АТКАРЫЛГАН ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ

МЕНИН ӨЛБӨС ПОЛКУМ

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ.

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Менин таятам. Акын жана драматург. 32-жашта согушта курман болгон

САГАЛЫ ЭГИЗОВ. Жездем. Гүлсурук эжекемдин күйөөсү. Ал фронтто курман болгондо 30 жашка чыга элек болчу
АПСЕКЕ (АБДЫСАЛАМ) БАКИРОВ (ДАНИЯРОВ). Атам Санжарбек Данияровдун агасы. 28-жашта курман болгон. 
КУБАНЧБЕК МОЛДАХМАТОВ. Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Полшада курман болгон
АСАНБЕК МОЛДАХМАТОВ. Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Бүткүл согушту башынан өткөрүп, тирүү кайтып келди. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын сүрөтчүсү болгон
ЖУМАКАДЫР АЙСАРИЕВ. Жездем. Атамдын эжеси Гүлсуруктун күйөөсү. Ал согушта курман болгон адамдын жесири болгон, кийин кайра турмушка чыккан. Жездебиз бүт согушту башынан өткөрдү. Белоруссиянын токойлорунда партизан болгон

Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


башкы бет ирети › адамдар › кыргызстандын инсандары. жусуп


Автору
Асель Даниярова

2 комментарии на “МЕНИН ӨЛБӨС ПОЛКУМ

  1. Бир эле атаңыз кайтып келиптир да. Жүрөк титиреген жоготуулар. Жаркын элестери эч өчпөсүн.

    1. Жылуу сөздөрүңүзгө чоң рахмат, Гүлнар! Ооба, мындай жоготуулар дээрлик ар бир үй-бүлөдө бар…

Асель Даниярова - пикир кошуу Отменить ответ

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *