суусундук катары илгертеден барктап-баалап келгендиги айтылды. Салт катары саламаттык үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат. Бээнин сүтү ирибейт. Сүт болжол менен бишкек менен 700-1000 ирет бышылат. Элибизде бээ байлаган үйгѳ кайрылбай кетүү баба салтын билбегендик болот. Кулундар байланган желени аттоого болбойт. Анткени кымыздын башаты желеден болот деп кадырлуу чон апа божурап, балдарга түшүндурүп жатты. Балдар кымыз жасоонун ыкмалары менен таанышып жатышты. Саалган сүттү кымызга айланткан азык- кѳрѳңгѳ, кымыз жасоодо колдонулган буюмдар: чанач, кѳнѳчѳк, сабаа, бишкек, кѳѳкѳрду кѳрүшүп, кызыгуулары артты. Ал тургай бишкек менен кымызды бышууга да катышышты. Кымыз канчалык кѳп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү, даамдуу болот. Ал 8-10 саатта жетилет. Бул маалыматтардын баары балдар үчүн жаңылык болду. Алардын лексикасына ууз кымыз, гүл кымыз, сѳѳк кымыз, шырылдаң деген сѳздѳр кирип, башка дйнѳдѳ жүрүшкѳндѳй сезишти. Алар күндѳ ичип жүргѳн кока кола, дюшес жана башка суусундуктардын жанында кымыздын касиетин: иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганын угушканда абдан таасирленишти.

 Кыргыздын акылмандыгын, илгерки ата-бабабыз математик, архитектор, чебер уста экендигин далилдеген дагы бир буюм – боз үй эмеспи. Балдар боз үй тууралу билишет,сүрѳтүн, майрамдарда аянтта тигилип турган жумурткадай үйлѳрдү кѳрүшкѳн. А бирок мен аларга боз үйдүн сыртынан эле тааныштырбастан, анын ар бир жыгачын, аталышын, жасалышын кѳрсѳткүм келди. Аларга кереге,уук, түндүк, бакан, босого таяк, боз үйдү калкалоочу чий, кийиздери: үзүк, туурдук, тундук жабуулары, алардын ар биринин кызматы менен тааныштырдым. Андан кийин айылдын улан, кыз-келиндери боз үйдү кѳтѳрүшүп жиберишти. Менин негизги максатым жѳн гана аталышын айтуу эмес, кыргыздын кандай акылдуу экенин аларга жеткирип, кыргыз экенине сыймыктануу сезимин ойготуу болду.

 Мындан тышкары айылда салбуурун, аңчылык менен алектенген аталарыбыз, эр кѳкүрѳк жигиттерибиз бар. Алар менен жолуктуруп, кыргыздын табият, жаратылыш, жан-жаныбарлар менен жакындыгын жеткирүүну кааладым. Биз саякатыбызды улантып, мүнүшкѳрлѳргѳ да келип жеттик. Илгертен кыргыз бабабыз ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ууга ээрчитип чыгышканы белгилүүго. А бирок кушту колго кондуруп, жаныбарларга салуудан мурун аны таптоо иши жеткен чыдамкайлыкты, эрдикти, сабырдуулкту, эпчилдикти, билимди талап кылган. Кудайга шугур, бул онор да унутта калбай, азыркы кундо айылдаштармдын арасында айрымдары улантып, элимдин колу кур эмес. Тайган агытып, куш салгандар жыл сайын «Салбуурун» федерациясы уюштурган фестивалга барып турушарын билем. Балдар кызыгып куш салуу ѳнѳрү тууралу сурап жиберишти. Томого, үндѳк, тапка келтируу деген сѳздѳр да аларга жаңылык болду. Эң мыкты деген арабдар, түркмѳндѳр, казактар биздин куштарга, тайгандарыбызга кызыгат. Биздики баарынан мыкты, тайгандарыбыз таза кандуу дегенди укканда кѳздѳрү жайнап, сыймыктануусезимин байкадым. Ошондой эле аңчылыктын да чеги болот, кыргыздар эч качан аша чаппай, жаныбарлардын тукум курут болбоосуна да кам кѳрүшкѳн. Эгерде ким чектен чыкса,табият аны ѳзү жазалайт деген ишеним болгон. Бул ишеним «Кожожаш» ,«Карагул ботом» дастандары менен жеткирилген.

 Эл кѳрүү, жер кѳрүү максатында келген меймандарыма мектеп ичиндеги улуттук тарыхый-маданий мааниси бар кооз жерлерибиздин сүрѳттѳрун, маалыматтарын кѳрсѳттүм. Кыргыз элинин ыйык сырлары сакталган жайы – «Манас Ордого» алып барууну милдетим деп билдим. Бул жер жѳнүндѳ кѳптѳгѳн уламыштарды жергиликтүү эл шыктануу менен айтышат. «Алыстан келген адамдар, кеткиси келбейт Таластан » деп «Таласым» ырында айтылгандай, Манас Ордонун кооздугу, байыркыны элестеткен сырдуу кумбоздор, таш мололор, кароол чокуга чыгуу катуу таасир калтырды. Балдар Манастын күмбѳзүнѳн Манас атага, кырк чорого жолуккандай денеге энергия, руханий азык алышып байыркы доордон жаңы доорго чыккандай элес калтырышты.

Сапарыбыз андан ары уланып Чынгыз атабыздын кичи мекени Шекерге жол тарттык. Бул сапар да балдар учун маанилүү эле. Ааламды дүнгүрѳткѳн атактуу жазуучунун айылы ар бир кыргызга кызык эмеспи. Башкасын айтпасам да алар окуган Бугу эне, киносун кѳргѳн Акбара менен Ташчайнар, Акбаранын Кенжешти уурдап качып баратканы кѳз алдында элестеп баратканын сезип турдум. Алар ѳздѳрү да Кенжештей таза, баео балдар эмеспи. Ооба, биз түшүп, Чынгыз атанын музейин, Чынгыз Айтматов балалыгында атасы жоктуктун азабын тартып, бугун чыгара ыйлаган булакты кѳрдүк. Жердештери аны «Чынгыз булак» деп аташып коюшкан. Биздин саякатыбыз аягына чыгып баратты.

 Балдар менен жүрүп, биздин ар бир жасаган ишибиз, ѳзүбүздѳн кийинки муундарга тарых болуп каларына дагы бир жолу ынандым. Мугалимдик кесип бул жѳн гана маалымат беруу менен чектелбейт, ал — муундар ортосундагы кѳпүрѳ, ал – тарыхчы, ал — балдарга үлгү болуучу адам. «Тарыхты танганың – тамырсыз калганың» деген сѳз биздин мугалимдик ишибизди ого бетер жооптуу кылып турат. Бул саякатта озум да балдар менен кошо байыркы кыргызга бир кайрылып, акылман элибиздин дүйнѳсүн аралап чыккандай болдум. Жоопкерилигим ого бетер артты. Колдо болгон ушул баалуулуктарыбызды, кол ѳнѳрчулугүбүз, мергенчилик, мүнүшкѳрлук, тамак- ашыбыз, салтыбызды жайылтууну биринчи милдетке чыгаруу керек экенин түшүндүм. Азыркы ааламдашуу заманында канчалык биз балдарыбызга кѳнүл бурбаган сайын, балдар ошончолук тарыхтан алыстап, ѳз тегин билбей, салтын сактабай маңкуртка айланары айдан ачык. Ал эми салттан алыстаган соң улуттук тилибиздин скелети гана калып, түп нускасы жоголот.Улуттук тилибизди жоготуп алсак, улут болуудан калабыз. Ошондуктан улутубуздун унгусу болгон баалуулуктарыбызды жѳн гана сабагыбызда кургак сѳз менен тааныштырып тим болбой, күнүмдүк турмушубузга киргизип, колодонуп, балдарыбызга ѳткѳрүүкерек. Кечки тамак үстүндѳ тарбия берүү ыкмасын ата-энелерге эскертип, этнопедагогиканы жайылтуубуз зарыл. Баарыбыз жалпы аракет кылсак, жыйынтык чыгарына ишенем. Кол бир тамырдан , күү бир кайрыктан чертилет, кылым бир күндѳн куралат эмеспи.


Читать по теме:

ПЕРВЫЙ ТУР КОНКУРСА 2019 ГОДА ЗАВЕРШЕН. О ТЕМЕ, ОБ УЧАСТНИКАХ И ФИНАЛИСТАХ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *