ЧЫДАМЫБЫЗ ТҮГӨНДҮ! ШААР ТУРГУНДАРЫНЫН ӨЗ ЖЕРИНДЕ ТАТЫКТУУ ЖАШООГО УКУГУ БАР!

20.09.2022-жылдын шейшемби күнү Бишкектин борборундагы турак жай кварталынын жашоочулары үйлөрүнүн айланасындагы көчөлөрдүн абалы жөнүндө өз пикирлерин билдирүү үчүн көчөгө чыгышты Раззаков, Түгөлбай ата, Орозбеков, Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары үйлөрдүн айланасында жол салынбагандыгына көп жылдар бою чыдап келишти. Сөздүн түз маанисинде айтканда, бул көчөлөрдө асфальт төшөлгөн эмес, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар чуңкурлардан, аң-дөңдөрдөн айланып […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮП ЖАНА ЭРКИН СҮЙЛӨГҮСҮ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН

  Бишкек шаарында кыргыз тилинде практикалык баарлашууга эң жакшы мүмкүнчүлүк. ар ИШЕМБИДЕ 11.00дөн 14.00 чейин дареги: «АНГЛИЙСКИЙ НА ЮБИЛЕЙКЕ» курсунун имаратыБАЙТИК БААТЫР көчөсү, 67 0550165329 (whatsapp) номуруна алдын ала жазылуу керек.   Өз убактысын жол тыгынына кетирбей, убакытын үнөмдөгөндөр үчүн. Тажрыйбалуу мугалим менен кыргыз тилин ОНЛАЙН окуңуз  Видео байланыш whatsapp же telegram бир сабактын баасы […]

Толугу менен...

ЗИНАИДА РИХТЕР. 1930-ЖЫЛДАГЫ “АЗИЯЛЫК ШВЕЙЦАРИЯ (КЫРГЫЗ КОНУШТАРЫ БОЮНЧА)” БРОШЮРАСЫ

  Зинаида Рихтер. Азиатская Швейцария (по киргизским кочевьям) [Азиялык Швейцария (Кыргыз конуштары боюнча)]. Москва-Ленинград: Физкультура и туризм. 1930 – 49 б.   Биздин сайтка жарыяланган Василий Гроссмандын очерки зор кызыгуу жаратканын байкаган соң, биз ага окшогон дагы бир чыгарманы сунуш кылууну чечтик. Эгерде “Турмуш жана тагдыр” романынын автору согуштан кийинки Кыргызстанды сүрөттөп берсе, бул биз […]

Толугу менен...

ВАСИЛИЙ ГРОССМАН. КЫРГЫЗСТАНГА САПАР. ОЧЕРК 1948-Ж

Гроссман Василий. Кыргызстанга сапар. ХХХI- жыл. Биринчи альманах. Советтик жазуучу. 1948, 207-233-бет.  Василий Гроссмандын биз жарыялап жаткан очеркинин сенсациялык деле өзгөчөлүгү жок. Формасы боюнча алганда, бул узак убакыт бою согуш кабарчысы болуп иштеген жазуучунун классикалык «саякат жазуулары». Орус тилин мыкты өздөштүргөн. Окуяларды жымсалдап жумшак, дээрлик күндөлүк сыяктуу чебердик менен кылдат сүрөттөп берет. Ойлору байкоолоруна айланып, […]

Толугу менен...

ЧОҢ-КЕМИНДЕГИ КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ “КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУЗЕЙИ” АЧЫЛДЫ.

Биздин балдар тарыхты, өлкө тарыхын, үй-бүлө санжырасын жакшы биле беришпейт. Бул өтө өкүнүчтүү! Кийин эс тартканда убагында эмне үчүн сурап билип албадык, эмне үчүн окуп албадык деп өкүнүп калары шексиз. Чоң-Кемин өрөөнүн тарыхы, анын ичинде Кайыңды айылынын тарыхы – бүтүндөй өлкөнүн тарыхый күзгүсү. Бул жүрөк толкуткан кызыктуу тарых издери. Мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине жана берекелүү […]

Толугу менен...

В.Г.ПЕТРОВ. СОВЕТТИК ФРУНЗЕ. 1926 — 1991. КИТЕП ОРУС ТИЛИНДЕ

 Шаарыбыздын тарыхына кызыккандар үчүн В.Г.Петров. Фрунзе советский, 1926-1991. – Б.: Литературный Кыргызстан, 2008. – 100 б. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ PDF орус тилинде Фрунзе — Бишкек шаарынын мурдагы аты Пишпек — Фрунзе — Бишкек В.Г.Петров уулу менен бирге жасаган Пишпек-Фрунзе-Бишкек шаарынын тарыхый сүрөттөрү менен шаардын интерактивдүү картасы: http://mapping.ikit.kg/index.html

Толугу менен...

В.Г.ПЕТРОВ: ЖОГОЛУП БАРАТКАН ПИШПЕК. КИТЕП ОРУС ТИЛИНДЕ

Шаарыбыздын тарыхына кызыккандар үчүн.  В.Г.Петров. Пишпек исчезающий. 1825-1926. – Б.: Литературный Кыргызстан. — 2008 — 101 б ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ (ОРУС ТИЛИНДЕ) Фрунзе — Бишкек шаарынын мурдагы аты Пишпек — Фрунзе — Бишкек В.Г.Петров уулу менен бирге жасаган Пишпек-Фрунзе-Бишкек шаарынын тарыхый сүрөттөрү менен шаардын интерактивдүү картасы.: http://mapping.ikit.kg/index.html

Толугу менен...

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖМКЛАРЫНА КАЙРЫЛУУ: БИЗ КӨЧӨЛӨРДҮ БАШКАЧА АТООГО КАРШЫБЫЗ!

БИШКЕКТИН ТУРГУНДАРЫ БИШКЕКТЕГИ ШАБДАН-БААТЫР ЖАНА ЧҮЙ ПРОСПЕКТИСИН БАШКАЧА АТООГО КАРШЫ! Бишкек шаардык кеңешине жана Кыргызстандын ЖМКларына кайрылуу 16-февралда Бишкек шаардык кеңешинин сайтында Шабдан-баатыр көчөсүн – 7-апрель көчөсүнө алмаштырып, Чүй проспектисинин түштүк бөлүгүнө Шабдан-баатырдын ысмын ыйгаруу жөнүндө токтомдун долбоору жарыяланган эле. Мен мындай алмаштырууга каршымын. Каршы болгон жеке эле мен эмес. 18-мартта шаардык кеңештин сайтына bishkek.gorkenesh@gmail.com […]

Толугу менен...

САЙМАЛУУ-ТАШ БИЗДЕ БИРӨӨ ГАНА!

Биринчи жолу АКИПРЕССтин “МНЕНИЯ” рубрикасында 22.01.2017-жылы жарыяланган. http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:8400 Жакында Кыргызстандын жаратылышын, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо боюнча окумуштуулар, экологдор, журналисттер жана тек гана кайдигер болбогон Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлгөн демилгелүү топ “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркына байланышкан көйгөйгө көңүл буруу өтүнүчү менен өлкөнүн президентине кайрылуу кат жолдошту. Ага 2001-жылы түзүлүп, анын карамагына 32 миң гектар аянт бекитилген “Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш […]

Толугу менен...

ТАЛКУУ КЛУБУ РУБРИКАСЫ. БИЗДИН КЛУБУ ЖӨНҮНДӨ.

Келгиле, бирге кеңешели! Бул жерде билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкууланат. Фонд алектенген бул темалардын кулачы аябай кенен болгондуктан, анын уч-кыйырына көз жеткис десек да болчудай. Бул темалардын башын эмне бириктирет? Алардын баары гуманитардык тармактын бир бөлүгү болуп эсептелет, башкача айтканда, мейкиндик, анын борборунда – адам, ал — менин, сиздин, биздин […]

Толугу менен...

КЕМИНДИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АРНАЛГАН “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫ

Ар бир үй-бүлөдө китептерде сүрөттөлгөн окуялар чагылдырылган.  Биздин балдар алардын чоң атасы, алардын атасы ким болгондугун, ата-бабаларынын өлкөбүздү, өзү жашаган аймакты өнүктүрүү үчүн кошкон салымдары тууралуу билишеби? Чоң атасы кандай адам болгон, кандай кызматтарда иштеген? Чоң апасы менен кантип таанышкан? Алардын жаш кезинде коомдо кандай эски көз караштар бар эле? Алар өз учурунда кандай окуяларга […]

Толугу менен...