ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

АРДАКТУУ ДОСТОРУМДУ ЖАНА БАРЫҢЫЗДАРДЫ  МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ МАЙРАМЫМ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!

Ардактуу достор!

Мен сиздерди жеке өзүмдүн жана Санжарбек Данияровдун фондунун атынан келаткан жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Мен эч кандай саясий да, диний жана динге каршы да маани-маңызы жок болгону үчүн бул майрамды жакшы көрөмүн. Бул майрамда эч бир жасалмалуулук жок, ал конкреттүү бирөөгө же конкреттүү кандайдыр бир окуяга тиешелүү эмес. Менимче, бул жакынкы жаркын келечекке чексиз үмүт байлаган майрам. Балдар да, чоңдор да бирдей кубанычтуу окуянын болушун күтөт жана ага ишенет.

Мен сиздерге адаттагыдай эле ошондой кубанычтуу күтүүлөргө жык толгон сезимдер менен ушул жаңы жылды тосуп алууңуздарга тилектешмин! Сиздердин ошол аруу тилектериңиздер жаңы жыл жаңыдан босогону аттап кирип келгенден баштап аткарыла беришин каалаймын! Ал сыйкырлуу Аяз Атанын эле жардамы менен эмес, өзүңүздөрдүн да ниет-тилектериңиздер аркылуу ишке ашсын!

2022-жылы дүйнө жүзүн каптаган пандемиянын кесепетинен дээрлик эки жылдай кептелген чектөөлөрдөн кийин эсибизге жакшы келе электе, каардуу согуш, согуштук аракеттер жөнүндө кайгылуу кабар тарады. Кыргызстандагы саясий кырдаал деле чеке жылытарлык эмес. Арийне, жашоо турмуш уланууда, мен сиздер сыяктуу эле бизди алдыда жагымдуу глобалдык жаңылыктар күтүп турганына ишенемин, ал эми биздин жеке өзүбүз жаратуучу жаңылыктар өзүбүздүн гана колубузда эмеспи?

Сак саламатта, эркиндиктин, чыгармачылыктын чексиз эргүүсүндө болуңуздар!


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Жакында мен сиздерге Фондубуз жана өткөн жыл тууралуу айтып берем!


Автору
Асел Даниярова

Один комментарий на “АРДАКТУУ ДОСТОРУМДУ ЖАНА БАРЫҢЫЗДАРДЫ  МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ МАЙРАМЫМ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!

  1. Жаны жыл жагымындан кагылды,
    Жакпаса сени эмнеге сагынайын.
    Эски жыл элден кетип озун келдин,
    Жаны жыл мээрим куткон биринчи айым.

    Асель Санжарбековна жаны жылыныздар менен куттуктайм.

Таалайбек - пикир кошуу Отменить ответ

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *