ABOUT THE URBAN ENVIRONMENT

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖМКЛАРЫНА КАЙРЫЛУУ: КӨЧӨЛӨРҮН БАШКАЧА АТООГО КАРШЫ!

БИШКЕКТИН ТУРГУНДАРЫ БИШКЕКТЕГИ ШАБДАН-БААТЫР ЖАНА ЧҮЙ ПРОСПЕКТИСИН БАШКАЧА АТООГО КАРШЫ!
Бишкек шаардык кеңешине жана Кыргызстандын ЖМКларына кайрылуу

16-февралда Бишкек шаардык кеңешинин сайтында Шабдан-баатыр көчөсүн – 7-апрель көчөсүнө алмаштырып, Чүй проспектисинин түштүк бөлүгүнө Шабдан-баатырдын ысмын ыйгаруу жөнүндө токтомдун долбоору жарыяланган эле.

Мен мындай алмаштырууга каршымын. Каршы болгон жеке эле мен эмес. 18-мартта шаардык кеңештин сайтына bishkek.gorkenesh@gmail.com электрондук дарек боюнча “КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР – БОРБОР КАЛААБЫЗДЫН КӨЧӨЛӨРҮНҮН АТЫН АЛМАШТЫРУУГА ЖАРЫЯЛАНГАН МОРАТОРИЙДИН УЗАРТЫШЫН КААЛАШАТ” деген аталыштагы ПЕТИЦИЯ жөнөткөм.

ЖМК маалыматтарынан белгилүү болгондой, шаардык кеңеш 19-мартта Бишкектин көчөлөрүнүн атын алмаштырууга каршы жарыяланган мораторийди узартуу жөнүндө чечим кабыл алынса да, бул эки көчөнүн аталышын өзгөртөт деген пикирлер айтылууда. Андыктан мораторийди узартуу жөнүндө чечимдин бар экендигине карабай, петицияда сөз болуп жаткан эки көчөнүн аталыштары өзгөрүп кетүү коркунучунда турат.

Петицияда мындай деп белгиленет:

“…биз баш калаанын борбор көчөсү – Чүй проспектисинин жана жаңыдан эле көнө баштаган Шабдан-баатыр атындагы магистраль көчөнүн аттарын алмаштырууга каршыбыз!”

Шабдан-баатыр көчөсүнүн жана Чүй проспектисинин аталыштарын өзгөртүүгө КАРШЫБЫЗ ЖАНА МОРАТОРИЙДИ КОЛДОЙБУЗ деген кайрылуу жазылып жаткан учурда 720 адам добуш берген, алардын катарында Кыргызстандын өтө белгилүү инсандары жана карапайым адамдар да бар. Бул иш-чара кеңири жарыяланбаса да, кол коюу процесси азыр да уланууда.

Мен, жеке эле мен эмес, мени менен бирге Бишкектин башка тургундарынын баары бул эки көчөнүн аталыштарын өзгөртүүгө каршыбыз!

  • Борбор калаабызга жакында эле ыйгарылган аталыштарды алмаштырып, баш чаташтыруунун зарылдыгы жок деп ойлойм. Шабдан-баатыр көчөсүнүн сунушталган вариантында баары 90 градуска “бурулат” – азыркы ушундай эле аталышка перпендикулярдуу болот. Менин ушундай пикирим үчүн өзгөртүү демилгесин көтөрүп аткандар мени кечирип коюшсун, бирок менин жеке пикиримде, шаар тургундарынын жана меймандардын баштарын атайлап эле айлантуу аракети болуп жаткандай.
  • Чүй проспектисин шаардык бийлик буга чейин 5 жолу алмаштырган, тагыраак айтканда, буга чейин бул көчө 6 ар түрдүү аталыштарга ээ болгон! Купеческая көчөсү – Гражданская көчөсү – Сталин көчөсү – ХХII партсъезд көчөсү – Ленин проспектиси – Чүй проспектиси! Шабдан-баатыр көчөсүн да бир нече жолу алмаштырышкан: Верненская – Алма-Атинская – Шабдан-баатыр. Эки көчө үчүн ушул эле жетиштүү деп ойлойм.
  • Шабдан баатыр көчөсүндө 7-апрель окуясын эскерүү (демилгечилердин идеясы ошол көчөгө байланыштуу болсо керек, бирок шаарыбыздын борбор аянтында эстелик тургузулбады беле) үчүн эстелик ташын тургузуп, анын бетине жакшынакай кылып Апрель баатырларынын ысымдарын чегерип, дагы бир сквер түзүп, ал жерге шаарыбызда тартыш болуп жаткан отургучтарды орнотуп, фонтан куруп же болбосо имараттардын бирине мозаикалык панно түшүрүп, бак-дарактарды отургузуп, баатырлардын аллеясын түзүү жолу менен, ары пайдалуу да, ары унутулгус кылып алсак неге болбосун?!
  • Бишкектин көчөлөрүн башкача атоого тыюу салынган мораторийди алып салууга ынанымдуу эч кандай аргументтер (эл алдында) айтылган жок. Мораторий деген – бул кандайдыр бир процессти, иш аракетти токтотуп туруу, мөөнөтүн узартуу дегенди билдирет эмеспи. Бул термин эч кандай алып таштоо дегенди билдирбейт!
  • Бишкек шаарынын көпчүлүк тургундары өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы тымызын саясий тирешүү көйгөйү бар экендигин жакшы билишет. Азыркы учурда белгилүү бир стабилдүүлүк орноду. Бул стабилдүүлүктүн айкын үлгүсүн мурунку Алма-Ата көчөсүнүн азыркы аталышынан көрүүгө болот: Түштүктөн чыккан көсөм Курманжан-датканын ысымы шаарыбыздын түндүк тарабына көрк кошуп, колдоп турса, түндүктөн чыккан эл башчы Шабдан-баатыр шаарыбызды түштүк жагынан колдоп, коргоп тургандай туюлат. Эки көсөмдүн ысымдары болжол менен борборубуздун так ортосунан кезигишет. Эгерде бул аталыштарды өзгөртсөк, анда Шабдан-баатыр көчөсү Курманжан-датка көчөсүнө жетпей “жүзүн буруп” кетет. Баатырдын ысымын алып жүргөн көчөнүн узундугу эки эсе кыскарат да, ТЭЦти бойлой кетет, башкача айтканда, ал жерден эч ким баспайт. Ушунун өзү коомчулуктун бүйрүн козгоп, тынчын алууга себепчи болуп жаткан жокпу?

Петицияга кол коюп, ой-пикирлерин жазгандардын басымдуу көпчүлүгүнөн маалым болгондой, шаар тургундары азыркы аталыштарын эле калтырууну каалашат. Алар ат алмашуудан эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын, көчөлөрдүн аталыштарын өзгөрткөнгө каражат жумшаганча, ал акчаларды шаарды көрктөндүрүү, жакшыртуу боюнча толгон-токой иш-чараларга жумшоону артык көрүшөрүн билдиришет.

Петиция жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары кабардар болушу үчүн, ушул кайрылуумду ЖМК беттерине жарыялоону өтүнөм.

Депутаттар петицияга кол коюшкан шаар тургундарынын ой-пикирлерин эстерине алышып, Чүй проспектисин жана Шабдан-баатыр көчөсүнүн аталыштарын мурдагыдай эле аталышта калтырып коюшса деген пикиримди билдирем.

Петицияга шилтеме: БАШКАЧА АТООГО КАРШЫ ПЕТИЦИЯ

 

 


Author
Асел Даниярова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *