
Балдарга да, волонтерлорго да кызыктуу болот! Муну өз тажрыйбабыздан билебиз.
Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын уюштурган “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагында 1, 2, 3-орунду ээлеген айылдык мектептин башталгыч класстарынын үч мугалиминин окуучулары Бишкек шаарына атайын маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Балдар музей-театрга барышып, шаардын көрүнүктүү эстелик-скульптуралары менен таанышат.
Волонтердун жумушу: балдарды коштоп жүрүү, көргөн-билгендерин айтып берүү, шаар көргөзүү. Ал үчүн төмөнкү сапаттарга ээ болууга тийиш:
- КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨӨ
- ОРУС ТИЛИН ЖАКШЫ БИЛҮҮ
- БАЛДАР МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗӨ БИЛҮҮ, СУРОО БЕРҮҮ ЖАНА СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮ
- ЖАРЫК, ЖАРКЫН МААНАЙДА БОЛУУ
- ӨЗ МИЛДЕТИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСОО
- 2018-жылдын 28-апрели, ишемби күнү эртең мененки саат 9:00дон кечки саат 18:00го чейин ЭКСКУРСИЯДА ЖҮРҮҮГӨ ДАЯР БОЛУУ.
Биз программаны жана экскурсиянын мазмунун алдын-ала сунуштайбыз жана талкуулайбыз.
Каалоочулар 20.04.2018-жылга чейин төмөнкү электрондук дарекке кайрылыңыздар: a.daniyarova@daniyarov.kg же 0555 837007 телефонуна чалыңыздар.
Быйыл Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын окуучулары келишет.
Былтыркы жылдагы экскурсия жөнүндө сүрөт репортаж менен биздин сайттын сүрөт галереясынан ушул жерде, ал эми маалыматтар менен ушул жерде тааныша аласыздар.
Былтыркы экскурсия:
2017 экскурсия жөнүндө:
… БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ