ШААРДЫК КЕҢЕШКЕ КАЙРЫЛУУ: БИШКЕКТИН КӨЧӨЛӨРҮНҮН АТАЛЫШТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫБЫЗ! МЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫМЫН?

25.03.2018-ж. Бишкек шаардык кеңешке жана ЖМКларга Шабдан баатыр көчөсүн жана Чүй проспектисин башкача атоого каршы экендигибиз тууралуу кайрылуу жөнөтүлдү. Көчө аттарын эмне үчүн алмаштырууга болбостугу боюнча келтирилген АРГУМЕНТТЕРди «БИЗДИН ШААРЫБЫЗ БИШКЕК» рубрикасынан — КАЙРЫЛУУ ТЕКСТИ менен тааныша аласыздар. Андан мурдараак, т.а. 18-апрелде «Кыргызстандыктар борбор калаабыздын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүүгө киргизилген мораторийдин узартылышын каалашат» деген темада электрондук […]

Толугу менен...

КЕРЕГЕ КЕҢЕШ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ»

Төмөндө Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунда Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган кереге кеңештин программасын жарыялайбыз. Иш-чара 18.01.2018-жылы саат 10:00 башталат. Кереге кеңештин резолюциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду Санжарбек Данияровдун коомдук фонду Ж.Баласагын […]

Толугу менен...

ФОНДДУН НЕГИЗДӨӨЧҮНҮН ЮБИЛЕЙИ ЖАНА КУТТУКТООЛОР ЖӨНҮНДӨ

Фонддун негиздөөчүнүн жана директорунун сайттын окурмандарына кайрылуусу Урматтуу менин досторум! Жаңырган 2018-жылы, жакында менин юбилейим болот. Араңыздарда мага куттуктоо сөздөрүн арнагысы келгендер арбын экенин билем, ал мен үчүн өтө жагымдуу. Бул датаны кыргыздын мыкты салттарынын коштоосунда белгилейин деген оюм бар, бирок так ошол күнү эмес, жылдын ортосуна жылдырып белгилейин деп турам. Туулган күнүмдө кабыл алчу […]

Толугу менен...

ДОСТОР! ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

​Достор, Жаңы жылыңыздар менен! 2018-жылды үй-бүлөңүздөрдүн курчоосунда, көңүлүңүз сүйгөн адамдар менен тосушуңуздарды каалайм! Жаңы жылда үй-бүлөңүздөрдө, жакындарыңыздарда жагымдуу жаңылыктар арбын болуп, жаман илдеттерден алыс болуңуздар. Дайыма мээримдүү адамдардын курчоосунда жүрүңүздөр! Жаңырган жылда жан дүйнөңүздү байыткан кызыктуу китеп, спектакль, музыка, кино жана саякаттар көп болсун! Баарыбызды бакубат жашоо, ийгиликтер коштоп жүрсүн! Асел Даниярова, Фонддун негиздөөчү жана […]

Толугу менен...

А.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КИТЕПКАНАДАГЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ 29.03.2017

СҮРӨТАЛЬБОМ. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада классик акын, драматург, котормочу ЖУСУП ТУРУСБЕКОВго арналган “Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” деп аталган кече өттү.  Ал кечеден даярдалган сүрөтбаяндаманы жарыялайбыз. Бул жолугушуу аябай кызыктуу, мазмундуу жана эркин формада өттү. Ал тууралуу кыскача баянды Маданий турмуш => Китепканалар жана Адамдар => Кыргызстан инсандары. Жусуп деген баракчадан окуй аласыздар.

Толугу менен...

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН КИТЕПТЕРИН КИТЕПКАНАЛАРГА ЖАНА Ж.ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БЕРДИК.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Фонд “ЖУСУП. ТАНДАЛМА ЧЫГАРМАЛАР” китебин 900 нускада басып чыгарды. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша нускасын көбөйтө бермекчибиз. Кыргызстанда 2 200 мектеп жана 1 000 китепкана бар, биздин максатыбыз – бардык мектептерди, китепканаларды жана окурмандарды Жусуптун китеби менен камсыздоо.   КИТЕПТИ БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛОО.  СИЗ АЛ КИТЕПТИ АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? БАСМА СӨЗ БЕТТЕРИНДЕ ЖАРЫЯЛАНГАН МАКАЛАЛАР: УЛУТТУК КИТЕПКАНАНЫН сайтында (орус тилинде) МАДАНИЯТ. […]

Толугу менен...

“МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНА КАТЫШКАН БАЛДАР ӨЗДӨРҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН САНЖЫРАСЫН ТҮЗҮШКӨН

СҮРӨТАЛЬБОМ. Балдар өздөрү жазган дил баяндарды үй-бүлөлүк санжырасынын сүрөттөрү менен кооздошкон. Баарынан кызыгы, урук-туугандарынын же болбосо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү дарактын мөмөсүнүн ичинде жайгаштырылган. Же дагы бир мисал, улуу муундар дарактын тамырында орун алса, андан тараган кийинки муундар – сабактарында жана дарактын учтарында жайгашкан. Балдардын эч кимиси ал даракта өзүн көргөзбөгөнүн да белгилеп койсок болот, тааныштыгы […]

Толугу менен...

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылдын 9-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан мектептердин окуучуларын, алардын ата-энелерин, мугалимдерди чогулткан аябай кызыктуу окуя болду!  Ага Бишкек шаарынан калыстар тобунун мүчөлөрү барышты, калыстар тобунун мүчөлөрү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын калыс баалагандар экенин эсиңиздерге сала кетели. Сыйлоо салтанаты Шабдан айылындагы БИЛИМКАНА мектебинде өттү. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Улуттук паркы, тоо койнуна куп жарашкан жаңы мектептин имараты, андагы кубанычтуу […]

Толугу менен...

МОСКВА ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН КИЧИНЕКЕЙ ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИН РАЙОНУНУН КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНА ТАРТУУЛАГАН БЕЛЕГИНЕ ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ

Китеп тартуулаган адамдар биздин өтүнүчүбүз боюнча түрдүү каалоо-тилектерин жазышат. Москвалык окуучу Иван мына мындай татынакай каалоолорун жазган.   ИВАН ЛОГАЧЕВДУН ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ СҮРӨТАЛЬБОМ: КИТЕПКАНА. КЕМИН

Толугу менен...

КИТЕПКАНА ҮЧҮН КИТЕП АЛЫП БАРДЫК. КЕМИН. КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Жаздын жагымдуу күндөрүнүн биринде Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы мектептин китепканасына алыскы досторубуз, негизинен, москвалык досторубуз тартуулаган алгачкы 100 даана китепти жеткирип бардык. Бул 2011-жылдын 22-апрели болчу. Биз балдар китеп окугус келерин байкадык. Ата-энелер, мугалимдер, деги эле баарыбыз балдардын китеп окууга ышкыбоздугун арттыруу үчүн жалпылап аракеттенишибиз керек деп ойлойбуз. Китептериңиз менен бөлүшүңүз! Ал үчүн бизге […]

Толугу менен...