CONTEST DIARY

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН 7-ЖОЛУ ӨТҮП ЖАТКАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНА ЧАКЫРАБЫЗ

Сиз алдын-ала таанышып алууңуз үчүн иш-чаранын 2018-Программасын жарыялайбыз.


СЫНАКТЫН ЖАНА САЛТАНАТТЫН ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨӨ

Сиз мектеп босогосун жаңы аттаган биздин балдарыбызды кабыл алышкан мугалимдер өз кесиби жөнүндө эмне ойлошору жөнүндө билгиңиз келеби? Биздин келечегибиздин пайдубалын куруучу-мугалимдер кандай болушат? Балдарыбыз аттарын өмүр бою эстеринде сактап калуучу адамдар кимдер?

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 7-жолу өткөрүп жаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагына келиңиз.

Биз сизди мугалимдер, окутуучулар, билим берүү системасынын адистери, окуучулардын ата-энелери жана жалпы эле бул темага кызыкдар болгондор үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаранын мейманы катары көрүүгө кубанычта болобуз.

 

 

Сизди

15-сентябрда, ишемби күнү И.Арабаев атындагы университеттин жыйындар залында 10:30да

күтөбүз.

Каалоочуларга эшик ачык. Келиңиз, абдан кызыктуу болот!

 

 

 

 

 

 

 

 


Author
Асел Даниярова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *