“АЛЫКУЛ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1990-ЖЫЛ

Режиссер Лиля Турусбекова жана сценарист Кеңеш Жусуповдун бул тасмасы Кыргызстандын эң көрүнүктүү жана сүйүктүү акыны Алыкул Осмонов жөнүндө баяндайт. Тасма 1990-жылы акындын көзү өтүп кеткенден кийин тартылган, ал өтө кыска өмүр сүрүп, 35 жашында каза болгон. Бул убакта Акындын достору, замандаштары тирүү эле. Акындын Кыргыз Республикасындагы туңгуч педагогикалык окуу жайда – Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунда […]

Толугу менен...

БИЗДИН КИНО ТАСМА ТАРЫХЫНАН. “САЛТАНАТ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН АРХИВИНЕН АЛЫНГАН СҮРӨТТӨР

Жакында эле биздин мамлекеттик «КЫРГЫЗФИЛЬМ» киностудиясы фильмдерди жогорку сапатта санариптештирүү үчүн жабдууларды сатып алды. Киностудиянын жамааты ошол замат кино мурасыбызды санариптештирүүгө киришти жана бул иш азыр да уланууда. Бул иш менен алектенген киностудиянын архив бөлүмүнө Жолдош Акматалиев жетекчилик кылат. Эми көрүүчүлөр “Кыргызфильм киностудиясынын” расмий YouTube каналынан кыргыз тасмаларын, көркөм жана даректүү тасмаларды көрө алышат. Ал […]

Толугу менен...

2023. АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУГАЛИМИ ГҮЛҮМКАН ТУРГАНБАЕВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2022-2023-окуу жылындагы сынактын жеңүүчүсү Гүлүмкан Абыталыповна Турганбаева болду. Сынактын финалы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2023-жылдын 15-апрелинде өттү. Бул тууралуу: «Интеллигенциянын өкүлү катары … жөнүндө» деген баяндоодон окуй аласыздар. Ал эми азыр мен жеңүүчүнүн Санжарбек Данияровдун фонду Москва шаарына уюштуруп келаткан маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө сүрөт баянды бөлүшкүм келди. Аталган фонд маданий-маалымат арттыруучу саякат […]

Толугу менен...

КММА КЛИНИКАЛЫК ОРДИНАТОРУ АЛТЫНАЙ НАДЫРБЕКОВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

Бул баяндамамда мен КММАнын балдар кардиоревматология адистиги боюнча клиникалык ординатору, КММАнын 2022-жылдагы Илимдер күндөрүнүн алкагында өткөн жаш окумуштуу дарыгерлердин сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Надырбекованын саякаты жөнүндө айтып бермекчимин. Алтынай бул маданий-маалымат арттыруучу саякатка БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2021-жылдагы жеңүүчүсү, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Асель Убайдылдаева менен катышты. Эсиңиздерге сала кетсек, Санжарбек […]

Толугу менен...

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЧОЛПОН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССЫНЫН МУГАЛИМИ АСЕЛЬ УБАЙДЫЛДАЕВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

Бул баяндамамда мен сиздерге БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2021 сынагынын жеңүүчүсү, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Асель Убайдылдаеванын саякаты жөнүндө айтып беремин. Саякатка ал КММАнын балдар кардиоревматология адистиги боюнча клиникалык ординатору, КММАнын 2022-жылдагы Илимдер күндөрүнүн алкагында өткөн жаш окумуштуу дарыгерлер сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Надырбекова менен бирге келди. Саякат былтыр өткөн эле, бирок […]

Толугу менен...

ЧОЛПОН АЙЫЛЫНАН БАРГАН НУРЖАН БЕККУЛ КЫЗЫНЫН ЖАНА САРЫ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНАН БАРГАН ҮМҮТ УЗАКОВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

Төмөндө — “Биринчи мугалим” сынагынын 2019-жылдагы жана 2020-жылдагы жеңүүчүлөрүнүн саякаты жөнүндө СҮРӨТБАЯН. Аталган саякат былтыр, 2022-жылы болгон, бирок мен ал жөнүндө азыр жарыялап жатканымдын себебин айтып берейин. Эки жыл пандемиянын кесепетинен “Биринчи мугалим” сынагынын 2019-2020-2021-жылдардагы женүүчүлөрү өздөрүнүн сыйлыгын дароо пайдаланып, саякатка чыга албай калган. Ал саякат былтыр, 2022-жылы гана мүмкүн болгон. Адатта биринчи орунду ээлеген […]

Толугу менен...

ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВ. 12-ЧЫГАРЫЛЫШЫ: АМАН АСРАНКУЛОВ. 2-БӨЛҮГҮ. Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КУСӨМ КОЛЛЕКЦИЯСЫНА ОБЗОР

Улуттук музейдин фондусуна коюлган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине искусство таануучу ГАМАЛ БӨКӨНБАЕВдин обзорун жарыялоону улантабыз. Бул -Аман Асранкуловдун чыгармачылыгына арналган эки бөлүмдүн экинчиси. Асранкулов Аман (1939-1998) — сүрөтчү. Фрунзе шаарында туулган. 1964-жылы Фрунзе сүрөт техникумун жана 1969-жылы Москвадагы В.И.Суриков сүрөт институтунун живопись факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1971-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Менин ата-энем. […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА. 2023-Ж. РЕЖИССЕРУ-ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН

Биздин даректүү тасманын тарыхы сизди кызыктырабы? Ошондой эле 1956-жылдан 1992-жылга чейин биздин өлкөнүн жашоосу? Өлкөбүздүн алгачкы кесипкөй режиссерлорунун биринин өмүр баяны жана чыгармачылыгы сизди кызыктырабы? Гани Кудайбергендин Лиля Турусбекова тууралуу анын 90 жылдыгына карата тартылган жаңы тасмасы YouTube «Кыргызфильм»киностудиясынын каналында тартууланды. Узактыгы — 21.16 мүнөт. Субтитр менен тасма, эки тилде көрүүгө болот Көрүүгө чакырабыз: Сценарийдин […]

Толугу менен...

Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КСӨМдеги “ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНАН РЕПОРТАЖ

Документалдык кинонун режиссеру Лиля Турусбекованын туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө биздин Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде ачылды. Анын ачылуу салтанаты 25-майда саат 15:00до болду. Көргөзмө 11-ИЮНГА ЧЕЙИН АЧЫК БОЛОТ Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында эл көп болду, баардыгы болуп 150гө жакын меймандар келди: кинематографисттер, киносынчылар, ар түрдүү чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү, Госкино департаментинин, Маданият, маалымат, спорт […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙДЕГИ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ

“ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” деген аталыштагы фотосүрөт көргөзмө Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде 25-майда саат 15:00до ачылат жана 2023-жылдын 11-июнуна чейин уланат. Көргөзмө 25-майда, саат 15:00до ачылат. Кирүү акысыз Сүрөт көргөзмө Кыргызстандын тунгуч кесипкөй кинематографисттеринин бири – Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат. Режиссердун үй-бүлөсү тарабынан даярдалган музейдеги экспозиция Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, […]

Толугу менен...

РЕЖИССЕР ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНГЕН КҮНҮ АЛ ОКУГАН №28 МЕКТЕПТЕ 1992-ЖЫЛЫ ТАРТЫЛГАН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛӨТ

Лиля Турусбекова биринчи класстан баштап, мектепти аяктаганга чейин Фрунзе шаарындагы №28 мектептен билим алган. Бул мектеп 1939-жылы курулуп, ишке киргизилген, азыр ал Бишкек шаарындагы “28 мектеп-лицей деп аталат. Лиля Турусбекова биринчи класска 1940-жылы кирип, 1951-жылы аяктаган, ал учурда 11 жылдык билим эле жана да кыздарды жана балдарды өз-өзүнчө бөлүп окутушкан. Лиля Турусбекова мектепти аяктаган соң […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫМ-КИНОРЕЖИССЕРЛОРУНУН V КИНОФОРУМУ. ОШ ШААРЫ, 11-13-МАЙ. БЫЙЫЛ ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

2023-жылы байыркы Ош шаарында өтө турган кинофорумдун программасын сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Фестивалды Асел Жураеванын жетекчилиги менен «Азиянын чыгармачыл аялдары» коомдук фонду уюштурууда. Кинофорумга 14 жаш режиссер аялдар катышат. Быйыл кинофорум Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналып, форумдун алкагында ал тууралуу даректүү тасма, ошондой эле анын Бакен Кыдыкеева жана Мыскал Өмүрканова тууралуу эки кыска метраждуу тасмасы […]

Толугу менен...