КАТЫШУУЧУЛАРГА

КРдин АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН 11-ЖОЛКУ «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

2022/2023-окуу жылы башталарына аз гана убакыт калды. Фонд кезектеги, 11-жолу өтө турган «Биринчи мугалим» сынагынын башталганын жарыялайт. Сынактын финалы 2023-жылы өтө тургандыктан, сынактын жеңүүчүсү “Биринчи мугалим – 2023” наамына ээ болот.

Мурда өткөн 10 сынак жылдын башында – январь же февраль айында башталгандыктан, ошол эле жылы аяктачу. Пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн кийин, сынактын өткөрүү графиги өзгөрдү. Эми биздин сынакты өткөрүү планы окуу жылына ылайыкталып өткөрүлмөкчү.

Ушул маалыматтын төмөн жагында 11-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН жүктөп же окуй аласыздар.


Мурдагыдай эле:

БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023 Премиясы (1-орун) – дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын бири, атап айтканда, Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат. Таанышып алыңыздар: МУГАЛИМДЕРДИН САЯКАТЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ

ҮЧ ЛАУРЕАТТЫН, Биринчи мугалим 2023 кошкондо (1-2-3-орундар) сыйлыктары – мугалимдин классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы. Таанышып алыңыздар: ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКСКУРСИЯСЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ


Мурдагыдай эле, “Биринчи мугалим” сынагына катышуу үчүн төмөнкү шарттарга жооп берүү керек:

  • Кыргыз Республикасындагы АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТИН мугалими болуу
  • БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН мугалими болуу
  • 11-ЖОЛКУ БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН кылдат окуп чыгуу

11-жолу өткөрүлө турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын Жобосунда сынак кантип өткөрүлөрү, дилбаяндар кандай бааланары, дилбаяндарды кимдер баалары, анын өтө турган күнү жана ошондой эле 2022/2023-окуу жылындагы темасы көрсөтүлгөн.


 

Сынакка дилбаяндарын жөнөткөн бардык мугалимдер, дилбаяндары ЖОБОНУН шарттарына шайкеш экендиги текшерилгенден кийин, уюштуруучу катары менден дилбаяндын сынакка кабыл алынгандыгы же аны толуктап иштөө керектиги жөнүндө маалыматты билдирген жооп кат алат.
Биринчи турда 1-6-орундарды ээлеген финалисттер экинчи турга катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Сынактын катышуучусу болуп эсептелген ар бир мугалим мурдагы жылдардагыдай эле биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө маалымат кат алат жана күйөрман катары экинчи турга чакырылат.

11-БМ СОБОЛДОМО ЭКИ ТИЛДЕ. Интерактивдүү форма (pdf) 
БМ 2022-2023 СОБОЛДОМО КЫРГЫЗ жана ОРУС ТИЛДЕРИНДЕ (word)

11-СЫНАКТЫН ЖОБОСУ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ


Эгерде Сиз ШААРДЫН мектебиндеги башталгыч класстын мугалими болсоңуз эмне кылуу керек?

Менин Сизге төмөндөгүдөй сунуштарым бар: 1) акыркы жылдардагы лауреаттардын дилбаяндары менен таанышуу; 2) сынак жөнүндө айыл мектептеринде эмгектенген кесиптештериңизге маалымдоо; 3) биздин катышуучулардын баалоосу боюнча кызыктуу жана жандуу өтө турган сынактын 2-туруна жана жеңүүчүлөрдү Сыйлоо салтанатына катышуу; 4) сынакты жакшыртуу боюнча өзүңүздүн сунуштарыңызды жана ошондой эле ушул сайттагы “билим берүү” рубрикасында жарыялоо үчүн Сизди тынчсыздандырган темаларды киргизүү.


Эгерде Сиз РайБББ жетекчиси же методикалык борбордун кызматкери, башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы болсоңуз, эмне кылуу керек?

Мен ар жылы Билим берүү жана илим министрлигине сынакты жактыруу өтүнүчү менен кайрыламын, анткени мектепте өткөрүлгөн ар бир акциялар жана иш-чаралар тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан кароодон өтүшү жана колдоого алынышы принципиалдуу түрдө маанилүү иш деп эсептеймин. Ал үчүн мен БИМге сынак жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды жиберемин. Биринчи мугалим сынагы өткөрүлүп келаткан 2011-жылдан бери мен жыл сайын министрликтин макулдугун тастыктаган маалым кат алып турамын.

40 райондук билим берүү бөлүм башчыларынын жана облустук методикалык борборлордун баарынын макулдугун алган соң, мен мурдагыдай эле КЕЗЕКТЕГИ СЫНАКТЫН ЖОБОСУН ЖАНА СОБОЛДОМОСУН жөнөтөмүн. Мен райБББ жана методикалык борборлордун жетекчилери ушул материалдарды жана маалыматтарды бардык райондордогу мектептерге таратууда жакындан колдоо көрсөтөт деп ишенемин.

Башталгыч класстардын окуу бөлүм башчылары ЖОБОНУ жана СОБОЛДОМОНУ алуу үчүн райБББ же Санжарбек Данияровду КФ кайрылышат деген үмүттөмүн.


Эгерде Сиз жөн гана КР жараны, башталгыч класстын окуучусунун атасы же апасы болсоңуз эмне кылуу керек?

 Менин Сизге төмөндөгүдөй сунуштарым бар: 1) өзүңүз жашаган айылдагы тааныш мугалимге сынак жөнүндө маалымат менен бөлүшүп, сынакка катышууга мугалимге шанс бериңиз. Балким шаардык мугалимге айтсаңыз, ал өзүнүн кесиптештерине маалымдашы мүмкүн 2) сынактын жүрүшүнө көз салып, 2-туруна катышыңыз, өзүңүздүн сунуштарыңызды же сын пикирлериңизди билдириңиз.

Баштадык!

 


САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН КООМДУК ФОНДУНУН бардык жаңылыктары тууралуу ТЕЛЕГРАМ каналында: 
ТЕЛЕГРАМ КАНАЛЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ
жазылуу

Дагы окуңуз:

биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү

биринчи мугалим сынагы › сынактын сүрөт галереясы

биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

 


Автору
Асель Даниярова

9 комментарии на “КРдин АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН 11-ЖОЛКУ «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

    1. Чоң рахмат, Акылкарачач!
      Сынак өткөн жылдардагыдай эле катышуучулар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болот деп ишенем

  1. Саламатсызбы Асел эже
    Талыкпай айыл мектептеринин мугалимдер учун стимул тузуп Бере жатасыз. Сизге ишинизге ийгилик. Мен дагы эки жылдар бери катышып келем. Баары эн сонун уюшкандыкта отот. Мектеп окуучулары учун дагы эске калаарлык ирмемдер

    1. Урматтуу Жылдыз Шамшыбековна!
      Бул сынак мугалимдерге пайдалуу экенине абдан кубанычтамын!

      1. Менин кесибим баш.кл муг бирок азыркы учурда методист болуп которуллум эле сынакка катыша аламбы

        1. Урматтуу Нурзат!
          Быйылкы окуу жылында балдарды окутуу процессине түздөн-түз катышпасаңыз, ЖОБОго ылайык, тилекке каршы, сынакка катыша албай каласыз. Эгерде сиз усулдук иш менен катар балдарды түздөн-түз окутсаңыз, ушул же кийинки окуу жылында бул сынактын катышуучусу боло аласыз.

  2. Асель Даниярова кайсы мөөнөткө чейин катышууга болот? Чукул убакыт калдыбы?

      1. Саламатсызбы, дилбаяндарды кабыл алуу мөөнөтү 10-мартка чейин узартылган

Асель Даниярова - пикир кошуу Отменить ответ

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *