ОШ ОБЛУСУНУН АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ТООЛУУ БҮЛӨЛҮ АЙЫЛЫНАН, ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА РАЙОНУНАН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЕМИН РАЙОНУНАН БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Биздин эң эле чакан, бирок эң эле кооз өлкөбүздүн балдары дээрлик саякатташпайт. Борбор шаарыбызга анда-мында гана келишет. Келгендери деле негизинен базарларга мектеп формасын сатып алганы келишип, эң кызыктуу жайларды көрбөй кетишет. Алардын ата-энелери деле бишкектик туугандарыныкына аш-тойлорго келишкенде, театр-музейлерге, парктарга, эс алуучу жайларга сейрек барышат. Балдар үчүн Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияларды уюштуруунун мааниси өтө чоң […]

Толугу менен...

БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА 9-10 ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫ ЭКСКУРСИЯГА АЛЫП ЧЫГУУ ҮЧҮН 2 ВОЛОНТЕР КЕРЕК. 22.04.2017 жана 29.04.2017

Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын өткөрүүчү республикалык “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагында 1-3-орундарды жеңип алышкан айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин окуучулары Бишкек шаарына атайын маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Балдар театрга барышып, шаар менен таанышып, эстеликтер-скульптуралар, музейлерди кыдырышат. Волонтердун иши — шаар көрсөтүп, балдар көргөндөрдү талкуулап, аларды коштоп жүрүү. Бул милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттар: КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БЫЙЫЛ БУЛ СЫНАК 6-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ.

Санжарбек Данияровдун Фонду айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүп келаткан сынак быйыл, 2017-жылы 6-жолу боло тургандыгын маалымдайт. Сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ-СДКФ 21-02-2017 кат) колдоосу менен өткөрүлүп келет. Мурдагы жылдардагыдай эле “Биринчи мугалим 2017” сынагынын жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияровдун Фонду Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат тартуулайт. Сынакты […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. ЭКИНЧИ САБАК. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ БИЗДИН МУГАЛИМДЕР

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан алган сабактар менен бөлүшүүмдү улантмакчымын. Алар тез арада чечүүгө муктаж, өтө курч, приоритеттүү маселелер. 21-кылымдын мугалими – интернети жок, компьютери жок, керектүү окуу китептери, көркөм адабияттар жетишсиз, газета-журналдарга жазылмак түгүл, жада калса радиосу да жок, театр-музейлерге барбайт… Биздин замандын мугалимдеринин бүгүнкү абалы мына ушундай. Мектепте иштеген мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алышат […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. БИРИНЧИ САБАК. БИЗДИН БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

 Биз балдарыбызды жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүшүнө, өз күчүнө ишеним артышына, аларды курчап турган чөйрөнү таанып билүү процессин сүймөнчүк менен кабыл алышына мүмкүнчүлүк берип жатабызбы? Алардын басымдуу көпчүлүгүн интеллектуалдык жетилүүнүн жана билимдин “тескей жагында” калтырып жаткан жокпузбу? Мына ушундай суроолор айылдык мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын бешинчисинин соңунда пайда болду. Бир жагынан алып караганда, […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫКТАР

Биз мурда “Биринчи мугалим” сынагынын үстүбүздөгү жылдагы сыйлыгын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Айгүл Сейдекеримовна Жолчубаева жеңип алгандыгы тууралуу кабарлаган элек. Жеңүүчү катары Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгын алган Айгүл Жолчубаева 2016-жылдын 4-октябрынан 14-октябрына чейин Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди. Фонддун сыйлыгы ушуну менен эле […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА БАА БЕРҮҮЧҮ КАЛЫСТАР КИМ?

Достор, жагымдуу кабар! Биздин билим берүү тармагында өз кесибинин анык күйөрмандары, сабаттуу, жигердүү, эмгекчил адамдар бар. Биздин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын калыстар тобунун курамына мына ошондой адамдар кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турга келип түшкөн дилбаяндарга жана экинчи турундагы мугалимдердин оозеки таймашына өздөрүнүн калыс бааларын беришти. Бул түйшүктүү ишти алар эч кандай пафосу жок эле, өз убагында, […]

Толугу менен...

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ – АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУНДА. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2016

Санжарбек Данияровдун фонду айылдык мектептердин баштапкы класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өтүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын кезектеги жеңүүчүсүн аныктады. Кыргызстандын калкынын үчтөн эки бөлүгү айыл жергесинде жашайт, башкача айтканда, айылда жашагандар басымдуу көпчүлүктү түзөт, анын үстүнө айылдарда балдардын саны көбүрөөк төрөлгөндүктөн, жарандардын катары да айыл жактардан толукталат. 10-15 жылдан кийин элдин активдүү бөлүгү азыр баштапкы мектептен […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2016 КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨНҮН АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР МУГАЛИМДЕРИН ЧАКЫРАБЫЗ!

Кыргызстандын айыл мектептериндеги биздин кымбаттуу биринчи мугалимдерибиз  КОНКУРСТУН НЕГИЗГИ БАЙГЕСИН — САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫН утуп алууга биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышат! Фонд өлкөнүн бардык булуң-бурчун камтып,  ушул жылы конкурстун географиясын кеңейтүүнү чечти. Мурдагыдай эле, САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫ бул 1-орунду ээлеген конкурстун Жеңүүчүсүнүн Москва шаарына  10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякаты түрүндө болот. Саякаттын программасы бир […]

Толугу менен...

МУГАЛИМДЕР ӨЗДӨРҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫНА БАЙГЕНИ УТУП АЛЫШТЫ

Фонд уюштурган, 2015 жылдын ноябрь айында өткөн окуя жөнүндө баяндама. 2015 жылы БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагтын ченеминде, биринчи турдун жыйынтыктары боюнча эң жогорку баллдарды алган үч мугалимге Фонд сыйлыкты уюштурду. Мурдагы  жылдарда, биринчи орунду ээлеген мугалим Санжарбек Данияровдун Фондунун Сыйлыгын Москвага 10 – күндүк маданий — маалымат арттыруучу  саякатты алган. Эми, ушул Сыйлыкка кошумчаланып, үч лауреат, […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМ КОНКУРСУНУН, БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ ТУРУНУН ЖЕӉҮЧҮҮЛϴРҮ АНЫКТАЛДЫ. ЭМИ АЛАРГА САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН ТАТЫКТУУ БЕЛЕГИН ЖАНА БАШКЫ ПРЕМИЯСЫН ПАЙДАЛАНА АЛЫШАТ.

Жаӊы   окуу жылы башталды, окуучулар жайкы каникулдан келишти, биринчи кластар биринчи партага отурушту. А биздин башталгыч класстын мугалимдери Чуй обласынын БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2015 наамына катышуусун аякташты. “БАЛДАРДЫ КϴРКϴМ АДАБИЯТТАРДЫ ОКУУГАТУУГА ΥЙРϴТΥΥ” темасындагы дил баян конкурсунун аякташы 2015 жылдын 1-чи апрелине чейин кабыл алынган. Конкурска катышканга 19 мугалим дил баян жɵнɵтʏшкɵн. Тилекке каршы, 5 дил баян […]

Толугу менен...

МЫКТЫНЫН МЫКТЫСЫ КИМ?

2015-жылдын, 5-сентябырында, ишемби күнү, айыл жергесиндеги башталгыч класс мугалимдери, өздөрүнүн болочок балдарга сүйүктүү китептери жөнүндө айтып беришет, бири бирине суроо берип, кайрадан жооп кайтарышат. Мунун баары, Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2015 конкурсунун 2 турунда болмокчу.Ошол күнү биз, Санжарбек Данияров Фондунун премиясы-10 күндүк Москвага маданият таанып-билүү саякатына ким барарын билебиз. Мелдешке 1 турда: “Үйүндө […]

Толугу менен...