БИРИНЧИ МУГАЛИМ — 2018 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ! ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Сентябрь айында “Биринчи мугалим” сынагынын катышуучулары 7-жолу баш байге — Москва шаарына уюштурулуучу 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат, жана ошондой эле Атайын сыйлык – жеңүүчү мугалимдин классындагы бардык окуучулар менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы үчүн таймашышат. Быйыл биздин БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагыбызга Кыргызстандын бардык аймактарынан 105 дилбаян келип түштү. Уюштуруу комитети алардын ичинен 60 […]

Толугу менен...

СЫНАК ЖЕТИНЧИ ЖОЛУ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БИЗ ДИЛБАЯНДЫН ТЕМАСЫН КАНТИП ТАНДАДЫК

Санжарбек Данияровдун Фонду БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2018-жылы өтө турган, кезектеги сынагын 7-жолу жарыялады! Бул жылы сынактын биринчи турундагы дилбаяндын темасын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери сунушташты. Уюштуруу комитети дилбаяндын тандап алган темасы төмөндөгүдөй аталат: МУГАЛИМДИК – БУЛ КЕСИППИ ЖЕ ТАЛАНТПЫ? Бул теманы бизге Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дооронбеков Марат Дооронбекович сунуштады. […]

Толугу менен...

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ? ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫНАНБЫ? ЖОК — БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 СЫНАГЫНАН!

Азыркы учурда өлкөбүздүн келечегин түптөп жаткан адамдар кимдер? Алар шайлоо кампаниясын шайма-шай өткөрүп жаткан президенттикке талапкерлер дейсизби? Же жаңы премьер-министр жана анын жаш жана амбициялуу команда мүчөлөрүбү? А балким азыр таймаштарда “кырчылдашып” жатышкан саясатчыларбы? Менимче, ал адамдарды башка жерден издөө керек. Алар азыр мектептерде, жаш курагы 7, 8, 9 жана 10 жаштагы биздин өлкөнүн кичинекей […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги 6-жолку сынагы аяктагандыгы тууралуу кабарлагым келет. Жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты 2017-жылдын 9-сентябрында, ишемби күнү Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйындар залында өттү. Сынакта жеңүүчү болуп, 1-орунду төмөндөгү мугалим ээледи: КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЭМГЕКТЕРИН КИМДЕР БААЛАШАТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биздин билим берүү системасында өз кесибинин мыкты кесипкөйлөрү, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил, мыкты адамдар бар. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагынын калыстар тобуна мына ошондой адистер кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турда дилбаяндарга өз бааларын беришти. Ал иш так, өз убагында, ынтымактуу, ашыкча шаан-шөкөтсүз аткарылды. Ар бири долбоорго өзүнүн бош убактыларын арнашып, акысыз иштешкенине карабай, белгиленген мөөнөттө, өз убагында аякташты. […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017”: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2017-жылдын 9-сентябрында 6-жолу Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка бара турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ аныкталды: Ал — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Каримова Турумкан Абдырахмановна. 2-орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Акунова Нур Садатбековна озуп чыкса, үчүнчү орунду Баткен облусунун Баткен […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БЫЙЫЛ БУЛ СЫНАК 6-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ.

Санжарбек Данияровдун Фонду айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүп келаткан сынак быйыл, 2017-жылы 6-жолу боло тургандыгын маалымдайт. Сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ-СДКФ 21-02-2017 кат) колдоосу менен өткөрүлүп келет. Мурдагы жылдардагыдай эле “Биринчи мугалим 2017” сынагынын жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияровдун Фонду Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат тартуулайт. Сынакты […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. ЭКИНЧИ САБАК. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ БИЗДИН МУГАЛИМДЕР

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан алган сабактар менен бөлүшүүмдү улантмакчымын. Алар тез арада чечүүгө муктаж, өтө курч, приоритеттүү маселелер. 21-кылымдын мугалими – интернети жок, компьютери жок, керектүү окуу китептери, көркөм адабияттар жетишсиз, газета-журналдарга жазылмак түгүл, жада калса радиосу да жок, театр-музейлерге барбайт… Биздин замандын мугалимдеринин бүгүнкү абалы мына ушундай. Мектепте иштеген мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алышат […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. БИРИНЧИ САБАК. БИЗДИН БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

 Биз балдарыбызды жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүшүнө, өз күчүнө ишеним артышына, аларды курчап турган чөйрөнү таанып билүү процессин сүймөнчүк менен кабыл алышына мүмкүнчүлүк берип жатабызбы? Алардын басымдуу көпчүлүгүн интеллектуалдык жетилүүнүн жана билимдин “тескей жагында” калтырып жаткан жокпузбу? Мына ушундай суроолор айылдык мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын бешинчисинин соңунда пайда болду. Бир жагынан алып караганда, […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫКТАР

Биз мурда “Биринчи мугалим” сынагынын үстүбүздөгү жылдагы сыйлыгын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Айгүл Сейдекеримовна Жолчубаева жеңип алгандыгы тууралуу кабарлаган элек. Жеңүүчү катары Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгын алган Айгүл Жолчубаева 2016-жылдын 4-октябрынан 14-октябрына чейин Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди. Фонддун сыйлыгы ушуну менен эле […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА БАА БЕРҮҮЧҮ КАЛЫСТАР КИМ?

Достор, жагымдуу кабар! Биздин билим берүү тармагында өз кесибинин анык күйөрмандары, сабаттуу, жигердүү, эмгекчил адамдар бар. Биздин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын калыстар тобунун курамына мына ошондой адамдар кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турга келип түшкөн дилбаяндарга жана экинчи турундагы мугалимдердин оозеки таймашына өздөрүнүн калыс бааларын беришти. Бул түйшүктүү ишти алар эч кандай пафосу жок эле, өз убагында, […]

Толугу менен...

ЕЛЕНА ЧЕРНОМАЗОВА — “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 2015-2016-ЖЫЛДАРДАГЫ АЛЫП БАРУУЧУСУ. АЛ ӨЗҮ ДА ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ.

Биздин сынак эки тилде – мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде өткөрүлөт. Анткени башталгыч класстарда сабактар эки тилде өтөт эмеспи. Биз Кыргызстандагы балдарды окуткан мугалимдердин сынакка катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрү болушун каалайбыз. Бизге эки тилди тең бирдей билген, өзүн эл алдында эркин алып жүргөн, сабаттуу, анан жөн гана жылдыздуу алып баруучу керек эле. Анын биздин фонддун […]

Толугу менен...