АГАРТУУЧУЛАР

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?

Макалабызды кыргыздын чыгаан агартуучусу, мамлекетибиздин “негиздөөчү аталарынын” бири Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арнайбыз.

Бул макала да мурункудай эле кыргыздын туңгуч басма китеби болгон Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы, Хафиз Сарсекеевдин «Алип бээ жаки төтө окуу» китебине арналат. Ал Шарк басмаканасында, Уфада, 1911-жылы жарык көргөн. Аталган макалада китептин толук электрондук нускасы бар: КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ


Басмакана аркылуу кыргыз тилиндеги биринчи китеп (тагыраак айтканда, кыргыз жана казак тилдеринин аралашмасында) 1911-жылы Уфадагы «ШАРК» басмасынан жарык көргөн. Бул «Алип бээ жаки төтө окуу» («Окуганды тез үйрөнүү алиппеси»), башкача айтканда, жаңы ыкма (Усул жадид усулу) менен үйрөнүү үчүн болгон. Китептин эки автору — Эшенаалы Арабаев жана Хафиз Сарсекеев бар.

Эл агартуучу, коомдук ишмер Эшенаалы Арабаевдин ким экендиги баарыбызга кеңири белгилүү. Бирок биз анын авторлошу Хафиз Сарсекеев жөнүндө дээрлик эч нерсе билбейт экенбиз. Кээ бир тарыхчылар Хафизди басылманын автору катары эмес, демөөрчүсү болгон деп божомолдойт. Мындай пикир ХХ кылымдын башында басылып чыккан китептин болжолдуу авторунун башка китептери жоктугунан улам келип чыкса керек.

“КАЗАК” гезитинин бети логотип менен батыш тарапка ачылган түндүгү жана кире бериши “Казак” деген жазуу менен

Биз бул адам тууралуу, анын мугалим болгондугун, ошого жараша анык авторлош катары каралууга тийиш экендигин айгинелеген маалыматтарды ала алдык. Хафиз Сарсекеевдин кийинчерээк жазган башка китеби же окуу китептеринин жок экендигин эске алсак, алиппе жаратуу процесси кандай болгонун билбейбиз, бирок анын ролу балким ушул китептин үстүндө иштөөдө, биргелешип талкуулоодо, кеп-кеңештерди айтууда, сындоодо болсо керек деп элестетүүгө болот.

Эң оболу, бул ачылыш биздин боордошторубуз – Казакстандагы тарыхчылардын акыркы жылдарда өтө маанилүү иштерди жасаганынын натыйжасында мүмкүн болгонун белгилей кеткибиз келет. Алар латын алфавити киргенге чейин, башкача айтканда, 1928-жылга чейин казак тилинде жарык көргөн басылмаларды транслитерациялап, басма түрүндө да, электрондук түрдө да басып чыгарган. Булар, атап айтканда, «Казак» (1913-1918), «Сары Арка» (1917-1919), «Ак жол» (1920-1925, Ташкент, 1925-1926, Шымкент) гезиттери, «Ай кап» (1911 -1915), «Шулпан» (1922-1923) журналдары. Кыргыз тилиндеги тунгуч гезит “Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөндүгү маалым, ошондуктан 1924-жылга чейин кыргыздын алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүнүн макалалары, адабий тажрыйбалары казак басылмаларында жарыяланып турган.

Галия медресеси 1900-жылдары

2011-жылы “Алип бээ жаки төтө окуу” жарык көргөндө, Эшенаалы Арабаев Уфадагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн. Хафиз Сарсеке уулу да ошол медреседе окуган деген ой логикага сыйарлык. Бирок мындай божомол текшерүүнү талап кылат, балким, ошол кездеги Россия империясынын мусулмандарынын арасында кадыр-барктуу болгон Башкортстанда бул окуу жайдын студенттеринин тизмеси бар болушу ыктымал.

1913-жылы Хафиз Сарсекеев “Казак” гезитине “Ички кабарлар” деген рубриканын алдында “Зайсан” деген аталыштагы үч кабар жазган жана ал “Зайсандык мугалим Хафиз Сарсекеев” деген кол тамгасы менен жарык көргөн.

Биринчисинде Зайсан шаарында эки мектеп бар экени, анда окуу «Мектеп Казакие» жана «Мектеп газатие» жаңы ыкма боюнча жүргүзүлөт деп айтылат. Бул мектептер казак байларынын эсебинен ачылган, ал үчүн жергиликтүү тургундар аларга ыраазы болгон. Мектептердин популярдуулугу акырындык менен өскөн.

Экинчи маалыматта «мужик»-келгиндер казактарга жасаган адилетсиз жана ырайымсыз мамилеси тууралуу сөз кылат. Тактап айтканда, автор өзү күбө болгон окуя баяндалат. Кара-Ыртыс болушундагы болушу Ахмеди Саржан уулу жан-жөкөрлөрү менен жайлоодон кайтып келе жатып, орустар отурукташкан конуштун жанына токтоп калат. Бул конуштун тургундары казактарды сегиз жылкы уурдады деп негизсиз айыптап, анан ошол кезде өзүнүн үйүрүн кайтарып жүргөн Иштикбай деген адамды мылтык менен атып өлтүргөн. Бул кылмышы үчүн киши өлтүргүч жазаланган эмес.

Бул окуя Хафиз Сарсекеевдин билдирүүсүнө шилтеме жасалып, ушул эле гезиттин 14-сентябрдагы М.Д. деген баш тамгалары коюлган автордун макаласында келтирилген. Бул баш тамгаларды казактын белгилүү саясатчысы жана жазуучусу, гезиттин редакторлорунун бири – Миржакып Дулатов колдонгон. Макала эч кандай аталышы жок кеткен жана башка жактан көчүп келип, казактардын жерине отурукташкандардын жерди адилетсиз басып алууларына арналган. Шилтеме: М.Д. КАЗАК гезитинтдеги МАКАЛА 

Зайсандан келген үчүнчү маалыматта автор «Мектеп Казакие» мектебинин мындан аркы турмушу тууралуу окурмандар менен ой бөлүшөт. Күз айы башталгандан бери 85 бала окууга кирген, анын ичинде талаа казактарынын саны көбөйгөнү байкалган.

Ошентип, 1913-жылы Уфадан кеткенден кийин Хафиз Зайсанда мугалим болуп иштеген, кыязы, жадид «Казак медресесинде» мугалим болсо керек. Кызыгы, бул мезгилде Эшенаалы Арабаев да кыргыз болуштарына барып, жадид медресесинде мугалим болуп иштеген.

Казак болуштарында башталгыч билим берүүнүн өнүгүү процесстери Жети-Суудагы кыргыз болуштарында байкалган процесстерге абдан окшош болгон. Жадид окуу жайлары жергиликтүү калктын арасында кадыр-барктуу эле, алар мамлекеттин каражатына эмес, казак менен кыргыздын бай өкүлдөрүнүн акчасына ачылган. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар аларды медресе деп да аташкан (мисалы, кыргыз болуштарында «Шабдания медресеси», «Курмания медресеси»), бирок чындыгында алар мектеп (мактаб) болгон.

1914-жылы Хафиз Сарсекеев «Казак» гезитинде Зайсандан жазып жиберген макалаларын жарыялоону уланткан. Биз ушундай үч макаланы таптык. Мурдагыдай эле аларда «Мугалим Хафиз Сарсекеев» деген кол коюлган, экөөсүндө «Казак медресесинин», дагы биринде «Газатие медресесинин» жаңылыктары баяндалган.

Биринчи жазууда мугалим Хафиз Сарсекеев “Медресе Казакиедеги” сынактар ​​жана окуучулардын саны өсүп жаткандыгы, билимге болгон талап тууралуу жаңылыктарды бөлүшүүнү улантууда.

Экинчиде окуу жайлардын мугалимдерин «Семей губернаторунун» (автор Талаа генерал-губернаторун же Зайсан уезддик начальнигин айткан болушу мүмкүн) тапшырмасы боюнча пристав суракка алынгандыгы жазылат. Медресенин мугалимдерине берилген суроолор программага, окутулган предметтерге жана медреседе колдонулган китептерге тиешелүү болгон.

Үчүнчү макалада өзүнүн мүлкүн ар кайсы жерлерге, анын ичинде Зайсандагы мектептерге таратып берген Кытайдагы казак диаспорасынын көрүнүктүү өкүлүнүн каза болгондугу жөнүндө айтылган.

Андан ары «Казак» газетасынын 1915-1918-жылдардагы сандарында Хафиз Сарсекеевдин ысымын кезиктирбедик.

Хафиз Сарсекеевдин казак гезитиндеги (кириллица транслитерациясында) келтирилген бардык жазууларын бул жерден көрүүгө же жүктөп алууга болот: ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ — гезиттерде

Ошол эле 1914-жылы Мугалим Хафиз Сарсекеев «АЙКАП» журналынын 8-санында бийлер соту жөнүндөгү макаласын чыгарган. Тилекке каршы, биз азырынча ал макала менен тааныша алган жокпуз, бирок биз ал тууралуу Р.С. Мажитованын 2016-жылдагы «Орус жана Казакстандын тарых наамасындагы бийлер институту: салыштырма анализ (XVIII-XXI кылымдын башы”) диссертациялык ишиндеги шилтемеден улам билдик.

Казактын «Сары-Арка» деген дагы бир газетасынын 1917-жылдын 19-октябрындагы №17 санында Каркаралы жана Зайсан облустарынын уезддик сотторуна облустук Казак комитетинин сунушу боюнча комиссариат тарабынан дайындалган адамдардын тизмеси жарыяланган. Зайсан райондук сотунун эки мүчөсүнүн бири Хафиз Сарсекеев болгон. Көрүнүп тургандай, бул учурда Хафиз Зайсанда жашоосун улантып, коомдук ишмердүүлүгүн дагы деле көрсөтүп келген. Райондук соттун ишмердүүлүгү үчүн мугалимдикти таштап коюу талап кылынбайт деп эсептейбиз.

Белгилей кетсек, гезиттин бул саны Орусиядагы Октябрь революциясына бир аз калганда жарык көргөн, өзүңүздөр билгендей, ал эски стиль боюнча 25-октябрда болгон. Натыйжада Петроградда бийликке большевиктер келип, өлкөдө жарандык согуш башталгандыктан, ал убакта ар кайсы аймактарда кимдер бийлик жүргүзгөндүгү тууралуу айтуу кыйын. Бирок, гезиттин көрсөтүлгөн саны 18-октябрда жарык көргөн, сентябрда аталышын Россия Республикасы деп өзгөрткөн Россия империясын А.Керенский башында турган Убактылуу өкмөт башкарып турган. Демек, Хафиз Сарсекеев Зайсандагы райондук соттун мүчөсү болуп узакка тургандыгы күмөн.

Жунус Татановдун Зайсандагы үйү, Алаш партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн штабы болуп иштеген. Сүрөт e-history.kz сайтынан алынды

Үч айдан кийин «Сары-Арка» гезитинин 1918-жылдын 12-февралындагы №30 санында Хафиз Сарсекеевдин “Казакие медресеси” мектебинде өткөн жыйын тууралуу билдирүүсү жарыяланып, анда Зайсан районунун өкүлү Ахмет мырза Казак-кыргыз курултайы жөнүндө баяндама жасагандыгы айтылат. Автор ал макалада «Сары-Арка» деген аталыштан башка эч нерсе камтылбаганына нааразы болгон пикирин билдирген. Бул арада Элдик Комиссарлар өкмөтү улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугун жарыялаган, бул казактарга автономия түзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, Алаш партиясы түзүлгөн, аны колдоо үчүн каражат чогултулуп жатканы жана Алаштын жаңы мүчөлөрүнө эшик ачык экендиги жарыяланган. Бул маалыматтын алдына Хафиз Сарсекей уулу кол койгон.

Биз түшүнгөндөй, макаланын автору өзү да авторлошу Эшенаалы Арабаев сыяктуу эле «Алаш» партиясынын катарына кошулган. Хафиз Сарсекеевдин ысымы Чыгыш Казакстандагы Алаштын мүчөлөрүнүн тизмелеринде берилген, алар ар түрдүү маалымат булактарында келтирилген, мисалы, аны 2012-жылы жарык көргөн «Алаш Орда фотоальбомунан» көрүүгө болот, ал өз кезегинде 1995-жылы Алматыда жарык көргөн К. Нурпейисовдун «Алаш жана Алаш Ордо» китебине шилтеме берет.

Сүрөттө: Бидахмет Бобкиндин үйү, учурда — Тарых музейи. Зайсан. Сүрөт e-history.kz сайтынан алынды

«Сары-Арка» газетасынын 1918-жылдын 25-апрелиндеги №40 санында Хафиз Сарсекейдин 22-мартта Зайсанда казак тилиндеги адабий кече ийгиликтүү өткөндүгүн, ал “Казак жардамы” уюмунун атынан ачуу пландалып жаткан китепканага пайдасы тийгени жөнүндөгү макаласы жарыяланган. Хафиз Сарсекеев уюштуруучу айым Бибигайша Бобкинага ыраазычылык билдирет. Сүрөттө: Бидахмет Бобкиндин үйү, азыркы учурда — Зайсан шаарындагы чөлкөм таануу музейи.

«Сары-Арка» газетасынын 1919-жылдын 20-январындагы №66 санында ушул газетага жазылган катышуучуларга таратылганын тастыкталган квитациялар менен “дептерлердин” тизмеси жарыяланган. Ал тизмеде “Сарсеке баласы” да бар.

Кызыктуу маалыматтарды 2010-жылы Семейде басылып чыккан «Алаш Ордо өкмөтүнүн Чыгыш бөлүмү» жыйнагынын №180 санында жарык көргөн документтен табууга болот. Бул — «Косиковская 5-ротасынын командири Калмыковго Колчактын тушунда кызмат өтөгөн Алаш Ордонун мүчөлөрү тууралуу аскердин жашыруун билдирүүсү”. Бул билдирүү, албетте, анча сабаттуу эмес адам тарабынан жазылганы жана анда белгиленген мөөнөттөн үч жыл мурда, 1922-жылдын 14-июнунда Алаш Ордо мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө карата каралоо экендиги көрүнүп турат. Ал убакта Алаш Орда расмий түрдө жоюлуп кеткени белгилүү. «1918-жылы Климонтовдун совет бийлигинин тушунда кызмат өтөгөн, каза болгон жана камалган жолдоштордун, азыркы учурда жооптуу кызматтарда иштеген адамдардын, тактап айтканда… 7) Гафиз Сарсеков, Зайсан шаарынын мугалими… кабарлаймын. Алаштын тушунда жогоруда аталган адамдар төмөнкү кызматтарды ээлеген: 1) …. 3) Алаштын тушунда мугалим Сарсекеев кыргыздарды окуткан жана 1919-жылы, кыргыздын чечени…” деп жазылган. Башкача айтканда, бул жашыруун каралоодон биз Хафиз Сарсекеев Зайсан шаарында мугалимдик ишин улантып жүрүп, Алаштын Чыгыш бөлүмүнүн ишмери болгонун билебиз. Мындан тышкары, ал чечендик беделге ээ болгон.

Акыры, жогорудагы маалыматтан беш жыл өткөндөн кийин «Ак-Жол» газетасынын 1924-жылдын 15-февралындагы жума күнкү № 404 санында төмөнкүдөй текстти таптык: “Ак-Жолдун” 383-санында жолдош Мадиярдын чакыруусун кабыл алгандар жазылуучуларды тапты жана акчасын башкармалыкка жиберди» — бул тизмеде Семейден Хафиз Сарсекей уулу бар. Белгилей кетсек, “Мадияр” деген ат Миржакып Дулатовдун псевдонимдеринин бири болгон.

Жарым жылдан кийин, 1924-жылдын 18-майындагы №436 санында «Ак-Жол» гезитине жардам бергени үчүн Хафиз Сарсекеевдин ысымы дагы бир ирет ыраазычылык менен белгиленген, ал эми ошол эле маалыматтын төмөн жагында Хафиз Сарсекей уулу менен Манан Турганбай уулунун «Ак-Жол» гезитин узак убакыт бою колдоп келгени айтылат.

____________________________________________________________________________________

  • Демек, Хафиз Сарсекеев Эшенаалы Арабаевдин жөн гана авторлошу болгон эмес. Арабаевден айырмаланып, ал окуу китептеринин автору болгон эмес, Илимий комиссияны да жетектеген эмес. Ал негизи руху жагынан өнөктөш жана кесиби боюнча педагог болгон. Ал Арабаев сыяктуу жаңы усул боюнча сабак берген мугалим болгон, б.а. жадидчилер кыймылынын мүчөсү болгон, ал Эшенаалы Арабаевдикиндей өз элинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жигердүү колдогон көз карашта болгон. Ал өлкөдө болуп жаткан катуу толкундоолордон четте турган кайдыгер адам эмес, алардын активдүү катышуучусу болгон.

_____________________________________________________________________________________

Хафиз Сарсекеев сталиндик репрессиялардан кутула алды бекен, ошону билгибиз келет


Бир жылдан кийин күтүүсүздөн анын кийнки тагдыры тууралуу билдик:

Уландысы:

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? УЛАНДЫСЫ

Дагы тема боюнча:

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ

ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР: Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.

 


Автору
Асель Даниярова

4 комментарии на “ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?

  1. Абдан керектүү жана мыкты изилдөө.

    Шаакерим Кудайберди уулу 1920-жж акырында сталинчилер тарабынан мерт кылынган.

    К Сарсекеев деле ошол убактарда жалган жалаа менен өлтүрүлсө керек.

    1. Чоң рахмат! Албетте, анын келечектеги тагдыры жөнүндө маалымат бир жерде бар.

    1. Пикириңизге чоң рахмат! Биз да Кыргызстанда “Эркин Тоо” гезитин транслитерациялап, электрондук жана кагаз түрүндө чыгарышыбыз керек деп ойлойм.

Жеңишбек - пикир кошуу Отменить ответ

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *