БАРДЫК АЙЫМДАРДЫ ЖАНА МЫРЗАЛАРДЫ 8 МАРТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН!

Кыргызстан, Казакстан,  Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдө жашаган урматтуу менин досторум! Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык айымдарды жана мырзаларды 8 МАРТ — АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ МЕНЕН чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Мен биздин өлкөдөгү аялзаты менен эркектердин бирдей тандоо укугуна ээ болушу, билим алууга тең укуктуу болушу, эмгектенүүгө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу […]

Толугу менен...

ЖАҢЫ 2020 ЖЫЛЫҢЫЗ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН!

УРМАТТУУ ДОСТОР! Сиздерди Санжарбек Данияровдун Фондунун жана өзүмдүн атымдан менин эң сүйүктүү Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын! Эмнеге бул майрамды жакшы көрөм? Анткени бул майрамда эч кандай саясий, диний, идеологиялык мааниси жок! Бул майрам – өмүрүбүздөгү жаңы үмүт! Салт боюнча биз аны өзүбүздүн эң жакын жана кымбат адамдарыбыз менен, үй-бүлөбүз менен тособуз! Көп адамдар адаттагы […]

Толугу менен...

ЖАҢЫ 2019 ЖЫЛЫҢЫЗ МЕНЕН!

                      Кымбаттуу достор! Силерди өзүмдүн жана Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан жаңы 2019-жылыңыз менен куттуктаймын! Эч качан сыркоолобой, дайыма сак саламатта жүрүңүз! Келаткан жылы өзүңүз каалаган ой-тилектериңиздин баарын тартынбай  ишке ашырыңыз, саякатка чыгыңыз, кызыктуу китептерди окуңуз, анан эң башкысы — биз менен бөлүшкөндү эсиңизден чыгарбаңыз! Табитиңиз […]

Толугу менен...

САЙТТЫН МЕЙМАНДАРЫНА ФОНДДУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ. №2 КАТ

Сиздер менен Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан амандашып жатканыма курсантмын! Сайттын таратууларына (рассылкаларына) жазылгандар 2017-жылдын аягынан бери кат-кабар алыша элек. Ушул мезгил аралыгында көптөгөн жаңылыктар болду. Алардын негизгилерин кыскача кыстарууга аракеттенебиз. Сизди кызыктырган рубриканын барактарын дароо барактоого же жаңылыктар менен өз иретинде таанышууга чакырамын (Окурмандар бул жаңылыктарды– кээ бир рубрикалардын жаңылыктары жөнүндө кыскача маалыматтык каттарды өз-өзүнчө […]

Толугу менен...

БИЗДИН САЙТТАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР ТАРКАТМАСЫНА ЖАЗЫЛГАН ТАРЫХЧЫЛАРГА. № 1 КАТ. 1916-ЖЫЛЫ ЖӨНҮНДӨ. АПРЕЛЬ 2018

Бул катты сайттын бизге мурда белгилүү болгон — тарыхчы, же 1916-жылдагы окуяларга кызыккан окурмандарына арнайбыз. Каттарды окурмандардын жеке электрондук дарегине жөнөтөбүз. Бул темага кызыккан, бирок жазыла электер үчүн биз ушул жерде таркатмадагы катты жарыялайбыз. Биздин сайттагы 1916-жылдын темасына арналган рубрикалардын материалдары азырынча орус тилинде гана болгондуктан, биз таркатманын да орус тилиндеги версиясы менен чектелдик.  Приветствую […]

Толугу менен...

ШААРДЫК КЕҢЕШКЕ КАЙРЫЛУУ: БИШКЕКТИН КӨЧӨЛӨРҮНҮН АТАЛЫШТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫБЫЗ! МЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫМЫН?

25.03.2018-ж. Бишкек шаардык кеңешке жана ЖМКларга Шабдан баатыр көчөсүн жана Чүй проспектисин башкача атоого каршы экендигибиз тууралуу кайрылуу жөнөтүлдү. Көчө аттарын эмне үчүн алмаштырууга болбостугу боюнча келтирилген АРГУМЕНТТЕРди «БИЗДИН ШААРЫБЫЗ БИШКЕК» рубрикасынан — КАЙРЫЛУУ ТЕКСТИ менен тааныша аласыздар. Андан мурдараак, т.а. 18-апрелде «Кыргызстандыктар борбор калаабыздын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүүгө киргизилген мораторийдин узартылышын каалашат» деген темада электрондук […]

Толугу менен...

КЕРЕГЕ КЕҢЕШ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫНДА: БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ»

Төмөндө Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунда Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган кереге кеңештин программасын жарыялайбыз. Иш-чара 18.01.2018-жылы саат 10:00 башталат. Кереге кеңештин резолюциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду Санжарбек Данияровдун коомдук фонду Ж.Баласагын […]

Толугу менен...

ФОНДДУН НЕГИЗДӨӨЧҮНҮН ЮБИЛЕЙИ ЖАНА КУТТУКТООЛОР ЖӨНҮНДӨ

Фонддун негиздөөчүнүн жана директорунун сайттын окурмандарына кайрылуусу Урматтуу менин досторум! Жаңырган 2018-жылы, жакында менин юбилейим болот. Араңыздарда мага куттуктоо сөздөрүн арнагысы келгендер арбын экенин билем, ал мен үчүн өтө жагымдуу. Бул датаны кыргыздын мыкты салттарынын коштоосунда белгилейин деген оюм бар, бирок так ошол күнү эмес, жылдын ортосуна жылдырып белгилейин деп турам. Туулган күнүмдө кабыл алчу […]

Толугу менен...

ДОСТОР! ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

​Достор, Жаңы жылыңыздар менен! 2018-жылды үй-бүлөңүздөрдүн курчоосунда, көңүлүңүз сүйгөн адамдар менен тосушуңуздарды каалайм! Жаңы жылда үй-бүлөңүздөрдө, жакындарыңыздарда жагымдуу жаңылыктар арбын болуп, жаман илдеттерден алыс болуңуздар. Дайыма мээримдүү адамдардын курчоосунда жүрүңүздөр! Жаңырган жылда жан дүйнөңүздү байыткан кызыктуу китеп, спектакль, музыка, кино жана саякаттар көп болсун! Баарыбызды бакубат жашоо, ийгиликтер коштоп жүрсүн! Асел Даниярова, Фонддун негиздөөчү жана […]

Толугу менен...