БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АРЫЗДАРДЫН ФОРМАСЫ

Кайрадан “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын баштаганыбызды жарыялайбыз. Быйыл — 2018-жылы бул сынак 7-жолу өтмөкчү. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагына катышуу үчүн мурдагыдай эле төмөнкү шарттарга шайкеш келүү керек: — Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕБИНИН мугалими болуу — БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН мугалими болуу — БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ кунт коюп окуп чыгуу Эгерде жогоруда белгиленген шарттар сизге шайкеш […]

Толугу менен...

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ? ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫНАНБЫ? ЖОК — БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 СЫНАГЫНАН!

Азыркы учурда өлкөбүздүн келечегин түптөп жаткан адамдар кимдер? Алар шайлоо кампаниясын шайма-шай өткөрүп жаткан президенттикке талапкерлер дейсизби? Же жаңы премьер-министр жана анын жаш жана амбициялуу команда мүчөлөрүбү? А балким азыр таймаштарда “кырчылдашып” жатышкан саясатчыларбы? Менимче, ал адамдарды башка жерден издөө керек. Алар азыр мектептерде, жаш курагы 7, 8, 9 жана 10 жаштагы биздин өлкөнүн кичинекей […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Калыстар тобунун баасы боюнча сынактын 1-турунда эң жогору балл алган 6 дилбаянды жарыялайбыз. Дилбаяндын темасы: “Ч.Айтматовдун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр”  деп аталат. Анын ичинде 5 дилбаян — кыргыз тилинде, 1 — орус тилинде. ТЕМИРБЕКОВА ЧОЛПОН АСАНОВНА Талас облусу Кара-Буура району Жоон Дөбө айылы Р.М.Осмонов […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги 6-жолку сынагы аяктагандыгы тууралуу кабарлагым келет. Жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты 2017-жылдын 9-сентябрында, ишемби күнү Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйындар залында өттү. Сынакта жеңүүчү болуп, 1-орунду төмөндөгү мугалим ээледи: КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЭМГЕКТЕРИН КИМДЕР БААЛАШАТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биздин билим берүү системасында өз кесибинин мыкты кесипкөйлөрү, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил, мыкты адамдар бар. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагынын калыстар тобуна мына ошондой адистер кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турда дилбаяндарга өз бааларын беришти. Ал иш так, өз убагында, ынтымактуу, ашыкча шаан-шөкөтсүз аткарылды. Ар бири долбоорго өзүнүн бош убактыларын арнашып, акысыз иштешкенине карабай, белгиленген мөөнөттө, өз убагында аякташты. […]

Толугу менен...

ОШ ОБЛУСУНУН АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ТООЛУУ БҮЛӨЛҮ АЙЫЛЫНАН, ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА РАЙОНУНАН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЕМИН РАЙОНУНАН БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Биздин эң эле чакан, бирок эң эле кооз өлкөбүздүн балдары дээрлик саякатташпайт. Борбор шаарыбызга анда-мында гана келишет. Келгендери деле негизинен базарларга мектеп формасын сатып алганы келишип, эң кызыктуу жайларды көрбөй кетишет. Алардын ата-энелери деле бишкектик туугандарыныкына аш-тойлорго келишкенде, театр-музейлерге, парктарга, эс алуучу жайларга сейрек барышат. Балдар үчүн Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияларды уюштуруунун мааниси өтө чоң […]

Толугу менен...

БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА 9-10 ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫ ЭКСКУРСИЯГА АЛЫП ЧЫГУУ ҮЧҮН 2 ВОЛОНТЕР КЕРЕК. 22.04.2017 жана 29.04.2017

Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын өткөрүүчү республикалык “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагында 1-3-орундарды жеңип алышкан айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин окуучулары Бишкек шаарына атайын маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Балдар театрга барышып, шаар менен таанышып, эстеликтер-скульптуралар, музейлерди кыдырышат. Волонтердун иши — шаар көрсөтүп, балдар көргөндөрдү талкуулап, аларды коштоп жүрүү. Бул милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттар: КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БЫЙЫЛ БУЛ СЫНАК 6-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ.

Санжарбек Данияровдун Фонду айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүп келаткан сынак быйыл, 2017-жылы 6-жолу боло тургандыгын маалымдайт. Сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ-СДКФ 21-02-2017 кат) колдоосу менен өткөрүлүп келет. Мурдагы жылдардагыдай эле “Биринчи мугалим 2017” сынагынын жеңүүчүсүнө Санжарбек Данияровдун Фонду Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат тартуулайт. Сынакты […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. ЭКИНЧИ САБАК. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ БИЗДИН МУГАЛИМДЕР

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан алган сабактар менен бөлүшүүмдү улантмакчымын. Алар тез арада чечүүгө муктаж, өтө курч, приоритеттүү маселелер. 21-кылымдын мугалими – интернети жок, компьютери жок, керектүү окуу китептери, көркөм адабияттар жетишсиз, газета-журналдарга жазылмак түгүл, жада калса радиосу да жок, театр-музейлерге барбайт… Биздин замандын мугалимдеринин бүгүнкү абалы мына ушундай. Мектепте иштеген мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алышат […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. БИРИНЧИ САБАК. БИЗДИН БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

 Биз балдарыбызды жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүшүнө, өз күчүнө ишеним артышына, аларды курчап турган чөйрөнү таанып билүү процессин сүймөнчүк менен кабыл алышына мүмкүнчүлүк берип жатабызбы? Алардын басымдуу көпчүлүгүн интеллектуалдык жетилүүнүн жана билимдин “тескей жагында” калтырып жаткан жокпузбу? Мына ушундай суроолор айылдык мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын бешинчисинин соңунда пайда болду. Бир жагынан алып караганда, […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫКТАР

Биз мурда “Биринчи мугалим” сынагынын үстүбүздөгү жылдагы сыйлыгын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Айгүл Сейдекеримовна Жолчубаева жеңип алгандыгы тууралуу кабарлаган элек. Жеңүүчү катары Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгын алган Айгүл Жолчубаева 2016-жылдын 4-октябрынан 14-октябрына чейин Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди. Фонддун сыйлыгы ушуну менен эле […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА БАА БЕРҮҮЧҮ КАЛЫСТАР КИМ?

Достор, жагымдуу кабар! Биздин билим берүү тармагында өз кесибинин анык күйөрмандары, сабаттуу, жигердүү, эмгекчил адамдар бар. Биздин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын калыстар тобунун курамына мына ошондой адамдар кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турга келип түшкөн дилбаяндарга жана экинчи турундагы мугалимдердин оозеки таймашына өздөрүнүн калыс бааларын беришти. Бул түйшүктүү ишти алар эч кандай пафосу жок эле, өз убагында, […]

Толугу менен...